Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-июлу № 369
2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздук стратегиясы
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 199 токтомунун редакциясына ылайык)
Бирдиктүү улуттук киберкоопсуздук саясатын түзүү максатында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздук стратегиясы (мындан ары - Стратегия), ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык;
- Стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы, ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары белгиленген мөөнөттө:
- Стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (мындан ары - Иш-чаралар планы) пункттарын аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
- бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте Стратегияны ишке ашыруу боюнча орто мөөнөттүү иш аракеттер планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Стратегияны ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мөөнөттөн кийинки айдын 5инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине Стратегияны жана Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты комитет бекиткен формага ылайык беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мөөнөттөн кийинки айдын 25инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчет берсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 6-августундагы N 65 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| 2-тиркеме |
Стратегияны ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 199 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Чаралар/Иш-аракеттер | Күтүлүүчү натыйжа | Ишке ашыруу мөөнөтү | Каржылоо | Жооптуу аткаруучулар |
Киберкоопсуздук жаатындагы саясатты түзүү | ||||||
1 | Киберкоопсуздукту камсыз кылуу чараларынын бирдиктүү системасын түзүү | 1.1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген, киберкоопсуздукту камсыздоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик бийлик органын аныктоо. | 1.1. Кыргыз Республикасынын кибер коопсуздугун камсыздоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик бийлик органын аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому. | 2020-жылдын 20-июну | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар | УКМК, министрликтер жана ведомстволор |
|
| 1.2. УКМК алдындагы Маалыматтык жана киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборду түзүү. | 1.2. УКМК алдындагы Маалыматтык жана киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборду түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому. | 2020-жылдын 20-июну |
|
|
|
| 1.3. Маалыматтык жана киберкоопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссияны түзүү. | 1.3. Маалыматтык жана киберкоопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссияны түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому. | 2020-жылдын 20-июну |
|
|
|
| 1.4. Компьютердик инциденттерге жооп берүү боюнча ведомстволук топторду түзүү. | 1.4. Компьютердик инциденттерге жооп берүү боюнча ведомстволук топтор түзүлгөн. Компьютердик инциденттерге жооп берүү боюнча ведомстволук топторду түзүү жана өнүктүрүү боюнча методика иштелип чыкты. | 2023-жылдын 20-июну |
|
|
|
| 1.5. Компьютердик инциденттерге жооп берүү жаатындагы эл аралык мыкты практикага жана иш стандартына шайкеш келген CC-CERT, FIRST жана башка эл аралык форматтагы аккредитацияны алуу. | 1.5. CC-CERT, FIRST жана башка эл аралык форматтагы аккредитация алынган. | 2023-жылдын 30-декабры |
|
|
|
| 1.6(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 199 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | 1.6 |
|
| |
|
| 1.7. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, КМИ операторлору, башка жеке субъекттер менен Улуттук CERTтин өз ара аракеттенүүсүн этаптуу кеңейтүү. | 1.7. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, КМИ операторлору, башка жеке субъекттер менен Улуттук CERTтин өз ара аракеттенүүсү кеңейтилди. | 2023-жылдын 30-декабры |
|
|
|
| 1.8. Мамлекеттик органдар, КМИ объекттеринин операторлору толуктай турган, ошондой эле жеке уюмдар жана кызыкдар жактардын толуктоосу үчүн ачык болгон УКМК караштуу Маалыматтык жана киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун алдында Компьютердин начар корголушу жана зыяндуу ПК тууралуу маалыматтын бирдиктүү репозиторийин түзүү. | 1.8. Компьютердин начар корголушу жана зыяндуу ПК тууралуу маалыматтын бирдиктүү репозиторийи түзүлгөн. | 2023-жылдын 20-августу |
|
|
|
| 1.9(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 199 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | 1.9. |
|
| |
|
| 1.10. Мүмкүн болуучу киберчабуулдарды болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана КМИ объекттеринин операторлору үчүн алгачкы улуттук киберокууларды даярдоо жана өткөрүү. | 1.10. Мүмкүн болуучу киберчабуулдарды болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматчылары жана КМИ объекттеринин операторлору билим алган. | 2021-жылдын 30-июну |
|
|
|
| 1.11. Мамлекеттик маалыматтык системалардын, мамлекеттик маалыматтык инфраструктуралардын киберкоопсуздугуна үзгүлтүксүз аудит жүргүзүү | 1.11. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторунун маалыматтык системаларынын коопсуздугу камсыздалды | 2021-жылдын 30-декабры |
| УКМК, МТБМК |
2 | Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугун камсыз кылуунун укуктук негиздери | "Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилди | 2023-жылдын 20-декабры | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар | УКМК, министрликтер жана ведомстволор |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3 | Мамлекеттик сырларга киргизилген маалыматты камтыбаган маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо жаатындагы мамлекеттик саясатты калыптандыруу | Мамлекеттик сырларга киргизилген маалыматты камтыбаган маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу | Мамлекеттик сырларга киргизилген маалыматты камтыбаган маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо жөнүндө жобо бекитилди | 2023-жылдын 20-декабры | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар | УКМК, министрликтер жана ведомстволор |
|
|
|
|
| ||
4 | Компьютердик кылмыштуулукка каршы аракеттенүү | Эл аралык ыкмаларга ылайык компьютердик кылмыштардын курамдарын криминалдаштыруу | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилди | 2023-жылдын 20-декабры | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар | УКМК, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), ИИМ, министрликтер жана ведомстволор |
|
|
| ||||
|
|
|
|
|
|
|
5 | Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарын коргоону камсыздоо боюнча бирдиктүү ыкманы түзүү | 5.1. Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жөнүндө жобону иштеп чыгуу. | 5.1. Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жөнүндө жобо бекитилди. | 2019-жылдын 1-июлу | Республикалык бюджеттин чегинде каралган каражаттар, донордук каражаттар, жеке инвестициялар | МТБМК, УКМК, министрликтер жана ведомстволор |
|
| 5.2. Жеке маалыматтар жөнүндө мыйзамдарды сактоону көзөмөлдөө жаатында ыйгарым укуктуу болгон аткаруу бийлигинин бирдиктүү органын уюштуруу. | 5.2. Жеке маалыматтар жөнүндө мыйзамдарды сактоону көзөмөлдөө жаатында ыйгарым укуктуу болгон аткаруу бийлигинин бирдиктүү органын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими. | 2019-жылдын 30-августу | "Санарип Кыргызстан 2019-2020" санариптик трансформациялоо концепциясы программасын ишке ашыруунун алкагында 5708900 сом | Жеке маалыматтар боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган, МТБМК, УКМК |
|
| 5.3. Жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзам бузууга жоопкерчиликти белгилөө жаатында "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 5.3. "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылды. Жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жоопкерчилик киргизилди | 2020-жылдын 20-марты |
|
|
6 | Киберкоопсуздукту камсыздоо үчүн потенциалды өстүрүү жана адам ресурстарын чыңдоо | 6.1. "Киберкоопсуздук", "санариптик сабаттуулук", "компьютердик гигиена" сабактарын киргизүү максатында билим берүү стандарттарын жана билим берүү регламенттерин кайра карап чыгуу. | 6.1. Мектеп, орто жана жогорку кесиптик билим берүү программаларына тийиштүү багыттар жана адистиктер боюнча "киберкоопсуздук", "санариптик сабаттуулук", "компьютердик гигиена" сабактары киргизилди. | 2021-жылдын 20-июну | Республикалык бюджеттин чегинде каралган каражаттар, донордук каражаттар, жеке инвестициялар | БИМ, МТБМК, УКМК |
|
| 6.2. Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугун камсыздоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн адам ресурстарынын деңгээлин жана квалификациялуу адистердин потенциалын жогорулатуу | 6.2. Киберкоопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана Кыргыз Республикасынын бардык кызыкдар мамлекеттик органдарынын кызматкерлери үчүн тажрыйба алмашуу, квалификациясын жогорулатуу боюнча программалар, тренингдер жана семинарлар өткөрүлдү | 2019-2023-жылдар |
| МКК (макулдашуу боюнча), МТБМК, УКМК |
7 | Интернет тармагындагы жеке маалыматтарды коргоо маселелери боюнча калкка маалымат берүү | 7.1. Жеке маалыматтарды коргоо, киберкоопсуздуктун актуалдуу маселелери жана аны камсыздоо боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө калкка маалымат берүү | 7.1. Телеберүүлөрдө социалдык жарнама роликтери көрсөтүлдү, окуу жайларга окуу программалары киргизилди | 2019-2023-жылдар | Республикалык бюджеттин чегинде каралган каражаттар, донордук каражаттар, жеке инвестициялар | Жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, МТБМК, ММТМ |
8 | Кибергигиена жана калктын санариптик сабаттуулугу | 8.1. МКТ чөйрөсүндөгү мамлекеттик жарандык кызматкерлердин, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин кибергигиена жана санариптик сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу. | 8.1. МКТ чөйрөсүндөгү мамлекеттик жарандык кызматкерлерге, мамлекеттик органдардын жетекчилерине тренингдер, окутуулар өткөрүлдү. | 2019-2023-жылдар | Республикалык бюджеттин чегинде каралган каражаттар, донордук каражаттар, жеке инвестициялар | МКК (макулдашуу боюнча), ММТМ, МТБМК, УКМК |
|
| 8.2. Калктын бардык курактагы топтору үчүн санариптик сабаттуулук көндүмдөрүн жогорулатуучу окуу программаларын иштеп чыгуу процессине жеке секторду жана уюмдарды тартуу | 8.2. Методикалык колдонмолор иштелип чыкты | 2019-2023-жылдар |
| БИМ, ММТМ, МТБМК, УКМК |
|
| 8.3. Тиешелүү багыттар жана адистиктер боюнча мектеп, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн окуу программасына бардык сабактар боюнча кеңейтилген окуу программасына санариптик сабаттуулук маселелерин интеграциялоо | 8.3. Методикалык колдонмолор иштелип чыкты | 2019-2023-жылдар |
|
|
Пайдаланылган кыскартуулардын тизмеси:
Башкы прокуратура | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы; |
МТБМК | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети; |
МКК | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы; |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы; |
МКТ | - | маалыматтык-коммуникациялык технологиялар; |
КМИ | - | кооптуу маалыматтык инфраструктура; |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
ЧУА | - | ченемдик укуктук актылар; |
ПК | - | программалык камсыздоо; |
МКК | - | маалыматты коргоо каражаттары; |
МККК | - | маалыматты криптографиялык коргоо каражаттары; |
ӨК | - | өзгөчө кырдаалдар; |
CERT | - | компьютердик инциденттерге жооп берүү борбору. |