Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-июну № 279
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.С.Токторов, А.Т.Алтыбаева, А.Ш.Жээнбеков, Н.К.Алимбеков, Т.Г.Тиллаев, Ж.К.Турускулов, Д.Г.Торокулов, К.К.Керезбеков, А.Ж.Исмаилова, К.Б.Орозова, М.Э.Мавлянова, А.Ш.Осмонова тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 279 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.С.Токторов, А.Т.Алтыбаева, А.Ш.Жээнбеков, Н.К.Алимбеков, Т.Г.Тиллаев, Ж.К.Турускулов, Д.Г.Торокулов, К.К.Керезбеков, А.Ж.Исмаилова, К.Б.Орозова, М.Э.Мавлянова, А.Ш.Осмонова тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келет.
1. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-пунктуна ылайык Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин тамеки чегүүнүн кесепеттеринен жана тамеки түтүнүнүн таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо боюнча чараларды өркүндөтүүгө чегерүүлөр каралган 471-глава менен толуктоо сунушталууда.
Ушуну менен бирге Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-пунктунда ата мекендик, ошондой эле чет өлкөлүк тамеки буюмдарын өндүрүүчүлөр тарабынан чегерүүлөрдү төлөө үчүн контролдоонун механизми каралбагандыгын, каралган чегерүүлөрдү чет өлкөлүк тамеки буюмдарын өндүрүүчүлөр тарабынан төлөө тартиби жазылган эмес (мисалы, тамеки буюмдарына акциздик салыкты администрациялоодо ата мекендик, ошондой эле чет өлкөлүк тамеки буюмдарын өндүрүүчүлөр тарабынан акциздик марканы белгилөө аркылуу салык төлөнөт), ошондой эле бул чегерүүлөрдүн администраторлору аныкталган эмес.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин бүткүл тексти боюнча "чет өлкөлүк өндүрүүчүлөр" деген сөздөрдү "импорттоочулар" деген сөз менен алмаштырууну максатка ылайык деп эсептейбиз.
Мындан тышкары, республикалык бюджеттин төлөмдөрүнүн чегерүүлөрүн бөлүштүрүү, ошондой эле айрым иш-чараларды каржылоо боюнча маселелер бюджеттик мыйзамдар менен жөнгө салына тургандыгын белгилейбиз.
Баяндалгандардын негизинде Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-пунктун кошумча талдап, кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
"УМББ" эскертүүсү: Берилген корутундунун 1-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 1-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
2. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 55 жана 55-1-беренелери менен каралган бузуулар жөнүндө иштерди караган ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин алардын компетенцияларына ылайык (салык кызматы жана ички иштер органдары) кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
3. Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин" деп жазылган.
Мында "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Ошону менен бирге, каралып жаткан Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында чагылдырылган эмес.
Ушуга байланыштуу негиздеме-маалымкатты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү же иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө маалыматтар менен толуктоону сунуштайбыз.
Мында, талдоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу зарылдыгы аныкталса, анда Мыйзамдын долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтүн мыйзамдар менен мыйзам алдындагы актылардын ортосунда укуктук вакуумду болтурбоо максатында узартуу зарыл.
4. Мыйзамдын долбоорунун жөнгө салуучу таасирин (мындан ары - ЖТТ) талдоо боюнча сунушталган ЖТТ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасынын (мындан ары - Методика) талаптарына шайкеш келбей тургандыгын белгилейбиз.
Атап айтканда ЖТТны даярдоодо төмөнкүдөй талаптар бузулган:
1) Методиканын 6 жана 7-пункттарына ылайык ЖТТ жүргүзүү үчүн ЖТТ өткөрүүнү демилге кылган мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын буйругу менен жумушчу топ бекитилет, анын курамына жүргүзүлө турган жөнгө салуу чөйрөсүндө алектенген юриспруденция, финансы жана экономика тармагындагы адистер, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык уюмдардын жана ишкерлердин өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) киргизилет. Жумушчу топтун курамына зарылдыгына жараша башка адистер, ошондой эле кызыкдар тараптардын өкүлдөрү кириши мүмкүн экендигин белгилейбиз.
Алсак, ЖТТ жүргүзүүнүн натыйжасы болуп аналитикалык кат эсептелет, ага жумушчу топтун баардык мүчөлөрү Методиканын тиркемесинде келтирилген форма боюнча кол коюшат.
2) Ошондой эле аталган Методиканын 13-пунктуна ылайык "бардыгын мурдагыдай калтыруу" жөнгө салуу вариантынан тышкары мамлекеттик жөнгө салууну өзгөртүүнү шарттаган жок дегенде эки вариант иштеп чыгуу зарыл, алардын ар бири үчүн төмөнкүдөй пункттар боюнча толук баяндама келтирүү керек:
- жөнгө салуу ыкмасы;
- жөнгө салуу таасири;
- ишке ашыруу тобокелдиктери;
- укуктук жана башка талдоолор;
- экономикалык талдоо;
- коомдук талкуулоонун жыйынтыктары.
Ушуга байланыштуу жөнгө салуу боюнча сунушталган варианттарды толук кандуу салыштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында жана андан ары негизделген чечим кабыл алуу үчүн жөнгө салуунун альтернативдүү вариантын иштеп чыгуу жана жогоруда аталган пункттар боюнча баяндама жазуу зарыл экендигин белгилейбиз.
5. Жалпысынан, Мыйзамдын долбоорунун аталышын жана жоболорун "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын талаптарын эске алуу менен толуктап иштеп чыгуу зарыл деп белгилейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул корутундуда келтирилген сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен аталган Мыйзамдын долбоорун кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.