Загрузка документа…
Тиркеме | ||
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 243 токтомуна) |
Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын электрондук каталогу аркылуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуунун тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын электрондук каталогу (мындан ары - Электрондук каталог) аркылуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуунун тартибин аныктайт.
2. Электрондук каталог берүүчүлөр (подрядчылар) тарабынан учурдагы бааларды көрсөтүү менен сунушталуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесинен турат.
3. Сатып алуучу уюмдар Электрондук каталогду жөнөкөйлөтүлгөн ыкма менен жана түздөн-түз келишим түзүү ыкмасы менен сатып алууда пайдаланышат.
4. Электрондук каталог түздөн-түз келишим түзүү ыкмасы менен сатып алууда "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3, 6, 7, 8, 11, 12, 15, 17, 19-пункттарынын негизинде колдонулат. Сатып алуучу уюм сунуш берүүнүн мөөнөтүн төмөнкүчө белгилейт:
- 6, 11, 15 жана 17-пункттарды колдонууда - эки иш күнгө жетпейт;
- 3, 7, 8, 12 жана 19-пункттарды колдонууда - эки иш күндөн кем эмес.
5. Электрондук каталог ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн товарларды сатып алууда колдонулат.
6. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) Электрондук каталогду башкаруу үчүн жооптуу орган болот.
2-глава. Берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификацияларын текшерүүнүн жана Электрондук каталогго жол берүүнүн тартиби
7. Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна катышуу үчүн берүүчүлөрдө (подрядчыларда) товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ошол категориясы үчүн квалификациясы болууга жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген тартипте Электрондук каталогго кирүү мүмкүндүгүн алууга тийиш, алар:
- келишим түзүүгө юридикалык жактан укуктуу болуу;
- өзүнүн ишин жүргүзүү үчүн керектүү документтеринин болушу;
- квалификациясын тастыктаган документтери болууга тийиш.
8. Берүүчүлөр (подрядчылар) Электрондук каталогго уруксат алуу үчүн Электрондук каталогдо төмөнкү маалыматтарды толтуруп, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга суроо-талап жиберишет:
- жеке маалыматтар, берүүчүнүн (подрядчынын) компаниясы жөнүндө маалыматтар;
- банктагы реквизиттери;
- квалификациясы жөнүндө маалымат;
- ишине тиешелүү башка документтер жана маалыматтар.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берүүчү (подрядчы) киргизген маалыматтардын толуктугун жана тууралыгын текшергенден кийин бир айдын ичинде Электрондук каталогго кирүүгө уруксат берет.
9. Берүүчүнүн (подрядчынын) квалификациясы ал ушул Жобонун 8-пунктуна ылайык тапшырган документтерге жана маалыматтарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тараптан текшерилет.
10. Квалификацияны текшерүү үчүн тапшырылган документтердин мөөнөтү алты ай жарактуу, ушул мөөнөт өткөндөн кийин берүүчү (подрядчы) өзүнүн квалификациясын тастыктоого тийиш.
3-глава. Электрондук каталогдогу сунуштарды жайгаштыруу тартиби
11. Электрондук каталог аркылуу сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси, сатып алуучу уюмдардын керектөөлөрүнө талдоо жүргүзүү аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык аныкталат жана товарлардын ар түрдүү категорияларын эске алуу менен стандартташтырылган өзгөчөлүктөрдүн негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт. Өзгөчөлүктөрдү иштеп чыгуу жана Электрондук каталогго киргизүүнү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.
12. Электрондук каталогго атайын даярдоону талап кылбаган, сапаты жана коопсуздук стандарттары белгиленген, техникалык регламенттерге шайкеш келген же шайкештик сертификаттары бар даяр товарлар, конкреттүү баяндамасы менен, товарлардын техникалык параметрлеринен жана санынан же жумуштар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн өзгөчөлүктөрүнөн, ошондой эле товарларды жеткирүү убактысынан жана ордунан (же жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу убактысынан жана ордунан) тышкары кошумча баяндаманы жана баалоо критерийлерин талап кылбаган товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр киргизилет.
Электрондук каталог аркылуу жумуштун жана кызмат көрсөтүүнүн ар кандай түрлөрүн камтыган комплекстүү жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга тыюу салынат.
13. Өзүнүн каталогун түзүү үчүн берүүчүлөр (подрядчылар) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун Электрондук каталогунун маалымдамасынан болгон санын, бирөө үчүн баасын, жеткирүү шарттарын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тараптан аныкталуучу башка маалыматтарды көрсөтүү менен өздөрү сунуш кылуучу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тандашат. Мында берүүчүлөр (подрядчылар) өздөрүнүн каталогундагы маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү, анын ичинде бааларын өзгөртүү жана бериле турган арзандатуулар жөнүндө маалымат киргизүү мүмкүндүгүнө ээ.
Берүүчүлөр (подрядчылар) Электрондук каталогго баа киргизилген же өзгөртүлгөн күндөн тартып 60 календардык күндөн кечиктирбестен баасын ырастайт же зарыл болсо өзгөртүүлөрдү киргизет. Баасы ырасталбаган учурда берүүчүгө (подрядчыга) ушул товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүгө бөгөт коюлат.
14. Берүүчүлөр (подрядчылар) Электрондук каталогго киргизүү үчүн товарларын, жумуштарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн сунуш кылууга укуктуу. Бул үчүн берүүчүлөр (подрядчылар) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сунуштоочу продукциясы жөнүндө маалыматтарын, анын ичинде продукциянын категориясын, аталышын, өндүрүүчүнүн аталышын, товардын баяндамасын, жасалган өлкөсүн, продукциянын сүрөтүн, өлчөө бирдигин, штрих кодун жана эгер бар болсо ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык башка маалыматтарды да жиберишет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган маалыматтардын толуктугун текшергенден кийин продукцияны Электрондук каталогго киргизет.
15. Берүүчүлөр (подрядчылар) Электрондук каталогго жайгаштырылган маалыматтардын тууралыгы үчүн бүткүл жоопкерчиликти алышат.
4-глава. Электрондук каталог аркылуу сатып алуунун тартиби
16. Электрондук каталог аркылуу сатып алууларды жүргүзүүдө сатып алуучу уюм баасын тастыктоо үчүн билдирүү түзөт жана жарыялайт, анын ичинде товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси жана саны, сатып алуунун ыкмасы, сунуштарды берүүнүн мөөнөтү жана шарттары, жеткирүү шарттарын, келишимдин жана төлөөнүн шарттары көрсөтүлөт.
17. Баасын ырастоого суроо-талап Электрондук каталогдун тийиштүү товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуш кылуучу баардык берүүчүлөрүнө (подрядчыларына) келет. Мында сатып алуу болоору жөнүндө кулактандыруу мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталынын "Жарыя" бөлүмүндө автоматтык түрдө жарыяланат.
18. Берүүчү (подрядчы) берүүнүн бааларын жана шарттарын ырастайт же оңдоо киргизет да, белгиленген мөөнөттө сатып алуучу уюмга сунушун жиберет. Жөнөкөй ыкма менен сатып алууда, берүүчү (подрядчы) тарабынан көрсөтүлгөн баалар жана башка шарттар конкурстук арыздарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганда автоматтык түрдө ачылат. Тикелей келишим түзүү ыкмасы аркылуу сатып алууда, берүүчү (подрядчы) сунуш кылган баа сатып алуучу уюмга берүүчү (подрядчы) тарабынан баа ырасталган убакыттан баштап көрүнөө болот.
19. Берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) сунуштары (арыздары) Электрондук каталогдо баанын көбөйүшүнө карай автоматтык түрдө түзүлөт. Жөнөкөй ыкма менен сатып алууда сатып алуучу уюм Мыйзамдын 19-беренесине ылайык эң арзан бааны сунуш кылган жана тийиштүү техникалык, квалификациялык талаптарга жана сатып алуучу уюм койгон башка шарттарга ылайык келген берүүчүнү (подрядчыны) жеңүүчү деп аныктайт. Ички берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктер Мыйзамдын 4-беренесине ылайык берилет. Конкурстук арыздарды баалоо жана салыштыруу, жеңүүчүнү аныктоо Мыйзамдын 29-беренесинин жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.
20. Келишим мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталынын Электрондук каталогунда жазылат жана ага сатып алуучу уюм менен жеңүүчү аталган берүүчү (подрядчы) Мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте жана мөөнөттө кол коюшат.
21. Түзүлгөн келишим боюнча төлөмдөр Электрондук каталогдун тиешелүү бөлүмүндө төлөмдүн суммасын жана датасын көрсөтүү менен автоматтык түрдө чагылдырылат.
5-глава. Корутунду жоболор
22. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Электрондук каталог аркылуу сатып алууга тиешелүү, ушул Жободо чагылдырылбаган бардык маселелер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамы менен жөнгө салынат.
23. Электрондук каталогдо тиешелүү товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр жок болгон учурда, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу Мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
|
| Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын электрондук каталогу аркылуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуунун тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын электрондук каталогу аркылуу сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ТИЗМЕСИ
1. Айыл чарба, бакча продукциялары.
2. Жаныбарлардан алынган продуктулар жана аларга коштонду продукция.
3. Дан, жашылча, мөмөлөр жана жаңгактар.
4. Токой чарба жана жыгач продукция.
5. Тамак-аш азыктары, суусундуктар, тамеки.
6. Ичүүчү суу.
7. Кийим, бут кийим.
8. Компьютердик жабдуулар, оргтехника, сарпталуучу материалдар, даяр программалык камсыздоо.
9. Кеңсе товарлары.
10. Өздүк гигиена буюмдары.
11. Коопсуздуктун, өрт өчүрүүнүн жабдуулары.
12. Транспорт каражаттары жана жабдуулар үчүн запастык тетиктер жана аксессуарлар.
13. Эмерек жана эмерек аксессуарлары.
14. Курулуш жана жасалгалоо материалдары, электр-техникалык продукция.
15. Тиричилик жана самын, жуугуч товарлар.
16. Дары-дармектер жана медициналык буюмдар.
17. Музыкалык аспаптар, спорттук товарлар.
18. Күйүүчү-майлоочу материалдар.
19. Көмүр жана катуу отун.
20. Булгаарыдан, кездемеден, пластмассадан жана резинадан жасалган буюмдар жана сувенирлер.
21. Айрым ремонт-жасалгалоо жумуштары (анын ичинде сантехникалык жумуштар, шыбак, сырдоо, электр жумуштары, майда оңдоо жумуштары жана жумуштун башка түрлөрү).
22. Офистик, тиричилик техниканы оңдоо жана тейлөө.
23. Транспорт кызматтарын көрсөтүү.
24. Имарат-жайларды тазалоо кызматтары.
25. Почта жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрү.
26. Юридикалык кызмат көрсөтүүлөр.
27. Билим берүү жана кесиптик даярдоо чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр.
28. Тиричилик жана өнөр жай калдыктарын ташып чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр.
29. Өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга байланыштуу коргоочу буюмдарды жасоо кызматтары:
- габион торлорду жасоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр.
|
| Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын электрондук каталогу аркылуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуунун тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
Сунушталуучу продукция жөнүндө МААЛЫМАТТАР
№ | Позиция | Баяндама |
1 | Категория |
|
3 | Продукциянын аталышы |
|
4 | Өлчөө бирдиги |
|
5 | Өндүрүүчү |
|
6 | Баяндама |
|
7 | Жасаган өлкө |
|
8 | Штрих код (эгерде болсо) |
|
9 | Фото |
|