Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 448 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ | ||
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-августундагы № 397 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 39 токтомунун редакциясына ылайык)
Ушул Жобо "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация берүү тартибин жана шарттарын аныктайт.
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо республикалык бюджеттен төмөнкүлөргө мамлекеттик дотация берүү тартибин белгилейт:
- жаздык жана күздүк буудайдын, арпанын, кант кызылчасынын, пахтанын, жүгөрүнүн, төө буурчактын, беденин жан эспарцеттин (мындан ары - артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрү) оригиналдуу (суперэлита) жана элиталык үрөндөрүн өндүрүү жана сатуу үчүн расмий статусу бар үрөнчүлүк чарбаларына;
- биринчи жана экинчи репродукциядагы артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөндөрүн өндүрүүчү жана сатуучу экинчи топтогу үрөнчүлүк чарбаларына.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 39 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Дотациялануучу үрөндөрдү берүү үчүн үрөнчүлүк чарбасын тандоодогу негизги критерийлер болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбалары жөнүндө жобого ылайык ыйгарылган үрөнчүлүк чарбасынын статусунун болушу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктык жана ижара төлөмдөрү, камсыздандыруу төгүмдөрү жана кредиттер боюнча карыздарынын жоктугу;
- сорт жаңыртуу жана сорт алмашуу;
- түзүмүндө Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берилген артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторунун жана гибриддеринин, ошондой эле үрөндөрдү, себүүчү материалды сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматы боюнча дефицит жана артыкчылыктуу болгон айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторунун үрөндөрүн өндүрүү үчүн үрөн себүүчү аянттарынын болуусу;
- берүү үчүн үрөндөрдү, себүүчү материалды сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистери тарабынан жүргүзүлгөн талааларды инспекциялоонун натыйжалары боюнча натуралык көрсөткүчтөрдө (тонна) жогорку сорттук жана себүү сапаттарына ээ болгон артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөндөрүнүн болуусу;
- артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган жана кара көөгө каршы дарыланган үрөндөрүн алуучуларга берүүнү камсыздоо;
- үрөндүк материалды белгиленген үлгүдөгү этикеткасы менен мүшөккө салып берүү.
II. Мамлекеттик дотация берүү тартиби
3. Мамлекеттик дотация төмөнкүлөргө багытталат:
- артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн оригиналдуу (суперэлита) үрөндөрүн өндүрүүчү жана сатуучу үрөнчүлүк чарбаларына;
- сорт жаңылоо жана сорт алмаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берилген өсүмдүктөрдүн сортторунун жана гибриддеринин мамлекеттик реестрине (мындан ары - Мамлекеттик реестр) киргизилген артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн элита жана биринчи репродукциядагы сорттук үрөндөрүн өндүрүүчү жана сатуучу биринчи топтогу үрөнчүлүк чарбаларына;
- Мамлекеттик реестрге киргизилген сорттордун биринчи жана экинчи репродукциясындагы артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөндөрүн өндүрүүчү жана сатуучу экинчи топтогу үрөнчүлүк чарбаларына.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 39 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн оригиналдуу (суперэлита) жана элита, биринчи муундагы сортторунун жана гибриддеринин биринчи жана экинчи репродукциядагы сатылуучу үрөндөрүн өндүрүүгө кеткен сарптоолорунун 30 пайыздык наркынын өлчөмүндө берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 39 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик дотацияны төлөөгө бөлүнгөн финансы каражаттарынын пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
6. Үрөнчүлүк чарбалары боюнча мамлекеттик дотация үчүн бөлүнүүчү акча каражаттарынын пайдаланылышын контролдоо жыл сайын айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары жана үрөндөрдү, себүүчү материалды сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын райондор аралык борборлору жана алардын филиалдары даярдаган актылардын негизинде ишке ашырылат.
III. Квоталарды бөлүштүрүү тартиби
7. Артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук оригиналдуу (суперэлита) жана элита үрөндөрүнө квоталарды бөлүштүрүү айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ал бекиткен сорт жаңыртуунун жана сорт алмаштыруунун ар жылдык планынын негизинде ишке ашырылат.
Артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук оригиналдуу (суперэлита) үрөндөрүнүн түрлөрү боюнча сорттук сертификатталган үрөндөрүнө квоталар биринчи топтогу статусу бар үрөнчүлүк чарбалары үчүн гана бөлүштүрүлөт.
8. Айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган ар бир облус үчүн сорттук сертификатталган үрөндөргө квоталар райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына жана үрөндөрдү, себүүчү материалды сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет, алар квоталарды өз району боюнча керектөөлөрдү эске алуу менен бөлүштүрүшөт.
9. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын чечими менен, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын айыл чарбасын тейлеген орун басарынын төрагалыгы алдында түзүлүүчү, курамында райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги, үрөндөрдү, себүүчү материалды сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү, айыл өкмөтүнүн өкүлү (макулдашуу боюнча) жана райондук социалдык коргоо башкармалыгынын өкүлү болгон райондук комиссиялар айыл аймактары боюнча үрөндөргө квоталарды алардын керектөөлөрүн эске алуу менен бөлүштүрүшөт, дотациялык үрөндөрдү берүү үчүн үрөнчүлүк чарбаларын аныкташат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 39 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Төмөнкү учурларда квота кайра алынып жана башка үрөн чарбасына берилиши мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук үрөндөрүн өндүрүү технологияларынын бузулушу аныкталганда;
- артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн себүү жана сорттук сапаты жасалмаланганда;
- үрөн материалына документтер жасалмаланганда.
IV. Чечим кабыл алуу жана үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация төлөө тартиби
11. Райондук комиссия тарабынан үрөндү себүү фактысы текшерилгенден кийин, ар бир айыл аймагы боюнча, үрөн алуучунун катышуусу менен үрөндөрдү максаттуу пайдалануу жөнүндө акт эки нускада түзүлөт, анын бири үрөн алуучуда калат, экинчиси райондук комиссияга жөнөтүлөт.
Райондук комиссия алуучу тарабынан үрөн максатсыз пайдаланылган фактыны аныктаган учурда, бул алуучу республикалык бюджеттин эсебинен дотациялануучу үрөндөрдү андан ары алуу укугунан ажыратылат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 39 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Мамлекеттик дотация алуу үчүн артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн оригиналдуу (суперэлита) үрөндөрүн өндүрүүчү жана сатуучу үрөнчүлүк чарбалары жана сорт жаңылоо жана сорт алмаштыруу максатында артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн элита үрөндөрүн өндүрүүчү жана сатуучу биринчи топтогу үрөнчүлүк чарбалары үрөндөрдү берүү боюнча райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына төмөнкү документтерди беришет:
- үрөн алуучулардын тизмесин;
- айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен үрөнчүлүк чарбасынын ортосунда түзүлгөн келишимдерди;
- үрөнчүлүк чарбасы менен үрөндөрдү алуучулардын ортосунда түзүлгөн келишимдерди;
- продукциянын көлөмүн жана бирдиги үчүн баасын көрсөтүү менен ар бир алуучуга товардык-транспорттук коштомо кагаздын көчүрмөлөрүн;
- райондук комиссиялардын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлган дотациялык үрөндү ар бир алуучунун максаттуу колдонушу жөнүндө райондук комиссиянын актылары.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 39 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен Сорт жаңылоо жана сорт алмаштыруу планына шайкеш келген учурда, алар үрөндөрдү, себүүчү материалды сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан айыл чарба жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
14. Экинчи топтогу үрөнчүлүк чарба мамлекеттик дотация алуу үчүн ушул Жобонун 12-пунктунда аталган документтерди райондук комиссияга берет.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 39 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Берилген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтын анык эместиги үрөнчүлүк чарбасына мамлекеттик дотация берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн негиз болуп эсептелет.
Мамлекеттик дотация берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда үрөнчүлүк чарбасына тиешелүү кат жүзүндөгү кабарлоо жиберилет.
16. Берилген документтердеги маалыматтардын аныктыгы үчүн үрөнчүлүк чарбасы "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартат.
17. Ушул Жобонун 12-пунктунда аталган документтер райондук комиссия тарабынан каралат. Алар жактырылган учурда, документтер райондук комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилет жана үрөндөрдү, себүүчү материалды сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт.
18. Облуска топтолгон бардык документтер текшерилгенден кийин айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик дотация төлөө же берилген документтердеги маалыматтар анык болбогон учурда аны төлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат жана мамлекеттик дотация алуучуларга тиешелүү кат жүзүндөгү кабарлоону жиберет.
19. Үрөнчүлүк чарбаларга мамлекеттик дотация төлөө ушул Жобонун 18-пунктунда аталган мамлекеттик дотацияны төлөө жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 15 жумуш күндөн кечиктирилбей, айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан учурдагы жылга республикалык бюджетте бул максат үчүн каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 39 токтомунун редакциясына ылайык)
V. Форс-мажордук жагдайлар
20. Үрөнчүлүк чарбалары жана дотациялык үрөндөрдү алуучулар тарабынан милдеттенмелердин аткарылышына объективдүү тоскоолдук жаратуучу ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыккан учурда, дотациялык үрөндөрдү алуучуларга зыяндын ордун толтуруу шарттары ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн үрөнчүлүк чарбасы менен дотациялык үрөндөрдү алуучулардын ортосунда түзүлгөн келишимде айтылат.