Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-июну № 272
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- “Бишкек шаарында 2018-жылдын 21-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2018-жылдын 21-декабрында кол коюлган, “Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо” долбоору үчүн Швейцариянын Экономика боюнча мамлекеттик катчылыгынын атынан Швейцария Конфедерациясынын инвестициялык гранты боюнча Кыргыз Республикасынын жана Каракол шаарынын “Суу каналы” муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- “Бишкек шаарында 2018-жылдын 21-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууга жана Бишкек шаарында 2018-жылдын 21-декабрында кол коюлган, “Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо” долбоору үчүн Швейцариянын Экономика боюнча мамлекеттик катчылыгынын атынан Швейцария Конфедерациясынын инвестициялык гранты боюнча Кыргыз Республикасынын жана Каракол шаарынын “Суу каналы” муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору жана Каракол шаарынын мэри (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1-берене
Бишкек шаарында 2018-жылдын 21-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана Бишкек шаарында 2018-жылдын 21-декабрында кол коюлган, “Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо” долбоору үчүн Швейцариянын Экономика боюнча мамлекеттик катчылыгынын атынан Швейцария Конфедерациясынын инвестициялык гранты боюнча Кыргыз Республикасынын жана Каракол шаарынын “Суу каналы” муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын “____” _________ №____ токтому менен жактырылган |
Бишкек шаарында 2018-жылдын 21-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууга жана Бишкек шаарында 2018-жылдын 21-декабрында кол коюлган, “Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо” долбоору үчүн Швейцариянын Экономика боюнча мамлекеттик катчылыгынын атынан Швейцария Конфедерациясынын инвестициялык гранты боюнча Кыргыз Республикасынын жана Каракол шаарынын “Суу каналы” муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Бишкек шаарында 2018-жылдын 21-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана Бишкек шаарында 2018-жылдын 21-декабрында кол коюлган, “Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо” долбоору үчүн Швейцариянын Экономика боюнча мамлекеттик катчылыгынын атынан Швейцария Конфедерациясынын инвестициялык гранты боюнча Кыргыз Республикасынын жана Каракол шаарынын “Суу каналы” муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине жалпысынан шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жогоруда аталган макулдашуулардын долбоорлоруна кол коюлганга чейин алар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитет менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 444-б буйругу менен жактырылган.
Жогоруда аталган макулдашууларга Бишкек шаарында 2018-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын Финансы министри тарабынан кол коюлган.
Долбоордун максаты Каракол шаарын суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоого жана кеңейтүүгө төмөнкүлөр аркылуу жардам көрсөтүү саналат:
1). капиталдык инвестицияларды каржылоо;
2). инвестицияларды даярдоо жана ишке ашыруу үчүн консультациялык кызматтарын көрсөтүү;
3). корпоративдүү өнүктүрүү программасын даярдоо жана ишке ашыруу үчүн консультациялык кызматтарын көрсөтүү.
“Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Швейцариянын Экономика боюнча мамлекеттик катчылыгынын атынан Швейцария Конфедерациясы тарабынан берилүүдө.
Долбоордун жалпы суммасы 11,224 млн евро:
1) 4,5 млн евро - Швейцариянын Экономика боюнча мамлекеттик катчылыгынын атынан Швейцария Өкмөтүнүн гранты;
2) 5,5 млн евро – Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредити;
3) 1,224 млн. евро – техникалык кызматташтыкка Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын гранттык каражаттары.
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредит беришинин финансылык шарттары: кредит 15 жылга, жеңилдетилген мөөнөтү 3 жыл, Euribor +1,0% пайыздык ставкасы (өзгөрүлүп туруучу пайыздык ставка) менен берилет. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 3 жыл.
Макулдашууларды ратификациялоо социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык, финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн кош каржылоо каралган эмес, тиешелүү түрдө республикалык бюджеттен бул долбоорду ишке ашыруу үчүн финансы каражаттарын бөлүп берүү талап кылынбайт.