Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-июлу № 371
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 118 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" жана "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 118 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жободо:
- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу.";
- 6-пунктунда:
"а)" пунктчасындагы он алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- калкты жана саламаттык сактоо уюмдарын сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо үчүн дары каражаттарын, медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзөт жана жүргүзөт.";
"б)" пунктчасындагы сегизинчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жеке медициналык мекемелер жана жеке ишкерлер тарабынан жүзөгө ашырылуучу медициналык ишке (жеке медициналык мекемелерде же жеке ишкерлерде жалданып же эмгек келишими боюнча иштеген, медициналык кызматкерлердин ишинен тышкары), ошондой эле фармацевттик ишке лицензия берет.";
- "б)" пунктчасындагы тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- "в)" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
"- ата мекендик дары каражаттары менен медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөрдү өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт;";
- 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- адам укуктары боюнча эл аралык органдарга мезгилдүү баяндамаларды даярдоого, ошондой эле Кыргыз Республикасы тарабынан адам укуктары жаатындагы эл аралык келишимдердин жоболорун аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук мезгилдүү баяндамаларын тапшырууга катышууга.".
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |