Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-июлундагы № 360 токтомуна) |
2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ
1. Учурдагы кырдаалга жалпы баа берүү
2019-жылдын башында Кыргыз Республикасы кандай гана айырмачылык болбосун ар бир адам Адам укуктарынын жалпы декларациясында жана Адам укуктары жөнүндө эл аралык пакта каралган бардык укуктарга жана эркиндиктерге ээ экендиги тууралуу негиздөөчү принциптер аныкталган БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө концепциясын ратификациялаган.
БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясынын 24-беренесинде катышуучу мамлекеттер майыптардын билим алууга укуктарын таанышат. Бул укукту басмырлабастан жана мүмкүнчүлүктөрдүн теңдигинин негизинде ишке ашыруу максатында катышуучу мамлекеттер инклюзивдик билим берүүнү бардык деңгээлдерде жана өмүр бою билим берүүнү камсыз кылат.
Кыргыз Республикасы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окуучулардын билим алууга жана алардын коомдогу абалын жакшыртууга укуктарын ишке ашыруу боюнча эл аралык милдеттенмелерди өзүнө алуу менен, окуучулардын бул категориясын системалык деңгээлде билим алууга карата жетүүсүн камсыз кылуу милдетин алдына койгон.
Расмий маалыматтар боюнча ушул тапта мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында майыптыгы бар 13,6% гана бала билим алууда. Мындан тышкары, акыркы жылдарда өлкөдө балдардын майыптыгынын көрсөткүчтөрү тез өскөндүгү байкалат.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин 2006-2017-жылдардагы маалыматтары боюнча майыптыгы бар балдардын саны 42%га (19931ден 29317ге чейин) көбөйгөн.
Бүгүнкү күндө 18 атайын жалпы билим берүү уюмдары иштеп, аларда 3 миңге жакын бала билим алууда жана атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучулардын керектөөлөрүн эске алган материалдык-техникалык базасы начар өнүккөн, ал эми окутуу программалары болгон улуттук жана эл аралык оң тажрыйбанын негизинде инсанга компетенттүү мамиле жасоону эске алуу менен кайрадан карап чыгууну талап кылат.
Кыргыз Республикасы тарабынан 1994-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Балдардын укуктары жөнүндө конвенциясы ратификациялангандан тартып бүгүнкү күнгө чейин ишке ашырылып келген Кыргызстандагы инклюзивдик билим берүү жаатындагы программалар негизинен ишке киргизилүүдө, алардын натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктарын эске алуу менен комплекстүү мамилени, шайкеш бюджеттик колдоону жана системалуу өзгөрүүлөрдү талап кылган пилоттук мүнөзгө ээ. Иш жүзүндө инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү саясаты менен практикасынын ортосунда ажырымды байкоого болот.
Кыргызстандагы инклюзивдик билим берүүнү эл аралык жана жергиликтүү өнөктөштөрдүн колдоосу 1996-жылы төмөнкүдөй уюмдардан башталган: "Окуучуларды сактагыла" фонду, Кыргызстан - Сорос фонду, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Европа бирлиги, Билим берүү максатында глобалдык өнөктөштүк, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча адистештирилген мекемеси (ЮНЕСКО), башка эл аралык уюмдар.
Алар тарабынан ишке ашырылуучу программалар менен долбоорлордо атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды коштоонун ар кандай технологиялары колдонулат: коштоонун ар кандай субъектилери тартылат (психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациялар же психологиялык-медициналык-педагогикалык коштоо кызматы), педагогикалык ассистенттик кылуу уюштурулат (тьютор, педагогдун жардамчысы, ассистент), иштин инновациялык технологиялары жана методдору киргизилет (билим берүүдө мультимодалдык мамиле, жүрүм-турум анализи жана жүрүм-турумду коррекциялоо, Portage тажрыйбасына негизделген мамиле), инклюзивдик чөйрө түзүлөт (инклюзия индекси), адаптацияланган билим берүү стандарттары иштелип чыгат жана пилоттоштурулат (интеллектуалдык бузулуулары бар окуучулар үчүн).
Бирок, инклюзивдик билим берүүнү улуттук деңгээлде өнүктүрүүнүн ийгиликтүү интервенцияларын/механизмдерин кеңейтүү үчүн төмөнкүдөй шарттарды түзүү зарыл:
а) жолун жолдоочулук жана координациялоо - ар кандай деңгээлдердеги билим берүү уюмдарынын (бала бакча жана мектеп), типтеринин (жалпы билим берүү жана атайын) жана түрлөрүнүн (мектеп, ресурстук борбор, интегративдүү класс) ортосунда өз ара аракеттенүүнү түзүү, анда атайын билим берүү муктаждыктары бар баланын жеке билим алуу траекториясын тандоо жана уланмалуулук камсыздалып, баланы жана анын үй-бүлөсүн комплекстүү коштоо камсыз кылынат;
б) ресурстук ядро - башка билим берүү уюмдары, ата-энелер жана окуучулардын педагогдору, башка коштоочу адамдар же кызматтар үчүн ресурс болуп берүүчү түрдүүлүк маданиятын өнүктүрүүдө, инклюзивдик билим берүү саясатын маалымдоодо жана тажрыйбасын колдонууда көбүрөөк ийгиликтүү тажрыйбасы бар билим берүү уюмдарынын жана адистердин тобу.
Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү кадрларды даярдоо системасына да, квалификацияны жогорулатуу системасына да инклюзивдик мамилеге окутууну киргизүүнү талап кылат.
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Жогорку мектепте инклюзивдик билим берүү" пилоттук курсу иштелип чыгып, педагогикалык кадрларды даярдоочу 6 жогорку окуу жайында киргизилген, ошондой эле инклюзивдик билим берүү маселелери боюнча мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу программасы уюштурулган.
Балдарды мектепке даярдоонун 480 сааттык "Наристе" программасын киргизүүдө мектепке чейинки билим берген педагогдордун атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды окутуу жана тарбиялоо боюнча квалификацияларын жогорулатуу программасы ишке ашырылган.
Бул багытта өткөрүлүп туруучу иш-чараларга карабастан, кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого карата системалык жана туруктуу иштеген мамилени уюштуруу, даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча программалардын туруктуулугу, бул программалардын мазмунун, сапатын жана практика менен өз ара тыгыз байланышын баалоо маселелери ачык бойдон калууда.
Жалпы билим берүү уюмдарында атайын билим алуу муктаждыктары бар балдардын окуганга табигый жетүүсүн түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан 2018-жылдын 13-декабрында "Коомдук имараттар жана курулмалар" 31-04:2018 КРнын СЧ Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери иштелип чыккан жана бекитилген. Бул документке ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын муктаждыктарын эске алуу менен жашоо-тиричилик чөйрөсүн долбоорлоо үчүн өзүнчө ченемдер дагы киргизилген (35-01:18КРнын СЧ).
Практикада бул стандарттар билим берүү уюмдарынын имараттарын курууда ар дайым эле сактала бербейт, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын майыптуулугу бар окуучуларды мектепке чейин жана кайра артка алып келүү үчүн шарттарды уюштурууга жакшы катышпай жаткандыгын жана билим берүү уюмдарынын атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды окутууга шарттарды түзүп берүү жана окутуунун жекече программаларын ишке ашыруу үчүн талаптагыдай каржылоонун жоктугун байкоого болот.
Атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды жалпы билим берүү уюмунда окутуу процессиндеги бирден бир олуттуу тоскоолдук болуп окуучулардын академиялык жетишкендиктерин баалоодогу ийкемдүүлүктүн жоктугу, атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды окутуунун маанилүү түзүүчүсүн - социалдык көндүмдөрдү жана өз алдынчалыкты өнүктүрүүнү киргизүү саналат.
Атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды билим алууга жетүүсүн академиялык жана социалдык компетенцияларды ийкемдүү баалоо аркылуу кеңейтүү максатында 2014-2015-жылдары акыл-эсинин өнүгүүсү бузулган окуучулар үчүн мектептик билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик билим берүү стандартынын долбору иштелип чыккан. Ушул тапта бул стандартты колдонуу эл аралык уюм тарабынан бир нече жалпы билим берүү уюмдарынын базасында пилоттоштурулууда, бирок улуттук деңгээлде колдонууга киргизиле элек.
Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү үчүн коомдун инклюзивдик билим берүү, атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучулардын билим алууга укуктары жөнүндө кабардар болуусун жогорулатуу, окуучулардын бул категориясы менен иштеген кадрларды даярдоону, педагогикалык кызматкерлердин жана башка адистердин квалификациясын жогорулатууну өркүндөтүү, комплекстүү дисциплиналар аралык жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, финансылык, укуктук жана башкаруучулук камсыз кылуу зарылчылыгын эске алуу менен, атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды окутууда билим берүүнүн вариативдик формаларын жана коштоо технологияларын укуктук жактан таануу керек.
2. Инклюзивдик билим берүү жаатындагы жетишкендиктер жана проблемалар
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги коомдук сектор жана эл аралык өнөктөштөр менен бирдикте инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча бир катар чараларды көрүүдө, алардын ичинде:
- И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин базасында инклюзивдик билим берүүнүн ЖОЖдор аралык лабораториясы түзүлгөн;
- инклюзивдик билим берүүнүн төрт ресурстук борбору түзүлгөн;
- атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды окутуу жана тарбиялоо маселелери боюнча окуу жана методикалык куралдар иштелип чыккан;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окуучулар үчүн мектептик билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүнүн минималдуу стандарты иштелип чыккан жана Министрликтин буйругу менен бекитилген;
- акыл-эсинин өнүгүүсүндө бузулуулары бар окуучулар үчүн мектептик билим берүү чөйрөсүндө иштелип чыккан мамлекеттик билим берүү стандартын пилоттоштуруу жүргүзүлүүдө;
- психологиялык-медициналык-педагогикалык коштоонун 3 кызматында пилоттоштуруу жүргүзүлүүдө;
- мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барбаган балдарды мектепке даярдоо кеңейтилген жана республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын базасында инклюзивдик мамилени жана педагогдорго сунуштарды камтыган 480 сааттык программа ишке киргизилген;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-майындагы № 281 "2015-жылга Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоо стандарттарынын шкаласын (коммуналдык чыгымдарсыз) бекитүү жөнүндө" токтому кабыл алынган;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы № 477 "Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому кабыл алынган.
Милдетине атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларга билим берүү, Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүнүн ченемдик укуктук, башкаруучулук, уюштуруучулук, финансылык, методикалык жана башка шарттарын түзүү кирген түзүмдөрдүн ролун, иш-милдеттерин жана мазмунун кайрадан карап чыгуу жөнүндө маанилүү чечимдерди камтыган бир катар комплекстүү чараларды көрүү зарыл.
Атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларга билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, төмөнкүдөй проблемалар бар:
а) атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларга билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоодо ченемдик укуктук тоскоолдуктар;
б) билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүүлөрү чектелген "тобокелдик тобундагы" окуучуларды аныктоонун начардыгы;
в) майыптыгы бар баланы окутуу жөндөмүнүн стигматизациясы;
г) сапаттуу адистештирилген кызмат көрсөтүүлөрдүн жана окуучуларды билим алууга кошууга жардам берген адистердин жетишсиздиги;
д) атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды билим берүү процессине кошуу боюнча педагогдорду жана башка адистерди даярдоонун начардыгы;
е) көптөгөн билим берүү уюмдарынын инфратүзүмү атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучулардын муктаждыктарына туура келбейт.
3. Программанын максаты
Программанын максаты Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү системасына инклюзивдик мамилени мамлекет тарабынан атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларга сапаттуу, жеткиликтүү, кепилденген билим берүүнү төмөнкүлөр аркылуу киргизүү болуп эсептелет:
- бардык балдардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окуучулардын конституциялык укуктарын жана мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу бөлүгүндө билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарын аныктоо;
- инновациялык технологияларды киргизүү аркылуу атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларга билим берүү системасын өркүндөтүү жана социалдык реабилитациялоо үчүн шарттарды түзүү;
- коомдо калктын аярлуу катмарына карата позитивдүү мамилеге салыштырмалуу жаңы философияны калыптандыруу.
4. Программанын артыкчылыктары
Бул Программа төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ:
- инклюзивдик билим берүүнү киргизүүгө багытталган ченемдик укуктук, илимий-методикалык, финансылык-экономикалык камсыз кылууну өркүндөтүү;
- инновациялык билим берүү технологияларын инклюзивдик билим берүү формаларынын жана атайын билим берүү кызматтарын көрсөтүү моделдеринин контекстине киргизүү аркылуу адам ресурстарын башкаруу;
- билим берүү-өнүктүрүү чөйрөсүн окуучуларды психологиялык-педагогикалык жана медициналык-социалдык коштоону камсыз кылуу жолу менен калыптандыруу.
5. Программанын милдеттери
Программаны ишке ашыруу төмөнкүдөй милдеттерди чечүү аркылуу жүзөгө ашырылат:
1. Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү.
2. Инклюзивдик билим берүүнү башкаруу.
3. Атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды билим берүү процессинде коштоону уюштуруу.
4. Педагогикалык кадрларды атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучулар менен иштөө үчүн даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик өнүктүрүү.
5. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окуучуларды эрте аныктоо жана коштоо системасын өнүктүрүү.
6. Билим берүү уюмдарында инклюзивдик чөйрөнү, ошондой эле коомдо инклюзивдик маданиятты калыптандыруу.
6. Программаны ишке ашыруу боюнча чаралар
Ушул Программаны натыйжалуу ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй чараларды көрүү зарыл:
1-милдетти ишке ашыруу боюнча:
- атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларга билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына талдоо жүргүзүү;
- колдонулуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды атайын жана инклюзивдик билим берүү шарттарында окутуу жана тарбиялоо маселелерин регламенттөөчү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
- атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды окутуунун жана тарбиялоонун вариативдик формаларын караштырган жобону иштеп чыгуу жана андан ары пилоттоштурууну жүргүзүү;
- атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды жекече окутуу программасын иштеп чыгуу методикасын иштеп чыгуу жана андан ары пилоттоштурууну жүргүзүү;
- атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды билим берүү уюмдарында коштоо маселелерин регламенттөөчү жобону иштеп чыгуу жана андан ары пилоттоштурууну жүргүзүү;
- атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды психологиялык-медициналык-педагогикалык коштоо кызматтары жөнүндө жобону иштеп чыгуу;
- психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациялар жөнүндө жобону эл аралык тажрыйбаны эске алуу жана методикалык коштоо иш-милдетин киргизүү менен иштеп чыгуу;
- жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарына жана жабдууларына, медициналык тейлөөгө талаптарды регламентөөчү ченемдик укуктук актыларга атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучулардын атайын жана инклюзивдик билим берүү шарттарындагы муктаждыктарын эске алуу менен өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- интеллектуалдык өнүгүүсүндө бузулуулары бар окуучулар үчүн жалпы билим берүү жана атайын билим берүү уюмунун базасында башталгыч жалпы билим берүү чөйрөсүндөгү билим берүү стандартын пилоттоштуруу.
2-милдетти ишке ашыруу боюнча:
- атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучулардын муктаждыктарына карап, жалпы билим берүү программасынын деңгээлинде адаптацияланган билим берүүдөгү жетишкендиктерди баалоо системасын иштеп чыгуу;
- окугандардын атайын билим алуу муктаждыктары жөнүндө көрсөткүчтөрдү билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасына (ББМС) киргизүү.
3-милдетти ишке ашыруу боюнча:
- атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды жалпы билим берүү уюмдарында коштоо тажрыйбасын киргизүү;
- атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды жалпы билим берүү уюмдарында коштоого мониторинг жүргүзүү.
4-милдетти ишке ашыруу боюнча:
- атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучулар менен иштөө жана окутуу боюнча компетенциянын педагогикалык багытын инклюзивдик мамиленин негизинде Кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына кошуу;
- инклюзивдик билим берүү боюнча окуу модулун иштеп чыгуу жана аны педагогикалык кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программасына (мугалимдердин массалык жетүүсү үчүн онлайн-курстарды кошкондо) киргизүү.
5-милдетти ишке ашыруу боюнча:
- эрте аныктоо жана кийлигишүү боюнча дисциплиналар аралык топту окутуу курстарын иштеп чыгуу;
- пилоттук райондордо моделди андан ары апробациялоо менен Эрте аныктоо жана эрте кийлигишүү (0-3 жаш) жөнүндө жобону иштеп чыгуу;
- инклюзивдик билим берүү жаатындагы жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын), психологиялык-медициналык-педагогикалык консультацияларынын, медициналык-социалдык-эксперттик комиссиялардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу системасын түзүү;
- инклюзивдик билим берүү принциптеринде иштеген атайын жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогдорунун квалификациясын жогорулатуу;
- атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды окутуу жана тарбиялоо маселелери боюнча окуу-методикалык жана/же ресурстук борборлорду түзүү;
- мамлекеттик социалдык заказдын алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окуучулар үчүн региондордо борборлорду жана уюмдарды (күндүзгү, жарым стационардык, реабилитациялык, абилитациялык) түзүү.
6-милдетти ишке ашыруу боюнча:
- коомдун инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүнүн баалуулугу жана маанилүүлүгү жөнүндө кабардар болуусун жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында инклюзивдик билим берүү маселелери боюнча веб-баракча түзүү;
- майыптуулугу бар адамдардын укуктарын ишке ашыруу боюнча күч-аракеттерди координациялоо, туруктуулук жана уланмалуулук максатында коомдук уюмдар менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенишүү жана кызматташуу механизмдерин чыңдоо.
7. Программаны ишке ашыруу этаптары
Программа төмөнкүдөй эки этапта ишке ашырылат:
- биринчи этап - 2019-2020-жылдар;
- экинчи этап - 2021-2023-жылдар.
Биринчи этап төмөнкүлөрдү карайт:
- инклюзивдик билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук базаны иштеп чыгууну;
- атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларга билим берүүнү камсыз кылуунун финансылык-экономикалык механизмин иштеп чыгууну жана пилоттоштурууну;
- инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча маалыматтык-коммуникациялык кампанияны өткөрүүнү;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүнүн моделдерин апробациялоону.
Экинчи этап төмөнкүлөрдү камтыйт:
- инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү үчүн кадрдык дараметти даярдоо/кайра даярдоо;
- билим берүүнүн бүткүл системасынын деңгээлинде инклюзивдик билим берүүнү киргизүү;
- билим берүүнүн бүткүл системасынын деңгээлинде инклюзивдик билим берүүнүн ийгиликтүү практикасын жана моделдерин жайылтуу.
Программаны ишке ашыруу Иш-чаралар планы жана Программанын ар бир этабын ишке ашырууга жыл сайын мониторинг жүргүзүү жана баалоо аркылуу жүзөгө ашырылат. Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшүндө жогоруда аталган Иш-чаралар планына зарыл учурларда керектүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип турат.
8. Программанын чараларын каржылоо
Программаны ишке ашыруу министрликтерге жана административдик ведомстволорго тиешелүү жылга каралган каражаттардын алкагында, ошондой эле каржылоонун кошумча булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- республикалык бюджеттин;
- эл аралык уюмдардын каражаттарынын.
Жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык 2019-2021-жылдарда Программаны ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынан кошумча каражаттар каралган эмес, жүктөлгөн иш-милдеттерин аткаруу үчүн жана министрликтерге бөлүнгөн каражаттардын алкагында гана жүргүзүлөт, себеби бул мезгилде инклюзивдик билим берүүнү киргизүү үчүн ченемдик укуктук жактан камсыз кылуу каралган.
Мында аталган жылдарда эл аралык өнөктөштөрдүн Программаны ишке ашырууга салымы пландаштырылууда жана 2019-жылдын 1-июнуна карата божомолдонгон сумма көбөйтүү божомолу менен 43 млн. сомдун тегерегин түзөт.
9. Программанын чараларын аткарууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Программанын алкагында иш-чараларды аткарууга Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун отчеттору, эл аралык өнөктөштөрдүн жана кызыкдар тараптардын маалыматтары аркылуу байкоо жүргүзүлүп турат.
Программанын негизги аткаруучулары Программанын иш-чараларын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетторго талдоо жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине берет, ал болсо иш-чаралардын аткарылышын координациялайт, анын жүрүшүн контролдойт жана Программаны ишке ашыруунун жыйынтыктары тууралуу жалпыланган отчетту белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берет.
Негизги көрсөткүчтөр:
- атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды окутуу жана тарбиялоо маселелерин регламенттөөчү кабыл алынган документтердин саны;
- билим алууга жете ала турган атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучулардын санынын өсүшү;
- атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларга көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын үлүшү.
Ошондой эле мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес сектордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда ведомстволор аралык эксперттик топтун көз карандысыз баалоосу божомолдонууда.
10. Жагымдуу өбөлгөлөр жана чакырыктар/опурталдар
Программаны ишке ашыруунун жагымдуу өбөлгөлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
- Бириккен Улуттар Уюмунун Баланын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялоо (1994-ж.);
- Бириккен Улуттар Уюмунун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялоо (2019-ж.);
- инклюзивдик билим берүү жаатындагы долбоорлорду эл аралык жана жергиликтүү уюмдар тарабынан пилоттоштуруунун иш жүзүндөгү тажрыйбасы.
Программаны ишке ашырууда Программаны ишке ашырууга тоскоол болуучу төмөнкүдөй опурталдар пайда болушу мүмкүн:
- ата-энелердин, мугалимдердин жана коомчулуктун атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучулардын билим алуу мүмкүндүгү жана укугу тууралуу начар кабардар болушу;
- Программада каралган чараларды каржылоонун жоктугу же жетишсиздиги;
- инклюзивдик билим берүү жаатындагы жогорку квалификациялуу адистердин жетишсиздиги;
- Программанын аткаруучуларынын ведомстволор аралык өз ара начар аракеттешүүсү.
Программаны ишке ашырууда мүмкүн болгон опурталдарды болтурбоо максатында бардык өнөктөштөрдү (мамлекеттик түзүмдөрдү, эл аралык фонддорду жана коомдук уюмдарды) Программаны ишке ашырууга, аны баалоого жана мониторинг жүргүзүүгө активдүү тартуу каралат.
11. Күтүлүүчү натыйжалар
Программаны ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча 2023-жылга карата төмөнкүлөр күтүлүүдө:
- атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларга билим берүү маселелери боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
- билим алууга жете ала турган атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучулардын санын көбөйтүү;
- интернат тибиндеги стационардык мекемелердин шарттарында окуган балдардын санын азайтуу;
- билим берүү уюмдарынын инфратүзүмүн атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучулардын керектөөлөрүн эске алуу менен жакшыртуу;
- инклюзивдик билим берүүнүн, үй-бүлөлөрдү жана окуучуларды социалдык коштоо системасынын натыйжалуу үлгүсүн киргизүү;
-атайын билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды коомго социалдаштыруу жана интеграциялоо үчүн шарттарды түзүп берүү;
- майыптуулугу бар адамдарга билим берүү маселелери боюнча калкка маалымдоо системасын жакшыртуу.