Загрузка документа…
Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы № 129/23-5 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-январындагы №115/21-5 токтомуна 1 тиркеме |
Токмок шаары боюнча муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын баасын эсептөөнүн эарежелери
Жер тилкелерин ижара шарттарында убактылуу пайдаланууга берүүдө ижара төлөмдөрүн эсептөө төмөнкү формулада жүргүзүлөт:
Б=Ө х А х Кэпк х Эбк х Ммк
мында:
Базалык өлчөм– базалык ижара акысынын өлчөмү (сом менен);
Өлчөм – Токмок шаары үчүн Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси менен белгиленген жер салыгынын өлчөмү;
Аянт – жер тилкесинин чарчы метрлик аянты;
АЭПК – аймактын экономикалык-пландоо коэфициенти;
ЭБК - Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси менен белгиленген экологиялык баалоонун коэфициенти;
ММК - Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси менен белгиленген максаттуу милдетинин коэфициенти.
Чет элдик жарандарга жер тилкелерин ижара шарттарында, анын ичинде (Чэж) сынак аркылуу убактылуу пайдаланууга берүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген коэфициент колдонулат.
ЧЭЖ - Чет элдик жарандарга жер тилкелерин ижара шарттарында, анын ичинде сынак аркылуу убактылуу пайдаланууга берүүдө базалык ижара акысын аныктоо учурунда колдонулуучу коэфициент.
Токмок шаарынын экономикалык-пландоо аймактарынын коэфициенти
I- аймак - (35) - С.Ибраимов-Шамшы көч., Жантаев көч., Мейманкана районунан Шамсинская көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин, С.Ибраимов көчөсүнөн борбордук "Булак" жана "Мүрөк" базарына чейин, Автобекеттин батыш тарабы, Киров, Сарбагышев, Комсомол, Дубовицкий, Борончиев, Трясин, Победа, Дунларов, Өзбек, Кыргыз, Татар, Пушкин, Казахстан, Островная, Логвиненко, Вишневая, Кочкорбаев, Береговая, Токтогул, Л.Толстой, Ключевая, Ломоносов, Чапаев, Строительная.
II- аймак - (30) Ворошилов району (батыш аймагы), Жантаев көч. (Автобекет) З.Космодемьянкая, 8-март, Октябрдын 70 жылдыгы, Н.Луговая, В.Луговая, Лермонтов, Курчатов, Береговая, Түлөбердиев, Родниковая, Речная, Саадаев, Иваницин, Громов, Вальцовая, Бригада, Тюленин, Р Зорге, Веселая, Маяковский.
III- аймак - (25) Кант заводу конушу, Стадион, Манас, Школьная, Пржевальский, Крупская, Молодежная, Дружба, Кагатная, Красноармейская, Мира, Циолковский.
IV- аймак - (20) Жаны конуш, Ровнягин, Ынтымак, Казахстан, Бокин, Балкашин, Северцев, Кропоткин, Масанчин, Дунларов көчөсүнүн чыгыш тарабы, Пушкин, Татар, Трясин, Победа, Дубовицкий, Островная, Авиа, Герцен, Вишневая, Логвиненко, Парковая.
V- аймак (15) Өнөр жай аймагы, кичи райондор, Фрунзе, Кыргызстандын 50 жылдыгы, Орозбеков, Космонавттар, айланма жолдун түндүгү, калктуу конуштардын чектери, автожуугуч жана май куюучу жайлардын аймагына кирүүчү жолдор.
VI- аймак (12) үйлөргө танапташ жер тилкелерин көрктөндүрүү, көп жылдык өсүмдүктөрдү отургузуу жана кургатуу үчүн берилген жер тилкелери.
Эскертүү: Жогорудагы аймактар дарыканалар, медициналык борборлор, тиш дарылоочу кабинеттер жана балык чарбалары сыяктуу объектилердин алдындагы жер тилкелерине жайылтылбайт.
Бул объектилердин жайгашкан жерине карабастан тиешелүү жер тилкелерине 50гө барабар АЭПК коэффициенти колдонулат.
Жооптуу катчы | М.А.Табалдиев |