Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 354 токтомуна) |
2019-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча алкактык ПРОГРАММА
Киришүү
Дүйнөлүк экономиканын өнүгүшү эл аралык соода алакасынын көлөмүн жана аймагын кеңейтүүгө түздөн-түз байланыштуу. Мында карантиндик зыяндуу организмдердин кирип кетүү жана таралуу коркунучу кескин күч алып, ошол себептүү өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча улуттук уюмдар өз аймактарында карантиндик зыяндуу организмдердин байырлануусун болтурбоо максатында катуу фитосанитардык чараларды көрүп, эл аралык соодага жолтоо болгон бөгөттөрдү орнотууга мажбур болушат. Мындай жагдайда Өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча эл аралык конвенциянын, Фитосанитардык чаралар боюнча эл аралык стандарттардын жоболорунун жана Дүйнөлүк соода уюмунун Санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча келишиминин жоболорунун негизги принциптерин так аткаруу өзгөчө мааниге ээ.
Бул маселенин чечилиши бизнести өнүктүрүүдө тоскоолдуктарды азайтуу менен бирге Кыргыз Республикасынын аймагында карантиндик фитосанитардык коопсуздукту камсыздоого мүмкүндүк берет. Өсүмдүктөрдүн зыяндуу организмдеринин мурда алар катталбаган өлкөлөргө кирип кетиши жана таралуусу дүйнөлүк практикада көп кездешет. Натыйжада көптөгөн карантиндик зыяндуу организмдер жаңы региондордо жергиликтүү түрлөргө айланып, өзгөчө зыян алып келүүдө. Өсүмдүктөрдүн зыянкечтери жана оорулары, отоо чөптөр айыл жана токой чарбасындагы адамдардын ишине абдан чоң экономикалык чыгашаларды жаратат. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматтары боюнча айыл чарба продукциясынын түшүмүндөгү жоготуулар, өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча улуттук уюмдар тарабынан көрүлгөн чараларга карабастан, 30% түзөт.
Кыргыз Республикасынын айыл чарбасы өлкөнүн маанилүү сектору болгондуктан, өлкөнүн фитосанитардык бакубаттуулугу абдан маанилүү. Айыл чарба продукциясын экспорттоо Кыргыз Республикасынын экономикасына валюталык каражаттардын келип түшүүсүнүн негизги булактарынын бири болуп эсептелет.
Карантиндик, өзгөчө кооптуу жана зыяндуу организмдердин айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөргө, өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгүнө жана табигый жайгашкан жерлерине, ошондой эле экосистемаларга бардык жерде зыян келтирүү коркунучунун күч алышы Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо кызматтары үчүн негизги көйгөйдү жаратып келет.
Жогоруда айтылгандарды эске алсак, фитосанитардык коопсуздук системасын өнүктүрүү маселесин ишке ашыруу артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.
1. Учурдагы кырдаалды талдоо
1931-жылы СССРдин элдик дыйканчылык комиссариатынын алдында бирдиктүү Мамлекеттик карантиндик кызмат түзүлгөн. "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 1996-жылы кабыл алынган. Бул мезгилге чейин СССРдин мыйзамдары иштеп турган. 1996-жылдан баштап Кыргыз Республикасы Өсүмдүктөрдүн карантини жана коргоо боюнча эл аралык конвенциянын катышуучусу жана Өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча Европа жана Жер ортолук деңиз уюмунун мүчөсү, ошондой эле Дүйнөлүк соода уюмунун Санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча келишиминин катышуучусу болуп саналат.
Жогоруда аталган эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасы эл аралык стандарттарды жана сунуштарды улуттук мыйзамдарга имплементациялоо, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын потенциалын тийиштүү деңгээлде кармап турууга колдоо көрсөтүү милдеттенмелерин алган.
Бирок бүгүнкү күндө өсүмдүктөрдүн карантини жаатында иштеген кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, карантинге алынуучу продукцияны жана карантинге алынуучу материалдарды импорттоо, экспорттоо, өндүрүү, сактоо, кайра иштетүү жана сатуу процесстери боюнча ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу, карантиндик зыяндуу организмдерди чектөө жана жок кылуу ыкмаларын, илимий-методикалык камсыздоо ж.б. факторлорду өркүндөтүү зарылдыгы келип чыкты.
Ошондой эле карантиндик зыяндуу организмдер болбогон эркин аймактарды аныктоо жана аларды толук идентификациялоо максатында карантиндик фитосанитардык лабораториялардын (мындан ары - лабораториялар) ишин тийиштүү эл аралык талаптарга ылайык келтирүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Казакстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Кытай Эл Республикасы менен чектешкен 15 фитосанитардык контролдоонун чек арадагы пункттарында (мындан ары - пункттар) жана терминалдарында фитосанитардык контролдоодон өткөрөт, бирок алардын бардыгы эле керектүү жабдуулар менен жабдылган эмес. 2019-жылдын 31-январына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 445 токтому менен бекитилген, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы бирлигине Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планын ("жол картасын") ишке ашырууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планынын алкагында 7 пункт гана тийиштүү жабдуулар менен жабдылган.
Кыргыз Республикасынын аймагындагы учурдагы фитосанитардык абал өлкөнүн экспорттук потенциалына гана эмес, жалпы айыл чарба өндүрүшүнүн рентабелдүүлүгүнө өз таасирин тийгизүүдө.
2. Негизги жетишкендиктер жана көйгөйлөр
Евразия экономикалык бирлигине кошулгандан кийинки мезгилде Кыргыз Республикасында төмөнкүлөр жетишилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 274-б буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине Талас жана Ысык-Көл облустарында лабораторияларды ачуу үчүн имараттар пайдаланууга берилген, аларды капиталдык оңдоп-түзөө, лабораториялык жабдуулар жана башка материалдык-техникалык каражаттар (мындан ары - жабдуу) менен жабдуу үчүн республикалык бюджеттен 26,484 млн. сом өлчөмүндөгү финансы каражаттары бөлүнгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-октябрындагы № 349-б буйругуна ылайык республикалык бюджеттен бөлүнгөн жалпы суммасы 62 млн. сомдун эсебинен Баткен жана Жалал-Абад облустарында лабораторияларды куруу жана аларды жабдуулар менен жабдуу, ошондой эле Өзбекстан Республикасы жана Тажикстан Республикасы менен чектешкен мамлекеттик чек арадагы 3 пунктту жабдуу пландалууда.
Белгилей кетсек, Нарын облусундагы лабораторияны курууга жана 3 пунктту жабдууга республикалык бюджеттен 20 млн. сом бөлүнгөн. Нарын облусундагы лабораторияны жана Өзбекстан Республикасы, Тажикстан Республикасы менен чектешкен мамлекеттик чек арадагы 2-пунктту жабдууга республикалык бюджеттен дагы кошумча 20 млн. сом бөлүнүп берилмекчи.
Россия Федерациясынын техникалык жардамынын алкагында Кыргыз Республикасына 200 млн. АКШ доллары бөлүнүп берилген, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине Борбордук лабораторияны капиталдык оңдоп-түзөө иштерине, Ош шаарындагы лабораториянын жаңы имаратын курууга жана аларды заманбап жабдуулар менен жабдууга 1246,5 миң АКШ доллары бөлүнгөн.
Учурда Борбордук лабораториянын имаратында капиталдык оңдоп-түзөө иштери толугу менен аяктап, Оштогу лабораториянын жаңы имараты курулуп бүттү. Ошол эле учурда, Борбордук лабораторияны жана Ош шаарындагы лабораторияны жабдуу иштерин 2019-жылдын аягында бүтүрүү пландалууда.
Ошондой эле Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин аймактык башкармалыктарындагы жана лабораторияларындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча окууларды өткөрүүгө 105 миң АКШ доллары жумшалып, лабораторияларга үлгүлөрдү жеткирүү үчүн "Нива-Шевроле" маркасындагы 9 автоунааны сатып алууга 130,5 миң АКШ доллары жана эки көчмө мобилдик лабораторияны сатып алууга 85 миң АКШ доллары сарпталган.
Борбордук жана Оштогу лаборатория 2015-жылы ГОСТ ИСО/МЭК 17025:2009 (аккредитациялоо аттестаты № KG417/КЦА.ИЛ.093 жана № KG417/КЦА.ИЛ.095) эл аралык стандарты боюнча аккредитациядан өткөн.
Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү тийиштүү инфраструктураны түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги "Дордой Дыйкан" жоопкерчилиги чектелген коому менен биргеликте, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк шартында "Дордой Дыйкан" жоопкерчилиги чектелген коомдун "Дордой Фуд" логистикалык борборунун базасында жалпы аянты 300 кв.метрди түзгөн фитосанитардык контролдоо пункту ачылган.
Бул фитосанитардык контролдоо пункту карантинге алынуучу продукцияны жана карантинге алынуучу материалдарды экспорттоодо, импорттоодо аларды кароо, үлгүлөрдү тандап алуу, лабораториялык экспертиза жүргүзүү, ошондой эле фитосанитардык документтерди тариздөө жана берүү кызматтарын көрсөтөт. Ушул пунктта лабораториялык текшерүүлөрдү жүргүзүү максатында имарат реконструкцияланган.
Бул пункттагы жумуш мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү ачык-айкын, сапаттуу жүргүзүүгө багытталат жана тышкы экономикалык иштин катышуучуларына жагымдуу шарттар түзүлгөн.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Товарлардын сапатын контролдоо, инспекция жана карантин боюнча башкы мамлекеттик башкармалыгынын ортосундагы Протоколго ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 173-б буйругунун негизинде Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу алча жемиштерине карата фитосанитардык талаптар тууралуу макулдашууларга кол коюлган.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Протоколго ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 191-б буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу коон жемиштерине карата фитосанитардык талаптар тууралуу макулдашууларга кол коюлган.
Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен аянты 5 миң кв.метрди түзгөн комплекстүү ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияны куруу боюнча даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Негизги көйгөйлөр:
1. Карантиндик объекттердин түрдүк курамын аныктоо боюнча текшерүү иш-чараларын жана лабораториялык экспертизаларды жүргүзүүдө эски ыкмалар колдонулат жана алардын деңгээли төмөн.
Фитосанитардык коопсуздук жаатындагы функцияларды аткаруучу ыйгарым укуктуу органдар материалдык-техникалык каражаттар менен жетиштүү деңгээлде жабдылган эмес, карантиндик зыяндуу организмдердин болушун текшере турган заманбап жабдуулар жок, текшерүү иш-чараларын аткаруу үчүн автотранспорт каражаттары жетишпейт, текшерүүлөрдү жүргүзүү процесси автоматташтырылган эмес, алсак, тийиштүү программалык камсыздоо жок.
2. Фитосанитардык кызматтын штаттык саны жетишпейт.
Карантиндик кызматтын штаттык санынын жетишсиздиги карантиндик фитосанитардык контролдоону камсыздоого түздөн-түз таасирин тийгизет, ал өз кезегинде өлкөнүн фитосанитардык бакубаттуулугундагы терс кесепеттерге алып келет. Инвазивдүү, өтө чоң кесепет алып келүүчү зыяндуу организмдердин түрлөрүнүн кирип кетиши, акклиматизациясы жана кеңири жайылышы экологиялык абалдын начарлашына, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун төмөндөшүнө шарт түзүп, социалдык кесепеттерди жаратуу менен экономикага олуттуу зыян келтириши мүмкүн.
3. Квалификациялуу кадрлардын тартыштыгы.
Кыргыз Республикасында өсүмдүктөрдү коргоо боюнча адистерди "Манас" Кыргыз-Түрк университети даярдайт. 2013-жылы бул багытта 8 адис даярдалган. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети жалпы профилдеги агрономдорду даярдап чыгарат. Окуу программасына "өсүмдүктөрдү коргоо" предмети боюнча бир окуу курсу киргизилген.
Ошол эле учурда, аталган окуу жайлардын окуу программаларында өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы улуттук жана эл аралык мыйзамдардын маселелери боюнча окутууга багытталган предметтер каралган эмес. Өсүмдүктөрдү коргоо колдонмолук биологиянын бөлүгү экендигин эске алсак, бул предметти өздөштүрүү үчүн студенттерге бир курс аздык кылат.
Ошол себептүү, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине, Дүйнөлүк соода уюмуна жана башка уюмдарга кошулуу, интеграциялоо шартында бул жааттагы билим берүү базасын өркүндөтүү зарыл.
Жогоруда аталган көйгөйлөр карантиндик зыяндуу организмдердин киришин жана таралышын болтурбоого багытталган иш-чараларды тийиштүү деңгээлде өткөрүүдө, алсак, фитосанитардык коркунучту талдоодо тоскоолдуктарды жаратат, бул организмдин карантиндик зыяндуу организм экендигин, карантиндик зыяндуу организмдерге карата карантиндик фитосанитардык чараларды жөнгө салуунун жана кабыл алуунун зарылдыгын аныктоо максатында биологиялык же башка илимий жана экономикалык маалыматтарды баалоо процесси болуп саналат.
3. Максаты жана артыкчылыктары
Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти (мындан ары - Департамент) саналат.
Ушул Алкактуу программанын максаты болуп Кыргыз Республикасынын аймагында фитосанитардык коопсуздукту камсыздоочу шарттарды түзүү эсептелет.
Негизги артыкчылыктуу багыттарга төмөнкүлөр кирет:
1) өсүмдүктөрдүн карантининин жетиштүү потенциалын камсыздоо (фитосанитардык жана укуктук).
1-милдет. Жетиштүү фитосанитардык потенциалды камсыздоо.
Ишке ашыруу чаралары:
- фитосанитардык коопсуздук жаатындагы мамлекеттик иш-чараларды өткөрүү механизмдерин жакшыртуу;
- фитосанитардык коркунучту талдоо системасын иштеп чыгуу;
- өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюмдардын иш-аракеттерин башкаруу, маалымат алмашуу жана координациялоо механизмдерин жакшыртуу.
2-милдет. Жетиштүү укуктук потенциалды камсыз кылуу.
Ишке ашыруу чаралары:
- бардык деңгээлдеги адистерге окуу программаларын иштеп чыгуу;
- иштин конкреттүү түрү боюнча стандарттуу операциялык жол-жоболорду жана нускамаларды иштеп чыгуу;
- өлкөнүн бардык региондорунда улуттук деңгээлде инспекторлорду системалуу окутууну уюштуруу;
- өсүмдүктөрдүн карантини боюнча илимий-изилдөө институтун жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча окуу борборун түзүү;
- фитосанитардык коркунучту талдоону киргизүү жана фитосанитардык чаралар боюнча эл аралык стандарттарды колдонуу;
- өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча башка мамлекеттердин улуттук уюмдары менен өз ара аракеттенүү;
2) Өлкөнүн өсүмдүк ресурстарын коргоо максатында карантинге алынуучу продукцияны жана материалдарды импорттоого карата фитосанитардык чараларды колдонуу.
1-милдет. Көзөмөл жүргүзүү.
Ишке ашыруу чаралары:
- жөнгө салынуучу карантиндик зыяндуу организмдердин тизмесин түзүү;
- карантиндик зыяндуу организмдердин статусун аныктоо;
- карантиндик зыяндуу организмдердин жоктугун далилдөө.
2-милдет. Импорттоону жөнгө салуу.
Ишке ашыруу чаралары:
- фитосанитардык талаптарга жооп бербеген учурда карантинге алынуучу продукциянын айрым түрлөрүн ташып кирүүгө тыюу салуу же чектөө киргизүү;
- Өзбекстан Республикасы менен мамлекеттик чек арадагы жана Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек арадагы пункттарды заманбап жабдуулар менен жабдуу;
3) өсүмдүктөрдөн алынган продукция менен эл аралык соода жүргүзүү максатында экспортту сертификациялоонун ишенимдүү системасын түзүү.
1-милдет. Экспорттоону жөнгө салуу.
Ишке ашыруу чаралары:
- фитосанитардык контролдоо документтерин тариздөө жана каттоо процесстерин автоматташтыруу максатында "ЭЛЕК-фито" маалымат системасын ишке киргизүү;
- фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды тариздөө жана берүү механизмдерин жакшыртуу;
- фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүүдөн башка айрым функцияларды жеке түзүмдөргө өткөрүп берүү;
- Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарында фитосанитардык лабораторияларды куруу жана жабдуу.
2-милдет. Зоналаштыруу.
Ишке ашыруу чаралары:
- Кыргыз Республикасынын аймагында фитосанитардык зоналаштырууну жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагын фитосанитардык зоналаштыруу үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин түзүү;
4) өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү тийиштүү инфраструктураны түзүү.
1-милдет. Сапаттуу мониторинг жана текшерүүгө шарт түзүү.
Ишке ашыруу чаралары:
- түзүмдүк бөлүмдөрдү заманбап техника, текшерүү жана мониторинг жүргүзүүнүн методикасы менен жабдуу;
- мобилдүү жана стационардык фумигациялык (зыянсыздандыруу) бөлүмдөрүн түзүү.
2-милдет. Заманбап рыноктун шартында фитосанитардык чараларды көрүү боюнча натыйжалуу куралды түзүү.
Ишке ашыруу чаралары:
- фитосанитардык коопсуздукту камсыздоонун учурдагы системасын талдоо;
- өсүмдүктөрдүн карантини боюнча инспекторлорду окутуу максатында өсүмдүк продукциясы жана карантиндик организмдер сакталуучу жайды уюштуруу;
- үлгүлөрдү тандап алуу пункттарынын тармагын түзүү;
- өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы саясатты иштеп чыгуу жана инвестицияларды тартуу боюнча эксперттик топту түзүү;
- интродукциялык-карантиндик питомникти уюштуруу;
- фитосанитардык жагдайды божомолдоо үчүн аналитикалык бөлүмдү түзүү.
Ишке ашыруунун этаптары.
Ишке ашыруу мезгили эки этаптан турат:
Ишке ашыруунун биринчи этабында (2019-2023-жылдары) өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларды жана фитосанитардык контролдоо пункттарын лабораториялык жабдуулар, лабораториялык эмеректер жана башка материалдык-техникалык каражаттар менен жабдуу каралат.
Экинчи этапты ишке ашыруу (2024-2028-жылдары) фитосанитардык коопсуздук системасын өнүктүрүүнү, карантиндик зыяндуу организмдердин түрдүк курамын аныктоо боюнча жаңы ыкмаларды киргизүүнү жана мониторинг боюнча иш-чараларды жана лабораториялык экспертизаларды жүргүзүү деңгээлин жогорулатууну камтыйт.
4. Финансылык камсыздоо
Ушул Алкактык программаны ишке ашырууда финансылык ресурстарга болгон жалпы муктаждык 1533509,0 миң сомду түзөт, анын ичинде, мамлекеттик бюджеттен 62109,8 миң сом, гранттардын алкагында - 1470000,0 миң сом, башка булактардан (Департаменттин атайын эсебинен) - 1400,0 миң сом.
Мында өлкөнүн бардык региондорунда улуттук деңгээлде инспекторлорду системалык окутууну уюштуруу иштери Департаменттин атайын эсебинин алкагында ишке ашырылат.
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча илимий-изилдөө институтун жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча окуу борборун түзүү 1400000 миң сом өлчөмүндөгү гранттык каражаттардын алкагында ишке ашырылат, бул каражаттарды Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү бөлүп берет.
Өзбекстан Республикасы менен мамлекеттик чек арадагы жана Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек арадагы пункттарды заманбап жабдуулар менен жабдуу жана Баткен, Жалал-Абад, Нарын облустарында лабораторияларды куруу жана жабдуу боюнча иш-чараларды мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылоо пландалууда. Азыркы учурда бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-октябрындагы № 349-б буйругуна ылайык жарым-жартылай ишке ашырылууда. Аталган буйруктун негизинде республикалык бюджеттен 62,1 млн сом өлчөмүндөгү каражат бөлүнүп берилген, бирок финансылык жыл аяктагандыгына байланыштуу бул каражаттар 2018-жылы өздөштүрүлгөн эмес. Бул каражаттарды 2019-жылы каржылоо маселеси республикалык бюджеттин 2019-жылга карата мүмкүнчүлүктөрүнө жараша каралат.
Үлгүлөрдү алуу пункттарынын тармагын түзүү боюнча иш-чаралар 70000,00 миң сомду түзгөн гранттын алкагында каржыланат.
Интродукциялык-карантиндик питомниктерди уюштуруу иш-чараларына Департаменттин атайын эсебинин каражаттарынан 350,0 миң сом бөлүнүп берилет.
Ушул Алкактык программаны ишке ашыруу процессинде каржылоого байланыштуу көйгөйлөр келип чыккан учурда каржылоонун кошумча альтернативдүү жолдору каралат.
5. Күтүлүүчү натыйжалар
Ушул Алкактык программаны ишке ашыруу төмөнкү натыйжаларга жетүүгө мүмкүндүк берет:
- 2023-жылга карата карантиндик зыяндуу организмдердин санын кыскартууга;
- фитосанитардык коркунучтарды системалуу эл аралык стандарттарга ылайык талдоого;
- карантиндик зыяндуу организмдерден эркин зонаны аныктоого;
- фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды тариздөө мөөнөттөрүн кыскартууга.
Ошентип, жогоруда аталган натыйжаларга жетишүү дыйканчылыкты (бак өстүрүүчүлүк, жашылча өстүрүүчүлүк, пахта өстүрүүчүлүк, ж.б.) натыйжалуу өнүктүрүүгө таасирин тийгизет жана Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын арттырат.
6. Ишке ашыруудагы тобокелдиктер жана коркунучтар
Ушул Алкактык программаны ишке ашыруудагы тобокелдиктер жана коркунучтар:
- тышкы факторлор (экономикалык кризис, айыл чарба техникасына, жабдууларга жана күйүүчү-майлоочу материалдарга баанын өсүшү);
- ички факторлор (бюджеттик каражаттардын аз түшүүсү жана донордук каражаттардын жоктугу, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине байланышпаган жагдайлардын негизинде ченемдик укуктук актылардын өз учурунда кабыл алынбагандыгы, импорттук жеткирип берүүлөрдүн өскөндүгүнө байланыштуу айыл чарба продукцияларын жана сырьену ички рыноктордо сатуу шарттарынын начарлашы);
- жаратылыштын катаклизмдеринин, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттери (суунун тартыш болушу, кургакчылык жана көп жааган жаан-чачын);
- адамдар түздөн-түз катышпаган (шамал аркылуу, дарыя жана каналдардын агымы менен, өзгөчө зоохория аркылуу) ареалдардын экспансиясынын же карантиндик зыяндуу организмдердин киришинин натыйжасында табигый инвазиялар;
- инвазиялык жана жергиликтүү карантиндик зыяндуу организмдердин байыр алышына жана экспансиясына жагымдуу шарттардын пайда болушуна жана таралышына жандатып алып келе турган табигый жана модификацияланган экосистемалардагы антропогендик өзгөрүүлөр;
- жөнгө салынуучу карантиндик зыяндуу организмдердин массалык түрдө пайда болушу;
Корутунду
Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине өлкөнүн карантиндик фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өзүнүн функцияларын аткарууга мүмкүндүк берет. Ошентсе да, карантиндик фитосанитардык контролдоо системасын түзгөн компоненттер азыркы учурда толук кандуу ишке ашырылбай келет, алсак, илимий-методикалык камсыздоо, лабораториялык диагностика, кароо жүргүзүү пункттарынын болуусу, үрөн жана отургуза турган материалдар Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилгенден кийин натыйжалуу байкоо жүргүзүү, экспорттолуучу жана импорттолуучу өсүмдүк продукциясын катуу контролдоо, карантинге алынуучу продукцияга карата деталдуу иштелип чыккан жана илимий жактан негизделген фитосанитардык талаптар, карантиндик зыяндуу организмдерге каршы күрөшүүнүн ырааттуу тартиби, текшерүү жана мониторинг жүргүзүү боюнча программалар, ошондой эле административдик ресурс жана кадрларды даярдоо системасы.
Ушул Алкактык программаны ишке ашыруу карантиндик фитосанитардык контролдоо системасынын бардык компоненттерин түзүүгө жана алардын иштешине түрткү берет, өсүмдүктөрдүн карантини кызматынын натыйжалуу иштеши үчүн шарт түзөт, демек, Кыргыз Республикасынын фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылат.