Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-июлу № 359
"Марракеш шаарында 2019-жылдын 6-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын (өнүктүрүү максатында Ислам шериктештик фондунун администратору катары) ортосундагы "Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- "Марракеш шаарында 2019-жылдын 6-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын (өнүктүрүү максатында Ислам шериктештик фондунун администратору катары) ортосундагы "Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Марракеш шаарында 2019-жылдын 6-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын (өнүктүрүү максатында Ислам шериктештик фондунун администратору катары) ортосундагы "Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Долбоор
1-берене
Марракеш шаарында 2019-жылдын 6-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын (өнүктүрүү максатында Ислам шериктештик фондунун администратору катары) ортосундагы “Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу” долбоору боюнча кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ислам өнүктүрүү банкына жогоруда аталган макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын “____” _________ №____ токтому менен жактырылган |
Марракеш шаарында 2019-жылдын 6-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын (өнүктүрүү максатында Ислам шериктештик фондунун администратору катары) ортосундагы “Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу” долбоору боюнча кредиттик макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине жалпысынан ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитет менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-мартындагы № 73-б буйругу менен жактырылган.
Жогоруда аталган Макулдашуу 2019-жылдын 6-апрелинде Марракеш шаарында Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары тарабынан кол коюлган.
Долбоордун максаты болуп суу менен камсыздоо боюнча ишенимдүү кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнү жакшыртуу жана кеңейтүү, тандалган айылдарда санитария боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, суу менен камсыздоо жана санитария тармагындагы институттардын потенциалын бекемдөө эсептелет.
“Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар өнүктүрүү максатында Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан Ислам шериктештик фондунун кредиттик каржылоо каражаттарынан берилүүдө.
Долбоордун жалпы суммасы 20,00 млн АКШ долларын түзөт.
Ислам өнүктүрүү банкынын кредит берүүсүнүн финансылык шарттары: кредит 10 жылдык жеңилдетилген мөөнөттү кошо алганда 30 жылдык мөөнөткө берилет, жылына 0,75 % пайыздык ставкасы менен. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 4,5 жыл.
Макулдашууну ратификациялоо финансы-экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка кандайдыр бир терс кесепеттерди алып келбейт.
Ошондой эле долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10 млн АКШ доллары өлчөмүндө кошумча каржылоосу каралган. 2019-жылга республикалык бюджеттен 20,9 млн сом каралган, калган бөлүгү долбоорду ишке ашыруунун алкагында тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралат.