Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 432 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын аймагын өсүмдүктөрдүн карантиндик зыяндуу организмдери боюнча фитосанитардык зоналаштыруу ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын аймагын өсүмдүктөрдүн карантиндик зыяндуу организмдери боюнча фитосанитардык зоналаштыруу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечими менен бекитилген, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана бажы аймагында карантинге алынуучу продукцияларга жана карантинге алынуучу объекттерге карата коюлуучу Бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарды жана Өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча эл аралык конвенциянын IV беренесинин 2 (д)-пунктун аткаруу боюнча өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоочу ыйгарым укуктуу органдын милдеттенмелерин ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.
2. Кыргыз Республикасынын аймагын зоналаштыруу карантиндик зыяндуу организмдин статусун тактоо, кооптуу аймакты аныктоо жана коргоо, эркин аймактарды тактоо, колдоо жана изилдөө максатында жүргүзүлөт.
3. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) Кыргыз Республикасынын аймагынын фитосанитардык абалын белгилейт, аны фитосанитардык зоналаштыруу картасын түзөт, анын негизинде карантиндик зыяндуу организмдерди аныктоо үчүн карантиндик фитосанитардык изилдөө планын бекитет жана ага өзгөртүүлөрдү киргизет.
4. Кыргыз Республикасынын аймагын фитосанитардык зоналаштырууга ылайык карантиндик зыяндуу организмдерди жайылтууга жана чектеп жайылтууга карантиндик фитосанитардык режим киргизилет, ал Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык өсүмдүктөрдү, өсүмдүк продукцияларын жана башка карантинге алынган өсүмдүк продукцияларын өндүрүү, кайра иштетүү, ташуу жана сатуу боюнча иштерди чектеген фитосанитардык иш-чараларды аткарууну карайт.
5. Эркин зона (мындан ары - ЭЗ) карантиндик зыяндуу организмдери жок бүтүндөй өлкөдөн карантиндик зыяндуу организмдери жок, бирок алар таралган өлкөнүн ичинде жайгашкан чектелген зонага чейинки ЭЗнын бардык түрлөрүнүн тобун камтыйт. ЭЗ үч түргө бөлүнөт, аларга төмөнкүдөй тийиштүү талаптар коюлат:
- Кыргыз Республикасы;
- Кыргыз Республикасынын чектүү булганган зонасы бар, булганбаган бөлүгү;
- Кыргыз Республикасынын бардык жеринде булганган зона жайгашкан, чектүү булганбаган бөлүгү.
6. ЭЗ статусу карантинге алынган продукцияларды фитосанитардык сертификациялоого негиз болуп кызмат кылат. ЭЗ статусу белгилүү бир карантиндик зыяндуу организмдерге карата фитосанитардык опурталды баалоодо карантиндик зыяндуу организмдин белгиленген ЭЗда жок экендигин ырастоо болуп саналат.
7. ЭЗны аныктоо карантинге алынган продукцияларды бир өлкөдөн экинчи өлкөгө ушул Эрежелердин талаптары сакталган шартта кошумча фитосанитардык чараларды колдонбостон экспорттоого укук берет.
2. Пайдаланылган терминдер
8. Ушул Эрежелерде төмөнкү терминдер пайдаланылат:
буфердик зона - аймак, курчап турган же аймакка чектеш, чек аралары фитосанитардык максатта расмий аныкталган, бөлүнгөн зонада же андан карантиндик зыяндуу организмдердин таркалуу мүмкүндүгүн өтө азайтуу үчүн жана зарыл болсо фитосанитардык күрөшүү чаралары киргизилген же ага жанаша жаткан зона;
зона - Кыргыз Республикасынын аймагы, Кыргыз Республикасынын аймагынын бөлүгү, бир нече региондор, региондордун бөлүгү;
интродукция - Кыргыз Республикасына карантиндик зыяндуу организмдердин кирүүсү, анын климатташтыруу менен коштолуусу;
контролдук текшерүү - зонанын чек араларын белгилөө максатында ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлгөн, карантиндик зыяндуу организм менен булганган, же алардан таза жерлерди текшерүү;
өндүрүш орду - участокторду камтыган, өзүнчө фитосанитардык талаптары боюнча башкарылган, айыл чарба өндүрүшүнүн бирдиги катары пайдаланылган өзүнчө чарба, талаалардын комплекси;
багыттуу текшерүү - Кыргыз Республикасынын аймагын карантиндик зыяндуу организмди табууга карата текшерүү же ыйгарым укуктуу орган тарабынан аткарылган контролдук текшерүү;
текшерүү - карантиндик зыяндуу организмдин статусун текшерүүчү зонадагы организмдин курамдык түрүн аныктоо максатында белгилүү бир убакыттын чектелген аралыгында жүргүзүлгөн иш-чара;
карантинге алынган продукция - карантиндик зыяндуу организмдерди алып жүрүүчү жана (же) алардын таралуусуна көмөк көрсөткөн жана аларга карата карантиндик фитосанитардык чараларды көрүү зарылдыгы бар өсүмдүктөр, өсүмдүк продукциясы, идиш, таңгак, анын ичинде таңгактоочу материалдар, жүктөр, топурак, организмдер же материалдар;
талаа - товар өндүрүлгөн өндүрүш ордундагы так аныкталган чек арасы бар жер участогу;
эркин зона (ЭЗ) - карантиндик зыяндуу организмдин жоктугу илимий жактан далилденген жана зарыл болгон учурда, өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын түздөн-түз контролунда (көзөмөлүндө) турган Кыргыз Республикасынын аймагы, Кыргыз Республикасынын аймагынын бөлүгү, бир нече региондор, региондордун бөлүгү;
эркин өндүрүш орду - карантиндик зыяндуу организмдин жоктугу, илимий далилденген жана зарыл болгон учурда, белгилүү убакыт ичинде (кеминде 1 вегетациялык мезгилде) өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын түздөн-түз контролунда (көзөмөлүндө) турган административдик аймактык бирдик же жер участокторунун жыйындысы;
эркин өндүрүш участогу - карантиндик зыяндуу организмдин жоктугу илимий далилденген жана зарыл болгон учурда белгилүү убакыт ичинде (кеминде 1 вегетациялык мезгилде) өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын түздөн-түз контролунда (көзөмөлүндө) турган талаа, бакча, күнөскана, токой же токой участогу же башка карантиндик объект;
фитосанитардык регламентация - интродукциянын алдын алуу, карантиндик зыяндуу организмдердин таралышын, экономикалык зыянды чектөө жана фитосанитардык сертификациялоо жол-жоболорун аныктоо эрежелери.
3. Эркин зонаны белгилөө
9. Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ЭЗнын чек арасын белгилейт, анда төмөнкүлөр аныкталат:
- карантиндик зыяндуу организмдердин биологиясына шайкеш келген аймактын периметри жана карантиндик зыяндуу организм реалдуу жок болгон зонага негизделет;
- административдик чек аралар (өлкөнүн, облустун, райондун же округдун чек аралары), географиялык чек аралар (суулар, көлмөлөр, тоолор, жолдор) жана кызыкдар болгон тараптар тааныган жеке ээликтердин чек аралары.
10. ЭЗнын чек араларын белгилөө төмөнкүлөрдүн негизинде ишке ашырылат:
- мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары жана зонаны текшерүү;
- карантиндик зыяндуу организмдердин жоктугун же алардын бар экендигин ырастоочу лабораториялык изилдөөлөрдүн корутундулары;
- карантиндик зыяндуу организмдин фитосанитардык опурталын талдоо, алардын экономикалык жана экологиялык зыяндуулугун аныктоо менен климатташуу мүмкүндүгү.
11. ЭЗ конкреттүү карантиндик зыяндуу организмге карата белгиленет жана анын фитосанитардык статусу (зыянкечтер, илдеттер жана отоо чөптөр) белгиленген чек араларда аныкталат.
12. Ыйгарым укуктуу орган ЭЗнын фитосанитардык статусун каралып жаткан зонада карантиндик зыяндуу организмдер аныкталган учурда өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алат.
13. ЭЗ статусу ыйгарым укуктуу орган тарабынан өсүмдүктөрдүн бир вегетациялык мезгилинен кем эмес убакытта текшерүүнүн негизинде жүргүзүлөт.
14. ЭЗны аныктоо жана колдоо үчүн ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй иш-аракеттерди жүргүзөт:
- зонанын эркин экендигин документ менен ырастоо (карантиндик фитосанитардык текшерүү актысы жана лабораториялык корутунду);
- фитосанитардык жол-жоболордун сакталышын камсыз кылуу (карантиндик зыяндуу организмдин тизмесине карантиндик зыяндуу организмдерди киргизүү, өлкөгө же зонага импорттоого коюлган талаптарды аныктоо, бир же бир нече өлкөлөрдө белгилүү бир зоналардын, анын ичинде буфердик зонада айрым товарлардын ташылышын чектөө, үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү, өндүрүүчүлөргө сунуштарды берүү);
- зона эркин сакталгандыгы жөнүндө ырастоо (толук кароо, үстүртөдөн кароо, лабораториялык экспертиза).
Ушул пунктта каралган иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу карантиндик зыяндуу организмдин биологиясына, ЭЗнын тибине жана мүнөздөмөлөрүнө, фитосанитардык опурталдарды талдоого ылайык талап кылынган фитосанитардык коопсуздук деңгээлине жараша болот.
Ушул пунктта каралган аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөнкүдөй ыкмалар колдонулат:
- текшерүүлөрдүн маалыматтарын чогултуу (контролдук-карантиндик зыяндуу организмдерди аныктоо жана мониторинг);
- аудит жүргүзүү (кайра кароо жана баалоо);
- анын негизинде ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык өсүмдүктөрдүн карантиндик зыяндуу организмдери боюнча Кыргыз Республикасынын аймагын фитосанитардык зоналаштыруу жүргүзүлгөн документтерди изилдөө.
15. ЭЗ белгиленген жана аны колдоо боюнча фитосанитардык чаралар киргизилген учурдан тартып ыйгарым укуктуу орган тарабынан жылына бир жолу ЭЗ статусун кармап туруу үчүн карантиндик зыяндуу организмдин жок экендигине карата ЭЗга текшерүү жүргүзүлөт. Текшерүү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү фитосанитардык коопсуздуктун талап кылынган деңгээлине жараша болот.
16. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында юридикалык жактар жана жеке адамдар үчүн ресурстарга жалпы жеткиликтүү болгон ЭЗ жөнүндө маалыматтар базасы түзүлөт.
ЭЗ жөнүндө маалымат базасы төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
- ЭЗны белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү текшерүүлөрдүн жана мониторингдин маалыматтары;
- ЭЗны колдоо үчүн көрсөтүлүүчү фитосанитардык чаралар;
- ЭЗнын чек аралары;
- колдонулуучу фитосанитардык регламентациялар;
- жалпы көзөмөлдүн натыйжалары.
17. Ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн кызыкчылыгында ЭЗ жөнүндө маалымат зарыл болгондо же кызыкдар болгон башка мамлекеттердин өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын суроо-талаптары боюнча Бириккен Улуттар Уюумунун Азык-түлүк жана айыл чарба боюнча борбордук маалыматтык бюросуна же Европалык жана Жер ортолук деңизинин өсүмдүктөрдү коргоо боюнча уюумуна берилиши мүмкүн.
18. Эркин өндүрүш орду жана участогу аныкталганда жана аларды колдоодо буфердик зонага карата фитосанитардык чаралар көрүлөт.
19. Буфердик зонанын өлчөмү ыйгарым укуктуу орган тарабынан карантиндик зыяндуу организмдердин вегетация мезгилинде өз алдынча таралышына, жайыла турган аралыгына жараша аныкталат. Вегетациянын бир же бир нече мезгилинде, буфердик зонага мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш.
20. Ыйгарым укуктуу орган, зарыл болсо, карантиндик зыяндуу организмдердин жоктугун колдоого кепилдик берүү максатында жол-жоболорду белгилеши мүмкүн (жергиликтүү кабарлоо, билдирүү же жарнама, жергиликтүү жөнгө салуу, табылган карантиндик зыяндуу организмдерге каршы күрөшүү жана жок кылуу).
4. Эркин өндүрүш участкаларын жана эркин өндүрүш орундарын белгилөө
21. Ыйгарым укуктуу орган, эркин өндүрүш участкаларын жана эркин өндүрүш орундарын белгилөө менен ушул өндүрүш участогунан жана өндүрүш орундарынан өндүрүлгөн, ташылып чыккан өсүмдүк жүктөрү, өсүмдүк азыктары жана башка карантинге алынган продукциялар карантиндик зыяндуу организмдерден таза экендигин импорттоочу өлкөлөргө кепилдик берет.
Ыйгарым укуктуу органдын иш-аракеттери тиешелүү документтер менен коштолот жана 2-тиркемеге ылайык фитосанитардык зоналаштыруу картасына киргизилет.
22. Эркин өндүрүш орду же участогу айыл чарба өндүрүшүнүн өзүнчө бирдиги катары пайдаланылуучу ар кандай чарбаларга же талаа комплексине жайылтылат.
23. Буфердик зона ыйгарым укуктуу орган тарабынан карантиндик зыяндуу организм өзүнүн биологиялык өзгөчөлүгү менен өндүрүш участокторуна же орундарына оңой кирип кете алган учурда түзүлөт, аларга тийиштүү фитосанитардык чаралар колдонулат.
Буфердик зонанын узундугу жана фитосанитардык чаралардын тиби карантиндик зыяндуу организмдердин биологиясына жана өндүрүш участогунун же ордунун ички мүнөздөмөсүнө жараша болот.
5. Эркин өндүрүш ордунун же эркин участогунун мүнөздөмөсү
24. Конкреттүү карантиндик зыяндуу организмдерге жана аймактарга жараша өндүрүш орду же участогу төмөнкү шарттарды аткарууну талап кылат:
- карантиндик зыяндуу организмдин жугуу булагынан жетиштүү аралыкта жайгашкан буфердик зонаны белгилөө карантиндик зыяндуу организмдердин таралып кетишине тоскоол болот;
- чек аралар менен чектөө;
- өндүрүш орундарында же участокторунда карантиндик зыяндуу организмдердин ээлери болгон өсүмдүктөрдүн жоктугу;
- буфердик зонада карантиндик зыяндуу организмдердин ээлери болгон өсүмдүктөрдүн жоктугу же аларга карантиндик зыяндуу организмдерге каршы күрөшүүнүн тийиштүү методдорун колдонуу.
25. Эркин өндүрүш ордунун жана өндүрүш участогунун статусун ырастаган текшерүү ыйгарым укуктуу органдын кызматчылары тарабынан жүргүзүлөт. Алар өндүрүш орундарында же участогунда карантиндик зыяндуу организмдердин жоктугун ырастоо үчүн багыттуу текшерүүлөрдү жүргүзүшөт.
Текшерүү жүргүзүү вегетация мезгилинде талааны текшерип кароо, мындай карантиндик зыяндуу организмдерди табуу методдорун: лабораториялык экспертиза үчүн үлгүлөрдү тандап алуу, тузактарга кармоо, топурактын үлгүлөрүн алуу түрүндө болот.
26. ЭЗ статусун текшерүү белгиленген мезгил аралыгында (вегетация учурунда бир жолу) жана белгиленген санда (бир айдын ичинде үч текшерүү) текшерилип кароо менен жүргүзүлөт.
Карантиндик зыяндуу организмдерди аныктоо үчүн текшерип кароо бир вегетациялык мезгилдин ичинде же бир нече сезондо жүргүзүлөт.
Сатуу үчүн жыйналган түшүмдү өндүрүш ордунда текшерип кароого уруксат берилет, андан карантиндик зыяндуу организмдин мурдагы 2 (эки) жыл ичинде жок болуусу талап кылынат.
27. Өндүрүштүн эркин ордун текшерүү жол-жобосу аны жердин айрым участокторуна бөлүнүшүн эске алат. Текшерүү тандалып алынган үлгүлөрдүн негизинде карантиндик зыяндуу организмдерге жараша жүргүзүлөт.
28. Талап кылынган текшерүүлөрдүн саны өндүрүштүн бош орундарына же участкаларына түздөн-түз жакын зонада карантиндик зыяндуу организмдердин таралышына жараша болот.
6. Эркин өндүрүш ордунун же участогунун айырмачылыктары
29. ЭЗны жана өндүрүштүн эркин ордун түзүүнүн максаты бирдей. Эркин өндүрүш орду жана ЭЗнын ортосундагы айырма, ошондой эле эркин өндүрүш участкасына да колдонулат.
30. ЭЗ өзүнүн өлчөмү боюнча чоң болуп, өндүрүштүн бир нече жерин өзүнө камтыйт жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына таралышы мүмкүн. ЭЗ табигый чек аралары жана тийиштүү буфердик зонасы менен чектелет. Өндүрүштүн эркин орду карантиндик зыяндуу организм болгон зонада жайгашуусу мүмкүн жана ага жанаша буфердик зона түзүү жолу менен өзүнчө бөлүнүп турууга тийиш.
ЭЗ үзгүлтүксүз кармалып турат жана 3 (үч) жыл бою ырасталат, ал эми өндүрүштүн эркин ордунун статусу бардыгы болуп бир же бир нече вегетациялык мезгилдерде колдоого алынышы мүмкүн.
ЭЗны ыйгарым укуктуу орган, өндүрүштүн эркин ордун конкреттүү өндүрүүчү башкарат.
ЭЗда карантиндик зыяндуу организмдин табылышы анын статусун жокко чыгарат. Өндүрүштүн эркин ордунда карантиндик зыяндуу организмдер табылган учурда, ал орун өзүнүн статусун жоготот, мында бирдиктүү системага кирген өндүрүштүн башка орундарынын статусуна түздөн-түз таасирин тийгизбейт.
7. Эркин өндүрүш ордуларын жана участокторун сактоо өзгөчөлүктөрү
31. Өндүрүш орду же участогу карантиндик зыяндуу организмден эркин экендигине кепилдик берүү мүмкүнчүлүгү төмөнкүдөй факторлорго жараша болот:
- карантиндик зыяндуу организмдердин мүнөздөмөсү;
- өндүрүлгөн ордуна же өндүрүш участогунун мүнөздөмөсү;
- өндүрүүчүнүн мүмкүнчүлүктөрү;
- ыйгарым укуктуу органдын талаптары жана жоопкерчилиги.
32. Өндүрүүчүнүн конкреттүү карантиндик зыяндуу организмдин өндүрүш ордуна же участогуна киришине тоскоол кылууга мүмкүнчүлүгү жана аларды карантиндик зыяндуу организмдерден эркин кармоо тийиштүү фитосанитардык чараларды колдонуу жолу аркылуу жүзөгө ашырылат.
33. Өндүрүүчүнүн карантиндик зыяндуу организми контролдоо жана башкаруу максатында фитосанитардык чараларды колдонуусу эркин орундарды же өндүрүш участогун колдоо үчүн негиз болуп саналат.
34. Талап кылынган текшерүүлөрдүн саны бош орундарга же өндүрүш участкаларына түздөн-түз жакын зонада карантиндик зыяндуу организмдердин таралышына жараша болот.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагын өсүмдүктөрдүн карантиндик зыяндуу организмдери боюнча фитосанитардык зоналаштыруу эрежелерине 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагын өсүмдүктөрдүн карантиндик зыяндуу организмдери боюнча фитосанитардык зоналаштыруу жүргүзүүгө негиз болуучу документтердин ТИЗМЕГИ
| Документтин аталышы |
1 | Карантиндик зыяндуу организмдерди аныктоого карантиндик фитосанитардык текшерүү планы |
2 | Карантиндик фитосанитардык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча нускама: |
| - фитосанитардык текшерүү жүргүзүүгө арыздарды каттоо журналы; |
| - фитосанитардык текшерүүлөрдү каттоо журналы; |
| - карантиндик фитосанитардык текшерүү актысы |
3 | Карантиндик текшерип кароодо жана экспертизада (лабораториялык корутунду) тандап алуу методдору |
4 | Карантиндик фитосанитардык экспертизанын күбөлүгү |
5 | ЕАЭБдин карантиндик объектилеринин бирдиктүү тизмегине киргизилген (75 КЗОго) карантиндик зыяндуу организмдерди табууга карантиндик фитосанитардык текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча методикалык көрсөтмөлөр |
|
| Кыргыз Республикасынын аймагын өсүмдүктөрдүн карантиндик зыяндуу организмдери боюнча фитосанитардык зоналаштыруу эрежелерине 2-тиркеме |
Фитосанитардык зоналаштыруу картасы ________________________ облусу ______________________ району
№ | Айыл өкмөттөрдүн аталышы | Айыл жана шаарлардын аталышы | Чарбанын аталышы, чарбанын ээси | Участоктун аянты (га) | Карантиндик зыяндуу организм (КЗО) | Эркин зона белгиленген дата |
1 |
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү.
1. Фитосанитардык зоналар жүргүзүлгөн карантиндик фитосанитардык текшерүүлөрдүн негизинде жана лабораториялык экспертизалардын натыйжалары боюнча белгиленет.
2. Эркин зоналардын статусу карантиндик зыяндуу организмдер табылганда алып салынат.