Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 377 токтомуна) |
Товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жободо Товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине (мындан ары - Реестр) киргизүү үчүн товардык кампалардын документтерин кароо тартиби, товардык кампада каттоодон баш тартуу жана товардык кампаны Реестрде каттоо жөнүндө күбөлүктүн (мындан ары - күбөлүк) жарактуулугун токтотуу тартиби, күбөлүктүн жарактуулугун токтото туруу жана калыбына келтирүү тартиби аныкталган, жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) менен айыл чарба жана кайра иштетилген айыл чарба продукцияларын (мындан ары - продукция) сактоого кызыкдар болгон товардык кампаларга талаптар белгиленген, ошондой эле айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) Реестрди жүргүзүү тартиби аныкталган.
2. Кампа күбөлүктөрүн чыгарбастан (бербестен) продукцияларды кампада сактаган товардык кампаларга ушул Жобонун аракети жайылтылбайт жана алар өз ишин Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте ишке ашырышат.
3. Ушул Жободо "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген маанидеги негизги терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат.
2. Кампа күбөлүктөрүнүн документтерин кароо тартиби
4. Товардык кампа ушул Жобонун 34-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген шарттарда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик жана расмий тилдерде товардык кампанын юридикалык жак катары толук фирмалык аталышын, катталган номерин, ИСН, ОКПО кодун, жайгашкан жерин, Реестрде катталган датасын көрсөтүү менен күбөлүк берет.
5. Товардык кампаларды каттоого алган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Реестрге товардык кампанын маалыматтарын киргизүү жана Реестрде катталгандыгы тууралуу күбөлүк берүү жөнүндө чечим кабыл алат же товардык кампага Реестрге киргизүү жөнүндө арызды кароо үчүн зарыл болгон бардык документтер катталган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде аталган Реестрге киргизүүдөн жүйөлүү баш тартуу жиберет.
6. Төмөнкү жактар товардык кампанын атынан арыз берүүчү болуп катыша алат:
- юридикалык жак катары товардык кампаны түзүүчү (катышуучу);
- ишеним каттын негизинде аракеттенген башка жак.
7. Товардык кампаны Реестрге киргизүү үчүн ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык формада арыз берилет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) уюм катары товардык кампанын ишин жүргүзүүчү юридикалык жактын фирмалык аталышы, анын уюштуруучулук-укуктук формасы;
2) товардык кампанын ишин жүргүзүүчү юридикалык жак катары товардык кампанын ИСН, ОКПО коду;
3) аткаруучу органдын (Директорлор кеңешинин) курамына кирген адамдардын аты-жөнү, адистиги;
4) товардык кампанын жайгашкан жери (иш жүзүндөгү дареги);
5) товардык кампанын классы, анын көлөмү жана аянты;
6) кампада сактоого адистештирилген товардык кампанын айыл чарба продукциясынын түрү;
7) жеке капиталынын өлчөмү;
8) кампага менчик, ээлик кылуу жана пайдалануу укугун ырастаган документтин түрү;
9) персоналдын квалификациясы жана иш тажрыйбасы жөнүндө жалпы маалымат.
8. Арыз, ошондой эле ага тиркелүүчү документтер кагаз жүзүндө же электрондук түрдө (электрондук почта аркылуу) берилет. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
1) товардык кампа күбөлөндүргөн уюмдаштыруучу документтердин (устав, уюмдаштыруучу келишим) көчүрмөсү жана түп нускасы;
2) товардык кампа күбөлөндүргөн арыз берүүчүнүн ээлигинде турган жана кампа катары колдонууга арналган жайлардын жана (же) ачык аянтчалардын чийилген планынын көчүрмөсү жана түп нускасы;
3) товардык кампа күбөлөндүргөн товардык кампанын иши үчүн аймакка (аянтка) жана жайга ээлик кылуу жана пайдалануу укугун (кеминде үч жылга) ырастоочу документтин көчүрмөсү жана түп нускасы;
4) товардык кампа күбөлөндүргөн аудитордук уюмдун отчёту, ал жок болгон учурда - товардык кампанын финансылык абалы жөнүндө башка маалымат (бардык тиркемелери менен жылдык акыркы финансылык отчёт жана бухгалтердик баланс);
5) товардык кампаны өрттөн, суу каптоодон, жер титирөөдөн жана башка форс-мажордук кырдаалдардан, ошондой эле персонал тарабынан өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткаргандыгына же аткарбагандыгына байланышкан учурлардан камсыздандырылгандыгын ырастаган документтер (болсо);
6) күбөлүктү алуу үчүн жыйымдарды төлөгөндүгүн күбөлөндүрүүчү документ. Төлөнгөн жыйым салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарда каралган негизде жана тартипте кайтарылат;
7) товардык кампанын регламенти.
9. Товардык кампа күбөлүк алуу үчүн электрондук почта аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылганда ушул Жобонун 8-пунктунда каралган документтердин түп нускасын сканерден өткөрүү менен белгиленген формадагы сканерленген арызды толтурат жана жиберет. Мындай учурда арыз берүүчү арыздын жана берилген документтердин тизмесин кабыл алуунун датасы көрсөтүлгөн электрондук форматтагы ырастоо, ошондой эле кароонун жыйынтыгы боюнча жооп алат.
10. Арыз жана ага тиркелген документтер электрондук почта аркылуу берилген учурда арыз берүүчү күбөлүктүн түп нускасын алууда ушул Жобонун 7 жана 8-пункттарында көрсөтүлгөн документтердин түп нускасын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.
11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды жана Жобого ылайык берилген документтерди карап чыгууда товардык кампанын юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн билүүгө милдеттүү.
12. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын арыз берүүчүдөн ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралбаган документтерди талап кылуусуна тыюу салынат, ошону менен бирге ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каалаган үчүнчү жактан, ошондой эле мамлекеттик органдардан арыз берүүчү көрсөткөн маалыматтарды ырастоочу документтерди анын кошумча макулдугусуз эле сурап алууга укуктуу.
13. Документтер мамлекеттик же расмий тилдерде берилет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз жана ага тиркелген документтер менен таанышып чыккандан кийин берилген документтердин түп нускасын арыз берүүчүгө кайтарууга милдеттүү.
14. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз берүүчүнүн каттоо учурунда берген документтерин эсепке алат жана сактайт.
15. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган картографиялык сервис аркылуу товардык кампанын пландарынын жана чиймелеринин шайкештигин текшерүүгө укуктуу.
3. Товардык кампаны Реестрге каттоодон баш тартуу жана күбөлүктүн колдонулушун токтотуу тартиби жана негиздери
16. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товардык кампаны "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган негиздер боюнча Реестрде каттоодон баш тартат. Каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимде аталган Мыйзамдын ченемине милдеттүү түрдө шилтеме жасоо менен баш тартуунун негизи көрсөтүлүүгө тийиш.
17. Эгерде товардык кампа тарабынан берилген маалыматтар каттоо жөнүндө чечим кабыл алганга жетишсиз болсо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз ээсине кошумча маалымат берүү зарылдыгы тууралуу билдирүү жөнөтөт.
Кошумча маалымат беш жумуш күндөн кечиктирилбей берилиши керек. Эгерде кошумча маалымат белгиленген мөөнөттө берилбесе, же берилген кошумча маалымат товардык кампаны каттоо жөнүндө чечим кабыл алууга зарыл болгон маалыматтарды камтыбаса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мындай чечимди кабыл алуудан баш тартат жана бул тууралуу арыз ээсине себебин көрсөтүү менен кабар берет.
18. Товардык кампаны каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көрсөтүлгөн негиздер аныкталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде кабыл алынат жана аны административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте каршы чыгып, талашуусу мүмкүн.
19. Каттоодо баш тартууга негиз болгон себеп жоюлгандан кийин арыз ээси кайрадан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрыла алат.
20. Күбөлүктүн колдонулушун токтотуу "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негизде жүзөгө ашырылат.
21. Күбөлүктүн колдонулушун токтотуу жөнүндө чечим товардык кампадан же тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан тийиштүү документ келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
22. Күбөлүктүн колдонулушун токтотууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган буйрук формасында чечим кабыл алат жана күбөлүктүн колдонулушун токтотуу жөнүндө Реестрге маалымат киргизет. Күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн токтотуу товардык кампаны Реестрден чыгаруу үчүн негиз болуп саналат. Тиешелүү жазуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Реестрге күбөлүктүн токтотулушу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийинки күндөн кечиктирбей жүргүзүлөт. Реестрге маалымат киргизилген датадан тартып күбөлүктүн колдонулушу токтотулду деп таанылат.
23. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган күбөлүктү колдонууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки үч жумуш күндөн кечиктирбей товардык кампага кабыл алынган чечим тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирмени күбөлүктү колдонууну токтотуунун негиздерин көрсөтүү менен жөнөтөт.
24. Товардык кампанын Реестрге кайрадан кошуу жөнүндө арызы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Жободо каралган жалпы тартипте каралат.
Товардык кампа күбөлүктүн колдонулушун токтотуп турган себептерди жойбогондугуна байланыштуу ыйгарым укуктуу орган күбөлүктүн колдонулушун токтотсо, кайра Реестрге кошуу үчүн товардык кампанын арызы ушул Жободо каралган жалпы тартипте, Реестрден товардык кампаны чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн негиз болгон кемчиликтер жоюлгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралат.
4. Күбөлүктүн колдонулушун токтото туруу жана кайра баштоо негиздери жана тартиби
25. "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде каралган негиздер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлүктүн колдонулушун токтотууга жол берилет.
26. Товардык кампа күбөлүктүн колдонулушун убактылуу токтотуу жөнүндө чечимге административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанууга укуктуу. Эгерде талаш-тартыштар сотко чейин жөнгө салууда чечилбесе, товардык кампа соттук тартипте даттанууга укуктуу.
27. Күбөлүктүн колдонулушун токтотуу жөнүндөгү чечим "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде көрсөтүлгөн күбөлүктүн колдонулушун токтото турган жагдайлар табылган күндөн кийинки үч жумуш күндө кабыл алынат.
28. Күбөлүктүн колдонулушун токтоткон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган буйрук формасында чечим кабыл алат жана Реестрде күбөлүктүн колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматты киргизет. Реестрге маалымат киргизилген датадан тартып күбөлүктүн колдонулушу токтотулду деп таанылат.
29. Күбөлүктүн колдонулушу токтотулган мөөнөттө товардык кампа бузууларды жойгон шартта күбөлүктүн колдонулушу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кайра улантылат.
30. Күбөлүктүн колдонулушу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлүктүн колдонулушу токтотулуп турган мөөнөт аяктагандан кийинки күнү, товардык кампа талаптардагы бузууну жок кылган шартта, же "Кампа күбөлүктөрү жана товардык кампалар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуулар мөөнөтүнөн эрте жоюлган учурда, колдонулушу токтотулган белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин кайра калыбына келтирилет.
Эгерде товардык кампа "Кампа күбөлүктөрү жана товардык кампалар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузгандыгын жок кылбаса, ошол эле учурда күбөлүктүн колдонулушун токтотуп туруу мөөнөтү өтүп кетсе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган күбөлүктү колдонууну токтотууга жана Реестрге тиешелүү маалымат киргизүүгө милдеттүү.
31. Эгерде товардык кампа белгилүү болгон тартип бузууларды мөөнөтүнөн эрте жок кылган учурда, бул тууралуу тартип бузууну айкындаган ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө кабарлайт жана текшерүү жүргүзүүнү демилгелейт.
32. Белгилүү болгон тартип бузуулардын жок болгонун текшерүү товардык кампанын тартип бузууларды мөөнөтүнөн эрте жок кылганы жөнүндө кабарлоону алгандан кийин отуз күндүк мөөнөттөн ашпаган мезгилде жүргүзүлөт. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча товардык кампага жазуу жүзүндө күбөлүктүн колдонулушун улантуу же тиешелүү негиздемелерге ылайык улантуудан баш тартуу жөнүндө чечимин жөнөтөт жана Реестрге тиешелүү маалымат киргизилет.
33. Реестрге бул жөнүндө маалымат киргизилген датадан баштап күбөлүктүн колдонулушу улантылган болуп эсептелет.
5. Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) менен айыл чарба продукцияларын кампага сактоо боюнча ишти жүзөгө ашырган товардык кампаларга карата талаптар
34. Товардык кампа төмөнкүдөй шартта күбөлүк ала алат:
1) товардык кампанын жеке капиталы арыз берилген учурда анын классына ылайыктуу сумманы түзүшү керек;
2) товардык кампанын менчик, ээлик кылуу жана кампа жайларын пайдалануу укугун ырастоочу документтин негизинде адистештирилген кампа жайы бар. Товардык кампанын аймагы продукцияларды ташып киргизүү жана ташып чыгаруу үчүн өтүү жолдору болушу керек;
3) товардык кампа төмөнкүдөй жоболорду камтыган ички регламенти бар:
а) продукцияларды кабыл алуу, сактоо жана кайтарып берүү тартиби;
б) кампа күбөлүктөрүн чыгаруу, мурда берилгендерин жаңысына алмаштыруу, мөөнөттөрүн көрсөтүү менен кампа күбөлүктөрүн жабуу жол-жобосу;
в) продукцияларды кампага сактоого байланыштуу башка кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү жана тартиби;
г) продукцияларды кампага сактоо жана продукцияларды кампага сактоо менен байланыштуу кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин өлчөмү;
д) кош жана жөнөкөй кампа күбөлүктөрүнүн реестрин жүргүзүү тартиби;
е) продукцияларды уурдоодон же жарым-жартылай жана толук жоголушунан коргоо үчүн товардык кампа тарабынан көрүлүүчү чаралар, товардык кампанын жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу жөнүндө шарттар жок болгондо, продукциянын менчик ээсинин чыгымдарынын ордун толтуруу тартиби жана мөөнөтү;
ж) продукцияны сактоодо келип чыгуучу табигый жоготуулардын өлчөмү;
4) товардык кампанын тиешелүү квалификациясы жана зарыл болгон иш тажрыйбасы менен персоналы бар;
5) товардык кампа техникалык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган талаптарга жооп берет.
6. Реестрди жүргүзүү тартиби
35. Реестрде төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
1) Товардык кампанын аталышы, анын уюштуруу-укуктук формасы жана жайгашкан дареги (иш жүзүндөгү дареги), телефон номери, электрондук почтасынын дареги;
2) юридикалык жак катары товардык кампанын ИСН, ОКПО коду;
3) жеке капиталынын өлчөмү;
4) адистештирилген товардык кампада сакталуучу продукциянын түрү;
5) товардык кампанын классы, сыйымдуулугу жана анын аянты;
6) аткаруу органынын (директорлор кеңешинин) курамына кирген жактын аты-жөнү;
7) кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) менен кампага сактоо боюнча товардык кампанын ишин токтотуу, токтотуп туруу жана улантуу жөнүндө маалыматтар, токтотуп туруунун мөөнөтү, токтотуу датасы, күбөлүктү колдонуу мөөнөтүн токтотуп туруу жана улантуу мөөнөтү.
36. Ушул Жобонун 35-пунктунда каралган башка маалыматтар тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Реестрге киргизилиши керек.
Ушул Жобонун 35-пунктунун 1, 3-6-пунктчаларында көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөрүлгөн учурда, товардык кампа Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын алып келүүчү негиздер орун алган убакыттан баштап он жумуш күндүн ичинде кагаз түрүндө же электрондук формада ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бул тууралуу маалымдайт.
37. Реестр электрондук формада жүргүзүлөт. Мында андагы камтылган маалыматка санкциясыз кирүүдөн жана санкциясыз өзгөртүү киргизүүдөн коргоо камсыздалууга тийиш.
38. Реестрде камтылган маалымат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке мүнөздү (жеке маалыматтарды) түзгөн маалыматтарды кошпогондо, ачык болуп саналат. Реестрге кирүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, анын расмий сайтына жайгаштыруу жана актуалдаштыруу аркылуу, анын ичинде маалыматтык технологияларды колдонуу менен камсыздалат.
|
| Товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
Арыз
1. Товардык кампанын уюм катары аталышы, анын уюштуруучулук-укуктук формасы:
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________.
2. Юридикалык жак катары товардык кампанын ИСН, ОКПО коду:
___________________________________________________________________________________.
3. Аткаруучу органдын (Директорлор кеңешинин) курамына кирген жактын аты-жөнү, адистиги:
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________.
4. Товардык кампа жайгашкан жер (иш жүзүндөгү дареги):
___________________________________________________________________________________
5. Товардык кампанын классы ________________________________________________________,
сыйымдуулугу ___________________________, аянты ___________________________________.
6. Товардык кампа адистештирилген кампага сакталуучу айыл чарба продукциясынын түрү:
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________.
7. Жеке капиталынын өлчөмү:
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________.
8. Кампага менчик укугун же ээ болуу укугун ырастаган мүлктүк келишимдин түрү:
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________.
9. Персоналдын квалификациясы жана иш тажрыйбасы жөнүндө жалпы маалымат:
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________.
Арыз берүүчүнүн колу ______________________________