Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 417 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-июлундагы № 367 токтомуна) |
"Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КГЮА)" мекемесинин УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1.1. "Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КГЮА)" мекемеси (мындан ары - Университет) - Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү жана илим мамлекеттик уюму.
1.2. Университет мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, бурч штампы, символикасы, банктарда алыш-бериш, валюталык жана башка эсептери бар.
1.3. Университеттин уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат.
1.4. Университеттин аталышы:
толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КГЮА)" мекемеси;
- расмий тилде: учреждение "Кыргызский государственный юридический университет (КГЮА)".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КГЮА";
- расмий тилде: "КГЮА".
1.5. Университеттин жайгашкан жери (юридикалык дареги): 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, № 180 а.
1.6. Университет өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын жана ушул Уставды жетекчиликке алат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ведомстволук билим берүү уюму болуп саналат.
1.7. Университет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда аныкталган чектерде билим берүү программаларын жүзөгө ашырууда, кадрларды тандоодо жана жайгаштырууда, илимий жана башка иште өз алдынча иш алып барат. Университеттин финансылык жана чарбалык иши толук чарбалык эсептешүүдө жана өзүн-өзү каржылоодо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
2. Университеттин предмети, максаттары жана негизги милдеттери
2.1. Университеттин ишинин предмети төмөнкүлөр болуп саналат:
- кадрларды жогорку кесиптик билим берүүнүн; ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүүнүн; орто кесиптик билим берүүнүн; башталгыч кесиптик билим берүүнүн; кошумча кесиптик билим берүүнүн кесиптик билим берүү программалары боюнча даярдоо;
- инсандын интеллектуалдык, маданий жана адеп-ахлактык өнүгүүгө муктаждыктарын канааттандыруу;
- эл аралык илимий-изилдөө жана билим берүү мейкиндигине илимди жана билим берүүнү интеграциялоого көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасында илимди жана билим берүүнү өнүктүрүүнү илимий-методикалык жана кадрдык жактан камсыздоо, чет өлкөлүк алдыңкы билим берүү жана изилдөө борборлоруна карата Университеттин атаандаштыкка жөндөмүн камсыздоо;
- Университеттин билим берүү жаатында алдыңкы, социалдык багытталган ЖОЖ катары позициясын бекемдөө;
- Университетти укук тармагындагы фундаменталдык илимий жана эксперттик-талдоочулук изилдөөлөрдүн борбору катары өнүктүрүү.
2.2. Университеттин максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
- коомдун жана мамлекеттин квалификациялуу адистерге муктаждыгын канааттандыруу;
- Кыргыз Республикасынын укуктук саясатын жүргүзүүгө эксперттик-аналитикалык жактан көмөк көрсөтүү, ошондой эле мыйзам чыгаруу процессинин натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү жана аларды өнүктүрүү багыттарын болжолдоо;
- демократиялык мамлекеттин идеологиялык жана адеп-ахлактык укуктук негиздерин өркүндөтүүгө багытталган укуктук билимдерди жайылтуу, берүү жана пропагандалоо;
- илимий изилдөөлөрдү, эксперттик, аналитикалык иштерди жүргүзүү, ошондой эле коомдо, анын ичинде кесиптик коомдоштуктарда заманбап илимий билимдерди жайылтуу;
- адистердин жана калктын калың топторунун арасында билимдерди жайылтуу, алардын билимин жана маданий деңгээлин жогорулатуу;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү ишке ашыруу.
2.3. Университеттин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- кадрларды даярдоо багыттарынын жана адистиктеринин тизмеси боюнча жогорку кесиптик билим берүү, ЖОЖдон кийинки, жалпы орто, башталгыч, орто жана кошумча кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу бирдиктүү билим берүү комплексин түзүү;
- бакалаврларды, адистерди жана магистрлерди даярдоо жана кайра даярдоо, жогорку билимдүү кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу;
- аспирантура жана докторантура аркылуу илимий кадрларды даярдоо;
- илимий-педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо;
- Университетте бирдиктүү билим берүү комплекси катары үзгүлтүксүз жана улантуучу билим берүү системасын ишке ашыруу: мектепке чейинки билим берүү - жалпы орто билим берүү - башталгыч кесиптик билим берүү - орто кесиптик билим берүү - жогорку кесиптик билим берүү - ЖОЖдон кийинки билим берүү;
- жогорку билим берүүнү системалуу модернизациялоону камсыздоо;
- инновациялык практикаларды жайылтууга көмөктөшүү;
- билим берүү жана илим чөйрөсүндө коомдук маанилүү иш-чараларды уюштуруу, өткөрүү;
- Университеттин чет өлкөлүк алдыңкы билим берүү жана изилдөө борборлоруна карата атаандаштык жөндөмүн камсыздоо;
- укук, экономика, башкаруу, маалыматтык технологиялар ж.б. жаатында кадрларды кесипке чейинки, кесиптик жана кесиптен кийинки даярдоо системасын түзүү;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана укуктук саясатын эксперттик-укуктук жактан камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иштерин укуктук камсыздоо жаатындагы изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү, мыйзам чыгаруу процессин жакшыртуу жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу;
- Университеттин базасында укук жаатындагы алдыңкы эксперттик-консультациялык, аналитикалык борборду түзүү;
- улуттук мыйзамдардын абалына изилдөө жана аны өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана аларга илимий экспертиза жүргүзүү;
- улуттук мыйзамдардын жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык-укуктук актылардын өз ара байланыштарын талдоо;
- илимий-басма иши;
- калк арасында демократиялык мамлекеттин идеологиялык жана адеп-ахлактык укуктук негиздерин жакшыртууга багытталган юридикалык билимдерди жайылтуу, берүү жана пропагандалоо боюнча иштерди жүргүзүү.
2.4. Университет өзүнүн негизги милдеттерин аткаруу үчүн:
- окуу-методикалык, илимий-изилдөө жана башка иштерди уюштурат жана өркүндөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык профессордук-окутуучулук курамдын окуу жүктөмүнүн ченемдерин жана көлөмүн, ошондой эле аткарылган илимий изилдөөлөрдүн жана окуу-методикалык иштердин көлөмүн эске алуу менен бул жүктөмдүн чектерин бекитет;
- негизги билим берүү программаларын иштеп чыгып, кийин билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда бекиттирет;
- тийиштүү мамлекеттик органга профессорлор менен доценттердин окумуштуу наамдарын бекитүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Университеттин ишинин башкаруу түзүмүн, штаттык ырааттамасын түзөт;
- Университеттин ички тартип эрежелерин жана башка локалдык ченемдик актыларды иштеп чыгат жана кабыл алат;
- окуучулардын контингентин түзөт, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө;
- ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык билим берүүнүн сапатын контролдойт;
- монографияларды, илимий эмгектердин жыйнактарын, окуу китептерин, окуу-методикалык куралдарды жана башка материалдарды басып чыгарат;
- эл аралык илимий кеңешмелерди, симпозиумдарды, съезддерди, конференцияларды уюштурат, өткөрөт жана иштерине катышат;
- чет өлкөлүк адистерди жана студенттерди ишке, стажировкага жана окууга кабыл алат;
- Университетте окуп жаткандарды жана кызматкерлерди чет өлкөгө окууга жана стажировкага жиберет;
- өзүнүн кызматкерлерин Университеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын чегинде чет өлкөлүк жана эл аралык окуу, илимий жана башка уюмдарга командировкага жиберет;
- маалымат тармактарын, маалыматтар базаларын, программаларын түзөт, өнүктүрөт жана колдонот;
- окуп жаткандар жана кызматкерлер үчүн алардын акылдык жана чыгармачыл потенциалын ишке ашыруу, спорт менен машыгуу, эс алуу үчүн, анын ичинде Университетке бекитилип берилген мүлктүн базасында түзүлгөн спорттук-ден соолукту чыңдоочу студенттик лагерлерде шарттарды түзөт;
- жогорку корпоративдик маданиятты колдойт;
- сапат менеджментинин системасын үзгүлтүксүз жакшыртат;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүктө инновациялык долбоорлорду ишке ашырат;
- Университеттин ишинин негизги түрлөрүнүн материалдык-техникалык базасын чарбалык жана башка иштин, контракттык окутуунун, өздүк финансы каражаттарынын эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык кредитти кайтарып берүүгө толук юридикалык жоопкерчиликти алуу менен банктык кредитти пайдаланууну кошкондо, өзүнүн уставдык ишин жүзөгө ашыруу үчүн тартылган финансы жана материалдык каражаттардын кошумча булактарынын эсебинен камсыздайт жана жабдыйт;
- колдонуудагы ченемдик укуктук жана локалдык актылар менен аныкталган кызматтык маяналарга үстөктөрдү жана кошумча акыларды, кызматкерлерге сый акы берүү тартибин жана өлчөмдөрүн белгилейт;
- иштери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген илимий-техникалык жана социалдык өнүктүрүү, материалдык өбөлгөлөө жана башка фонддорду түзөт;
- окутуу үчүн акы төлөөнүн наркын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча төлөнүүчү иштерди жүргүзүүдө илимий жана башка продукция үчүн бааларды белгилейт;
- чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген келишимдерди белгиленген тартипте түзөт, алардын иштерине катышат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка иштерди жүзөгө ашырат.
3. Университеттин түзүмү
3.1. Университеттин курамында институттар, факультеттер, окуу-илимий борборлор, филиалдар, кафедралар, лабораториялар, өндүрүштүк, административдик-чарбалык жана башка түзүмдүк бөлүмдөр бар.
3.2. Университет юридикалык жактын статусуна ээ филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү, региондук илимий-билим берүү мекемелерин жана башка уюмдарды түзө алат.
3.3. Университеттин өзүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү менен, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрдүн бири-бири менен өз ара аракеттенүү формасы жана мазмуну Университеттин Уставы жана тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөр жөнүндө жоболор менен аныкталат.
3.4. Университеттин түзүмдүк бөлүмдөрү ченемдик укуктук, ошондой эле окумуштуулар кеңеши бекиткен локалдык ченемдик актылардын негизинде иштешет.
4. Университеттин билим берүү кызматтарынын тизмеси жана аларды көрсөтүү тартиби
4.1. Университет болгон тийиштүү лицензияларына ылайык жогорку жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүүнүн, ошондой эле жалпы орто, башталгыч, орто кесиптик жана кошумча кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашырат. Университет белгиленген тартипте жаңы адистиктерди жана адистерди даярдоо багыттарын ачууга укуктуу.
4.2. Университетте адистерди даярдоо деңгээли боюнча программалар, интеграцияланган билим берүүчү окуу программалары (сабактар аралык, ЖОЖдор аралык, эл аралык) жана кошумча билим берүү программалары ишке ашырылышы мүмкүн.
4.3. Университетте негизги билим берүү программалары төмөнкү формаларда ишке ашырылат: күндүзгү, күндүзгү-сырттан окуу (кечки жана нөөмөттүк), сырттан окуу, ошондой эле белгиленген тартипте экстернат аркылуу окутуу. Билим берүү программалары окутуунун бардык формалары үчүн бирдиктүү болуп саналат жана окутуучунун студенттер менен аудиториялык сабактарынын көлөмү менен айырмаланат.
4.4. Университет билим берүү программаларын жарым-жартылай же толук көлөмдө ишке ашыруу үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте аралыктан билим берүү технологияларын пайдалана алат.
4.5. Университетте негизги билим берүү программалары мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык тийиштүү билим берүү деңгээли боюнча ишке ашырылат.
4.6. Университетте жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программалары боюнча билим берүү процессин уюштуруу Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
4.7. Негизги билим берүү программасы өзүнө окуп жаткандарды даярдоонун сапатын камсыздоочу окуу планын, окуу курстарынын, сабактардын (модулдардын) жумушчу программаларын жана башка материалдарды, ошондой эле тийиштүү билим берүү технологиясын ишке ашырууну камсыздоочу окуу жана өндүрүштүк практиканын программаларын, календардык окуу графигин жана методикалык материалдарды камтыйт, ал башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде эмгек рыногунун талаптарын эске алуу менен Университет тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
4.8. Университет илимди, техниканы, маданиятты, экономиканы, технологияларды жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүнү эске алуу менен негизги билим берүү программаларын (тиешелүү билим берүү технологиясын ишке ашырууну камсыздоочу окуу планында белгиленген сабактардын (модулдардын) курамы жана (же) окуу курстарынын жумушчу программаларынын, предметтердин, сабактардын (модулдардын) жумушчу программаларынын, окуу жана өндүрүштүк практикалардын программаларынын, методикалык материалдардын мазмундары боюнча) белгиленген тартипте жаңылап турат.
4.9. Билим алуунун бардык формалары үчүн бирдиктүү мамлекеттик билим берүү стандарты колдонулат.
4.10. Күндүзгү окуу формасы боюнча жогорку жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүүнүн, башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программасын өздөштүрүү мөөнөттөрү мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык белгиленет.
4.11. Күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан окуу формалары боюнча окутуу мөөнөтү, ошондой эле жогорку кесиптик билим берүүнүн, орто кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программаларын ишке ашырууда окутуунун ар кандай формаларын айкалыштыруу учурунда күндүзгү окуу форма боюнча окутуу мөөнөтүнө салыштырмалуу 1 жылга чейин узарып кетиши мүмкүн.
4.12. Тийиштүү багыттагы орто кесиптик билими жана жогорку кесиптик билими бар адамдар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык тездетилген программалар боюнча жогорку кесиптик билим ала алышат.
5. Университетке кабыл алуу тартиби
5.1. Университетке кабыл алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык жүргүзүлөт. Университет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү кабыл алуу тартибине каршы келбеген ар жылдык кабыл алуу эрежелерин иштеп чыгат жана бекитет.
5.2. Акы төлөнүүчү негизде башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча окууга студенттерди кабыл алуу планы окуу процессин жүргүзүүнүн чектелген ченемдерине ылайык Университет тарабынан белгиленет.
5.3. Университет билим берүү ишин жүргүзүүгө тийиштүү лицензиясы болгон учурда гана билим берүү программалары боюнча окууга кабыл алууну жарыялайт.
5.4. Университетке кабыл алууда окууга тапшырып жаткандарды жана (же) алардын ата-энелерин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) ушул Устав, билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензиясы, Университеттин аккредитациялоо жөнүндө күбөлүгү жана билим берүү процессин регламенттеген башка документтер менен тааныштырууга милдеттүү.
5.5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, окууга тапшыруучулардын арыздары боюнча Университетке кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлөт. Конкурстун шарттары жарандардын билим берүү жаатындагы укуктарын сактоого кепилдик бериши жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, тийиштүү деңгээлдеги билим берүү программаларын өздөштүрүүгө даярдалган, кыйла жөндөмдүү жарандарды кабыл алууну камсыздашы керек.
5.6. Университетке жалпы орто билими же орто кесиптик билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документи бар Кыргыз Республикасынын жарандары кабыл алынат.
5.7. Бакалаврларды, адистерди, магистрлерди даярдоо программалары боюнча окутуу үчүн конкурска катышууга жогорку кесиптик билими бар адамдар укуктуу.
5.8. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Университетке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте кабыл алынат.
5.9. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жеңилдиктерди пайдаланган жарандар конкурстан тышкары кабыл алынат.
5.10. Университетке тапшырып жаткан адамдардын документтерин кабыл алууну уюштуруу, Университеттин студенттеринин курамына кабыл алуу жол-жобосун жүргүзүү үчүн кабыл алуу комиссиясы түзүлөт. Документтерди кабыл алуу жана Университетке кабыл алуу жол-жобосу кабыл алуу эрежелери менен регламенттелет.
5.11. Студенттердин катарына кабыл алууга тандоо жана сунуштоо Университеттин кабыл алуу комиссиясы тарабынан билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт. Кабыл алуунун жыйынтыктарынын негизинде абитуриенттерди студенттердин катарына кабыл алуу жөнүндө буйрук чыгарылат.
5.12. Университет билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга студенттерди кабыл алуунун жүрүшү жөнүндө маалыматты жана тийиштүү формалар боюнча, белгиленген мөөнөттөрдө кабыл алуу жөнүндө жыйынтыктоочу отчетту берет.
6. Университеттен чыгаруу тартиби
6.1. Окуп жаткандар Университеттен жеке арызы боюнча буйрук менен төмөнкүдөй учурларда чыгарылышы мүмкүн:
- өз каалоосу менен (конкреттүү себептерин көрсөтпөстөн);
- башка окуу жайга которулгандыгына байланыштуу;
- ден соолугуна байланыштуу (медициналык мекеменин маалым каттарынын негизинде);
- үй-бүлөлүк шартына байланыштуу.
6.2. Администрациянын демилгеси боюнча окуудан чыгаруу тийиштүү окуу бөлүмүнүн жетекчисинин сунушу боюнча буйрук менен төмөнкүдөй учурларда жүзөгө ашырылат:
- академиялык карызы үчүн;
- окуу тартибин бузгандыгы үчүн (окуу процессинин графигин аткарбагандыгы, ЖОЖ менен байланышты үзгөндүгү, академиялык өргүүсүнүн мөөнөтү аяктаган учурда окууга чыкпагандыгы үчүн);
- ички тартип эрежелерин бузгандыгы үчүн;
- окуп жаткан адам эркиндигинен ажыратууга же окуусун улантууга мүмкүн болбогон башка жазага соттолгон учурда соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин мыйзамга каршы аракеттерди жасагандыгы үчүн;
- окууга кеткен чыгымдарды төлөбөгөндүгү үчүн.
6.3. Окуп жаткан адам окуудан чыгарылган учурда ага билими тууралуу документинин түп нускасы жана суроо-талабы боюнча - белгиленген үлгүдөгү академиялык маалым кат берилет.
7. Университеттеги окуу процессин уюштуруу
7.1. Университеттин окуу процесси окуп жаткандардын кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүүсү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуучу окутуу каражаттарын, формаларын жана методдорун педагогикалык жактан негизделген тандоонун негизинде курулат.
7.2. Университетте саясий ишке, диний пропагандага, ошондой эле адамдардын өмүрү же ден соолугу үчүн гумансыз же коркунучтуу окутуу методдорун колдонууга жана жүргүзүүгө тыюу салынат.
7.3. Университетте окутуу мамлекеттик жана расмий тилдерде ишке ашырылат. Окутуу тилдерин колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен, жогорку сапаттагы окутууну камсыз кылуу жана студенттердин суроо-талаптарын канааттандыруу милдеттерине жараша, окуу процессин кадрдык жана методикалык камсыздоо боюнча болгон мүмкүндүктөрдү эске алуу менен аныкталат.
7.4. Университет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда аныкталган тартипте акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын, анын ичинде акы төлөнүүчү кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтөт.
7.5. Университеттин өзүнө окуу жылынын узактыгын, окуу сабактарынын түрлөрүн, билимди контролдоо системасын камтыган окуу процессин уюштуруунун бардык маселелери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен регламенттелет.
7.6. Университеттин окуу процесси даярдоонун тиешелүү багыттары жана адистиктери боюнча окуу пландарына, окуу процессинин графигине жана сабактардын ырааттамасына ылайык түзүлөт.
7.7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айрым учурларда окутуу бекитилген окуу пландарынын негизинде иштелип чыккан жекече окуу пландары боюнча жүргүзүлөт.
7.8. Күндүзгү жана күндүзгү-сырттан (кечки) окуу формалары боюнча студенттер үчүн окуу жылынын башталышы жана аякташы даярдоонун конкреттүү багыты (адистиги) боюнча окуу планына жана окуу процессинин графигине ылайык аныкталат.
7.9. Сырттан окуу формасындагы студенттер үчүн окуу жылынын башталуу жана аяктоо мөөнөтү жумушчу окуу планы жана окуу процессинин графиги менен белгиленет.
7.10. Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык, окуу жылында жалпы узактыгы 7-10 жума болгон, анын ичинде кышкы мезгилде 1 жумадан кем эмес мөөнөткө каникулдар белгиленет.
7.11. Аудиториялык сабактардын (академиялык сааттын) узактыгы Университет тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
7.12. Аудиториялык сабактын узактыгы 40-50 мүнөттүк академиялык саат менен өлчөнөт. Бир аудиториялык сабак 2 академиялык саатты түзөт. Окутуунун салттуу технологиялары менен катар кредиттик технология колдонулат.
7.13. Университетте окуу сабактарынын төмөнкүдөй негизги түрлөрү бекитилет: лекция, практикалык сабак, лабораториялык иш, семинар, жекече сабактар, өз алдынча иш, окуу-изилдөөчүлүк жана илимий-изилдөөчүлүк иштер, окуу, өндүрүштүк, педагогикалык жана квалификация алдындагы практика, курстук иш (долбоор), квалификациялык иш (магистердик диссертация).
7.14. Университет билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн сапатын сабакка жетишүүнүн күнүмдүк контролу, окуп жаткандарды орто аралык аттестациялоо жана бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу аттестациялоо аркылуу баалайт.
7.15. Орто аралык аттестациялоо окуу процессинин графигине ылайык жүргүзүлүүчү курстук экзамендерди тапшыруу, курстук иштерди (долбоорлорду) жактоо, окуу, өндүрүштүк жана квалификация алдындагы практика боюнча отчеттор формасында жүзөгө ашырылат. Айрым учурларда орто аралык аттестациялоо окуу сабагын өздөштүрүү аяктагандан кийин, окуу семестринин ичинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
7.16. Эки тараптуу жана көп тараптуу алмашуу программаларына катышуучу студенттерге алар башка окуу жайда, ошондой эле чет өлкөдө окуган сабактары эске алынышы мүмкүн.
7.17. Университеттин тарбиялык милдеттери билим берүүнүн гуманисттик мүнөзүнөн, жалпы адамзаттык баалуулуктардын артыкчылыгынан келип чыгып, окуп жаткандар менен окутуучулардын биргелешкен окуу, илимий, чыгармачылык, өндүрүштүк жана коомдук иши аркылуу жүзөгө ашырылат.
7.18. Университетте окуп жаткандар менен кызматкерлердин сырткы келбети тыкан жана иштиктүү окуу жагдайына ылайык келүүгө тийиш жана ал локалдык ченемдик актылар менен регламенттелет.
7.19. Студенттерди которуунун, окуудан чыгаруунун жана калыбына келтирүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана ушул Устав менен регламенттелет.
7.20. Университетте окуп жаткандарга медициналык көрсөткүчтөрү боюнча жана башка өзгөчө учурларда, Куралдуу Күчтөргө чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугун сактоо менен белгиленген тартипте академиялык өргүү берилет.
7.21. Күндүзгү формада окуп жаткандар жана мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен билим алгандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте стипендиялар жана социалдык колдоонун башка чаралары менен камсыз кылынат.
7.22. Күндүзгү формада жана контракттык негизде билим алгандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте социалдык колдоо менен камсыз кылынат.
7.23. Контракттык негиздеги окутууга акы төлөнөт. Окутуунун наркы келишимдик негизде аныкталат жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык бекитилет.
7.24. Университет киреше алып келүүчү иштерден, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар көрсөткөн кайрымдуулук жардамынан түшкөн каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен энчилүү стипендияларды, социалдык төлөмдөрдү жана материалдык колдоонун башка түрлөрүн белгилөөгө укуктуу.
7.25. Тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде окуу планын жана программасын толук көлөмдө аткарган студенттерге жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны тапшырууга уруксат берилет. Мамлекеттик аттестациянын жыйынтыктары боюнча Мамлекеттик аттестациялык комиссия тарабынан бүтүрүүчүгө адистиги боюнча квалификацияны же багыты боюнча квалификацияны ыйгаруу жөнүндө маселе чечилет.
7.26. Университеттин бүтүрүүчүсүнүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлгөн Мамлекеттик аттестациялык комиссия тарабынан ишке ашырылат.
7.27. Университет жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан ийгиликтүү өткөн бүтүрүүчүлөргө Университеттин гербдик мөөрү менен күбөлөндүрүлүүчү тиешелүү деңгээлдеги билими жана (же) квалификациясы жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ берет.
7.28. Университетте билим алууну толук аяктабаган адамдарга белгиленген үлгүдөгү академиялык маалым кат берилет.
8. Окуп жаткандардын укуктары жана милдеттери
8.1. Орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги программалары боюнча окуу үчүн белгиленген тартипте буйрук менен Университетке кабыл алынган адам студент болуп эсептелинет.
Бекитилген тартипте Университетке кабыл алынган жана тиешелүү программалар боюнча окуп жаткан адамдар тиешелүү түрдө окуучу, угуучу, студент, магистрант, аспирант, докторант статусуна ээ болот. Окуп жаткандарга белгиленген үлгүдөгү студенттик билет, зачеттук китепче берилет.
8.2. Университеттин угуучулары болуп төмөнкү адамдар саналат:
- даярдоо курстарында окуган;
- квалификацияны жогорулатуу жана адистерди кайра даярдоо түзүмдүк бөлүмдөрүндө окуган.
Билим берүү кызматтарын алууга карата угуучулардын укуктук абалы тиешелүү окутуу формасындагы Университеттин студенти статусуна ылайык келет.
8.3. Университетте окуп жаткандардын (окуучу, угуучу, студент, магистрант, аспирант, докторант) укуктары жана милдеттери колдонуудагы мыйзамдар, Устав, акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим менен аныкталат.
8.4. Университетте окуп жаткандар төмөнкүлөргө укуктуу:
- тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарынан төмөн болбогон билимге жана кесиптик көндүмдөргө ээ болууга;
- Университеттин тиешелүү бөлүмдөрү менен макулдашуу боюнча, мамлекеттик билим берүү стандартынын алкагында Университет тарабынан сунушталган тандоо жана профилдер (адистиктер) боюнча курстардын топтомун тандоого;
- жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарын жана жогорку окуу жайынын студенти менен анын билим алуусуна жана андан ары ишке орношуусуна көмөк көрсөтүүчү жеке же юридикалык жактын ортосунда түзүлгөн келишимдин шарттарын сактоо менен өзүнүн билим алуу программасынын мазмунун түзүүгө катышууга;
- профилди (адистигин) жана окутуу формасын тандоого;
- жыл сайын узактыгы 7-10 жумадан кем эмес каникулга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана локалдык ченемдик актыларда аныкталган тартипте башка билим берүү кесиптик программа боюнча окууга же башка ЖОЖго которулууга;
- Университеттин ишине тиешелүү маселелерди талкуулоого жана чечүүгө, анын ичинде коомдук бирикмелер жана Университеттин башкаруу органдары аркылуу катышууга;
- локалдык ченемдик актыларда аныкталган тартипте китепканаларды, маалымат фондуларын, окуу, илимий жана башка бөлүмдөрдүн кызмат көрсөтүүлөрүн акысыз пайдаланууга;
- илимий-изилдөө иштерине, конференцияларга, симпозиумдарга катышууга;
- өз иштерин жарыялоого, анын ичинде Университеттин басылмаларына чыгарууга сунуштоого;
- окуудагы өзгөчө ийгиликтери жана Университеттин илимий-изилдөө, коомдук иштерине активдүү катышкандыгы үчүн моралдык жана (же) материалдык колдоого;
- иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген коомдук уюмдарды түзүүгө;
- окуу процессиндеги коопсуз шарттарга жана ден соолугун коргоого;
- илимий изилдөөлөрдүн бардык түрлөрүнө, форумдарга, экспедицияларга, маданий агартуучулук иш-чараларга катышууга, кафедралардагы, илимий-изилдөө мекемелериндеги, конструктордук жана технологиялык уюмдардагы илимий-изилдөө иштерин аткарууга тартылууга;
- мыйзамдарда, ушул Уставда жана локалдык ченемдик актыларда каралган башка укуктарга.
8.5. Университетте окуп жаткандар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ушул Уставды, ички тартип эрежелерин, башка локалдык ченемдик актыларды сактоого;
- билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде теориялык билимдерге, кесиптик көндүмдөргө жана илимий изилдөөлөрдүн заманбап методдоруна ээ болууга, окуу планында каралган тапшырмалардын бардык түрлөрүн белгиленген мөөнөттө аткарууга;
- эгерде локалдык ченемдик актыларда башкача каралбаса, окуу планында аныкталган окуу сабактарынын бардык түрлөрүнө милдеттүү түрдө катышууга;
- коомдун моралдык жана адеп-ахлактык ченемдерин сактоого;
- Университеттин мүлкүнө аяр мамиле жасоого, материалдык зыян келтирилген учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте анын ордун толтурууга.
- жогорку квалификациядагы болочок адиске зарыл болгон илимий жана маданий дүйнө таанымга ээ болууга;
- окутуучулардын, окуп жаткандардын жана кызматкерлердин ар-намысын урматтоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткарууга.
8.6. Ушул Уставдын, ички тартип эрежелеринин, башка локалдык ченемдик актылардын талаптарын сактабаган, окуу планын белгиленген мөөнөттө аткарбаган окуучуларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана локалдык ченемдик актыларга ылайык тартиптик жазалар колдонулушу мүмкүн.
Студентке ички тартип эрежелерин бузгандыгы үчүн жаза, анын ичинде Университеттен чыгаруу андан жазуу жүзүндө түшүнүк алынгандан кийин берилет.
8.7. Университеттин илимий-педагогикалык адистерин даярдоо аспирантурада жана докторантурада, ошондой эле окутуучуларды доктордук диссертацияларды даярдоо үчүн илимий кызматкер кызматына которуу, диссертациялык ишин аяктоо үчүн чыгармачылык өргүүлөрдү берүү аркылуу ишке ашырылат.
8.8. Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы бар жана илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденүү үчүн диссертация даярдоого докторантурага кабыл алынган адамдар докторанттар болуп саналат.
Жогорку кесиптик билими бар, аспирантурада окуган жана илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын изденүү үчүн диссертация даярдап жаткан адамдар аспиранттар болуп саналат.
8.9. Аспирантурага жана докторантурага кабыл алуу, окутуу жана чыгаруу тартиби, аспиранттардын, докторанттардын башка укуктары жана милдеттери, алардын социалдык кепилдиктери жана жеңилдиктери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
8.10. Аспиранттар, докторанттар төмөнкүлөргө укуктуу:
- илимдин, техниканын жана маданияттын өнүгүшүнүн заманбап деңгээлине ылайык келген билим алууга;
- Университеттин жабдууларын жана лабораторияларын пайдаланууга;
- Университеттин иши боюнча маанилүү маселелерди талкуулоого катышууга;
- бекитилген квоталарга ылайык Университеттин окумуштуулар кеңешине мүчөлүккө шайланууга, ошондой эле алардын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелерди чечүүдө кафедралардын жыйындарына катышууга;
- локалдык ченемдик актыларда аныкталган тартипте китепканаларды, маалымат фондуларын, окуу, илимий жана башка бөлүмдөрдүн кызмат көрсөтүүлөрүн акысыз пайдаланууга;
- илимий-изилдөө иштеринин бардык түрлөрүнө, конференцияларга, симпозиумдарга катышууга, өз иштерин жарыялоого, анын ичинде Университеттин басылмаларына сунуштоого.
8.11. Аспиранттар, докторанттар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жекече иш планынын бардык талаптарын аткарууга;
- окуу мөөнөтүнүн ичинде диссертациялык ишин бүтүрүүгө жана талкууга коюуга;
- ушул Уставдын талаптарын аткарууга, Университеттин ички тартип эрежелерин сактоого;
- жүрүм-турумунда жалпыга бирдей кабыл алынган моралдык жана адеп-ахлактык ченемдерди жетекчиликке алууга;
- Университеттин мүлкүнө аяр мамиле жасоого, материалдык зыян келтирилген учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамында аныкталган тартипте анын ордун толтурууга.
8.12. Аспиранттар жана докторанттар жекече иш планын аткарбагандыгы үчүн аспирантурадан жана докторантурадан чыгарылышы мүмкүн.
8.13. Доктордук диссертацияларды даярдоо үчүн илимдин актуалдуу маселелери боюнча илимий изилдөөнүн таанылган жыйынтыктарына ээ болгон илимдин кандидаттары үч жылга чейинки мөөнөткө илимий кызматкерлердин кызмат ордуларына которулушат.
8.14. Университеттин кызматкерлерине ченемдик укуктук жана локалдык ченемдик актыларга ылайык кандидаттык жана доктордук диссертацияларын жактоо үчүн чыгармачылык өргүүлөр берилет.
8.15. Университеттин алдында белгиленген тартипте илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражасын изденүү үчүн диссертацияларды жактоо боюнча диссертациялык кеңеш түзүлүшү мүмкүн. Диссертациялык кеңештин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен регламенттелет.
9. Университеттин жамаатынын укуктары жана милдеттери
9.1. Университеттин кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Устав, жамааттык келишим, ички тартип эрежелери жана башка локалдык ченемдик актылар менен аныкталат.
9.2. Университетте илимий-педагогикалык (профессордук-окутуучулук курам, илимий кызматкерлер), административдик-чарбалык, окутуу-көмөкчү, инженердик-техникалык жана башка персоналдын кызмат орундары каралат.
9.3. Административдик-чарбалык, окутуу-көмөкчү, инженердик-техникалык жана башка персоналдын кызмат орундарын келишимдик негизде ээлешет.
9.4. Профессордук-окутуучулук курамдын бош кызмат орундарын ээлөө келишимдик негизде жүргүзүлөт. Эмгек келишимин түзүүдөн мурун конкурстук тандоо өткөрүлөт.
9.5. Университеттин окутуучуларын жана башка кызматкерлерин ишке кабыл алуу жана бошотуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык, ошондой эле келишимде каралган шарттарда жүргүзүлөт.
9.6. Университеттин илимий-педагогикалык персоналы төмөнкүлөргө укуктуу:
- алар окутуучу окуу сабактарынын мазмунун мамлекеттик стандарттардын талаптарына ылайык аныктоого;
- окутуунун каражаттары менен методдорун тандоого жана окуу жана илимий процесстердин жогорку натыйжалуулугун камсыз кылуучу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү өргүүгө;
- өзүнүн кесиптик ишинин тиешелүү уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыздалышына;
- окумуштуулар кеңешинин курамына белгиленген тартипте көрсөтүүгө жана шайлоого;
- Университеттин окуу, илимий жана башка иштери боюнча маселелерди талкуулоого жана чечүүгө катышууга;
- белгиленген тартипте жайларды жана маалымат фондуларын пайдаланууга, лабораториялардын, кабинеттердин, китепканалардын эсептөө борборлорунун, окуу, илимий, социалдык-тиричилик, маданий жана башка бөлүмдөрдүн кызмат көрсөтүүлөрүн колдонууга.
9.7. Университеттин илимий-педагогикалык персоналы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- окуу жана илимий процесстердин жогорку натыйжалуулугун камсыздоого жана окуп жаткандардын мамлекеттик стандарттардын талаптарынын деңгээлинде окуу программаларын өздөштүрүүсүн камсыздоого;
- окуп жаткандардын кесиптик билимин, көндүмүн жана сапатын, жарандык позициясын, жашоого жана эмгекке жөндөмүн калыптандырууга;
- окуп жаткандардын өз алдынчалуулугун, чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө, аларга жогорку адеп-ахлак ченемдерин үйрөтүүгө;
- өзүнүн квалификациясын жогорулатуунун үстүндө системалуу түрдө иштөөгө, окуп жаткандарды активдүү тартуу менен илимий изилдөөлөрдү жана чыгармачылык иштердин башка түрлөрүн жүргүзүүгө, Университеттин Уставынын ченемдерин аткарууга.
9.8. Илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо төмөнкү формаларда ишке ашат:
- докторантура жана аспирантура;
- илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденүү үчүн диссертацияларды даярдоого илимий кызматкер кызмат ордундарына которуу.
9.9. Профессордук-окутуучулук курамды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
9.10. Административдик-чарбалык жана башка персоналдын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары, Университеттин Уставы жана ички тартип эрежелери, кызматтык нускамалар менен аныкталат.
10. Университеттин илимий иши
10.1. Университетте анын бардык окуу-илимий бөлүмдөрүндө милдеттүү түрдө, окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилген тематикалык пландарга ылайык адистерди даярдоонун ажырагыс бөлүгү болуп саналган фундаменталдык, издөө жана колдонмо илимий-изилдөөлөр ишке ашырылат.
10.2. Университетте илим-изилдөө иштерин жүзөгө ашыруунун негизги принциптери болуп окуу процесстери менен илимий проблематиканы интеграциялоо, студенттерди чыгармачылык иштерге жана илимий изилдөөлөргө катышууга тартуу, монографияларды, окуу китептерин жана окуу колдонмолорун жазуу болуп саналат.
10.3. Илим-изилдөө ишинин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат: теориялык жана колдонмо проблемаларды, жаңы технологиялардын илимий негиздерин иштеп чыгуу, илимий-методикалык мүнөздөгү изилдөө иштерин аткаруу, илимий билимдерди жайылтуу жана адистерди даярдоодо изилдөөчүлүктү камсыздоо, илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын практикага киргизүү, илимдин, техниканын жана маданияттын жетишкендиктерин пропагандалоо.
10.4. Университеттин илимий иштеринин негизги багыттары окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилет.
10.5. Университеттеги илимий иштерди профессордук-окутуучулук курам, илимий кызматкерлер, докторанттар, аспиранттар, магистранттар, студенттер, ошондой эле сырттан тартылган жогорку квалификациялуу изилдөөчүлөр жана адистер аткарышат.
10.6. Илимий иштин уюштуруучулук түзүмдөрүнүн негизин кафедралар жана лабораториялар, илимий-изилдөө борборлору жана институттар, маалыматтык жана инновациялык борборлор, окуу жана изилдөөчүлүк мүнөздөгү башка бөлүмдөр, докторантура жана аспирантура, диссертациялык кеңештер, басылма, илимий китепкана түзөт.
10.7. Университеттеги илимий иштер гранттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылышы мүмкүн, алар белгиленген тартипте илимий-педагогикалык кызматкерлерге же Университетке өткөрүп берилет.
10.8. Университет профессордук-окутуучулук курамдын жана Университеттин башка кызматкерлеринин, докторанттардын, аспиранттардын, магистранттардын, студенттердин жана башка жактардын илимий изилдөөлөрүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү камсыздайт.
11. Университетти башкаруу
11.1. Университеттин өз алдынча башкаруу формалары болуп жалпы чогулуш, камкорчулук, окумуштуулар жана башка кеңештер же комитеттер саналат. Өз алдынча башкаруу органдарын шайлоонун тартиби жана алардын компетенциялары, кеңеш менен билим берүү уюмунун жетекчисинин ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Устав менен аныкталат.
11.2. Университетти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайланган ректор түздөн-түз жетектейт.
11.3. Университеттин ректору:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык өз ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Университеттин атынан чыгат, башка мамлекеттик уюмдарда, мекемелерде анын кызыкчылыктарын коргойт;
- Университеттин ишинин натыйжалары, билим берүүнүн сапатынын жана адистерди даярдоонун мамлекеттик стандарттардын талаптарына шайкеш келиши үчүн жоопкерчилик тартат;
- окумуштуулар кеңешине университеттин түзүмүн бекитүүгө киргизет;
- Университеттин Уставына ылайык анын кадрдык курамын түзөт, Университеттин түзүмүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду окумуштуулар кеңешинин бекитүүсүнө киргизет;
- Университеттин сметасын бекитет жана анын аткарылышын контролдойт;
- институттардын, филиалдардын, өкүлчүлүктөрдүн, борборлордун директорлорун жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерин дайындайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектерде мүлкүн жана каражаттарын тескейт;
- келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда эсептерди ачат жана кредиттердин бөлүштүрүүчүсү болуп саналат;
- Университеттин штаттык ырааттамасын бекитет;
- өз компетенциясынын чегинде бардык кызматкерлер жана окуп жаткандар үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет;
- ушул Уставга жана локалдык ченемдик актыларга ылайык Университеттин проректорлоруна өзүнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп бере алат.
11.4. Университеттин окумуштуулар кеңеши коомдук-кесиптик башкаруу органы болуп саналат, анын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- ректордун сунушу боюнча Университеттин түзүмүн бекитүү;
- Университеттин факультеттерин, кафедраларын, башка илимий жана окуу бөлүмдөрүн түзүү, таркатуу, бириктирүү жана бөлүштүрүү боюнча маселелерди кароо жана сунуштарды иштеп чыгуу;
- Университетти өнүктүрүүнүн ар жылдык жана келечектеги пландарын бекитүү;
- Университеттин Регламентин жана Ички тартип эрежелерин кабыл алуу;
- Университеттин проректорлорунун, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин окуу, окуу-методикалык, илимий, финансы-чарбалык жана тарбиялык иштер боюнча жана аларды андан ары жакшыруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө отчетторун угуу;
- Университеттин ректорунун ыйгарым укугунун мөөнөтү бүткөндө өзүнүн ишинин жыйынтыгы боюнча жана кайра кийинки мөөнөткө шайлоого сунуштарды кабыл алуу үчүн отчетун угуу;
- жумушчу окуу пландарын жана окуу процессинин графигин, тандоо боюнча сабактардын тизмесин колдонуудагы мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык бекитүү;
- окуу сабактарынын программаларын, аспиранттардын, докторанттардын, изденүүчүлөрдүн жекече окуу пландарын бекитүү тартибин, ошондой эле магистрлердин жекече даярдоо пландарын жана алардын аткарылышын контролдоо тартибин аныктоо;
- окуу процессин уюштуруу жана оптималдаштыруу, окуу процессине натыйжалуу окутуу технологияларын киргизүү маселелерин кароо;
- илимий-изилдөө жана методикалык иштердин негизги багыттарын аныктоо, аларды жүргүзүүгө финансы жана эмгек ресурстарын бөлүштүрүү;
- Университеттин илимий жана окуу бөлүмдөрүнүн илимий-уюштуруучулук иштеринин натыйжалуулугун баалоо боюнча чечимдерди жана баалоонун негизинде аларды өнүктүрүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
- профессордук-окутуучулук курамдын, кафедралардын башчыларынын, факультеттердин декандарынын, башка окуу жана илимий бөлүмдөрдүн жетекчилеринин кызмат орундарын ээлөөгө белгиленген тартипте конкурстук тандоолорду жүргүзүү боюнча отчетторду угуу;
- профессор жана доцент окумуштуу наамдарын изденүүчүлөрдүн иштерин кароо, белгиленген тартипте профессор жана доцент окумуштуу наамдарын ыйгаруу жана окумуштуулук наамды бекитүүгө сунуштоо;
- жогорку окуу жайдын илимий-педагогикалык кызматкерлеринин, аспиранттарынын, докторанттарынын жана изденүүчүлөрүнүн окумуштуулук даражаларын ыйгарууга иштерин кароо жана диссертацияларды жактоо боюнча адистештирилген кеңештерге сунуштарды берүү;
- студенттер, магистранттар жана аспиранттар үчүн түзүлүүчү энчилүү жана мамлекеттик стипендияларды берүү маселелерин кароо;
- Университеттин илимий-педагогикалык кадрларын мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү жөнүндө иштерди кароо.
Окумуштуулар кеңешинин чечимдери окумуштуулар кеңешинин кеңешке катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добуштары менен кабыл алынат. Окумуштуулар кеңешинин чечими анын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышканда мыйзамдуу болуп саналат.
11.5. Университеттин окумуштуулар кеңешин түзүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилүүчү Жогорку окуу жайдын окумуштуулар кеңеши жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.
11.6. Университеттин проректорлору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык дайындалат. Проректорлор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана локалдык ченемдик актыларга ылайык өз ыйгарым укуктарын ишке ашырышат жана жеке жоопкерчилик тартышат.
11.7. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери Университеттин ректору тарабынан дайындалат жана локалдык ченемдик актыларга ылайык укуктары менен милдеттеринин чегинде жетектешет.
11.8. Факультетти декан башкарат, ал факультеттин профессордук-окутуучулук курамынын жалпы кеңешмесинде, тиешелүү профилдеги кыйла квалификациялуу, окумуштуулук даражасы бар адистеринин арасынан жашыруун добуш берүү жолу менен шайланат жана беш жылга чейинки мөөнөткө эмгек келишимин түзүү аркылуу, Университеттин ректорунун буйругу менен бекитилет.
Факультеттин профессордук-окутуучулук курамынын жалпы тизмелик курамынын 2/3 кворуму болгондо, 50%дан ашык добуш алган талапкер факультеттин деканы кызмат ордуна шайланды деп саналат. Факультеттин деканынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана локалдык ченемдик актыларына ылайык аныкталат.
Факультеттин деканынын кызмат ордуна шайлоого бир же бир нече талапкер катышкан учурда тизмелик курамдын 2/3 кворуму болгондо, факультеттин профессордук-окутуучулук курамынын катышкан мүчөлөрүнүн эң көп добушуна, бирок 50%дан кем эмес добушуна ээ болгон талапкер факультеттин деканы кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.
Эгерде талапкерлердин бири да добуштардын зарыл санын албаса, анда эң көп добушка ээ болгон эки талапкердин талапкерлиги кайра добуш берүүгө көрсөтүлөт (факультеттин профессордук-окутуучулук курамынын жалпы чогулушунун ошол эле жыйынында). Кайра добуш берүүнүн жыйынтыгы факультеттин профессордук-окутуучулук курамынын катышкан мүчөлөрүнүн эң көп добушу менен аныкталат.
11.9. Кафедраны башчы башкарат, ал Университеттин окумуштуулар кеңеши тарабынан, тиешелүү профилдеги кыйла квалификациялуу, окумуштуулук даражасы бар адистеринин арасынан жашыруун добуш берүү жолу менен шайланат жана беш жылга чейинки мөөнөткө эмгек келишимин түзүү аркылуу, Университеттин ректорунун буйругу менен бекитилет.
Окумуштуулар кеңешинин жалпы тизмелик курамынын 2/3 кворуму болгондо, окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн 50%дан ашык добушуна ээ болгон талапкер кафедра башчысы кызмат ордуна шайланды деп эсептелет. Кафедра башчысынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана локалдык ченемдик актыларына ылайык аныкталат.
Кафедра башчысы кызмат ордуна шайлоого бир же бир нече талапкер катышкан учурда, тизмелик курамдын 2/3 кворуму болгондо, окумуштуулар кеңешинин катышкан мүчөлөрүнүн эң көп добушуна, бирок 50%дан кем эмес добушуна ээ болгон талапкер кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.
Эгерде талапкерлердин бири да добуштардын зарыл болгон санын албаса, анда эң көп добушка ээ болгон эки талапкердин талапкерлиги кайра добуш берүүгө көрсөтүлөт (окумуштуулар кеңешинин ошол эле жыйынында). Кайра добуш берүүнүн жыйынтыгы окумуштуулар кеңешинин катышкан мүчөлөрүнүн эң көп добушу менен аныкталат.
11.10. Университеттин ишинин ачык-айкындыгын, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Уставга жана локалдык ченемдик актыларга ылайык кошо башкаруучу жана иш алып баруучу орган болуп саналган камкордук кеңеши түзүлөт.
11.11. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген булактардан алынган бюджеттен тышкаркы каражаттарды сарптоо маселелери боюнча коомдук контролдоону камсыздоо, натыйжалуу башкаруу максатында жыл сайын белгиленген тартипте коомдук угуулар өткөрүлөт.
11.12. Университетти башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жана өкүлчүлүк функцияларын кеңейтүү максатында Университеттин окумуштуулар кеңеши тарабынан Университеттин президенти кызмат орду түзүлүшү мүмкүн.
Президент камкордук жана окумуштуулар кеңешинин ишине, Университетти өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгууга, окуу, илимий, тарбиялык, уюштуруу жана башкаруу иштерин жакшыртуу маселелерин чечүүгө катышат. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук жана башка уюмдар менен болгон мамилелерде Университеттин атынан чыгат.
11.13. Университеттин президенти кызмат ордуна талапкер окуу түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан Университетти өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон, юридикалык илимдердин доктору окумуштуулук даражасы жана профессор окумуштуулук наамы бар, Университетте 10 жылдан кем эмес илимий-педагогикалык иш стажы жана 5 жылдан кем эмес Университеттин ректору же проректору кызмат ордунда иш тажрыйбасы бар адамдардын ичинен көрсөтүлөт жана окумуштуулар кеңешине жөнөтүлөт.
Университеттин президенти кызмат ордуна талапкер окумуштуулар кеңеши тарабынан 5 жылдык мөөнөткө окумуштуулар кеңешинин тизмелик курамынын үчтөн экисинен кем эмесинин кворуму болгондо, жашыруун добуш берүү аркылуу көпчүлүк добуш менен бекитилет жана ректордун буйругу менен дайындалат.
11.14. Университеттин президентинин статусуна тийиштүү маселелер, аны көрсөтүү тартиби, укуктары, милдеттери жана ыйгарым укуктарын токтотуу тартиби окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилген Университеттин президенти жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.
11.15. Университеттин президенти ректораттын, окумуштуулар кеңешинин жана камкордук кеңешинин мүчөсү болуп саналат.
12. Университеттин финансы-чарбалык иши
12.1. Университеттин каржылоо булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
- билим берүү, консультациялык, илимий-изилдөө, басма, өндүрүштүк-коммерциялык жана башка мыйзамдуу иштерден түшкөн өздүк, анын ичинде валюталык каражаттар;
- финансы-кредиттик мекемелердин кредиттери;
- ишканалар, уюмдар, коомдук фонддор, жеке адамдар (анын ичинде чет өлкөлүк) тарабынан кайтарымсыз берилген каражаттар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар саналат.
12.2. Университет өз милдеттенмелери, тескөөсүндөгү акча каражаттары боюнча жооп берет.
12.3. Уставдык ишин камсыз кылуу максатында Университетке ыкчам башкаруу укугунда менчик укугундагы объектилер (имараттар, курулмалар, мүлк комплекстери, жабдуулар, ошондой эле керектөөчүлүк, социалдык, маданий багыттагы башка зарыл мүлктөр) бекитилип берилет.
12.4. Университетке бекитилген менчик объектилери анын ыкчам башкаруусунда болот жана билим берүүдөн тышкары башка максатта пайдалануу үчүн алынбайт. Университет ишенип берилген мүлктүн сакталышы жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
12.5. Жеке жана юридикалык жактар тарабынан белек, кайрымдуулук түрүндө же мурас боюнча берилген акча каражаттарына, мүлктөргө жана башка менчик объектилерине, анын ишинин жыйынтыгы болгон интеллектуалдык жана чыгармачылык эмгектин продуктуна, ошондой эле Университеттин жеке ишинен кирешелерге жана ушул кирешелерге алынган менчик объектилерине болгон менчик укугу Университетке таандык.
12.6. Университет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын ыкчам башкаруусуна берилген бардык мүлктү өз алдынча пайдаланат.
12.7. Университетке түшкөн бардык каражаттар анын кирешелери болуп эсептелет жана эмгек акы төлөөгө, окуу процессин жана илимий изилдөөлөрдү камсыздоо үчүн материалдык, техникалык жана окуу-методикалык базаны өнүктүрүүгө пайдаланылат.
12.8. Университет өзүнүн каражаттарын, анын ичинде Университеттин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө жана материалдык өбөлгөлөөгө багытталган үлүшүн пайдалануу багытын жана тартибин өзү алдынча аныктайт, окуп жаткандарды жана кызматкерлерди социалдык колдоо боюнча чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат. Атап айтканда, Университеттин кызматкерлеринин турак жай жана социалдык-тиричилик шарттарын жакшыртууну (социалдык багыттагы объектилерди, социалдык турак-жай ж.б. курууну) жүзөгө ашырат.
12.9. Бардык категориядагы кызматкерлерге материалдык өбөлгөлөөнүн жана материалдык жардамдын өлчөмдөрү Университет тарабынан болгон каражаттардын чегинде өз алдынча белгиленет. Мында билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин мамлекеттик тарифтик ставкалары (окутуучулардын эмгек акысынын саат боюнча ставкалары, кошумча акылар жана үстөктөр) жана кызматтык маяналары минималдык катары пайдаланылат.
12.10. Материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү Университет тарабынан өздүк жана тартылган каражаттардын эсебинен өз алдынча жүргүзүлөт. Жабдууларды сатып алууга, капиталдык оңдоо иштерине кетүүчү чыгымдардын өлчөмдөрү Университет тарабынан өз алдынча, лимиттерди белгилебестен, Университеттин белгиленген тартипте бекитилген кирешелер жана чыгашалар сметаларынын чегинде, финансы каражаттарына керектөөлөргө жана алардын болушуна жараша аныкталат.
12.11. Университет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кайрымдуулук иш-чараларын, аукциондорду жана башка ушул сыяктуу формадагы иштерди жүргүзө алат.
12.12. Университеттин акча каражаттарын сактоо жана эсептик, кредиттик жана кассалык операциялардын бардык түрлөрүн жүргүзүү үчүн банк жана башка кредиттик (аны ичинен валюталык) мекемелерде эсептери бар.
12.13. Университет көрсөткөн билим берүү кызматтарына акы төлөө улуттук валютада, Университеттин кассасына накталай төлөө же Университеттин банк эсебине акча каражаттарын которуу аркылуу жүргүзүлөт.
12.14. Окуу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү окуу жылына кирешелер жана чыгашалар сметасынын негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат. Университет көрсөткөн акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарына тарифтеринин прейскуранты, ошондой эле кирешелердин жана чыгашалардын сметасы Университеттин ректору тарабынан бекитилет. Акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарына тарифтердин экономикалык негиздемеси болуп Университеттин тийиштүү кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга негизделген чыгымдарынын базасында аныкталуучу өздүк наркы эсептелет.
12.15. Акы төлөнүүчү билим берүү иши ишкердик катары каралбайт, андан алынган киреше толук көлөмдө билим берүү процессин камсыздоо боюнча чыгымдарды жабууга жумшалат.
12.16. Финансы каражаттарын пландоонун, бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун ачык-айкындуулугун жогорку деңгээлде камсыздоо максатында Университетте Финансы комитети түзүлөт жана иштейт.
12.17. Финансы комитетинин ишин уюштуруу окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилген Университеттин Финансы комитети жөнүндө тийиштүү жобо менен регламенттелет.
12.18. Уставдык максаттарга жетүү үчүн Университет Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Университеттин Уставы менен тыюу салынбаган ишкердикти жүргүзүүгө укуктуу.
12.19. Университет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзөт.
12.20. Университетте бухгалтердик отчеттун маалыматтарынын аныктыгы үчүн жооптуу адамдар жана Университеттин менчигин уурдоону жашыруу максатында отчетторду бурмалоого жол берген түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.
13. Эл аралык иш
13.1. Университет башталгыч, орто, жогорку, ЖОЖдон кийинки жана кошумча кесиптик билим берүү, илимий, илимий-техникалык, окутуучулук жана башка иштер жаатында эл аралык кызматташтыкты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле эл аралык келишимдерге ылайык төмөнкүлөр аркылуу жүргүзөт:
- студенттерди, магистранттарды, аспиранттарды, докторанттарды, педагогикалык жана илимий кызматкерлерди эки жана көп тараптуу жиберишүү программаларына катышуусу;
- чет өлкөлүк студенттерди, магистранттарды, аспиранттарды жана докторанттарды окутуу;
- Университеттин студенттерин, магистранттарын, аспиранттарын жана докторанттарын чет өлкөгө окууга жана стажировкага жиберүү;
- Университеттин окутуучуларын, илимий кызматкерлерин жана башка кызматкерлерин чет өлкөгө жиберүү:
- биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, ошондой эле конгресстерди, конференцияларды, симпозиумдарды жана башка иш-чараларды өткөрүү;
- эл аралык ассоциациялардын жана уюмдардын ишине катышуу;
- башталгыч, орто, жогорку, ЖОЖдон кийинки жана кошумча кесиптик билим берүүнү жакшыртуунун эл аралык программаларына катышуу;
- эл аралык кызматташтыктын башка түрлөрүнө катышуу.
13.2. Университетте чет мамлекеттердин жарандарынын даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, Университеттин кызматкерлеринин чет өлкөдөгү окутуучулук жана илим-изилдөө иштери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана мамлекеттер аралык макулдашуулардын, чет мамлекеттердин билим берүүнү башкаруучу тийиштүү органдарынын ортосундагы макулдашуулардын, ошондой эле Университеттин чет өлкөлүк юридикалык жактар, анын ичинен окуу жайлар, же чет өлкөлүк жарандар менен түзүлгөн келишимдеринин негизинде ишке ашырат.
13.3. Университет төмөнкүлөргө укуктуу:
- өкмөттүк эмес эл аралык уюмдарга кирүүгө;
- чет өлкөлүк өнөктөштөр менен биргелешип иштөө жөнүндө келишимдерди түзүүгө;
- чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн катышуусу менен билим берүүчү түзүмдүк бөлүмдөрдү, борборлорду, лабораторияларды, технопарктарды жана башка бөлүмдөрдү түзүүгө;
- эл аралык билим берүү ассоциацияларына жана консорциумдарга катышууга;
- ар кандай булактардын эсебинен каржылануучу эл аралык билим берүү жана инвестициялык долбоорлорго катышууга.
14. Корутунду жоболор
14.1. Устав жана ага киргизилүүчү өзгөртүүлөр менен толуктоолор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
14.2. Университет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайра уюштурулат жана өз ишин токтотот.