Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-августундагы № 504 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-июлу № 354
2019-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча алкактык программаны бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагында фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2019-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча алкактык программа, 1-тиркемеге ылайык;
- 2019-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча алкактык программаны ишке ашыруунун иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция:
- Иш-чаралар планын аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбей, Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ар жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| 2-тиркеме |
2019-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча алкактык программаны ишке ашыруунун иш-чаралар ПЛАНЫ
Максаты: Кыргыз Республикасынын аймагында фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо шарттарын түзүү.
Артыкчылыктар:
- өсүмдүктөрдүн карантининин жетиштүү потенциалын (фитосанитардык жана укуктук) камсыздоо;
- өлкөнүн өсүмдүк ресурстарын коргоо үчүн импорттоого карата фитосанитардык чараларды колдонуу;
- өсүмдүктөрдөн алынган продукция менен эл аралык соода жүргүзүү үчүн экспортту сертификациялоонун ишенимдүү системасын түзүү;
- өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү тийиштүү инфратүзүмдү түзүү.
№ | Милдеттер | Иш-чаралар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжа (продукт) | Жооптуу аткаруучулар |
1. Өсүмдүктөрдүн карантининин жетиштүү потенциалын (фитосанитардык жана укуктук) камсыздоо | |||||
| Жетиштүү фитосанитардык потенциалды камсыздоо | Фитосанитардык коопсуздук жаатындагы мамлекеттик иш-чараларды өткөрүү механизмин жакшыртуу | 2019-жылдын IV кварталы | Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мүмкүнчүлүктөрү жогорулатылды | АЧТММ, Ветфитосан-инспекция |
ФТТ системасын иштеп чыгуу | 2020-жылдын IV кварталы | Фитосанитардык коркунучтар өз убагында айкындалды | АЧТММ, Ветфитосан-инспекция | ||
Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюмдардын иш-аракеттерин башкаруу, маалымат алмашуу жана координациялоо механизмдерин өркүндөтүү | 2019-жылдын IV кварталы | Фитосанитардык абал турукташтырылды | АЧТММ, Ветфитосан-инспекция | ||
| Жетиштүү укуктук потенциалды камсыз кылуу | Бардык деңгээлдеги адистер үчүн окуу программаларын иштеп чыгуу | 2020-жылдын II кварталы | Окуу программаларынын сапаты жана максаттык багыты жакшыртылды | АЧТММ |
Иштин конкреттүү түрү боюнча СОЖду жана нускамаларды иштеп чыгуу | 2019-жылдын III-IV кварталы | Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган методикалык колдонмолор менен камсыздалды | АЧТММ | ||
Өлкөнүн бардык региондору үчүн улуттук деңгээлде инспекторлорду системалык түрдө окутууну уюштуруу | 2019-жылдын IV кварталы - 2023-жылдын IV кварталы | Инспекторлордун квалификациясы жогорулатылды | АЧТММ, Ветфитосан-инспекция | ||
Өсүмдүктөрдүн карантинин илимий-изилдөө институтун жана өсүмдүктөрдүн карантини окуу борборун түзүү | 2023-жыл | Квалификацияны жогорулатууга шарт түзүлдү | АЧТММ, Ветфитосан-инспекция | ||
ФТТны киргизүү жана ФЧЭСти колдонуу | 2021-жыл | Карантиндик зыяндуу организмдерге талдоо жүргүзүлдү жана өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү мыйзамдардын базасы ФЧЭСке шайкеш келтирилди | АЧТММ | ||
Башка мамлекеттердин ӨККУМ менен өз ара аракеттенүүсү | 2020-жыл | Башка өлкөлөрдүн ӨККУМдө тажрыйба алмашылды | АЧТММ, Ветфитосан-инспекция | ||
2. Өлкөнүн өсүмдүк ресурстарын коргоо үчүн карантинге алынуучу продукцияны жана материалдарды импорттоого карата фитосанитардык чараларды көрүү | |||||
| Көзөмөл жүргүзүү | Жөнгө салынуучу зыяндуу организмдердин тизмесин түзүү | 2021-жыл | Ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн экспорттук потенциалы жогорулатылды | АЧТММ |
Зыяндуу организмдердин статусун аныктоо | 2021-жыл | Ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн экспорттук потенциалы жогорулатылды | АЧТММ | ||
Зыяндуу организмдердин жоктугун далилдөө | 2023-жыл | Ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн экспорттук потенциалы жогорулатылды | АЧТММ | ||
| Импорттоону жөнгө салуу | Фитосанитардык талаптарга жооп бербеген учурда карантинге алынуучу продукциянын айрым түрлөрүн ташып кирүүгө тыюу салуу же чектөө киргизүү | 2023-жыл | Өлкөнүн аймагы зыяндуу организмдерден корголду | АЧТММ |
Өзбекстан Республикасынын чек арасындагы жана Тажикстан Республикасынын чек арасындагы пункттарды заманбап жабдуулар менен жабдуу | 2020-жыл | Кабыл алынуучу фитосанитардык чаралар негизделди, фитосанитардык контролдоо системасынын эквиваленттүүлүгү таанылды | АЧТММ, Ветфитосан-инспекция | ||
3. Өсүмдүктөрдөн алынган продукция менен эл аралык соода жүргүзүү үчүн экспортту сертификациялоонун ишенимдүү системасын түзүү | |||||
| Экспорттоону жөнгө салуу | "ЭЛЕК-фито" маалыматтык системасын ишке киргизүү | 2019-жыл | Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдын ачык-айкындуулугу, коррупциялык элементтер жоюлду | АЧТММ |
Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды тариздөө жана берүү механизмдерин өркүндөтүү | 2019-2020-жылдар | Фитосанитардык документтерди берүү жол-жоболору жөнөкөйлөтүлдү | АЧТММ | ||
Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүүдөн тышкары айрым функцияларды жеке түзүмдөргө өткөрүп берүү | 2020-2021-жылдар | "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында функциялар өткөрүп берилди | АЧТММ | ||
Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарында фитосанитардык лабораторияларды куруу жана жабдуу | 2020-жылы | Лабораториялардын потенциалы жогорулатылды жана карантинге алынуучу продукцияны экспорттоо көбөйтүлдү | АЧТММ | ||
| Зоналаштыруу | Кыргыз Республикасынын аймагында фитосанитардык зоналаштырууну жүргүзүү | 2019-жылы | Айыл чарба продукциясын экспорттоо көбөйтүлдү | АЧТММ, Ветфитосан-инспекция |
Кыргыз Республикасынын аймагын фитосанитардык зоналаштыруу үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин түзүү | 2020-жылы | Өсүмдүктөрдөн алынган продукцияны рынокторго тоскоолсуз чыгаруу камсыздалды | АЧТММ, Ветфитосан-инспекция | ||
4. Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү тийиштүү инфратүзүмдү түзүү | |||||
| Сапаттуу текшерүү жана мониторинг жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү | Түзүмдүк бөлүмдөрдү изилдөө жана мониторинг жүргүзүү үчүн заманбап техника жана методика менен жабдуу | 2023-жыл | Фитосантиардык абал турукташтырылды | АЧТММ |
Мобилдүү жана стационардык фумигациялык (зыянсыздандыруу) бөлүмдөрдү түзүү | 2023-жыл | Өсүмдүк продукцияларында КЗОнун жок кылынышы камсыздалды | АЧТММ | ||
| Заманбап рыноктун шарттарында фитосанитардык чараларды көрүү боюнча натыйжалуу жабдууларды түзүү | Фитосанитардык коопсуздукту камсыздоонун колдонуудагы системасын талдоо | 2020-жыл | Иштелип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын сапаты жакшыртылды, фитосанитардык тобокелдикти башкаруу системасындагы проблемалар өз убагында аныкталды | АЧТММ |
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча инспекторлорду окутуу үчүн өсүмдүк продукцияларын жана КЗО сакталуучу жайды түзүү | 2023-жыл | Сактоочу жайлар өсүмдүк продукциясынын жана КЗОнун көрсөтмө коллекциялык материалдары менен камсыздалды | АЧТММ | ||
ҮТП тармагын түзүү | 2019-2023-жылдар | Тышкы экономикалык ишкердиктин катышуучулары үчүн айыл чарба продукциясын экспорттоонун жол-жоболору жөнөкөйлөтүлдү | АЧТММ | ||
Өсүмдүктөрдүн карантини жаатында саясатты иштеп чыгуу жана инвестицияларды тартуу боюнча эксперттик топту түзүү | 2020-жыл | Менеджменттин натыйжалуулугун жана инвестициялык ыңгайлуулугу жакшыртылды | АЧТММ | ||
Интродукциялык-карантиндик питомникти түзүү | 2020-жыл | Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдын потенциалы жогорулатылды | АЧТММ | ||
Фитосанитардык жагдайды божомолдоо үчүн аналитикалык бөлүм түзүү | 2020-жылы | КЗОнун жайылышы өз убагында токтотулду | АЧТММ | ||
Эскертүү:
Иш-чараларды ишке ашырууга жумшалуучу акча каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен каралат:
- бюджеттик каражаттардын;
- эл аралык донордук уюмдар, долбоорлор жана гранттар аркылуу инвестицияларды тартуунун;
- өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдын багыты боюнча (карантинге алынуучу продукцияны зыянсыздандыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр, лабораториялык экспертиза, консультациялык кызмат) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлоруна катышуунун.
Кыскартуулардын тизмеси:
КЗО | - | Карантиндик зыяндуу организмдер; |
ФТТ | - | Фитосанитардык тобокелдикти талдоо; |
СОЖ | - | Стандарттык операциялык жол-жоболор; |
ФЧЭС | - | Фитосанитардык чаралар боюнча эл аралык стандарттар; |
АЧТММ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги; |
ҮТП | - | Үлгүлөрдү тандап алуу пункту; |
ӨККУМ | - | Өсүмдүктөрдүн карантини жана коргоо боюнча улуттук мекеме. |