Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-июну № 314
"Кыргыз Республикасында геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо иштери, уран жана торий кендерин иштетүү менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Т.Сулайманов, А.Н.Шыкмаматов, К.К.Керезбеков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасында геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо иштери, уран жана торий кендерин иштетүү менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июнундагы № 314 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасында геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо иштери, уран жана торий кендерин иштетүү менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Т.Сулайманов, А.Н.Шыкмаматов, К.К.Керезбеков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасында геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо иштери, уран жана торий кендерин иштетүү менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, аны кабыл алууну жалпысынан колдойт.
1. Ушуну менен бирге Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык аталган Мыйзам колдонууга киргизилген учурдан тартып анын күчүнө киришине чейин берилген лицензиянын негизинде иштеген жеке жана юридикалык жактар өзүнүн ишин токтотууга тийиш, ошондой эле жерлер менен суу объекттерин рекультивациялоону жана кен мүлкүн жок кылууну камсыздоого милдеттүү. Мында буга чейин берилген лицензиялар кайра сурап алынууга жана аларда көрсөтүлгөн колдонуу мөөнөтүнө карабастан токтотулууга тийиш.
Ушуга байланыштуу жер казынасын пайдаланууда келип чыккан мамилелер жана ушул чөйрөдөгү мамлекеттик укуктук жөнгө салуу тартиби "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталгандыгын белгилейбиз.
Мындан тышкары аталган Мыйзамдын 26-беренесине ылайык жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу үчүн негиздердин толук тизмеси аныкталган.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш экендигине көңүлүңөрдү бурабыз.
Ушундан улам "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына геологиялык иштердин айрым түрлөрүн жүргүзүү боюнча мыйзамдык негизде тыюу салуу жана чектөө киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштырган, ошондой эле жер казынасын пайдалануу укугун токтотуучу негиздердин тизмесин кеңейтүүчү өзгөртүүлөрдү бир эле учурда киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун карап чыгууну сунуштайбыз.
2. Мыйзамдын долбоорун толуктап иштеп чыгууда редакциялык мүнөздөгү төмөнкүдөй сунуштарды эске алууну суранабыз:
- Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "кармоо" деген сөздү "эксплуатациялоо" деген сөз менен алмаштыруу;
- Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "кен чыккан жер" деген сөздөн кийин "уран" деген сөздү алып салуу;
- Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүн бириктирүү жана төмөнкүдөй редакцияда баяндоо:
"2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.".
3. Мыйзамдын долбоору менен Кыргыз Республикасында геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо иштери, уран жана торий кендерин иштетүү менен байланышкан иштерге тыюу салынууда.
Ушуну менен бирге Мыйзамдын долбооруна берилген негиздеме-маалымкатта торий кенинде жогоруда аталган иштерди жүргүзүүгө тыюу салуунун зарылчылыгын негиздөөчү маалымат камтылбагандыгын белгилейбиз.
Негиздеме-маалымкатка ылайык Мыйзамдын долбоору менен Кыргыз Республикасында уран кенин издөө жана чалгындоо, ошондой эле уран кенин геологиялык иштетүү максатында жер казыналарын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу каралган.
Мында, Кыргыз Республикасында торийдик минералдаштыруу кеңири колдонууга ээ болбогондугун маалымдайбыз. Торий жана торий камтыган 20дан ашык кен чыккан жана руда кездешкен жер аныкталган. Аталган кендерди изилдөө абалы жалпысынан начар. Буга чейин Кутессай II Куперлисай кен чыккан жерлеринде чалгындоо жүргүзүлгөн, калган торий объекттери издөө иштерин жүргүзүү стадиясында үстүртөн гана изилденген. 1960-1990-жылдары Кутессай II кен чыккан жеринде торий камтыган сейрек кездешүүчү рудаларды казуу ишке ашырылып келген. Азыркы учурда Кыргызстанда торий казылбайт.
Торий камтыган кен жана руда кездешкен жерлер көп сандагы геологиялык позицияларды жана минералдык курамды аныктоодо. Торий камтыган кендер курамы боюнча сейрек кездешүүчү (Кутессай II, Кеңкөл, Барскоон), тантал-ниобий (Түтөк, Жылуу-Суу) жана сейрек кездешүүчү ниобий (Кара-Жылга, Кызыл-Таш, Сиенит, Күндайлык, Согут) кендерине бөлүнөт.
Мыйзам долбоорунда белгиленген торий кендерине геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана иштеп чыгууга тыюу салуу сейрек кездешүүчү кендерди өздөштүрүүгө инвестицияларды тартууга мүмкүндүк бербейт. Ошол эле мезгилде сейрек кездешүүчү металлдарга суроо-талап аларды жогорку технологиялуу өндүрүштө пайдаланууга байланыштуу жыл сайын өсүп бара жатат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Мыйзам долбоорунан торий кендерине тыюу салуу жөнүндө ченемди алып салууну сунуштайбыз.
4. Мындан тышкары "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин талаптарына көңүлүңөрдү бурабыз, аларга ылайык жеке ишкердикти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген Методикага ылайык жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүү талап кылынат.
Жөнгө салуучу таасирин талдоо ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуучу тарабынан жүргүзүлөт жана камсыздалат.
Жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде даярдалган негиздеме иштеп чыгуучу тарабынан берилбеген учурда ченемдик укуктук актынын долбоору четке кагылууга тийиш.
5. Ошондой эле Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда анын сунушталган ченемдерин лицензиаттар тарабынан сот тартибинде талашып-тартышууда коркунучтар пайда болушу мүмкүн экендигин белгилейбиз, лицензиаттар иш процессинде геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө, уран жана торий кендерин иштетүүгө, ошондой эле бул ишти уюштурууга, келишимдерди түзүүгө, зарыл болгон курулмаларды тургузууга, материалдык-техникалык каражаттарды сатып алууга ж.б. чыгым тартышы ыктымал.
6. Мындан тышкары каралып жаткан Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу менен "Кара-Балта кен комбинаты" акционердик коомунун өндүрүштүк иши токтоп калышы ыктымал, анткени Мыйзамдын долбооруна ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына уран камтыган жана торий камтыган сырьену ташып киргизүүгө тыюу салуу каралган.