Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-майы № 256
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-ноябрындагы № 659 "Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ардактуу консул кызматына талапкерлерди тандоо критерийлерин жөнөкөйлөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-ноябрындагы № 659 "Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө жободо:
- 1.3-пунктунун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ардактуу консулду дайындоого сунушталган адамды тандоодо жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндө иш тажрыйбасы, Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестициялык салымы, Кыргыз Республикасына кайрымдуулук жардам көрсөткөнү жана Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги диаспора уюмдарындагы жигердүүлүгү эске алынат";
- 1.7-пунктунун алтынчы абзацындагы "2 жылдан" деген сөздөр "1 жылдан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2.1-пунктунда:
тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"турган мамлекеттин аймагында жайгашкан мамлекеттик органдан, экинчиси коммерциялык уюмдан ардактуу консулга дайындоого сунушталган адамдын бийик моралдык принциптери жана кадыр-баркы жөнүндө маалыматты камтыган эки пикир-сунуштама;";
онунчу абзацындагы "жогорку билими тууралуу" деген сөздөр "билими тууралуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2.6-пунктунун "в)" пунктчасындагы "алты айлык" деген сөздөр "үч айлык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |