Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-сентябрындагы № 639 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаменти жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - Министрлик) алдындагы илим тармагындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ведомстволук бөлүм болуп саналат.
2. Департамент өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жобого, Министрликтин чечимдерине, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
3. Департаменттин толук аталышы:
- Мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаменти".
Кыскартылган аталышы: "Илим департаменти".
- Расмий тилде: "Департамент науки при Министерстве образования и науки Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы: "Департамент науки".
4. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 265-а.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Департамент юридикалык тарап болуп эсептелет, штампы, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында алыш-бериш эсеби бар.
2. Департаменттин негизги милдеттери жана функциялары
6. Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- илим тармагында Кыргыз Республикасынын бирдиктүү мамлекеттик саясатын ишке ашырууну камсыздоо;
- илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүүнүн шарттарын жана механизмдерин түзүү;
- илимдин кайтарымынын натыйжасын жана ролун жогорулатуу.
7. Департамент коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкү функцияларды аткарат:
- илим тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга багытталган мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана Кыргыз Республикасында илим системасын өнүктүрүү тармагында мамлекеттик саясаттын стратегиялык багыттары жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат;
- илим тармагында мыйзамды колдонуу практикасын жалпылайт;
- илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырат; аспирантурада, докторантурада, резидентурада ж.б. билим алуу үчүн типтүү эрежелерди жана тартиптерди иштеп чыгат;
- өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясына интеграциялоо максатында илим сектору боюнча сунуштардын комплексин иштеп чыгат;
- илим тармагындагы максаттуу программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгат, бекитет ишке ашырууну камсыздайт;
- илимий ишмердүүлүк чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана өркүндөтөт, аларды аткаруу боюнча уюштуруу-методикалык жетекчиликти камсыздайт;
- илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүүдө артыкчылык берилген багыттарды иштеп чыгуу боюнча Министрликке сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
- илимий ишмердүүлүк тармагында мамлекеттик программалардын ишке ашырылышын мониторингдейт;
- илимий долбоорлорго мамлекеттик заказдарды түзөт жана аларды каржылоо жөнүндө сунуштарды киргизет;
- илимий маселелер боюнча эл аралык келишимдерди жана ведомстволор аралык макулдашууларды даярдайт;
- илимий-изилдөө программаларынын аткарылышын координациялайт жана контролдойт;
- Министрлик менен биргеликте республикалык илимий-изилдөө уюмдарынын жана билим берүү мекемелеринин илимий структураларынын илимий ишмердүүлүгүн текшерүүнү ишке ашырат;
- Илим фондунун (мындан ары - Фонд) ишмердүүлүгүн координациялайт жана көзөмөлдөйт;
- эксперттик кеңештердин түзүмдөрү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизет жана алардын ишмердүүлүгүн уюштурат;
- Илим фонду аркылуу илимий изилдөөлөрдү каржылоого ата мекендик жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзөт;
- илимий-инновациялык продукцияны пайдаланууга көмөк көрсөтөт;
- илимий-инновациялык ишмердүүлүктү маалыматтык камсыздоо системасын өнүктүрүүнү ишке ашырат;
- белгиленген тартипте Министрликке илимий ишмердүүлүктүн субъекттерин түзүү боюнча сунуштарды киргизет;
- илим тармагын маалыматтык, илимий-методикалык жактан тейлөөнү камсыз кылат, калкты илим маселелери боюнча маалыматтык тейлөө боюнча иш жүргүзөт;
- республикада экономика, илим жана техника тармактарындагы илимий иштелмелерди мониторингдөөгө жана анализдөөгө катышат;
- илим менен өндүрүштүн карым-катышын ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасындагы илимий-техникалык жетишкендиктер жана өндүрүштүк тажрыйба жөнүндө маалыматтарды даярдоону, басып чыгарууну жана жайылтууну камсыздайт;
- ата мекендик жана чет өлкөлүк мекемелер менен илимий-техникалык жетишкендиктерди алмашуу жолу аркылуу илим тармагында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшөт;
- илим маселелери боюнча эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын белгиленген тартипте жактайт.
3. Департаменттин укуктары
8. Департамент төмөнкү укуктарга ээ:
- өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик илимий мекемелер үчүн аткарууга милдеттүү болгон чечимдерди бекитет жана чыгарат;
- мыйзам тарабынан ыйгарылган укук ченемдеринин чегинде илимий мекемелердин ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзөт;
- илимдин артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий-техникалык, эксперттик жана башка илимий кеңештерди түзөт;
- Фонд тарабынан каржыланган мекемелерде илимий жана финансылык тартиптин сакталышын контролдойт, мыйзамга ылайык алардын аткарылышын контролдойт;
- мамлекеттик илимий мекемелерге бекитип берилген мүлктүн туура жана максаттуу пайдаланышын контролдойт;
- менчигинин түрүнө карабастан илимий мекемелерден, мамлекеттик бийлик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан илимий ишмердүүлүк, илимий-педагогикалык кызматкерлерди даярдоо маселеси боюнча статистикалык жана башка маалыматтарды талап кылат жана алат;
- мыйзамда аныкталган укуктардын чегинде илим чөйрөсүндө эл аралык келишимдерди түзөт;
- илим маселеси боюнча эл аралык фестивалдарды, конкурстарды, кеңешмелерди, семинарларды жана конференцияларды өткөрөт;
- илим чөйрөсүндө сыйлык ыйгаруу системасын иштеп чыгат;
- Илим фондунун ишине башчылык кылат;
- Министрликке мамлекеттик илим-изилдөө мекемелеринин статусун өзгөртүү, кайра түзүү, жоюу жөнүндө белгиленген тартипте сунуштарды киргизет;
- Министрликке Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жогорку окуу жайларда жана илимий мекемелерде аспирантура жана докторантура ачуу (жоюу) маселеси боюнча сунуш киргизет;
- республикалык бюджеттен илим-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди каржылоону токтотуу жөнүндө негизделген сунуштарды киргизет;
- илим тармагында эмгектенген коомдук жана эл аралык уюмдар менен алака түзүүнү ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды ишке ашырат.
4. Департаменттин ишмердүүлүгүн уюштуруу
9. Департаменттин ишмердүүлүгү Министрлик тарабынан координацияланат жана контролдонот.
10. Департаментти Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин сунуштоосу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
11. Департаменттин директору:
- Департаменттин ишмердүүлүгүнө жалпы жетекчилик жүргүзөт жана Департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Департаменттин атынан аракеттенет жана мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле жеке жана юридикалык тараптар менен мамиледе, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде да анын атынан чыгат;
- мыйзамдарга ылайык Департаменттин мүлкүн, финансылык каражаттарын башкаруу боюнча чечим кабыл алат жана финансылык тартипти сактоону камсыздайт;
- Департаменттин финансылык документтеринин баарына колду биринчи коюу укугуна ээ;
- келишимдерге, контракттарга, макулдашууларга кол коёт жана бекитет;
- мыйзамга ылайык кызматкерлердин эмгегин коргоо жана укугун сактоо чараларын камсыз кылат;
- өз орун басарынын, структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин функциялык милдеттерин, жоопкерчилик деңгээлин бөлүштүрөт;
- эмгек өргүүсүнүн графигин бекитет, эмгек келишимдерин түзөт, сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- илим системасында өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктарга белгиленген тартипте көрсөтөт;
- илим системасынын кызматкерлерине Департаменттин сыйлыктарын ыйгарат;
- структуралык түзүмдөр жөнүндө жоболорду жана кызматкерлердин кызматтык нускамаларын бекитет;
- өз компетенциясынын чегинде Департаменттин бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү буйруктарды чыгарат;
- Министрликтин чечимдеринин жана тапшырмаларынын аткарылышын уюштурат жана камсыз кылат;
- Департаменттин менчик мүлкүн жана каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган чекте тескейт;
- Департаменттин ишмердүүлүгүнүн максатына жана милдеттерине жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
12. Департаменттин директорунун бир орун басары болот, ал кызматка Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат.
13. Департаменттин директорунун орун басары директорго түздөн-түз баш иет жана өз ишмердүүлүгүн бекитилген функциялык милдеттерине ылайык ишке ашырат. Директор жок учурда анын милдеттерин аткарат.
5. Департаменттин мүлкү жана анын каржыланышы
14. Департаменттин мүлкү Департаментке башкалардын ээлигине берүү укугусуз оперативдүү башкарууга берилген мамлекеттик менчик болуп саналат.
15. Департаменттин каражаттарынын булагы болуп төмөнкүлөр саналат:
- республикалык бюджет;
- ишканалардын, уюмдардын, жарандардын акысыз жана кайрымдуулук кошумчалары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактар.
6. Департаментти кайра түзүү жана жоюу
16. Департаментти өзгөртүп уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.