Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-майы № 233
"2018-жылдын 6-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Финансылык рынок чөйрөсүндөгү Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2018-жылдын 6-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Финансылык рынок чөйрөсүндөгү Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2018-жылдын 6-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Финансылык рынок чөйрөсүндөгү Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 6-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Финансылык рынок чөйрөсүндөгү Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2018-жылдын 6-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Финансылык рынок чөйрөсүндөгү Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралуу билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-майындагы № 233 токтому менен жактырылган |
2018-жылдын 6-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Финансылык рынок чөйрөсүндөгү Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2018-жылдын 6-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Финансылык рынок чөйрөсүндөгү Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 402-б буйругу менен жактырылган жана 2018-жылдын 6-ноябрында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри тарабынан кол коюлган.
Ошондой эле 2018-жылдын 17-сентябрында Армения Республикасынын Ереван шаарында болуп өткөн ЕАЭБ мамлекеттеринин борбордук (улуттук) банктарынын валюталык саясаты боюнча Консультациялык кеңешинин кезектеги жыйынында документке Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы кол койгон.
Документ ЕАЭБ алкагында жалпы финансылык рынокту түзүү, финансылык кызмат көрсөтүү секторлорунда (банк секторунда, камсыздандыруу секторунда, баалуу кагаздар рыногунун кызмат секторунда) иштин түрлөрүн жүзөгө ашырууга лицензияларды өз ара таанып камсыз кылуу жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин финансылык рыногуна дискриминация кылбай жетүү максатында иштелип чыккан.
Макулдашуу ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин банк, камсыздандыруу секторлорундагы жана баалуу кагаздар рыногунун кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын финансылык рынок чөйрөсүндөгү эл аралык принциптердин жана стандарттардын негизинде шайкеш келтирүүнүн багытын жана тартибин аныктайт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилип жатат.
Макулдашууну ратификациялоо республикалык бюджеттен финансылык чыгашаларды талап кылбайт, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.