Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-августу № 439
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-сентябрындагы № 639 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментин түзүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментинин жайгашкан жерин тактоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-сентябрындагы № 639 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментин түзүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаменти жөнүндө жободо:
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 265-а.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |