Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-августу № 424
"Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1994-ж., № 3, 68-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын аталышы "Чет өлкөлүк граждандардын" деген сөздөрдөн кийин "жана граждандыгы жок адамдардын" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 1-статьясындагы экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
3) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-статья менен толукталсын:
"1-1-статья. Кыргыз Республикасындагы граждандыгы жок адамдар
Кыргыз Республикасындагы граждандыгы жок адам болуп Кыргыз Республикасынын гражданы болуп саналбаган жана чет мамлекеттин граждандыгына өзүнүн таандык экендиги жөнүндө далилдери жок адам эсептелет.
Граждандыгы жок адамга күбөлүк берилет, ал ким экендигин ырастоочу жана граждандыгы жок адамдын статусун тастыктоочу документ болуп саналат.
Граждандыгы жок адамдын күбөлүгү жарактуу жол жүрүү документи болуп саналат.
"Граждандыгы жок адам" статусун аныктоо тартиби жана граждандыгы жок адамдарга күбөлүк берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
4) 2-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандардын жана граждандыгы жок адамдардын укуктук абалы жөнүндө мыйзамдар
Чет өлкөлүк граждандардын жана граждандыгы жок адамдардын укуктук абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан, башка мыйзамдардан жана ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк граждандарга жана граждандыгы жок адамдарга Конституцияда жана мыйзамдарда каралган укуктар жана эркиндиктер гарантияланат.";
5) 3-статьясында:
а) статьянын аталышы "чет өлкөлүк граждандардын" деген сөздөрдөн кийин "жана граждандыгы жок адамдардын" деген сөздөр менен толукталсын;
б) экинчи абзацы "чет өлкөлүк граждандар" деген сөздөрдөн кийин "жана граждандыгы жок адамдар" деген сөздөр менен толукталсын;
в) үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын граждандарынын укуктарына жана эркиндиктерине атайын чектөө киргизген мамлекеттердин граждандарына карата улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти сактоо, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын коргоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндигин сактоо максатында жооп иретинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ошондой эле чектөөлөр белгилениши мүмкүн.";
г) төртүнчү абзацы "чет өлкөлүк граждандардын" деген сөздөрдөн кийин "жана граждандыгы жок адамдардын" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 4-статьясында:
а) биринчи абзацы "чет өлкөлүк граждандарга" деген сөздөрдөн кийин "жана граждандыгы жок адамдарга" деген сөздөр менен толукталсын;
б) экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасында турган чет өлкөлүк граждандар жана граждандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого, Кыргыз Республикасынын калкынын каада-салттарына жана үрп-адаттарына урматтоо менен мамиле кылууга милдеттүү.";
7) 5-статьясында:
а) аталышы "чет өлкөлүк граждандар" деген сөздөрдөн кийин "жана граждандыгы жок адамдар" деген сөздөр менен толукталсын;
б) үчүнчү абзацындагы "республикадан" деген сөз "Кыргыз Республикасынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8) 6-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Баш калкалоо берүү
"Кыргыз Республикасы саясий себептер боюнча, ошондой эле адам укуктары жана эркиндиктери бузулган себептер боюнча куугунтукталган чет өлкөлүк граждандарга жана граждандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерге ылайык баш калкалоо берет.";
9) 7-статьясында:
а) биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк граждандар жана граждандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын эмгектик мамиле чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген негизде жана тартипте ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда жумушчу жана кызматчы катары иштеп же башкача эмгектене алышат.";
б) экинчи абзацы "чет өлкөлүк граждандар" деген сөздөрдөн кийин "жана граждандыгы жок адамдар" деген сөздөр менен толукталсын;
в) үчүнчү абзацы "чет өлкөлүк граждандар" деген сөздөрдөн кийин "жана граждандыгы жок адамдар" деген сөздөр менен толукталсын;
г) төртүнчү абзацы:
"Чет өлкөлүк граждандар" деген сөздөрдөн кийин "жана граждандыгы жок адамдар" деген сөздөр менен толукталсын;
- "республиканын" деген сөз "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10) 8-статьясы "чет өлкөлүк граждандар" деген сөздөрдөн кийин "жана граждандыгы жок адамдар" деген сөздөр менен толукталсын;
11) 9-статьясында:
а) биринчи абзацы "чет өлкөлүк граждандар" деген сөздөрдөн кийин "жана граждандыгы жок адамдар" деген сөздөр менен толукталсын;
б) экинчи абзацы:
- "чет өлкөлүк граждандарга" деген сөздөрдөн кийин "жана граждандыгы жок адамдарга" деген сөздөр менен толукталсын;
- "Саламаттыкты сактоо министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12) 10-статьясында:
а) биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк граждандар, граждандыгы жок адамдар жана убактылуу жашаган чет өлкөлүк граждандар Кыргыз Республикасынын пенсиялык социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык пенсия жана социалдык камсыздоонун башка түрлөрүн алууга укуктуу.";
б) экинчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
13) 11-статьясы:
- "Чет өлкөлүк граждандар" деген сөздөрдөн кийин "жана граждандыгы жок адамдар" деген сөздөр менен толукталсын;
- "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "граждандык" деген сөз менен толукталсын;
14) 12-статьясында:
а) биринчи абзацы:
- "Чет өлкөлүк граждандар" деген сөздөрдөн кийин "жана граждандыгы жок адамдар" деген сөздөр менен толукталсын;
- "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "билим берүү чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
б) экинчи абзацы:
- "Чет өлкөлүк граждандар" деген сөздөрдөн кийин "жана граждандыгы жок адамдар" деген сөздөр менен толукталсын;
- "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "билим берүү чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
15) 13-статьясында:
а) биринчи абзацы "чет өлкөлүк граждандар" деген сөздөрдөн кийин "жана граждандыгы жок адамдар" деген сөздөр менен толукталсын;
б) экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чет өлкөлүк граждандар жана граждандыгы жок адамдар тарыхый-маданий, материалдык эмес маданий мурастар объекттерине жана башка маданий баалуулуктарга аяр мамиле кылууга милдеттүү.";
16) 14-статьясы "чет өлкөлүк граждандар" деген сөздөрдөн кийин "жана граждандыгы жок адамдар" деген сөздөр менен толукталсын;
17) 15-статьясы "чет өлкөлүк граждандарга" деген сөздөрдөн кийин "жана граждандыгы жок адамдарга" деген сөздөр менен толукталсын;
18) 16-статьясында:
а) биринчи абзацы:
- "чет өлкөлүк граждандар" деген сөздөрдөн кийин "жана граждандыгы жок адамдар" деген сөздөр менен толукталсын;
- "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "үй-бүлө жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
б) экинчи абзацы "чет өлкөлүк граждандар" деген сөздөрдөн кийин "жана граждандыгы жок адамдар" деген сөздөр менен толукталсын;
19) 17-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-статья. Инсанга жана турак жайга эч кимдин тийбестиги
Чет өлкөлүк граждандарга жана граждандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык инсанга жана турак жайга эч кимдин тийбестиги жана башка жеке укуктар гарантияланат,";
20) 18-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-статья. Чет өлкөлүк граждандардын жана граждандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча жол жүрүшү жана жашай турган жерди тандап алышы
Чет өлкөлүк граждандар жана граждандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамында белгиленген тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча жол жүрө алышат жана жашай турган жерди тандай алышат. Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти сактоо, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын коргоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндигин коргоо максатында жол жүрүүгө чектөөлөр Конституция жана мыйзамдар менен белгилениши мүмкүн.";
21) 19-статьясы күчүн жоготту деп таанылсын;
22) 20-статьясында:
а) статьянын аталышы "Чет өлкөлүк граждандар" деген сөздөрдөн кийин "жана граждандыгы жок адамдар" деген сөздөр менен толукталсын;
б) "чет өлкөлүк граждандар" деген сөздөрдөн кийин "жана граждандыгы жок адамдар" деген сөздөр менен толукталсын;
23) 21-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-статья. Шайлоо укугуна карата мамиле
Чет өлкөлүк граждандар жана граждандыгы жок адамдар мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлап жана шайлана албайт, ошондой эле референдумга (жалпы элдик добуш берүүгө) катыша албайт.";
24) 22-статьясы "Чет өлкөлүк граждандар" деген сөздөрдөн кийин "жана граждандыгы жок адамдар" деген сөздөр менен толукталсын;
25) 23-статьясында:
а) статьянын аталышы "чет өлкөлүк граждандардын" деген сөздөрдөн кийин "жана граждандыгы жок адамдардын" деген сөздөр менен толукталсын;
б) биринчи абзацы:
- "чет өлкөлүк граждандар" деген сөздөрдөн кийин "жана граждандыгы жок адамдар" деген сөздөр менен толукталсын;
- "администрациялык же" деген сөздөр алып салынсын;
26) 24-статьясы күчүн жоготту деп таанылсын;
27) 25-статьясындагы "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирүүчү ушул берененин 2-бөлүгүнөн башкасы расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |