Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-августу № 389
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев демилгелеген "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 389 токтому менен жактырылган |
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ''Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев демилгелеген "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгү менен "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесинин 2-бөлүгүн жаңы редакцияда баяндоо каралган, ага ылайык "Болгон инфраструктурага кирүү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн кирүү маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык, ал эми алар болбогон учурда тиешелүү деңгээлдеги кирүү боюнча Кеңештин сунуштамасынын негизинде инфраструктуранын менчик ээлери же башка ээлери тарабынан камсыз кылынат. Кирүү боюнча Кеңеш ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн болгон инфраструктурага тиешелүү деңгээлде ыңгайлашуунун үнөмдүү жана заманбап ыкмаларын сунуштоого тийиш.".
Ошондой эле Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгү менен жогоруда аталган Мыйзамды Өкмөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы түзүүчү Кирүү боюнча кеңештин ыйгарым укуктарын жана иштерин регламенттештирүүнү караган 45-1-берене менен толуктоо сунушталат.
Ошентип Мыйзам долбоорунун аталган беренесине ылайык "Өкмөт тарабынан түзүлгөн Кирүү боюнча кеңеш республикалык бюджеттин эсебинен курулган же курулуп жаткан инфраструктурага кирүү шарттарын түзүүнүн ыкмалары боюнча сунуштамаларды берүүгө жана материалдарды тиешелүү мамлекеттик органдарга жиберүүгө, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жашоо-тиричиликтин ар түрдүү чөйрөлөрүнө кирүү шарттарын камсыз кылуу боюнча сунуштамаларды берүүгө укуктуу".
Ошону менен катар, инфраструктурага ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кирүү шарты тиешелүү ченемдик укуктук актыларда камтылууга тийиш, так регламенттештирилген болушу керек жана укук мамилелеринин бардык катышуучулары үчүн милдеттүү мүнөзгө ээ болушу керек деп эсептейбиз.
Бирок белгилей кетчү жагдай, Мыйзам долбооруна ылайык Кирүү боюнча кеңештин чечими сунуштама мүнөзгө ээ жана менчик ээлери же инфраструктуранын башка ээлери тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болуп эсептелбейт, бул өз кезегинде укук колдонуу практикасында аларды ишке ашырууну оорлотот.
Ошону менен катар "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга турак жайга, коомдук, администрациялык жана өндүрүштүк имараттарга, курулмалар менен бөлмөлөргө, эс алуу жайларына жана башка маданий-оюн-зоок мекемелерине кирүүгө, ошондой эле коомдук транспорттон, транспорт коммуникацияларынан, байланыш жана маалымат каражаттарынан тоскоолдуксуз пайдаланууга, ээн-эркин багыт алууга жана барып-келүүгө шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү экендигин эске алуу керек.
Ошондой эле жогоруда аталган Мыйзамдын 45-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар алардын менчигинде же карамагында болгон инфраструктура объекттеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кириши үчүн зарыл болгон шарттарды камсыз кылууга милдеттүү экенин белгилейбиз.
Баяндалгандарды эске алуу менен Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1 жана 2-бөлүгүнүн жоболорун талдоону жана Кирүү боюнча кеңешти түзүү максатка ылайыктуулугу бөлүгүндө кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
2. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгү менен "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын мамлекеттик реестрин уюштуруу, түзүү жана жүргүзүү маселелерин регламенттөөчү 8-1 глава менен толуктоо сунушталууда.
Ошону менен катар, Мыйзам долбооруна негиздеме-маалым катта белгиленгендей майыптуулугу бар адамдардын реестрин жүргүзүү баштапкы этапта республикалык бюджеттен чыгымдарды талап кылат. Мында чыгымдардын так эсебин жүргүзүү мүмкүн эмес деп көрсөтүлөт, себеби маалыматтар базасын түзүү боюнча белгилүү бир иштер электрондук Өкмөттү түзүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдар тарабынан өткөрүлөт, ушуга байланыштуу Мыйзам долбооруна берилген негиздеме-маалым катта финансылык-экономикалык эсептөөлөр жок жана каржылоо булактары аныкталган эмес.
Ушуга байланыштуу белгилей кетчү жагдай "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык ченемдик укуктук актынын долбоорунун негиздеме-маалым каты аны каржылоо булактарынын болушун камтууга тийиш.
Ушуга байланыштуу бул Мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттарга керектөө эсептерин жүргүзүүнү жана Мыйзам долбооруна негиздеме-маалым катты тиешелүү финансы-экономикалык эсептөөлөрдү тиркөө менен каржылоо булактарынын барлыгы тууралуу маалымат менен толуктоону сунуш кылабыз.
Жогоруда баяндалгандарды эске алып, белгилей кетчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каржылоо булагын аныктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
Ошондой эле эске ала турган жагдай, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого тийиш.
3. Мыйзам долбоорунун текстинде (1-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү) жалпыланган жана конкреттүү эмес аныктамалар, ошондой эле бланкеттик шилтемелер колдонулган, алар "Өкмөт тарабынан аныкталган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга", ''жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан аныктаган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга", "башка ыңгайлуу ыкмалар менен", "мыйзамдарда каралган башка максаттарда", "башка компенсациялар же жеңилдиктер", "Өкмөт тарабынан аныктаган башка маалыматтар", "башка атайын каражаттар", булар укук колдонуу практикасындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн болушуна өбөлгө түзөт, себеби тиешелүү субьектиге кеңири дискрециялык ыйгарым укуктарды берет.
Ушуга байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 78-пунктуна ылайык жалпысынан мыйзамдарга бланкеттик шилтемелерди колдонууга жол берилбейт, Мыйзам долбоорунун тиешелүү жоболорун кайра карап чыгууну жана конкреттештирүүнү сунуш кылабыз.
4. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келтирүү, ошондой эле майыптуулугу бар адамдардын реестрин түзүү боюнча ишти уюштуруу тапшырылган.
Мында "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Ошону менен катар, кайра карап чыгууга тиешелүү болгон ченемдик укуктук актылар тууралуу маалымат каралып жаткан Мыйзам долбоорун кабыл алган учурда Мыйзам долбооруна негиздеме-маалым катта чагылдырылган эмес.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбооруна негиздеме-маалым катты "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин талаптарына ылайык жеткире иштеп чыгууну сунуштайбыз.
5. Мындан тышкары, Мыйзам долбоорунун алкагында ошол эле учурда "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайбыз.
Бул сунуш аталган Мыйзамдын 25-беренеси ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 5 жылда бир жолу санатордук-курорттук жолдомолорду берүү мөөнөтүн чектегендиги менен шартталган, бул ден соолугунун абалы боюнча санатордук-курорттук дарыланууга өтө муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санатордук-курорттук дарыланууга жолдомолорду алуу үчүн тоскоолдук болуп эсептелет.
Ушуга байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын санатордук-курорттук дарыланууга жол-жоболорун өркүндөтүү максатында жогоруда аталган Мыйзамдын 25-беренесин төмөнкү редакцияда баяндоону сунуш кылабыз:
"25-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын санатордук-курорттук дарылануусу
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын санатордук-курорттук дарылануусу арыз берүүчүнүн жашаган жери боюнча социалдык коргоо органдары тарабынан камсыздалат.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санатордук-курорттук дарыланууга жолдомо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен берилет.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санатордук-курорттук дарыланууга жолдомо берүү тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын инфраструктурага жетүүсүн камсыз кылган, аларды коомго интеграциялоо үчүн шарттарды түзүүгө багытталган комплекстүү чаралар көрүлүп жатканын маалымат катары кошумча билдиребиз.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын коргоо жана жашоо-турмушун жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 34 "Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы кабыл алынган.
Жогоруда аталган Конвенциянын 1-беренесине ылайык мамлекет-катышуучулар майыптуулук белгилери боюнча кандайдыр бир түрдөгү басмырлоосуз бардык майыптардын негизги эркиндиктерин жана бардык адам укуктарын толук ишке ашырууну камсыздоого жана колдоого милдеттенишет. Ушул максатта мамлекет-катышуучулар аталган Конвенцияда каралган укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн бардык тиешелүү мыйзам, административдик жана башка чараларды көрүүгө милдеттенет.
БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-майындагы № 143-б буйругу менен БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.
Аталган ведомстволор аралык жумушчу топко 2019-2022-жылдарга Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциянын жоболорун ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги чаралар планынын долбоорун, ошондой эле коомдук турмуштун ар түрдүү чөйрөлөрүндө майыптарды басмырлоону болтурбоого багытталган "Жеткиликтүү өлкө" программасынын долбоорун иштеп чыгуу жана каржылоо булактарын аныктоо менен республиканын шаарларында, райондорунда жана айылдарында жеткиликтүү инфраструктураны түзүү тапшырылган.
БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бул Конвенцияга ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын имплементациялоо жана шайкеш келтирүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт, ошондой эле артыкчылык тартипте инфраструктура объекттерине ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жетүүсүн камсыз кылуу маселеси каралган, бул сунуш кылынган Мыйзам долбоорунун максаттарына ылайык келет.
Жалпысынан сунуш кылынган мыйзам долбоору дыкаттык менен иштеп чыгууга, ошондой эле "Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мыйзам чыгаруу техникасынын эрежелерине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамага шайкеш келтирилүүгө муктаж экендигин белгилейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул корутундуда баяндалган эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен сунуш кылынган Мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгууну максатка ылайыктуу деп эсептейт.