Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 8-апрели № 199
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июлундагы № 369 "2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздук стратегиясы" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Киберкоопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү иш-чараларды оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июлундагы № 369 "2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздук стратегиясы" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:
- 1-пунктунда:
1.5, 1.7-пунктчаларынын "Ишке ашыруу мөөнөтү" деген графасындагы "2021-жылдын 30-июну" деген сөздөр "2023-жылдын 30-декабры" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1.6, 1.9-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
1.8-пунктчасынын "Ишке ашыруу мөөнөтү" деген графасындагы "2021-жылдын 30-июну" деген сөздөр "2023-жылдын 20-августу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1.11-пунктчасынын "Ишке ашыруу мөөнөтү" деген графасындагы "июну" деген сөз "декабры" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2, 3, 4-пункттары ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
|
| Тиркеме |
"
2 | Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугун камсыз кылуунун укуктук негиздери | "Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилди | 2023-жылдын 20-декабры | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар | УКМК, министрликтер жана ведомстволор |
3 | Мамлекеттик сырларга киргизилген маалыматты камтыбаган маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо жаатындагы мамлекеттик саясатты калыптандыруу | Мамлекеттик сырларга киргизилген маалыматты камтыбаган маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу | Мамлекеттик сырларга киргизилген маалыматты камтыбаган маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо жөнүндө жобо бекитилди | 2023-жылдын 20-декабры | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар | УКМК, министрликтер жана ведомстволор |
4 | Компьютердик кылмыштуулукка каршы аракеттенүү | Эл аралык ыкмаларга ылайык компьютердик кылмыштардын курамдарын криминалдаштыруу | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилди | 2023-жылдын 20-декабры | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар | УКМК, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), ИИМ, министрликтер жана ведомстволор |
Төрага | А.У. Жапаров |