Редакцияот 10.01.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2014-жылдын 10-январы № 5

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин күбөлүгүнүн үлгүсүн бекитүү жөнүндө

“Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 6-бөлүгүнө жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  23-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык,  “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин күбөлүгүнүн үлгүсү бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана

референдум өткөрүү боюнча борбордук

комиссиясынын төрагасы

 

 

Т. Абдраимов