Загрузка документа…
КР Президентинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги ПЖ № 94 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-декабры № 330
Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөөлөр институтунун маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Экономикалык жана социалдык процесстерге, мамлекеттик жөнгө салуу саясатына жана экономиканын секторлорундагы реформаларга илимий-изилдөө жана эмпирикалык талдоо жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат :
1. Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөөлөр институту (мындан ары - Институт) жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кызматкерлерге эмгек акы төлөө Институттун белгиленген колдонуудагы эмгекке акы төлөө шарттары боюнча жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Институтту Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59 дарегиндеги имаратка жайгаштырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы No 238 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институтунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы, преамбуладагы, 1, 2-пункттарындагы "Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы" деген сөздөр алып сальнсын;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин аталышындагы "Экономика жана финансы министрлигине караштуу" деген сөздөр алып сальнсын.
5.(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөөлөр институту жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөөлөр институтунун (мындан ары -Институт) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Институт Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Экономикалык саясатты изилдөө караштуу институтунун укугун улантуучу болуп саналат.
3. Институт Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишин илимий-изилдөө жана аналитикалык жактан колдоого багытталган.
4. Институт өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылганпринциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Институт юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү бар. Институт жарандык-укуктук мамилелерде өз атынан чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга укуктуу. Уюштуруу-укуктук формасы- оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
6. Институт өзүнүн компетенциясына кирген функцияларды өз алдынча жүзөгө ашырат.
7. Институт обочолонгон мулккө э, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын казыналык системасында жана банк мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептери, анын ичинде валюталык эсептери бар, өзүнүн атынан мүлктүк укуктарга ээ болууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
8. Институттун толук аталышы:
1) мамлекетик тилде: "Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөөлөр институту";
2) расмий тилде: "Институт исследований экономической политики Кыргызской Республики".
9. Институттун юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59.
2. Институттун максаты жана милдеттери
10. Институт экономикалык жана социалдык процесстерге илимий-изилдөө жана эмпирикалык талдоо, экономиканын секторлорундагы мамлекеттик жөнгө салуу саясатына жана реформаларга талдоо жүргүзүү максатында түзүлгөн.
11. Институттун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) колдонмо эконометрикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
2) өлкөнү региондук жана дүйнөлүк бирикмелерге интеграциялоо стратегияларына сунуштарды иштеп чыгуу;
3) инклюзивдүү экономикалык өсүшкө багытталган экономиканын келечектүү багыттарынын долбоорлорун иштеп чыгуу;
4) мамлекеттик жөнгө салуу саясатын өркүндөтүү максатында илимий-эмпирикалык сунуштарды иштеп чыгуу.
3. Институттун функциялары
12. Институт жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
1) улуттук экономиканын стратегиялык секторлору боюнча бөлүштүрүү менен макроэкономикалык көрсөткүчтөргө жана айрым экономика түзүүчү ишканалардын деңгээлинде иштин индикаторлоруна эконометрикалык интерпретациялоо берет;
2) ченемдик укуктук актыларды, мамлекеттик экономикалык саясатты натыйжалуу ишке ашыруу максатында институттук жана башка рыноктук механизмдерди өркүндөтүү боюнча сунуштарды түзөт;
3) экономика тармактарын өнүктүрүү программаларынын долбоорлоруна сунуштарды иштеп чыгууга катышат, анын ичинде юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан даярдалган экономика чөйрөсүндөгү концепциялардын, программалардын жана пландардын долбоорлору боюнча аналитикалык ишти жургузөт;
4) экономика секторлорун диверсификациялоонун жана оптималдаштыруунун варианттарын иштеп чыгат;
5) тең аткаруучу мекемелерге илимий-методикалык жардам көрсөтөт, аларды илимий-изилдөө иштерин аткарууга тартат;
6) илимий эмгектерди басып чыгарат, илимий конференцияларды жана башка илимий-окуу иш-чараларын өткөрөт;
7) илимий иштин жыйынтыктарын камтыган басма продукцияларын, анын ичинде чет тилдерде жана (же) электрондук форматта жайылтат;
8) туруктуу экономикалык өнүктүрүү жаатында мамлекеттер аралык илимий-техникалык программаларга катышат;
9) Институттун интеллектуалдык менчик объекттерине болгон укуктарын жана Институттун илимий-изилдөө иштеринин натыйжаларын коргойт;
10) илимий изилдөөлөрдү каржылоо боюнча конкурстарга жана катышат;
11) эл аралык уюмдар жана фонддор тарабынан каржылануучу техникалык колдоо программаларынын алкагында ишке ашырылуучу илимий изилдөөлөрдү жана башка иштерди жүргүзүүгө катышат;
12) өз ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык, жеке жактар жана эл аралык уюмдар менен келишимдерди жана макулдашууларды түзөт;
13) симпозиумдарды, конференцияларды, брифингдерди, консультацияларды, кеңешмелерди, семинарларды, форумдарды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды уюштурат;
14) өзүнүн милдеттерин ишке ашыруу үчүн кеңешүүчү, жумушчу жана аналитикалык топторду уюштурат.
4. Институттун укуктары жана милдеттери
13. Институт ушул Жободо аныкталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жеке жана юридикалык жактардан Институттун милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды суроого жана алууга;
2) Институттун компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн жыйналыштарга, кеңешмелерге башка иш- чараларга катышууга;
3) өз компетенциясынын чегинде эл аралык уюмдар жана институттар менен кызматташууга;
4) эгерде коомдук коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде бирикмелердин, ассоциациялардын жана фонддордун максаттары жана милдеттери Институттун максаттарына жана милдеттерине ылайык келсе, мындай уюмдар менен кызматташууга;
5) консультация берүү, Институттун кызматкерлерин окутуу жана түзүлүүчү жарандык-укуктук келишимдердин негизинде башка кызматтарды көрсөтүү үчүн эксперттерди, адистерди жана консультанттарды тартууга;
6) конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышуу үчүн Институттун кызматкерлерин жиберүүгө;
7) өз компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык уюмдар, уюштуруу-укуктук формаларына карабастан жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
14. Институт төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды натыйжалуу аткарууну камсыздоого;
2) Институттун отчетторун салык жана башка органдарына өз убагында берүүгө жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана башка жыйымдарды төлөөгө;
3) Институттун оперативдүү башкаруусунда турган мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө.
5. Ишти уюштуруу
15. Институттун ишин директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Директор эки жылдык мөөнөткө дайындалат жана ушул Жобонун негизинде иштейт.
16. Директордун бир орун басары болот, ал Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана өзүнүн ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде аткарат. Директор жок учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
17. Институттун тийиштүү жылга иш планы директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан бекитилет.
18. Институттун кызматкерлери, анын ичинде директор жана директордун орун басары мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналбайт.
19. Институттун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
20. Институт ишин уюштуруу максатында коомдук башталышта кеңешчилерди, кызматкерлерди жана стажерлорду тартууга укуктуу.
21. Директор:
1) Институттун ишин жетектейт жана Институтка жуктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Институттун түзүмүн жана штаттык ырааттамасын белгиленген эмгек акы төлөө фондунун жана штаттык сандын чегинде аныктайт жана бекитет;
3) Институттун директорунун орун басарын Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
4) директордун орун басары менен кызматкерлердин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
5) Институттун ишинин алкагында эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар жана фонддор тарабынан каржыланган техникалык колдоо ордуна программаларынын алкагында ишке алынган эксперттерге (консультанттарга) техникалык тапшырмаларды бекитет;
6) Институт тарабынан аткарылган иштер жөнүндө ар жылдык отчётторду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берет;
7) өзүнүн компетенциясынын чегинде Институттун директорунун орун басары жана кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылуучу буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет;
8) Институттун айырмаланган кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлайт;
9) Институттун кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартиптик жаза чаралардын түрлөрүн колдонот;
10) уюштуруу-укуктук формаларына карабастан юридикалык жактар менен, ошондой эле Институттун милдеттерине жана функцияларына ылайык жеке адамдар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү белгиленген тартипте түзөт;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Институттун ишин жетектөө боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
6. Финансы-чарбалык иши
22. Институтту күтүү жана анын ишин каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактардан, анын ичинде келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде эл аралык уюмдардан алынган каражаттардын;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка каржылоо булактарынын.
23. Институт Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук чейрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте эсеп жана отчётторду жүргүзөт.
24. Институттун башкы бухгалтери финансы маселелери жана отчеттуулук үчүн жооп берет, түздөн-түз Институттун жетекчилигине баш иет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
25. Мүлк оперативдүү башкаруу укугунда Институтка бекитилип берилет.
7. Корутунду жоболор жоюу Кыргыз
26. Институтту кайра уюштуруу жана жою Кыргыз Республикасьынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте жана жүргүзүлөт.
27. Институттун иши токтотулган учурда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
|