Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-майы № 226
"Жарандарды каттоолук эсепке алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматов демилгелеген "Жарандарды каттоолук эсепке алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-майындагы № 226 токтому менен жактырылган |
"Жарандарды каттоолук эсепке алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ("Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекси, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодекси)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматов демилгелеген "Жарандарды каттоолук эсепке алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ("Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекси, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодекси)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун а) пунктчасы менен "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесин абзац менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык АМСда аутентификация - бул автоматташтырылган маалыматтык системада колдонуучуну идентификациялаган маалыматтардын аныктыгын текшерүү жол-жобосу.
Бирок "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ошондой эле калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин иштөө маселесин жөнгө сала тургандыгын белгилөө зарыл.
"Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык калктын бирдиктүү мамлекеттик реестри - бул Кыргыз Республикасынын жарандарын жекелештирип эсепке алуунун бирдиктүү автоматташтырылган системасы.
Аталган Мыйзамдын 21-беренесине ылайык калктын бирдиктүү мамлекеттик реестри каттоонун объектиси болуп саналган Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө калктын жер которуштуруусунун масштабы жана багыты тууралу маалыматтарды жыйноо, сактоо, актуалдаштыруу жана талдоо үчүн, ошондой эле ал маалыматтарды калкты мамлекеттик реестрге киргизүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына, башка жеке жана юридикалык жактарга берүү үчүн арналган.
Демек, калктын бирдиктүү мамлекеттик реестри "ЖААК АМС", "Паспорт АМС", "ДМБ АМС", "Жарандык АМС" ж.б. сыяктуу компоненттерди өзүнө камтыйт.
Баяндалгандарды эске алганда мыйзам долбоору менен сунушталган өзгөртүүлөр учурдагы системага каршы келет, анткени АМС система калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин компоненттеринин бири болуп саналат.
Мында мыйзамдын долбоорунун тексти боюнча "АМСда аутентификация" термини колдонулбагандыгын, ошондой эле кайсы АМС жөнүндө сөз болуп жатканы, маалыматтардын аныктыгын текшерүү жол-жобосунун өзү кантип жана ким тарабынан жүргүзүлөөрү жана текшерүүнүн мүмкүн болуучу кесепеттери белгисиз.
2. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун б) пунктчасы менен "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесин алтынчы абзац менен толуктоо сунушталат, ага ылайык "калкты документтештирүү" деп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) менен камсыздоосу түшүнүлөт.
"Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-1-беренесине ылайык ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында ички миграция жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салат, ички миграциялык процесстердин укуктук, уюштуруу негиздерин, адамдар жана муктаж болгон ички мигранттардын үй-бүлөлөрү үчүн жаңы жашаган жеринде жана барган жеринде зарыл жашоо шарттарын түзүүнү аныктайт.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын 1-беренесинин 1-пунктунун а) пунктчасында чагылдырылган АМСда аутентификация маселесиндей эле, аталган Мыйзамдын жөнгө салуу предметине калкты документтештирүү бөлүгүндөгү мамилелер кирбейт.
Ошондой эле калкты документтештирүү деп паспортторду берүү гана эмес, жарандык абалдын актыларын каттоону тастыктаган документтерди берүү, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоону тастыктаган документтерди берүү түшүнүлөрүн белгилеп кетүү зарыл.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жөнүндө" токтомунун 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун даярдоого документтерди кабыл алуу Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта) киргизүүгө байланыштуу 2017-жылдын 30-апрелинен тартып токтотулганын белгилейбиз. Андан тышкары улуттук паспорттордун түрлөрү өзгөрүшү мүмкүн.
Ушуга байланыштуу белгиленген жоболорду алып салуу зарыл.
3. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун в) пунктчасы менен жашаган жер болуп Кыргыз Республикасынын жараны турак жайдын менчик ээси катарында үй-бүлө мүчөлөрү менен жашаган жана мыйзам менен белгиленген тартипте катталган, турак жай мыйзамдарына ылайык салынган турак жай деп белгилөө сунушталат. Турак жандын менчик ээсинин үй-бүлө мүчөлөрү болуп үй-бүлө мыйзамдары менен каралган адамдар саналат.
Ушундай эле түзөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 55-беренесине киргизүү каралган.
Сунушталган өзгөртүүлөр турак жайга турак жайдын менчик ээси жана анын үй-бүлө мүчөлөрү гана катталышы мүмкүндүгүн түшүндүрөт. Бардык эле жарандардын менчигинде турак жай болбогондугун же менчигинде бир нече турак жай болушун белгилөө зарыл.
Ошондой эле сунушталган ченем менен менчик ээсинин менчик турак жайына үй-бүлө мүчөлөрүн гана эмес, башка адамдарды дагы өзүнүн калоосу менен каттоо укугу чектелерин белгилөө зарыл.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222-беренесине ылайык менчик ээси өзүнүн каалоосу менен өзүнө тийиштүү мүлккө карата мыйзамдарга каршы келбеген жана башка адамдардын укуктарын бузбаган жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргогон каалагандай иш-аракеттерди жүргүзүүгө, анын ичинен өзүнүн мүлкүн башка адамдарга менчикке ажыратууга, менчик ээси катарында калып аларга мүлккө ээ болуу, колдонуу жана тескөө боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө, мүлктү күрөөгө коюуга жана аны башка жолдор менен чектөөгө, башкача түрдө мүлктү тескөөгө укуктуу.
4. "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин колдонуудагы редакциясына ылайык жаранды жашаган жери боюнча каттоодо ал паспортун жана турак жайга жаранды киргизүү үчүн негиз болуп саналган документти (кыймылсыз мүлккө техникалык паспортту) 3 иш күндөн кечиктирбестен берет.
Азыркы учурда жарандарды каттоо автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу жашаган жери боюнча жүргүзүлөт, анын жардамы менен кыймылсыз мүлктү каттоо фактысын электрондук түрдө тастыктоо мүмкүнчүлүгү камсыздалат. Ушул маалыматтык системаны киргизүү менен жарандарды жашаган жери боюнча каттоо 5-10 мүнөттүн ичинде жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу жарандардын турак жайга кирүү үчүн негиз болуп саналган документти (кыймылсыз мүлккө техникалык паспортту) берүү зарылдыгы жок.
Ушуга байланыштуу бул жоболорду кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
5. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-пунктунун он биринчи абзацы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Мыйзамдын негизинде же бир эле убакта мамлекеттик камсыздоо тартибин, өткөрүлүп жаткан ыйгарым укуктарды ишке ашыруу шарттарын белгилөө, зарыл материалдар жана финансы каражаттар менен келишимдин негизинде жарандарды каттоолук эсепке алууну кароо сунушталат.
Ушуга байланыштуу ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөнүн билдиребиз, анын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иш жүзүндө аткарган функцияларды, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардын тизмегине ылайык өткөрүп берилиши мүмкүн болгон ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча функцияларды талдоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн.
Талдоонун жүрүшүндө берилген ыйгарым укуктарды туруктуу негизде жана туруктуу эмес негизде аткарылган ыйгарым укуктарга бөлүү мүмкүндүгү аныкталган.
Ошону менен бирге эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностук мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги менен бирдикте айрым берилген ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөө методикасынын долбоору даярдалгандыгын билдиребиз, ал акыркы учурда талкуулоо баскычында турат.
Алсак, ушул кырдаал чыгымдоо милдеттенмелерине жана ар бир министрлик жана ведомство боюнча берилген ыйгарым укуктарга функциялык талдоо жүргүзүү зарылдыгына алып келет, анын жыйынтыгы боюнча тийиштүү бюджетке которуунун максатка ылайыктыгын аныктоого болот.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, ыйгарым укуктарды берүү процессине бирдей мамиле кылуу максатында белгиленген жобону алып салуу зарыл деп эсептейбиз.
6. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 7-пунктунун үчүнчү абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын тийиштүү административдик-аймактык бирдигинде жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары жашаган жери же иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоо фактысына карабастан ыйгарым укуктуу орган тарабынан документтештирилүүгө тийиш. Жашаган жеринин жоктугу жарандардын документтештирүү укугун чектөөгө негиз болбойт.
Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөп жаткан адамда паспорт жок болгон учурда, акы документтештирүү "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 4-пунктуна ылайык каттоолук эсептин негизинде жүргүзүлөт. Белгилүү бир жашаган жери жок жаранда паспорт болбогон учурда, ыйгарым укуктуу орган аны документтештирүү максатында жарандын ким экендигин аныктоо үчүн белгилүү бир жашаган жери жок жарандын айтуусу боюнча маалыматты калыбына келтирет.
Сунушталган ченем каттоолук эсеби жок жарандардын санынын көбөйүү тобокелдигин өзүнө камтыганын белгилөө зарыл, бул мамлекеттин калкты эсепке алуусуна тескери таасир тийгизет, ошондой эле тигил же бул адамды издөөдө укук коргоо органдарынын ишин кыйындатат.
Ошондой эле ушул жоболор социалдык, медициналык жана билим берүү мекемелеринин ишине, Кыргыз Республикасынын тигил же бул административдик-аймактык бирдигинин аймагында катталган жарандардын санынын жоктугу бөлүгүндө терс таасир тийгизиши мүмкүн.
Андан тышкары белгилүү бир жашаган жери жок жаранда паспорт болбогон учурда, ошол жарандын айтуусу менен документтерди калыбына келтирүү мыйзамсыз паспорт берүү тобокелдигине алып келиши мүмкүн.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-октябрындагы № 467 "Жарандарды Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору менен документтештирүү жана идентификациялык жеке номер ыйгаруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому менен жаза өтөп жаткан соттолгон адамдарды документтештирүү маселелерин жөнгө салынгандыгын маалымат иретинде билдиребиз.
7. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 7-пунктунун жетинчи абзацы менен түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан соттолгондорду, ошондой эле белгилүү бир жашаган жери жок жарандарды каттоону камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алуу менен байланышкан чыгымдарды ыйгарым укуктуу органга жүктөө сунушталууда.
Ошол эле учурда Мыйзамдын долбооруна негиздеме-маалымкатта каржылоо булагы аныкталган эмес.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттен жабыла турган чыгымдардын көбөйүшүн караган мыйзамдардын долбоорлору Өкмөт каржылоо булагын аныктагандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттен каржылоо менен ишке ашырылган ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбайт.
8. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренеси жалпысынан белгилүү жашаган жери жок жарандарды каттоо тартибин, ошондой эле иш жүзүндө барган жери боюнча каттоо тартибин аныктоо боюнча ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктоо сунушталууда.
Ушуну менен бирге аталган жоболор "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин ченемдерин кайталаарын белгилөө зарыл, ага ылайык Кыргыз Республикасынын чегинде жашаган жана турган жери боюнча жарандарды каттоонун жана каттоо эсебинен чыгаруунун эрежелери, анын ичинде каттоонун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби, ошондой эле өзгөчө тартип шартында турган калктуу конуштарда каттоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Аталган ченемди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 "Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому кабыл алынган.
Баяндалгандарды эске алуу менен сунушталган өзгөртүүлөрдү кайра кароо зарыл.
9. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 10-пункту менен "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын 17-1-берене менен толуктоо сунушталат, ага ылайык онлайн режиминде иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоолук эсепке алуу боюнча жоболор, зарыл документтердин тизмеги, ошондой эле арыз ээсинин андан аркы иш-аракеттери жана башка жол-жоболук учурлар аныкталат.
Ошону менен бирге эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 4-пунктуна ылайык мыйзам долбоорунун укуктук ченемдерин баяндоодо өтө жалпылаштырылган жана өтө майдаланган туюндурмалардан, ошондой эле бир эле маселе боюнча ченемдик түшүндүрмөлөрдү кайталоодон жана алардын көп түрдүүлүгүнөн качуу керек.
Алсак, мыйзамдын долбоорунун белгиленген пунктунун он жетинчи абзацына ылайык онлайн режиминде иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоо тартибин Өкмөт тарабынан аныктоо сунушталат, аталган жоболорду тийиштүү мыйзам алдындагы актыларда чагылдырууну максатка ылайык деп эсептейбиз.
Андан тышкары Мыйзамдын долбоорунун сунушталган 17-1-беренесинин жоболоруна ылайык каттоо жүргүзүү үчүн жаранга арыз ээси аталган дарек боюнча жашоону пландаган негиз зарыл.
Бирок, кайсы негиз жөнүндө соз болуп жаткандыгы түшүнүксүз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-декабрындагы № 570 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын иш маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр киргизилгенин маалымат иретинде билдиребиз, ага ылайык эгер кабыл алуучу тарап чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды кабыл алуучу тарап менчик ээси болуп саналбаган турак жайдын дарегине каттоо үчүн кайрылса, анда турак жайдын менчик ээсинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу же анын өкүлүнүн ыйгарым укугун тастыктаган нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат зарыл.
10. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекс 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготкондуктан аталган беренени алып салуу керек.
11. Мыйзамдын долбоорунун 5-беренеси менен ушул долбоор кабыл алынган учурда Өкмөткө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, эгер ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, киргизилип жаткан ченемдик укуктук актынын долбооруна аталган өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Ошону менен бирге, каралып жаткан Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда, кайра каралууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат мыйзамдын долбооруна негиздеме-маалымкатта берилген эмес.
Ушуга байланыштуу тийиштүү түзөтүүлөрдү иштеп чыгуу же Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларына киргизүү зарылдыгы жөнүндө маалыматтар менен негиздеме-маалымкатты толуктоону сунуштайбыз.
12. Ошондой эле мыйзамдын долбоорунда "регистрационный учет" түшүнүгүн мамлекеттик тилде "каттоолук эсепке алуу" деп көрсөтүү сунушталган.
Бирок "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында "регистрационный учет" түшүнүгү "каттап эсепке алуу" деп көрсөтүлгөн.
Ошондуктан мыйзамдын долбоорунун мамлекеттик тилиндеги текстинде аталган түшүнүктү "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын мамлекеттик тилдеги редакциясына ылайык келтирүү зарыл.
13. Жалпысынан долбоорду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамага ылайык жеткире иштеп чыгуу талап кылына тургандыгын белгилейбиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 394 токтому менен "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна белгиленген тартипте киргизилгендигине маалымат иретинде көңүлүңөрдү бурабыз. Каралган Мыйзамдын долбоорунда ушул Мыйзамдын долбоорунда чагылдырылган окшош жоболор камтылган, ошондуктан Мыйзамдын долбоорун жеткире иштеп чыгууда ушул жоболорду эске алууну сунуштайбыз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул корутундуда чагылдырылган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен "Жарандарды каттоолук эсепке алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ("Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекси, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодекси)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.