Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-августу № 412
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2019-жылдын сентябрь-ноябрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 2-августундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2019-жылдын сентябрь-ноябрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 17, 21 жана 31-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары запаска бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте:
- чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары жок, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган эркек жарандарды 2019-жылдын сентябрь-ноябрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу боюнча иш-чараларды уюштурсун;
- райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын түзсүн, аларды медициналык текшерүү үчүн зарыл болгон медициналык мүлк жана инструменттер менен жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары менен камсыз кылсын;
- жарандардын маалымдалышын жана аскер комиссариаттарына уюшкандыкта келишин камсыздоо боюнча чараларды көрсүн жана зарыл болсо аларды автотранспорт менен жеткирүүнү уюштурсун.
3. Республикалык чакыруу комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин жана ага райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын жетектөө, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерине жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын кароо, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерин тандап текшерүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктар жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- аскер комиссариаттарынын суроо-талаптары боюнча райондук (шаардык) чакыруу комиссияларында чакырылуучуларды медициналык текшерүүдөн өткөрүү үчүн квалификациялуу дарыгер-адистерди жана орто медициналык персоналды бөлүп берсин;
- мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жарандарды кызмат өтөөчү жерге жөнөтүү алдында контролдук медициналык кароодон өткөрүү үчүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Балыкчы, Талас жана Кадамжай шаарларындагы жыйноо пункттарын дарыгер-адистер (терапевт, хирург, невропатолог, дерматолог, окулист, отоларинголог, стоматолог, психиатр, рентгенолог-фтизиатр) жана орто медициналык персонал менен камсыз кылсын;
- ден соолугунун абалы кошумча изилдөөлөрдү талап кылган чакырылуучуларды дарылоочу-профилактикалык мекемелерде кезексиз стационардык (амбулаториялык) медициналык текшерүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- аскердик милдетти аткаруудан качкан адамдарды издөө, кармоо жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына алып келүү иштерин жүргүзсүн;
- райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жарандардын соттуулугу, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылгандыгы жөнүндө маалыматтарды берсин;
- аскер комиссариаттарында, жыйноо пункттарында жана чакырылгандарды салтанаттуу узатуучу жерлерде коомдук тартипти сактоону камсыз кылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Республикалык чакыруу комиссиясынын КУРАМЫ
Астаркулов А.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын чакыруу башкармалыгынын начальниги, комиссиянын төрагасы. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Бакиров Ж.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Ибраева Н.С. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси; |
Мурзаматов К.М. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын улук инспектору; |
Абакиров Д.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын офицери; |
Мураталиев Б.О. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын офицери; |
Назаралиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын офицери; |
Султанов М.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын офицери; |
Жандармов Р.А. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын офицери; |
Шаршеев Т.И. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын Балыкчы шаарындагы жыйноо пунктунун начальниги; |
Абдраимов Т.О. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын Ош шаарындагы жыйноо пунктунун начальниги; |
Сапаралиев И.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын Жалал-Абад шаарындагы жыйноо пунктунун начальниги; |
Мамбеталиев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын чакыруу бөлүмүнүн башкы адиси, улук-дарыгер (Республикалык жыйноо пунктунда); |
Матазов Б.А. | - | Ош шаарындагы облустар аралык бириккен клиникалык оорукананын уролог дарыгери (Ош облустук жыйноо пункту); |
Кочкоров М.К. | - | Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун клиника-диагностика бөлүмүнүн хирург дарыгери; |
Гапаров Н.С. | - | Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун лор дарыгери (Кадамжай райондук жыйноо пункту); |
Ташмамбетова Г.Б. | - | Балыкчы шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун терапевт дарыгери, өспүрүмдөр дарыгери (Балыкчы жыйноо пункту); |
Жумабекова И.М. | - | Талас облусунун үй-бүлөлүк медицина борборунун терапевт дарыгери, өспүрүмдөр дарыгери (Талас облустук жыйноо пункту). |
Резерв: | ||
Абдылдаева Г.М. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук фтизиатрия борборунун амбулатория-диагностика бөлүмүнүн башчысы (Республикалык жыйноо пункту); |
Шананова Г.Т. | - | Ош шаарындагы облустар аралык бириккен клиникалык оорукананын терапевт дарыгери (Ош жыйноо пункту); |
Эсенбаева Г.Б. | - | Жалал-Абад шаардык № 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун терапевт дарыгери (Жалал-Абад жыйноо пункту); |
Миталипов К.К. | - | Баткен облусунун Кадамжай шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун дарылоо-консультация бөлүмүнүн башчысы (Кадамжай жыйноо пункту); |
Самакова Н.Ж. | - | Балыкчыдагы № 2 үй-бүлөлүк медицина борборунун терапевт дарыгери (Балыкчы жыйноо пункту); |
Абдраимова Н.М. | - | терапевт дарыгер, Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары, (Талас жыйноо пункту). |