Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-июлундагы N 423 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №330 токтомунун редакциясынын негизинде)
2019-жылдын 30-майы № 238
Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөө институтунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөө институтунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөө институтунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №330 токтомунун редакциясынын негизинде)
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөө институтунун кызматкерлерине өргүүгө чыгууда ден соолукту чыңдоого эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө жөлөкпул төлөнөт;
- ушул токтомду аткаруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде төлөнөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №330 токтомунун редакциясынын негизинде)
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институтунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Кызмат орундарынын аталыштары | Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү |
1 | Директор | 17000 |
2 | Директордун орун басары | 15900 |