Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-августундагы № 426 токтомуна) |
Маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы менен виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча пилоттук (эксперименталдык) долбоор жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу жободо маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы менен виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча пилоттук (эксперименталдык) долбоорду (мындан ары - пилоттук долбоор) жүргүзүү тартиби жана шарттары аныкталат.
2. Ушул Убактылуу жобонун аракети пилоттук долбоордун катышуучуларына жайылтылат.
3. Пилоттук долбоордун катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ыйгарым укуктуу салык органы жана аймактык салык органдары;
2) электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (эксперттик жана консультациялык колдоону камсыз кылууга, ошондой эле маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы менен виртуалдык контролдук-кассалык машиналарга (мындан ары - ККМ) техникалык талаптарды иштеп чыгуу үчүн тийиштүү корутундуларды берүүгө);
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "АйТи-Сервис" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - "АйТи-Сервис" ММ) (салык органдарына акчалай эсептешүү жөнүндө маалыматтарды берүүдө техникалык коштоону камсыз кылуу үчүн);
4) пилоттук долбоорго катышуу ниетин билдирген жана ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан жактырылган салык төлөөчү;
5) тийиштүү программалык камсыздоого ээ болгон, пилоттук долбоорго катышуу ниетин билдирген жана пилоттук долбоорго катышуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган субъекттер (мындан ары - виртуалдык ККМ операторлору).
2-глава. Пилоттук долбоордун негизги максаттары
4. Пилоттук долбоордун максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ККМди колдонуу менен ишке ашырылуучу акчалай эсептешүүлөр жөнүндө маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү технологияларын колдонуунун натыйжалуулугун жана оптималдуулугун аныктоо;
2) виртуалдык ККМди эксплуатациялоонун, анын ичинде акчалай эсептешүүлөр жөнүндө маалыматтарды сутка сайын (смена сайын) түзөтүүсүз каттоонун жана энергиядан көз карандысыз узак мезгилде сактоонун, эсептешүүлөр жөнүндө маалыматты берүү технологияларынын жана виртуалдык ККМди колдонууда маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун техникалык мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо;
3) белгиленген типтеги ККМге жана/же алардын операторлоруна коюлуучу талаптарга виртуалдык ККМдин техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн шайкештигин аныктоо, ошондой эле аталган талаптардын натыйжалуулугун жана ишке ашырыла тургандыгын баалоо;
4) виртуалдык ККМди каттоо, эсептен алуу жана башкаруу жол-жоболорун иштеп чыгуу;
5) виртуалдык ККМди колдонууга киргизүүдө салык төлөөчүлөр үчүн реалдуу финансылык чыгымдардын эсебин аныктоо;
6) ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасына эсептешүүлөр жөнүндө маалыматты берүүнү уюштуруу үчүн байланыш түйүнүн жана сервердик жабдууну колдонуу мүмкүндүгүн текшерүү.
3-глава. Пилоттук долбоорду жүргүзүүгө талаптар жана ишке ашыруу тартиби
5. Пилоттук долбоорго катышуу ыктыярдуу негизде ишке ашырылат.
6. Пилоттук долбоорду жүргүзүү мезгилинде ыйгарым укуктуу салык органы же виртуалдык ККМ оператору тарабынан берилген виртуалдык ККМ колдонулат.
7. Ыйгарым укуктуу салык органы пилоттук долбоорду жүргүзүүнү уюштурат, методологиялык жана техникалык коштоону жана пилоттук долбоордун катышуучулары менен өз ара аракеттенүүнү камсыздайт.
8. Ыйгарым укуктуу салык органы өзүнүн расмий сайтына пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө маалыматты жайгаштырат.
9. Ыйгарым укуктуу салык органы пилоттук долбоорду техникалык колдоо максатында пилоттук долбоордун катышуучуларын ишке тартат жана алардын тизмегин түзөт.
10. Пилоттук долбоорго катышуу ниетин билдирген виртуалдык ККМ оператору ыйгарым укуктуу салык органына пилоттук долбоорго катышуу, ошондой эле ушул Убактылуу жобонун талаптарын сактоо ниети жөнүндө расмий кат жиберет.
Пилоттук долбоорго катышуу ниетин билдирген виртуалдык ККМ операторунун программалык камсыздоосун ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы менен интеграциялоо максатында, виртуалдык ККМ оператору берилүүчү программалык камсыздоонун ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген маалыматтарды берүү/алмашуу боюнча талаптарга шайкештигин камсыздоого тийиш.
11. Аймактык салык органдары ишкердик субъекттерин ушул Убактылуу жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча чакыруу билдирүүлөрүн тапшыруу жолу менен пилоттук долбоорго катышууга чакырат.
12. Салык төлөөчү пилоттук долбоорго өзүнүн катышуусун тийиштүү аймактык салык органына ушул Убактылуу жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча жазуу жүзүндө ырастайт.
13. Пилоттук долбоорго катышуу ниетин билдирген жана чакыруу билдирүүлөрүн албаган салык төлөөчү пилоттук долбоорго катышуу ниети жөнүндө салыктык каттоо жери боюнча аймактык салык органына расмий кат жөнөтүп, пилоттук долбоорго катышууга укуктуу.
14. Салык төлөөчү пилоттук долбоорго катышкан мезгилде виртуалдык ККМ колдонгон учурда виртуалдык ККМ менен иштөөдө техникалык бузуулардан тышкары, кардарлар же сатып алуучулар менен акчалай эсептешүүдө фискалдык эстутуму бар техникалык (аппараттык-программалык) контролдук-кассалык машинаны колдонбой коюуга укуктуу.
15. Ыйгарым укуктуу салык органы салык төлөөчүлөрдүн тизмегин, пилоттук долбоорду жүргүзүү ордун (жерин) аныктайт.
16. Виртуалдык ККМ оператору пилоттук долбоор мезгилинде салык төлөөчүлөрдү - пилоттук долбоордун катышуучуларын виртуалдык ККМ менен акысыз камсыз кылат.
17. Пилоттук долбоорго катышкан салык төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) соода операциялары, иштерди аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү үчүн акчалай эсептешүүдө виртуалдык ККМди колдонууга;
2) пилоттук долбоордо колдонулган жабдуунун иштөө жөндөмүн жана сактыгын камсыз кылууга;
3) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан берилген виртуалдык ККМди колдонгон учурда маалымат алмашуу кызматы үчүн байланыш операторлоруна өз убагында жана толук көлөмдө төлөөгө.
18. Пилоттук долбоорду жүргүзүү процессинде салык төлөөчү виртуалдык ККМди колдонгон учурда бардык эсепке алынган пайда ушул салык төлөөчүнүн иш жүзүндөгү пайдасы болуп эсептелет.
19. Эгерде пилоттук долбоорду жүргүзүү процессинде виртуалдык ККМге фискалдык маалыматтарды өзгөртүү максатында кийлигишүү аныкталса жана/же виртуалдык ККМдин фискалдык маалыматтары ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасындагы маалыматтарга дал келбесе, ошондой эле виртуалдык ККМдин ишинде тез-тез же узак мөөнөттүү техникалык каталар же болбосо олуттуу бузуулар болсо, салык кызматынын органдары ушул фактыларды аныктоо жөнүндө акт түзүшөт, ал салык кызматынын органдарынын өкүлдөрүнүн, ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасынын техникалык адистеринин, виртуалдык ККМ операторунун, салык төлөөчүнүн катышуусунда каралат жана виртуалдык ККМди колдонуу механизмин андан ары ишке ашырууну жана киргизүүнү баалоо үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизилет.
20. Ушул Убактылуу жобонун 19-пунктунда аталган фактылар аныкталганда мындай фактылар аныкталган виртуалдык ККМ операторунун жана виртуалдык ККМди колдонгон салык төлөөчүлөрдүн пилоттук долбоорго катышуусу ведомстволор аралык комиссия тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин токтото турулат.
Ушул Убактылуу жобонун 19-пунктунда аталган фактылар аныкталган учурда пилоттук долбоорго катышуучу салык төлөөчү ишкердикти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдо болгон ККМ онлайн аркылуу жүргүзөт.
21. Жогоруда аталган фактылардын аныкталгандыгы тууралуу берилген акты боюнча ведомстволор аралык комиссия 10 жумуш күндүн ичинде мындай фактылар табылган пилоттук долбоордун катышуучуларынын катышуусун токтотуу же пилоттук долбоордун катышуучулары тарабынан ушул фактыларды жоюу тууралуу чечим кабыл алат.
22. Пилоттук долбоорго катышкан виртуалдык ККМ операторлору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ыйгарым укуктуу салык органы жана "АйТи-Сервис" ММ менен ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасына виртуалдык ККМди кошуу боюнча өз ара аракеттенүүгө;
2) салык төлөөчүлөрдүн - пилоттук долбоордун катышуучуларынын виртуалдык ККМди суткасына 24 саат, жумасына 7 күн бою техникалык, кепилдик жана сервистик жактан тейлөөгө;
3) пилоттук долбоордо колдонулган виртуалдык ККМди каттоого (кайра каттоого);
4) ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы менен пилоттук долбоордо колдонулган виртуалдык ККМдин маалымат алмашуу кызматы үчүн байланыш операторлоруна өз убагында жана толук көлөмдө төлөөгө;
5) пилоттук долбоордо колдонулган виртуалдык ККМге фискалдык маалыматтарды өзгөртүү максатында кийлигишүү аныкталган учурлар жөнүндө ыйгарым укуктуу салык органын расмий тартипте тез арада маалымдоого;
6) пилоттук долбоор мезгилинде киргизилүүчү маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы менен виртуалдык ККМге карата убактылуу талаптарга жана ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген маалыматтарды берүү боюнча талаптарга шайкеш келген программалык камсыздоого ээ болууга (маалымат алмашуу протоколу);
7) виртуалдык ККМге фискалдык маалыматтарды өзгөртүү максатында кийлигишүү фактылары аныкталган учурда ыйгарым укуктуу салык органынын, электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, улуттук коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана "АйТи-Сервис" ММ өкүлдөрүнө пилоттук долбоордо колдонулган жайларды, жабдууларды жана программалык камсыздоону суткасына 24 саат, жумасына 7 күн бою пайдаланууну камсыз кылууга;
8) пилоттук долбоорду жүргүзүү мезгилинде ыйгарым укуктуу салык органы жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен программалык камсыздоого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү макулдашууга;
9) пилоттук долбоордун жүрүшүндө жеткиликтүү болгон коммерциялык жана башка сырды сактоого жана таратып жибербөөгө.
23. Виртуалдык ККМди каттоо, кайра каттоо жана эсептен алуу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
24. Пилоттук долбоор аяктагандан кийин долбоордун катышуучулары пилоттук долбоордун натыйжасы жөнүндө жыйынтыктоочу отчет түзүшөт, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) пилоттук долбоордун катышуучуларынын саны жана аталышы;
2) пилоттук долбоордо камтылган иштин түрлөрү;
3) виртуалдык ККМдин, анын ичинде анын техникалык мүмкүнчүлүктөрү боюнча аныкталган артыкчылыктары жана кемчиликтери, алсак:
- түзөтүүсүз сутка сайын (смена сайын) каттоо;
- акчалай эсептешүүлөр жөнүндө маалыматтарды энергиядан көз карандысыз узак мөөнөткө сактоо;
- маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү технологиясын колдонуунун натыйжалары;
- виртуалдык ККМди колдонууда маалыматтык коопсуздукту камсыздоо;
4) виртуалдык ККМдин талаптары боюнча сунуштамалар, анын ичинде маалыматтарды берүүнү уюштуруу үчүн сервердик жабдууларга карата талаптар боюнча, ошондой эле реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органына берүү технологиясы;
5) виртуалдык ККМди каттоо, эсептен алуу жана башкаруу жол-жоболору боюнча сунуштар;
6) виртуалдык ККМди сатып алууда салык төлөөчүлөрдүн реалдуу финансылык чыгымдарын талдоо.
25. Отчеттун жыйынтыктары боюнча ведомстволор аралык комиссия виртуалдык ККМди киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени карап чыгат жана пилоттук долбоор аяктаган күндөн тартып бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү сунуштарды киргизет.
|
| Маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы менен виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча пилоттук (эксперименталдык) долбоор жөнүндө убактылуу жобого 1-тиркеме |
|
| ________________________________________ |
|
| ________________________________________ |
|
| (Ишкер субъектинин толук аталышы, ИСН) |
20__-ж. "__" ____________ |
| № ______ |
"Виртуалдык ККМ" долбооруна катышуу жөнүндө БИЛДИРҮҮ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын "__" _________ № ____ токтомуна ылайык ________________
______________________________________________________________________________________________________
(аймактык салык органынын аталышы)
маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы менен виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча пилоттук (эксперименталдык) долбоорго ("Виртуалдык ККМ" долбоору) катышууга чакырат.
"Виртуалдык ККМ" долбоору жөнүндө кошумча маалыматты алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына (www.sti.gov.kg) кайрылууга же ______________________ (телефон номери) телефонуна чалууга болот.
Аймактык салык органынын жетекчиси | ____________________ | ___________________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
|
| Маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы менен виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча пилоттук (эксперименталдык) долбоор жөнүндө убактылуу жобого 2-тиркеме |
|
| _________________________________________ |
|
| (аймактык салык органынын атылышы) |
20__-ж. "__" ______________ |
| № ________ |
"Виртуалдык ККМ" долбооруна катышууга макулдугун ырастоо
2019-жылдын "__" _____________ № _____ маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы менен виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча пилоттук (эксперименталдык) долбоорго катышуу жөнүндө билдирүүгө карата
___________________________________________________________________________________________________________
(ишкердик субъектинин аталышы)
"Виртуалдык ККМ" долбооруна катышууга даярдыгын билдирет жана Маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы менен виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча пилоттук (эксперименталдык) долбоор жөнүндө убактылуу жобонун ченемдерин сактоого милдеттенет.
Ишкер субъектинин жетекчиси | ____________________________________________________ |
| (аты-жөнү, колу) |
М.О.