Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-майы № 244
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүү киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна киргизилүүчү өзгөртүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- "Башка кызмат көрсөтүү тармагында" VI бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 11-глава менен толукталсын:
"
11. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Спорт оюндарына катышуучу аттарга ветеринардык жардам көрсөтүү жана стационардык ветеринардык дарылоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 9-глава, 12-пункт |
2 | Кызматты көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); "Күлүк" олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби (мындан ары - Мекеме) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Мамлекеттик кызматты алууга кызыкдар болгон (мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерден жана ишканалардан сырткары) спорттук аттарга ээлик кылган жарандыгына карабастан жеке жактар, ошондой эле уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактар (коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар) |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы (45-беренесинин 5-пункту); "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (5, 27, 35-беренелер); "Улуттук оюндар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (2-берене); "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (2 жана 3-беренелери); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Кызматтын жыйынтыгы болуп төмөнкүлөр саналат: - текшерүүнүн жыйынтыгы менен спорттук аттарды дарылоо маселеси боюнча консультация алуу; - спорттук аттарды толук айыктырууга багытталган комплекстүү ветеринардык терапияны өткөрүү (амбулатордук же стационардык) |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Келүүчүлөр белгиленген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген имараттарда кабыл алынат. Имараттарда суу түтүгү, жылытуу, телефон байланышы менен жабдылган, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгондо - сырттагы) болот. Жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө, чайканмаларга) тоскоолсуз кирүү мүмкүндүгү камсыз кылынган; Таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн имараттар жана бөлмөлөр пандус, кармоочтор менен жабдылган. Кызмат көрсөтүүчү мекемеде төмөнкүлөр болот: - ветеринардык кабинет жана тиешелүү жабдуулар; - аттарды убактылуу тургузууга жана кармоого, аттарды жүктөө/түшүрүүгө тиешелүү шарттар; - дарылоо жана профилактикалык иш-чараларды өткөрүү үчүн белгиленген ветеринардык-санитардык ченемдерге жооп берген имараттар; - аттар үчүн атайын жабдылган спорттук аянт же чуркоо жолчосу; - тиешелүү квалификациядагы ветеринардык адистер. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу жана арыздарды тариздөө үчүн убакыт - 30 мүнөткө чейин; Кызматты көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 1 жумушчу күндөн (текшерүү) 1 календардык жылга чейин (керектөөчү менен түзүлгөн келишимдин негизинде, ветеринардын байкоосу алдындагы стационардык дарылоо) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн алуучуларын маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, ошондой эле Мекемеден; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан (www.sport.gov.kg); - жазуу жүзүндө; - электрондук түрдө goskomsport05@mail.ru дарегинен; - Мекемеде жайгаштырылган маалымат такталардан, брошюралардан, буклеттерден; - мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар порталынан; - оозеки түрдө (телефон аркылуу же адис менен түздөн-түз байланышканда). Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымдоонун алкагында алуучуларга төмөнкүдөй маалыматтар берилет: - кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун шарттары жана жол-жоболору жөнүндө; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарынын бар экендиги жана аны менен таанышуу ыкмалары жөнүндө; - бланктарды (үлгүлөрдү) толтуруунун тартиби жөнүндө; - акы төлөө тартиби жөнүндө маалымат (накталай, которуу). Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуунун ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты (www.sport.gov.kg); - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн порталынан; - маалымат такталардан, брошюралардан, буклеттерден; - түздөн-түз кайрылуу жана телефон менен байланышуу аркылуу; - Мекеменин коомдук кабылдамасынан. Мекеменин дареги, телефон номерлери мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Мекемеде кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар бар. Мекеменин калк менен иштеген бардык кызматкерлеринде аты-жөнү жана кызматы көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейжиктери) бар. Калк менен пикир алмашууда Мекеменин кызматкерлери этиканын негизги төмөнкүдөй принциптерин сактоого тийиш: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүүгө, баарлашкан адамды уга билүүгө жана анын көз карашын түшүнүүгө, ошондой эле кабыл алуучу чечимдерди тең салмактоого жана жүйөлөштүрүүгө тийиш. Бардык кызматкерлер тарабынан кызматтык нускамалар (функциялык иш-милдеттер) жана жарандарга карата этиканы, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыз кылган, таламдардын кагылышуусуна жол бербеген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген кесиптик-этикалык ченемдер сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаж болгон адамдарга (көрүүсү жана угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, таяныч-кыймыл аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга), улгайган жарандарга, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарга, ооруктун эмгекчилерине жана аларга теңештирилген адамдарга, кош бойлуу аялдарга, жашы жете элек балдарды коштоп жүргөндөргө кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана ыңгайлуу формада берилет |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү алышы үчүн төмөнкүдөй документтерди бериши керек: - эркин формада түзүлгөн арызды; - ким экендигин ырастаган документтеринин көчүрмөлөрүн; - уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн (юридикалык жак үчүн); - аттын документтерин (паспортун жана/же асыл тукумдугу жөнүндө күбөлүгү/асыл тукум карточкасын. Кызматты көрсөтүүчү Мекеменин тийиштүү кызматкери берилген документтерди салыштырып текшергенден кийин: - кызматты көрсөтүү үчүн кайрылган жеке жак мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркын төлөйт жана төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны берет; - кызмат көрсөтүү үчүн кайрылган юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлү кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коёт, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркын төлөйт жана төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны берет. Акы төлөө накталай эмес же накталай түрдө (кызматты көрсөтүүчү мекеменин кассасында) же Кыргыз Республикасынын бардык банк мекемесинде ишке ашырылат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акы төлөөнүн негизде жүргүзүлөт төмөнкүлөргө ылайык: - "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштер) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна. Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарына жана расмий сайтына жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн ушул стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болуусу; - жеткиликтүүлүгү, жарандардан стандартта аталган кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн зарыл болгон документтерди гана талап кылуу; - жынысы, расасы, тили, этностук таандыгы, туткан дини, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, ата-теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырлоого жол бербөө; - кызмат көрсөтүүлөрдүн бул стандарттардын белгиленген талаптарына ылайык келиши: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричилик жактан ыңгайлуу болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ылайыктуу график, маалыматтык колдоонун (басылма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин ийкемдүүлүгү жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө кеңеш берүү; - акыркы натыйжанын күтүлүүчү натыйжага шайкеш келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштар китептеринин болушу жана жеткиликтүү жерге коюлушу |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат Мекемеге жеке кайрылган учурда көрсөтүлөт. Кызмат электрондук форматта көрсөтүлбөйт. Ошону менен бирге керектөөчүлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук сайтында жайгаштырылган электрондук формадагы арызды колдонсо болот (www.sport.gov.kg) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Керектөөчүгө кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылат: - ушул стандарттын 12-пунктунда белгиленген керектүү документтерди көрсөтпөгөндө; - спорттук аттарды стационардык кармоо үчүн бош орундар жок болгондо (атканалардын жык толушу); - келишимдин шарттары бузулганда; - келишимдин мөөнөтү бүткөндө; - кызматтын наркы төлөнбөгөндө |
17 | Даттануунун тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз берүүчү оозеки же жазуу жүзүндө Мекеменин жетекчилигине же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана арыз ээсинин аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле кол тамгасы жана датасы көрсөтүлүүгө тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну бир иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндө берилген кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жооп берүүнүн мөөнөтү аны каттоого алган күндөн баштап 14 иш күндөн ашпайт. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты үзгүлтүксүз ар бир үч жылда кеминде бир жолу каралып чыгууга тийиш |