Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-июну № 307
"Бишкек шаарында 2019-жылдын 24-майында кол коюлган 2017-жылдын 10-августундагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2019-жылдын 24-майында кол коюлган 2017-жылдын 10-августундагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2019-жылдын 24-майында кол коюлган 2017-жылдын 10-августундагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу-катка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2019-жылдын 24-майында кол коюлган 2017-жылдын 10-августундагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Бишкек шаарында 2019-жылдын 24-майында кол коюлган 2017-жылдын 10-августундагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу-кат ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына (Дүйнөлүк банк) жогоруда аталган Макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 307 токтому менен жактырылган |
Бишкек шаарында 2019-жылдын 24-майында кол коюлган 2017-жылдын 10-августундагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу-катка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Бишкек шаарында 2019-жылдын 24-майында кол коюлган 2017-жылдын 10-августундагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу-кат (мындан ары - Макулдашуу-кат) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине шайкеш келет.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуу-кат ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Бюджет жана финансы боюнча комитети, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-майындагы № 148-б буйругу менен бекитилген.
Кыргыз Республикасында, анын ичинде Ысык-Көл облусунда ири мүйүздүү малды идентификациялоо жана каттоо процесси аяктагандыгына байланыштуу жогоруда аталган Долбоордун "Малды идентификациялоо жана каттоо" 1B-подкомпонентинин каражаттарын "Фермердик чарбалардын деңгээлиндеги инвестициялар" 3-компонентинин подкомпоненти болуп саналган Жүгүртүлүүчү фонддон фермерлерди каржылоо жана Каракол, Балыкчы шаарларындагы ветеринардык диагностика жана экспертиза зоналык борборлорун модернизациялоо үчүн каражаттарды көбөйтүү жолу аркылуу кайра бөлүштүрүү сунушталган.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 2018-жылдын 27-мартындагы чечиминин (2017-жылдын 10-августундагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууга ушул Долбоордун ар кандай компоненттердеги каражаттарын натыйжалуу пайдалануу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) негизинде Дүйнөлүк банкка жогоруда аталган Долбоордун компоненттеринин ичиндеги каражаттарды реструктуризациялоо жана кайра бөлүштүрүү зарылдыгы жөнүндө сунуш киргизилген.
Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоордун өнүктүрүү максаты саан уйдун өндүрүмдүүлүгүн жана бенефициар-фермаларда сүттүн сапатын жогорулатуу болуп эсептелет. Жогоруда аталган Долбоордун бенефициарларына Ысык-Көл облусунун аймагындагы чакан көмөкчү сүт фермалары кирет.
Жогоруда аталган Долбоорду реструктуризациялоодон кийин анын жалпы бюджети өзгөрүүсүз калаарын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын каражаттарынан каржылануучу 5 млн. АКШ долларын түзөрүн белгилей кетүү зарыл, анын ичинде 2,25 млн. АКШ доллары - грант жана 2,75 млн. АКШ доллары - кредит.
Киргизилген өзгөртүүлөрдүн алкагында Ысык-Көл облусундагы кайра иштетүүчү ишканаларга сүттүн сапатына карата талаптардын туруктуу иштеген системасын жөнгө салууга көмөк көрсөтүү максатында санариптик технологияларды колдонуу менен сүттүн сапатын камсыздоо боюнча пилоттук платформаны түзүү сунушталууда. Ошондой эле сүттү чогултуучу тандалып алынган пункттарды майдын, кошундулардын өлчөмүн, суунун кошулушун жана сүттүн коопсуздугу жана тазалыгы боюнча кайра иштетүүчү ишканалардын талаптарына сүттүн шайкеш келишин текшерүү максатында сүттүн сапатын өлчөө үчүн базалык жабдуулар жана приборлор менен жабдуу сунушталууда.
Мындан тышкары фермаларда чогултулган сүттүн сапатын, чогултулган сүттү аны кайра иштетүүгө түшкөн учурга чейин ирип кетүүдөн сактоо проблема болуп саналат. Аталган Долбоордун алкагында керектөөлөрдүн негизинде муздатуучу танкерлерди жана жабдууларды берүү, ошондой эле сүттү сааштын жана жеткирүүнүн гигиенасын камсыздоо максатында бардык бенефициар-фермерлерге чакаларды, бидондорду жана башка буюмдарды сатып берүү пландалууда.
Башында пландалган 1,1 млн. АКШ долларынан малды идентификациялоого жана каттоого 0,55 млн. АКШ доллары кайра бөлүштүрүлөт (Каракол жана Балыкчы шаарларындагы ветеринардык лабораторияларды колдоого). Калган каражаттар Жүгүртүлүүчү фонд аркылуу фермерлерди каржылоо үчүн Долбоордун 3-компонентине кайра бөлүштүрүлөт.
Жүгүртүлүүчү фонддон фермерлерди каржылоого жалпы каражат 1,2 млн. АКШ долларынан 2 млн. АКШ долларына чейин көбөйтүлөт. Мындан тышкары ссуданын максималдуу суммасы бир кишиге 1000 АКШ долларынан 1200 АКШ долларына чейин көбөйтүлөт.
Аталган Долбоордун аткаруучу ведомстволору болуп Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эсептелет. Жогоруда аталган Долбоорду ишке ашыруучу агенттиктер болуп Атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кредиттик линияны башкаруу бөлүмү эсептелет.
Аталган Долбоордун ишке ашырылышын көзөмөлдөө жана координациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2018-жылдын 27-сентябрындагы № 322 буйругу менен Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоордун Байкоо кеңешинин курамы бекитилген, ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун, кайра иштетүүчү ишканалардын жана фермерлердин өкүлдөрү киргизилген.
Макулдашуу-катка (англис тилинде) 2019-жылдын 24-майында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Финансы министри кол койгон.
Макулдашуу-катты ратификациялоо кандайдыр-бир финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен каржылоону талап кылбайт.