Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июлу № 360
Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы, 1-тиркемеге ылайык;
- 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү программасы, 2-тиркемеге ылайык;
- 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы), 3-тиркемеге ылайык;
- 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун мониторинги жана баалоо индикаторлорунун матрицасы, 4-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери:
- Иш-чаралар планын аткарууну камсыз кылышсын;
- жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине берүүнү камсыз кылышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү тууралуу маалыматты жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| 3-тиркеме |
2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/Аракеттер | Күтүлүүчү жыйынтык (продукт) | Жооптуу аткаруучулар | Аткаруу мөөнөтү | Каржылоо булагы |
1 | Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган билим берүү жаатындагы ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү | 1. Кыргыз Республикасынын атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларга билим берүү маселелери боюнча мыйзамдарына талдоо жүргүзүү | Мыйзамдарга талдоо жүргүзүлдү | БИМ ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2019-жылдын II жарым жылдыгы | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттардын эсебинен |
2. Билим берүү жаатында колдонулуудагы мыйзамдардын инклюзивдик билим берүү жөнүндө саясатты өркүндөтүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | Өзгөртүүлөр киргизилген ченемдик укуктук актылардын саны | БИМ ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2019-жылдын II жарым жылдыгы | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттардын эсебинен | ||
3. Атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды атайын жана инклюзивдик билим берүү шарттарында окутуу жана тарбиялоо маселелерин регламенттөөчү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | Иштелип чыккан жана бекитилген ченемдик укуктук актылардын саны | БИМ, ЭСӨМ, ССМ | 2020-жыл | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттардын эсебинен | ||
4. Атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды окутуунун жана тарбиялоонун вариативдик формаларын караштырган жобону иштеп чыгуу жана андан ары пилоттоштуруу | Жобо иштелип чыкты. Пилоттук долбоор ишке ашырылды | БИМ ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2020-жылдын I жарым жылдыгы | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттардын эсебинен | ||
5. Атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларга жекече окутуу программасынын методикасын иштеп чыгуу жана андан ары пилоттоштуруу | Методика иштелип чыкты. Пилоттук долбоор ишке ашырылды | БИМ ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2020-жылдын II жарым жылдыгы | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттардын эсебинен | ||
6. Атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды билим берүү уюмдарында коштоо маселелерин регламенттөөчү жобону иштеп чыгуу жана андан ары пилоттоштуруу | Жобо иштелип чыкты. Пилоттук долбоор ишке ашырылды | БИМ, ФМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2020-жылдын II жарым жылдыгы 2021-жылдын I жарым жылдыгы | Тартылган каражаттардын эсебинен | ||
7. Атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды психологиялык-медициналык-педагогикалык коштоо кызматтары жөнүндө жобону иштеп чыгуу | Жобо иштелип чыкты | БИМ, ЭСӨМ, ССМ, ФМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2019-2020 жылдар | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттардын эсебинен | ||
8. Эл аралык тажрыйбаны эске алуу жана методикалык коштоо иш-милдетин киргизүү менен психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациялар жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана бекитүү | Жобо иштелип чыкты. Ченемдик укуктук акты кабыл алынды | БИМ, ЭСӨМ, ССМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2020-жылдын II жарым жылдыгы | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттардын эсебинен | ||
9. Атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды атайын жана инклюзивдик билим алуу шарттарындагы муктаждыктарын эске алуу менен жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарына жана жабдууларына, медициналык тейлөөгө карата талаптарды жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү | Ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилди | ССМ, БИМ ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2021-2022-жылдар ичинде | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттардын эсебинен | ||
10. Интеллектуалдык бузулуулары бар балдар үчүн жалпы билим берүү жана атайын жалпы билим берүү уюмдарынын базасында башталгыч жалпы билим берүү чөйрөсүндөгү билим берүү стандартын пилоттоштуруу | Пилот жүргүзүлдү | БИМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2020-2021-жылдар | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттардын эсебинен | ||
2 | Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү башкаруу | 1. Жалпы билим берүү программасынын деңгээлинде атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучулардын керектөөлөрүнө карата адаптацияланган билим берүү жетишкендиктерин баалоо системасын иштеп чыгуу | Сапатты баалоо каражаттары адаптацияланды | БИМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2020-жылдын II жарым жылдыгы 2021-жылдын I жарым жылдыгы | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттардын эсебинен |
2. Окуп жаткандардын атайын билим алуу муктаждыктары тууралуу көрсөткүчтөрүн билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасына (ББМС) киргизүү | Көрсөткүчтөр атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучулардын билим алууга жетүүсүнө жана сапатына талдоо жүргүзүү үчүн ББМСнын маалыматтар базасына киргизилди | БИМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2019-2020-жылдар ичинде | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттардын эсебинен | ||
3 | Атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды билим алуу процессинде коштоону уюштуруу | 1. Атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды жалпы билим берүү уюмдарында коштоо тажрыйбасын киргизүү | Окуучуларды коштоону жүзөгө ашыруучу билим берүү уюмдарынын саны | БИМ, ЭСӨМ, ФМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2021-2022-жылдар ичинде | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттардын эсебинен |
2. Атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды жалпы билим берүү уюмдарына коштоого мониторинг жүргүзүү | Мониторинг жүргүзүлгөн билим берүү уюмдарынын саны. Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктарын жарыялоо | БИМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2023-жылдын ичинде | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттардын эсебинен | ||
4 | Атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучулар менен иштөө үчүн педагогикалык кадрларды даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана кесипкөйлүгүн өнүктүрүү | 1. Атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучулар менен иштөө жана окутуу боюнча компетенциянын педагогикалык багытын инклюзивдик мамиленин негизинде Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына кошуу | Компетенциялар киргизилди | БИМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2020-жылдын ичинде | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттардын эсебинен |
2. Инклюзивдик билим берүү боюнча окуу модулун иштеп чыгуу жана аны педагогикалык кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программасына (мугалимдердин массалык жетүүсү үчүн он-лайн курстарды кошкондо) киргизүү | Модуль иштелип чыгып, квалификацияны жогорулатуу программасына киргизилди | БИМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2020-2021 жылдардын ичинде | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттардын эсебинен | ||
5 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окуучуларды эрте аныктоо жана коштоо системасын өнүктүрүү | 1. Эрте аныктоо жана кийлигишүү боюнча дисциплиналар аралык команданы окутуу курстарын иштеп чыгуу | Окутуу курсу иштелип чыкты | БИМ, ССМ, ЭСӨМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2020-жылдын I жарым жылдыгы | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттардын эсебинен |
2. Эрте аныктоо жана эрте кийлигишүү (0-3 жаш) жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу жана андан ары моделди пилоттук райондордо апробациялоо | Жобо иштелип чыкты. Пилоттук долбор ишке ашырылды | ССМ, ЭСӨМ, БИМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2020-жылдын ичинде | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттардын эсебинен | ||
3. Инклюзивдик билим берүү жаатындагы жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын), ПМПКнын, МСЭКтин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу системасын түзүү | Окутуучу модулдар иштелип чыкты жана квалификацияны жогорулатуу системасына киргизилди | БИМ, ССМ, ЭСӨМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2020-жылдын ичинде | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттардын эсебинен | ||
4. Инклюзивдик билим берүү принциптеринде иштеген атайын жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогдорунун квалификациясын жогорулатуу | Сертификат алган педагогдордун саны | БИМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2021-2023-жылдар ичинде | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттардын эсебинен | ||
5. Атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды окутуу жана тарбиялоо маселелери боюнча окуу-методикалык жана/же ресурстук борборлорду түзүү | Иштеген борборлордун саны | БИМ, ЭСӨМ, ССМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2021-2023- жылдар ичинде | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттардын эсебинен | ||
6. Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окуучулар үчүн региондордо борборлорду жана уюмдарды (күндүзгү, жарым стационардык, реабилитациялык, абилитациялык) түзүү | Каржыланган долбоорлордун саны Иштеген уюмдарынын саны | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2020-2023-жылдар ичинде | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттардын эсебинен | ||
6 | Билим берүү уюмдарында инклюзивдик чөйрөнү, ошондой эле коомдо инклюзивдик маданиятты калыптандыруу | 1. Коомдун инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүнүн баалуулугу жана маанилүүлүгү жөнүндө кабардар болуусун жогорулатуу | Масс-медиялык ресурстарда (ТВ, радио) инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча программалардын сериясын түзүү жана жарыялоолор | ММТМ, БИМ, ЭСӨМ, ССМ | 2019-2023-жылдар ичинде | Тартылган каражаттардын эсебинен |
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында инклюзивдик билим берүү маселелери боюнча веб-баракча түзүү | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында веб-баракча болушу жана иштеши | БИМ, ЭСӨМ, ССМ, ММТМ | Дайыма 2020-жылдан тартып | Тартылган каражаттардын эсебинен | ||
3. Коомдук уюмдар менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенишүү жана кызматташуу механизмдерин майыптыгы бар адамдардын укуктарын ишке ашыруу боюнча күч-аракеттерди координациялоо, турукташтыруу жана уланмалуулук максаттарында бекемдөө | Өз ара аракеттенишүүнү координациялоо жана кызматташуу механизмдери иштелип чыкты жана киргизилди | БИМ, ЭСӨМ, ССМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | Дайыма 2021-жылдан тартып | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, тартылган каражаттардын эсебинен |
Кыскартуулардын тизмеси:
БИМ | − | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
ЭСӨМ | − | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги; |
ССМ | − | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; |
ММТМ | − | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги; |
ФМ | − | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
ЭАУ | − | эл аралык уюмдар; |
ПМПК | − | психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация; |
МСЭК | − | медициналык-социалдык эксперттик комиссия. |
|
| 4-тиркеме |
2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун мониторинги жана баалоо индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
№ | Милдет | Индикатордун аталышы | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл | Аралыктык индикаторлор | Максаттуу көрсөткүчтөр | Маалымат булактары | Жооптуу аткаруучу | |||
2018 | 2019 | 2020 | 2021 | 2022 | 2023 | ||||||
1 | Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | Иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын саны | Бирдик | - | - | Факт боюнча | Факт боюнча | Факт боюнча | Факт боюнча | БИМ, ЭСӨМ, ССМ | БИМ, ЭСӨМ, ССМ |
2 | Атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды билим алуу процессинде коштоону уюштуруу | Окуучуларды коштоону ишке ашырган жалпы билим берүү уюмдарынын саны | Бирдик | 6 | 6 | Факт боюнча | Факт боюнча | Факт боюнча | Факт боюнча | БИМ | БИМ, ФМ |
3 | Атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучулар менен иштөө боюнча педагогикалык кадрларды жана билим берүү системасынын башка кызматкерлерин даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана кесипкөйлүгүн өнүктүрүү | Квалификацияны жогорулатуу программаларынын (онлайн-курстарды кошкондо) болушу | Бирдик | - | - | Факт боюнча | Факт боюнча | Факт боюнча | Факт боюнча | БИМ | БИМ, ССМ, ЭСӨМ |
Сертификат алган адистердин саны | Адам | - | - | Квалификациясын жогорулатуудан өткөндөрдүн 80%дан кем эмеси сертификат алышты | Квалификациясын жогорулатуудан өткөндөрдүн 80%дан кем эмеси сертификат алышты | Квалификациясын жогорулатуудан өткөндөрдүн 80%дан кем эмеси сертификат алышты | Квалификациясын жогорулатуудан өткөндөрдүн 80%дан кем эмеси сертификат алышты | БИМ | БИМ | ||
4 | Атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучулар менен иштөө боюнча окуу-методикалык жана/же ресурстук жана башка борборлорду түзүү | Түзүлгөн борборлордун саны | Бирдик | 5 | +1 | +2 | +2 | +4 | 14төн кем эмес | БИМ, ЭСӨМ, ЖӨБО | БИМ, ЭСӨМ |
5 | Билим берүү уюмдарында инклюзивдик чөйрөнү, ошондой эле коомдо инклюзивдик маданиятты калыптандыруу | Масс-медиялык ресурстарда (ТВ, радио) инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча программалардын жана жарыялоолордун саны | Бирдик | - | Жылына 2 маалымат кампаниясынан кем эмес | Жылына 2 маалымат кампаниясынан кем эмес | Жылына 2 маалымат кампаниясынан кем эмес | Жылына 2 маалымат кампаниясынан кем эмес | Факт боюнча | БИМ, ММТМ | ММТМ, БИМ, ЭСӨМ, ССМ |
Инклюзивдик билим берүү маселелери боюнча интернет-ресурстун болушу | Бирдик | - | - | БИМдин сайтын-да инклюзивдик билим берүү боюнча блокту түзүү | БИМдин сайтын-да инклюзивдик билим берүү боюнча блокту кеңейтүү | БИМдин сайтында инклюзивдик билим берүү боюнча блокту кеңейтүү | БИМдин сайтында инклюзивдик билим берүү боюнча блокту кеңейтүү | БИМ | БИМ | ||
Кыскартуулардын тизмеси:
БИМ | − | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
ЭСӨМ | − | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги; |
ССМ | − | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; |
ММТМ | − | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги; |
ФМ | − | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
ЖӨБО | − | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары. |