Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-июну № 277
"Жайыттарды пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.У.Жапаров тарабынан демилгеленген "Жайыттарды пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-июнундагы № 277 токтому менен жактырылган |
"Жайыттарды пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Жайыттарды пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Негиздеме маалым катка ылайык Мыйзамдын долбоору көп жылдык бак-дарактарды өстүрүү максаты үчүн гана жайыттарды (анын ичинде мамлекеттик токой фондусунун жайыттарын) ижарага берүү, ошондой эле көп жылдык жемиш бактар отургузулган жерлерде айрым объектилерди курууга уруксат жолу менен айыл чарбасын өнүктүрүү, чакан жана орто ишкердиктин субъектилеринин ишин активдештирүү, өнөр жай багбанчылыгына инвестицияларды тартуу максатында иштелип чыккан.
1. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-пункту менен Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесин 4-бөлүк менен толуктоо сунушталган, ага ылайык ушул Кодекстин 30-беренесинин 6-бөлүгүндө каралгандан башка учурларда жайыттар жеке менчикке же ижарага берилиши мүмкүн эмес.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-пункту менен Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 30-беренесин 6-бөлүк менен толуктоо сунушталган, анда мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жайыттар (Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун, өзгөчө корулуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринен, маданий жайыттардан, жер кыртышы жакшыртылган жайыттардан, мал айдалуучу трассалардан жана мал токтоочу аянтчалардан башкалары) көп жылдык бак-дарактарды өстүрүү максатында (анын ичинде жемиш бактарды) өстүрүү үчүн гана ижаралык шартта, жердин башка категориясына которуусуз (трансформациялоосуз) 49 жылга чейинки мөөнөткө убактылуу акы төлөп пайдаланууга берилиши мүмкүн. Жайыттарды көп жылдык өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүүнүн өзгөчөлүктөрү "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Токой кодекси менен жөнгө салынат.
Эске алуучу нерсе, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесине ылайык жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет, бирдиктүү экологиялык системаны сактоо максатында Кыргызстан элинин жашоосу менен иш-аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат.
Жеке менчикте болушу мүмкүн эмес жайыттарды кошпогондо, жер ошондой эле менчиктин жеке, муниципалдык жана башка формаларында болушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык токой, суу фондуларынын жерлери, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери, запастагы жерлер, чек ара зонасындагы жерлер, анын ичинде Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун жерлери, айылдык калк жашаган конуштардагы жайыттар, интенсивдүү пайдаланылуучу зонадагы жайыттар, ошондой эле алыскы жайыттар жана жеке менчикке жана муниципалдык менчикке берилбеген жерлер мамлекеттин менчигинде болот.
"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2 жана 3-беренелерине ылайык жайыт - мал жайып оттотулуучу жана жерди эсепке алуу маалыматтарында чагылдырылган дагы башка максаттарга пайдаланылуучу чөп баскан айыл чарба жерлеринин түрү. Жайыттар Кыргыз Республикасынын гана менчигинде турат.
"Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык коп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер - мөмө-жемиш азыктарын алуу үчүн арналган, жасалма тигилген бактар, бадалдар үчүн (токой аянтысыз) пайдаланылуучу айыл чарба жерлери болуп саналат.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11-беренесине ылайык жерлерди бир категориядан экинчисине которуу жерлердин негизги максаттуу багыты өзгөргөн учурда жүргүзүлөт.
Көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер айыл чарба жерлеринин бир түрүнөн экинчи түрүнө которуу талап кылынган айыл чарба багытындагы жерлердин түрлөрүнүн бирине кирет.
Ушуга байланыштуу, Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1 жана 5-пункттарын жогоруда айтылган мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен иштеп чыгууну сунуштайбыз.
Ошондой эле жайытка тиешелүү маселелерди сарамжалдуу жана ар тараптуу, анын ичинде жайыт пайдалануучулардын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечүү максатында биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын аймагындагы жайыт жерлерди инвентаризациялап, жайыт катары пайдаланууга жарактуу жерлердин реалдуу аянтын аныктап жана аларды которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү зарылдыгын айтмакчыбыз.
«УМББ» эскертүүсү: Берилген корутундунун 1-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 1-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
2. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктунда Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесин 8-пункт менен толуктоо сунушталган, ал толуктоого ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк органдары көп жылдык өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн ижаралык шартта убактылуу пайдаланууга берилүүчү жайыттардын аймактарынын чектерин жана аянттарын, берилүүчү жайыттын инфратүзүмүн жана алыстыгын эске алуу менен, жайыттын аянтына жана жергиликтүү бюджетке түшүүчү кирешеге жараша ижара акысынын өлчөмүн жана аны төлөөнүн тартибин белгилейт.
Ошону менен бирге, "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 6-беренелерине ылайык: тескөө укугун кошпогондо, мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу үчүн жоопкерчилик жана контроль жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилет. Алар жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын жайыт пайдалануучулардын бирикмелерине өткөрүп бере алышат. Жайыт пайдалануучулар бирикмесин жергиликтүү жамаат мал ээлеринин жана ошол аймактык бирдиктеги жайыт пайдалануучулардын жайытты пайдалануу жана жакшыртуу жагындагы кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзөт. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруучу органы болуп жайыт комитети эсептелет.
Ошого байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктун кайрадан иштеп чыгуу керек экендигин белгилейбиз.
3. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 4-пункту менен Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-1-беренесин 5-пункт менен толуктоо сунушталып жатат, ага ылайык эгерде ошол аймак мурда көп жылдык өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн ижаралык шартта убактылуу пайдаланууга берилсе, жайыттын аймагын жер казынасын пайдаланууга берүүгө болбойт.
Ал эми "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине ылайык Жер казынасын пайдалануу укугун алган жер казынасын пайдалануучуга жер казынасын пайдалануу мөөнөтүнө издөө, чалгындоо жумуштарын, ошондой эле пайдалуу кендер чыккан жерлерди иштетүү жана өндүрүштүк жана инфратүзүмдүк объекттерди куруу боюнча жумуштарды жүргүзүү үчүн жер тилкелерин пайдалануу мүмкүндүгү камсыз кылынат.
Жер казынасын геологиялык иликтөөдө (издөөдө жана чалгындоодо) жер тилкесин ээликтен ажыратуу жүргүзүлбөйт, ал эми жер казынасын пайдалануучуга жер укуктарына ээлик кылуучунун геологиялык жумуштарды жүргүзүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугу берилет.
Жеке менчикте же убактылуу пайдаланууда турган жер тилкесин убактылуу пайдалануу укугу жер тилкесинин менчик ээси же жер укуктарынын пайдалануучусу тарабынан жер казынасын пайдалануучу менен келишим боюнча берилет.
Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-1-беренесинин 2-бөлүгү менен арызды кароо жана жер участогун пайдалануу укугуна документти берүү мөөнөтү 30 календардык күндөн ашууга тийиш эмес, ал аралыкта жер укугунун ээси жер участогун берүү жөнүндө чечим чыгарууга милдеттүү деп белгиленген.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 810 токтому менен Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобо бекитилген. Аталган Жобонун 12-пунктуна ылайык жер казынасын геологиялык изилдөө үчүн жер участогун берүүгө жер казынасын пайдалануучуга жазуу түрүндөгү макулдук берүүдөн баш тартууга болбойт.
Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жогоруда көрсөтүлгөн беренесине Мыйзамдын долбоорунда сунушталгандай толуктоо киргизүү Мыйзамдын ушул айтылып жаткан талабына каршы болот.
Мындан сырткары, негиздеме маалым катта жер казынасын пайдалануу жагынан чектөө киргизүүнүн себеби негизделген эместигине көңүлдү бурабыз.
Белгилей кетчү нерсе, кен казуу өнөр жайы республикалык жана жергиликтүү бюджетти салыктык же салык эмес кирешелер менен гана толуктабастан, региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө да орчундуу таасир тийгизет. Буга жер казынасын пайдалануучулар берип жатышкан төлөмдөр жана колдоо (социалдык пакет, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана камсыздап турууга которуулар), ошондой эле жергиликтүү калк үчүн иш орундардын ачылышы, кээ бир региондорго жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукциясын жана товарларын сатып алуу да өбөлгө болот.
Ошого байланыштуу альтернативдүү механизм катары: жайыттарды көп жылдык өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө чечим жер казынасын пайдалануу жагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган ал жерде пайдалуу казындылар бар же жок экендиги жөнүндө маалымат бергенден кийин чыгарылат деп белгилөөнү сунуш кылабыз.
4. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 6-пунктунда көп жылдык өсүмдүктөр баскан, аянты 50 гектардан ашкан жерлердин аймактарында бирден ашык эмес ангар, жашылча-жемиш сактагыч же сезондук жумуштардын убагында жашоого арналган бакчалык үй курууга, ошондой эле салмагы оор эмес металл же жыгач конструкциялардан тосмо жасоого уруксат берүү сунушталган.
Бирок мындай объекттерди куруу үчүн аймактагы жердин аянтын аныктоо, аталган конструкциялардын салмагын аныктоо, ошондой эле коюлуп жаткан талаптардын аткарылышын кайсыл орган контролдой тургандыгы жагынан суроолор жаралат.
5. Мындан тышкары, Мыйзамдын долбоорунда ички карама-каршылыктар бар.
Мисалы, Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 3-пунктуна ылайык жайыттарды берүүнүн, ижара акысынын өлчөмүн аныктоонун тартибин, ошондой эле көп жылдык жемиш бактарды өстүрүү үчүн жайыттарды пайдалануунун эрежесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
Ошол эле учурда, Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктунда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк органдары көп жылдык өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн ижаралык шартта убактылуу пайдаланууга берилүүчү жайыттардын аймактарынын чектерин жана аянттарын, берилүүчү жайыттын инфратүзүмүн жана алыстыгын эске алуу менен, жайыттын аянтына жана жергиликтүү бюджетке түшүүчү кирешеге жараша ижара акысынын өлчөмүн жана аны төлөөнүн тартибин белгилейт деп айтылган.
Ошол эле учурда, Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 3-пунктуна ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк органдары жайыт жерлердин чектик өлчөмүн жана жалпы аянтын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана токой чарбанын сунушу боюнча, жергиликтүү элдин кызыкчылыгын эске алуу менен аныкташат.
Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 3-пунктуна ылайык жайыттарды көп жылдык өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн пайдаланганда республикалык бюджетке ижара акысы алынат, анын өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
Мына ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1, 2 жана 3-беренелеринин тийиштүү пункттарын тактоону сунуш кылабыз. Ошону менен бирге эле, Мыйзамдын долбоорунун жайыттарды ижарага берүүнүн мөөнөтү, конкурс өткөрүүнүн жана келишим түзүүнүн тартиби, жайытты пайдалануунун максаты, жайыттын участокторун бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө ж.б. жоболорун тактоону сунуш кылабыз.
6. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 3-пункту менен (Мыйзамдын долбоорунун сунушталып жаткан редакциясынын 3-3-беренеси) жайыттын ижарага алынган аймагын үч жыл бою иштетпөө ижара келишиминин жараксыз болушуна алып келет деп айтылган.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин жоболоруна ылайык келишимдик мамилелер Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен жөнгө салынат. Мында башка ченемдик укуктук актылардагы жарандык мыйзамдын ченемдери Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык болууга тийиш.
Ошондуктан Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 3-пункту Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин талаптарын эске алуу менен иштелип чыгууга тийиш.
7. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 3-пункту менен Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 9-главасын 51-2-берене менен толуктоо сунушталган. Мында 9-главанын колдонуудагы редакциясын эске алуу менен сунушталып жаткан берененин номерин тактоону сунуш кылабыз.
8. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгү боюнча айта турган нерсе, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Ошону менен бирге эле, аталган Мыйзамдын 25-беренесинин талаптарын эске алып, негиздеме маалым катта каралып жаткан мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат жоктугун айтмакчыбыз.
Мында, эгерде Мыйзамдын долбоорунун кабыл алынышына байланыштуу кайрадан каралууга тийиш болгон чечимдер аныкталса жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу зарылдыгы жаралса мыйзамдар менен мыйзамдан келип чыгуучу актылардын ортосундагы мыйзамдык боштукту жоюу үчүн сунушталып жаткан Мыйзамдын долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтүн көбөйтүү керек болот.
9. Мыйзам долбоорунун аталышын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 9-пунктунун талаптарына ылайык келтирүүнү сунуштайбыз, ал талапка ылайык бир нече мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүчү мыйзамдын долбоорунун аталышында ошол өзгөртүүлөр киргизилүүчү мыйзамдардын аталыштары тырмакчада берилиши керек.
Ошондой эле, жогоруда аталган Нускаманын мыйзамдын түзүмдүк элементин жаңы редакцияда баяндоо каралган 105-пунктуна ылайык Мыйзамдын долбоордун 1-беренесинин 1-пунктун толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз.
Жалпысынан Мыйзамдын долбоорун редакциялык, техникалык жана мааниси жагынан кылдат кайра иштеп чыгуу зарыл.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Жайыттарды пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жогоруда айтылган сунуштарды эске алуу менен кабыл алууга болот деп эсептейт.