Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-майы № 255
"Тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Э.Мавлянова тарабынан демилгеленген "Тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 255 токтому менен жактырылган |
"Тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Э.Мавлянова тарабынан демилгеленген "Тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Негиздеме-маалым катка ылайык жогоруда аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук эмгек рыногунда бош жумуш орундарын ээлөөдөгү артыкчылыктуу укуктарын камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасында ишке орношуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле легалсыз тышкы эмгек миграциясынын алдын алуу максатында иштелип чыккан.
Атап айтканда, Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунун экинчи абзацында "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин "чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга иштегенге уруксат берилген учурда алар мыйзамда белгиленген тартипте биометриялык каттоодон өтөт." деген 6-бөлүк менен толуктоо сунушталат.
Бирок Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катында белгиленгендей Кыргыз Республикасында азырынча чет өлкөлүк жарандардын биометриялык маалыматтарын топтоо системасы киргизиле элек.
Ушундан улам бүгүнкү күнгө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын биометриялык маалыматтарын топтоо жана сактоо тартиби регламенттелген эмес.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 78-пунктуна ылайык толугу менен мыйзамдарга бланкеттик шилтемелерди жасоого жол берилбестигин эске алуу зарыл.
Мындан тышкары, негиздеме-маалым каттын маалыматына ылайык Мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык сарптоолорду алып келбейт.
Бирок Мыйзам долбоорун кабыл алуу белгилүү бир чыгымдарды алып келет деп ойлойбуз, себеби чет өлкөлүк жарандардын биометриялык маалыматтар базасын топтоо, иштеп чыгуу, сактоо, актуалдаштыруу, коргоо жана пайдалануу процессин уюштуруу үчүн республикалык бюджеттен финансылык каражаттар талап кылынат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар, алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбастыгын белгилейбиз.
2. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунун төртүнчү абзацы менен чет өлкөлүк жеке ишкерлерге чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга тыюу салуу сунушталат.
Ошону менен бирге Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катында сунушталып жаткан Мыйзам долбоору ишкердикти жөнгө салууга багытталбагандыгы жана жөнгө салуу таасирине талдоо жүргүзүү талап кылынбастыгы белгиленген.
Ошол эле учурда Мыйзам долбоорунун жоболору ишкердик субъектилердин чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салууга багытталгандыгын белгилейбиз, ага байланыштуу каралуучу Мыйзам долбоору жөнгө салуу таасирин талдоого жатат.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ишкердикти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Өкмөт бекиткен методикага ылайык жөнгө салуучу таасирин талдоого жатат.
Жөнгө салуучу таасирди талдоо ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуучу жак тарабынан жүргүзүлөт жана камсыз кылынат.
Жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде даярдалган негиздеме иштеп чыгуучу тарабынан берилбеген учурда ченемдик укуктук актынын долбоору четке кагылат.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19-беренесин эске алуу зарыл, ага ылайык Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар мыйзамда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимде белгиленгенден башка учурларда Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктардан пайдаланат жана милдеттерди аткарат.
3. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктунда "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин 3-бөлүк менен толуктоо сунушталат, ага ылайык эмгек миграциясына берилген квотанын алкагында эмгектенүү максатында Кыргыз Республикасына тартылган бир чет мамлекеттин жарандары болуп саналган чет өлкөлүк кызматкерлердин жалпы саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу жана эмгек миграциясына берилүүчү ар жылкы жалпы квотанын 30%нан ашпоого тийиш".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын 2018-жыл үчүн маалыматтарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүү үчүн 12950 чет өлкөлүк жаранга уруксат берилген, алардын ичинен Кытай Эл Республикасынын жарандары - 9670 адам.
Экономиканын тармактары боюнча Кытай Эл Республикасынын жарандарынын үлүшү төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
- өнөр жай, курулуш жана транспорт - 45,7 пайыз (Кыргыз Республикасынын автожолдорун куруу жана реконструкциялоо, Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун реконструкциялоо, нефть продуктулар жана курулуш материалдары өндүрүшү, үй куруу ж.б.у.с.);
- энергетика, геологиялык чалгындоо, тоо кен өнөр жайы - 20,2 пайыз;
- айыл чарбасы - 1,9 пайыз.
Азыркы учурда чет өлкөнүн инвестицияларынын катышуусу менен ири улуттук долборлорду ишке ашыруу улантылууда, алар: республикалык маанидеги жолдорду куруу жана реконструкциялоо, Бишкек шаарынын жолдорун реконструкциялоо, Ысык-Көл облусундагы айланма автожолун куруу, Түндүк-Түштүк альтернативалык жолдун, Баткен жана Чүй облустарындагы айланма автожолдордун курулушу, Токмок жана Кара-Балта шаарларындагы нефтини кайра иштетүү заводдорунун курулушу, Кемин районунун Орловка айылындагы алтын кен комбинатын ишке киргизүү, магистралдык түтүктөрдү, байланыш жана электр берүү линияларын коюу, Кыргыз Республикасынын бардык өнөр жай өндүрүшүнүн 60 пайызга жакынын камсыз кылган кен казуу жана металлургия тармагын өнүктүрүү.
Жогоруда белгиленгендерди эске алуу менен, Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктунда сунушталган бир чет мамлекеттин чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга чектөөнү караган ченем өлкөнүн экономикасына терс, ошондой эле жалпы инвестициялык кызыктырууга таасирин тийгизиши мүмкүн экендигин белгилейбиз.
4. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин бешинчи абзацы менен Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 108-беренесин төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунушталат: "Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу - II категориядагы коомдук жумуштарга тартуу менен II категориядагы айып пул салууга алып келет".
Бирок Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катында чет өлкөлүк жумушчу күчүн Кыргыз Республикасында тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн иш берүүчүлөргө айыппул салуу кайсы критерийдин негизинде алынгандыгы тууралуу кандайдыр бир маалымат жок.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катын тиешелүү маалымат менен толуктоону сунуштайбыз.
5. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 1-пунктун "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин талаптарын эске алуу менен кайта карап чыгууну сунуштайбыз, анткени ченемдик укуктук актыны расмий жарыялоо алардын күчүнө кирүүсүнүн милдеттүү шарты болуп саналат.
6. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 2-пункту менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын Мыйзамга шайкеш келтирүү тапшырмасы берилет.
Ошону менен катар, каралып жаткан Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда кайта карала турган ченемдик укуктук актылар тууралуу маалымат Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катында чагылдырылган эмес. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу же аларга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу маалыматтар менен толуктоону сунуштайбыз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларына талдоо жүргүзүүнүн натыйжасында ушул Мыйзам долбоору кабыл алынгандыгына байланыштуу кайта карап чыгууга жаткан чечимдер аныкталбаса Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 2-пунктун алып салуу керек.
Жалпысынан, сунушталган Мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын ченем жаратуу техникасына шайкеш келтирүү зарыл экендигин белгилейбиз.
Жогоруда белгиленгендерге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мыйзам долбоорун сунушталган редакцияда кабыл алуу максатка ылайык келбейт деп эсептейт жана ушул корутундуда баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен жеткире иштеп чыгуу зарыл экенин белгилейт.