Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-августу № 442
2019-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө
Улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2019-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралардын планы), 1-тиркемеге ылайык;
- 2019-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планын мониторингдөө жана баалоо матрицасы, 2-тиркемеге ылайык;
- 2019-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планын ишке ашыруунун финансылык планы, 3-тиркемеге ылайык.
2. 2019-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планын (мындан ары - Иш-чаралардын планы) жооптуу аткаруучулар болуп саналган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-чаралардын планын белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:
- коммерциялык эмес уюмдарды жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү тартуу менен Иш-чаралардын планын ишке ашыруу боюнча жыл сайын мониторинг жүргүзсүн;
- жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына топтолгон маалыматты берип турсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
2019-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Иш-аракеттер/чаралар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1-глава. Теңдик жана басмырлабоо. Улгайган жарандарга карата ырайымсыз мамилени жана зомбулукту болтурбоо боюнча чаралар | ||||||
1 | Улгайган жарандарга карата ырайымсыз мамиле жасоону жана зомбулукту болтурбоого багытталган чараларды иштеп чыгуу | Ырайымсыз мамилеге жана зомбулукка кабылуучу улгайган жарандар үчүн "ишеним телефонун" уюштуруу | 2020-жылдын II кварталы | Ырайымсыз мамилеге жана зомбулукка кабылуучу улгайган жарандар үчүн кайрылуу механизмдеринин болушу | ЭСӨМ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
1.2. Улгайган жарандарга карата ырайымсыз мамиле жасоого каршы күрөшүү жана зомбулукту болтурбоо жөнүндө маалыматтык кампанияларды өткөрүү | Жыл сайын | Улгайган жарандарга карата басмырлоонун жана зомбулуктун бардык түрлөрү азайтылды | ЭСӨМ, ММТМ, ИИМ, Акыйкатчынын (Омбудсмендин) аппараты (макулдашуу боюнча), облустардагы КРӨнүн облустардагы өкүлчүлүктөрү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
1.3. Улгайган жарандарга карата жасалган кылмыштар жөнүндө ЖМК аркылуу калкты маалымдоо | Жыл сайын | Улгайган жарандарга карата алдамчылык учурлары жөнүндө жана аларды болтурбоо боюнча жарандар кабардар болду | ИИМ, ЭСӨМ, ММТМ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
1.4. Документтери жок түзөтүү мекемелеринде жүргөн улгайган жарандарды ким экендигин ырастаган документтер менен камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгуу | 2020-2022-жылдар | Түзөтүү мекемелеринде жүргөн улгайган жарандар ким экендигин ырастаган документтер менен камсыз болушту | ЖАМК, ЭСӨМ, Мамкаттоо, СФ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
1.5. Улгайган жарандарга карата жасалган кылмышты, зомбулукту табуу жана алдын алуу, эсепке алуунун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу | 2023-2025-жылдар | Улгайган жарандарга карата жасалган зомбулукту аныктоонун жана болтурбоонун натыйжалуу механизмдери иштелип чыкты жана киргизилди. Улгайган жарандарга карата жасалган басмырлоо жана зомбулук фактылары эсепке алынууда | Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), ИИМ, ЭСӨМ, УСК (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
2-глава. Ден соолукту бекемдөө жана ага кам көрүү, улгайган жарандардын сапаттуу медициналык кызматтарга ден соолукту сактоо системасын өркүндөтүү аркылуу жетүүсүн жогорулатуу жана активдүү узак жашоону илгерилетүү | ||||||
2 | Улгайган жарандарды медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртууга багытталган чаралар системасын түзүү, алдын алуу жана ден соолугун бекемдөө, активдүү карылыкты жана жашоо узактыгын жогорулатуу | 2.1. Улгайган курактагы калктын өлүмүнүн жана ооруга чалдыгуусунун медициналык-демографиялык көрсөткүчтөрүн 60-74 жаш, 75-89-жаш, 90 жаш жана андан ашкан курактык категориялары боюнча, жынысы жана жашаган жери боюнча бөлүштүрүү менен, улгайган жарандардын медициналык-санитардык керектөөлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен изилдөө | 2020-2021-жылдар | Улгайган жарандар үчүн медициналык-санитардык жардамды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга керектөөлөрүнүн көрсөткүчтөрү жана жаш курактык категориялары боюнча адамдардын өлүмүнүн себептери жана ооруга чалдыгуунун медициналык-демографиялык көрсөткүчтөрү изилденди жана колдонулду | ССМ, КМКЖКДМИ, ММКФ, УСК (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | Бюджеттен тышкаркы каражаттар |
2.2. Сергек жашоонун үлгүсүн пропагандалоо жана оорулардын алдын алуу максатында саламаттык сактоо уюмдарында алдын алуу иш-чараларын уюштуруу | 2020-2021-жылдар | Сергек жашоо жөнүндө квалификациялуу билим алууга калктын мүмкүндүгү бар. Улгайган адамдар маалыматтык-коммуникациялык, алдын алуу жана дарылоо-диагностикалык БМСЖ кызматтары менен толук камтылды | ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
2.3. Геронтология жана гериатрия маселелери боюнча изилдөө жүргүзүү | 2021-2023-жылдар | Геронтология жана гериатрия боюнча изилдөөнүн жыйынтыгы алынды | ССМ, КМКЖКДМИ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
2.4. Геронтология жана гериатрия курстары боюнча медициналык кызматкерлерге дипломго чейинки билим берүү жана үзгүлтүксүз окутуу процессин өркүндөтүү | 2022-2025-жылдар | Геронтологдорду жана гериатрларды даярдоо программасы жана геронтология менен гериатрия боюнча кадрдардын квалификациясын жогорулатуу программасы иштелип чыкты. Бардык медициналык окуу жайлардын окуу программасына гериатрия жана геронтология боюнча курстар киргизилген. Геронтология жана гериатрия боюнча окуу куралдары иштелип чыкты. Геронтология жана гериатрия курсунан үй-бүлөлүк дарыгерлер, фельдшерлер жана медайымдар өткөн | ССМ, КМКЖКДМИ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
2.5. Бардык адистиктеги дарыгерлер үчүн геронтология жана гериатрия маселеси боюнча квалификациясын жогорулатуу менен кредиттик саатты киргизүү | 2019-жылдын II кварталы, 2020-жылдын IV кварталы | Үй-бүлөлүк дарыгерлер жана бир багыттагы адис дарыгерлер даярдалган, КМКЖКДМИ алдындагы геронтология жана гериатрия курстарынан өткөрүлдү | ССМ, КМКЖКДМИ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
3 | Улгайган жарандар үчүн активдүү узак жашоо программасына дем берүү | 3.1. Активдүү узак жашоо мезгилин узартууга көмөк көрсөткөн медицинанын заманбап багыттары катары геронтологиянын жана гериатриянын потенциалын жана жетишкендиктерин жайылтуу, улгайган жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө жарандык коомдун көңүлүн буруу үчүн багытталган маалыматтык-билим берүү ишин жүзөгө ашыруу | 2020-2022-жылдар | Медицинанын заманбап багыттары дени сак жашоо жана активдүү узак жашоо мөөнөтүн узартууга көмөк көрсөтөт | ССМ, ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
3.2. Коомдук жашоого катыштыруу максатында улгайган жарандардын арасында волонтердук иш жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу | 2020-2022-жылдар | Волонтердук иш жөнүндө ченемдик укуктук акт кабыл алынды. Улгайган жарандар коомго социалдык жактан интеграцияланды жана активдүү жашашат, бул алардын психологиялык жана физикалык абалына оң таасирин тийгизет. Улгайган жарандар коммерциялык эмес уюмдардын ишине тартылды | ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
3.3. Улгайган жарандардын активдүү узак жашоо программасын иштеп чыгуу | 2021-2023-жылдар | Улгайган жарандардын активдүү узак жашоо программасы иштелип чыкты | ЭСӨМ, ССМ, БИМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
3.4. Активдүү узак жашоого дем берүү үчүн МЖӨ өнүктүрүү аркылуу улгайган жарандарга медициналык-санитардык жана социалдык жардам көрсөтүү моделдерин уюштуруу | 2023-2025-жылдар | Улуттук жана жергиликтүү деңгээлде МЖӨ алкагында иштеп жаткан хоспистердин, ден соолук мектептеринин, күндүзгү борборлорунун саны | ЭСӨМ, ССМ, БИМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
3-глава. Улгайган жарандардын жашоо циклинин бардык этаптарында байгерчиликти камсыздоо. Улгайган жарандардын арасында кедейликтин деңгээлин кыскартуу | ||||||
4 | Улгайган жарандардын байгерчилигин камсыздоо үчүн пенсиялык системаны өркүндөтүү | 4.1. Түзөтүү мекемелеринде жүргөн улгайган жарандардын арасында пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча түшүндүрүү маалыматтык ишин өткөрүү | Жыл сайын | Пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча жарандар кабардар болду | СФ, ЖАМК, ЭСӨМ, ММТМ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
4.2. Пенсия алуу укугу үчүн минимумдук камсыздандыруу стажын (5 жылдан 20 жылга чейин) этап менен киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо жана талдоо жүргүзүү | 2020-2023-жылдар | Минимумдук камсыздандыруу стажын (5 жылдан 20 жылга чейин) киргизүү мүмкүндүгүнө талдоо жүргүзүлдү. Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча сунуштар даярдалды | СФ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
5 | Улгайган жарандардын маалымат жана билим берүү ресурстарына жетүүсүн камсыздоо, иш менен камсыз болуусуна дем берүү, улгайган жарандардын эс алуусун уюштуруу | 5.1. Жаш муундарга улгайган жарандардын тажрыйбасын өткөрүп берүү максатында ишканаларда жана мекемелерде устаттык механизмин киргизүү | 2020-2024-жылдар | Улгайган жарандардын ролун жогорулатуу жана жетишкендиктерин сыйлоо | БИМ, ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
5.2. "Активдүү узак жашоо - алтын мезгил" фестивалын өткөрүү | Жыл сайын 20-майда | Активдүү узак жашоонун маданий программасына улгайган жарандар активдүү тартылды | ЭСӨМ, ССМ, КРӨнүн облустардагы өкүлчүлүктөрү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
6 | Улгайган жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу маселелери боюнча мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана жүзөгө ашырууда улгайган жарандардын катышуусу | 6.1. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун алкагында улгайган жарандарга, өз алдынча жардам топтору үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү | Жыл сайын | 100 өз алдынча жардам топтору улгайган жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу маселелерин чечүүгө активдүү катышат | ЭСӨМ, ССМ, БИМ, Жаштар жана спорт агенттиги, ЖӨБ жана этностор агенттиги, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
6.2. Өз алдынча жардам топторун уюштуруу жана өнүктүрүү процессине улгайган жарандарды даярдоо боюнча программаны иштеп чыгуу | 2022-2025-жылдар | Программа кабыл алынды | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
4-глава. Социалдык кызматтардын рыногун өнүктүрүү жана мамлекеттик эмес секторду колдоо формаларын кеңейтүү аркылуу улгайган жарандар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо | ||||||
7 | Муктаждыгын эске алуу менен улгайган жарандар үчүн социалдык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу | 7.1. "Социалдык кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | 2019-жылдын III кварталы | "Социалдык кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты | ЭСӨМ, КЭУ, (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
7.2. Социалдык тейлөө формалары боюнча социалдык кызматтарды көрсөтүүдө улгайган жарандардын муктаждык критерийлерин иштеп чыгуу жана колдонуу | 2021-2022-жылдар | Социалдык кызматтарды көрсөтүүдө улгайган жарандардын муктаждык критерийлери иштелип чыкты жана бекитилди | ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
7.3. Калк үчүн жарым-жартылай акы төлөнүүчү жана акы төлөнүүчү социалдык кызматтар жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу | 2021-2024-жылдар | Жарым-жартылай акы төлөнүүчү жана акы төлөнүүчү социалдык кызматтар жөнүндө ченемдик укуктук акт иштелип чыкты | ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
7.4. Акы төлөнүүчү жана жарым-жартылай акы төлөнүүчү социалдык кызматтарды киргизүү | 2023-2025-жыл | Акы төлөнүүчү жана жарым-жартылай акы төлөнүүчү социалдык кызматтар ишке киргизилди | ЭСӨМ, КРӨнүн облустардагы өкүлчүлүктөрү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
7.5. Республиканын региондорунда социалдык тейлөө уюмдарынын ишине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү | 2022-жылдын ичинде бир жолу, 2025-жылдын ичинде бир жолу | Мониторингдин алынган жыйынтыктарынын негизинде талдоо жүргүзүү | ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
7.6. Социалдык кызматтын кардарларына социалдык кызмат көрсөтүүчү социалдык жактан тейлөөнүн жарым-жартылай стационардык уюмдарын жана мекемелерин аккредитациялоо тартибинин долбоорун иштеп чыгуу | 2023-2024-жылдар | Укуктук ченемдик акт иштелип чыкты | ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
8 | Жалгыз бой улгайган жарандарды жана ДМЧАларды тейлөө системасын реформалоо, анын ичинде үйдөн социалдык тейлөө | 8.1. Акы төлөнүүчү кызматтарды киргизүү аркылуу улгайган жарандарга кам көрүү системасын өнүктүрүү | 2023-2025-жылдар | Акы төлөнүүчү социалдык кызматтардын системасы ишке киргизилди | ЭСӨМ, КЭУ, (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
8.2. Социалдык тейлөөнүн стационар ордуна болуучу формаларынын стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү ("асырап алуучу үй-бүлө", "патронаждык кызмат") | 2023-2025-жылдар | Улгайган жарандарды социалдык жактан тейлөөнүн жаңы формалары түзүлдү ("асырап алуучу үй-бүлө", "патронаждык кызмат") | ЭСӨМ, КЭУ, (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
8.3. Жергиликтүү деңгээлде реабилитациялоо борборлорун түзүү | 2020-2025-жылдар | Жергиликтүү деңгээлде реабилитациялоо борборлору иштеп жатат | ЭСӨМ, ССМ, КРӨнүн облустардагы өкүлчүлүктөрү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
8.4. Республиканын алыскы жана жетүүгө кыйын райондорунда жашоочу улгайган жарандарды тейлөө үчүн бир багыттагы адистердин катышуусу менен медициналык-социалдык көчмө кызматты түзүү | 2020-2023-жылдар | Жетүүгө кыйын райондордо улгайган жарандарды камтуу менен медициналык-социалдык көчмө кызматы түзүлдү | ССМ, ММКФ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
9 | Жарандарды социалдык тейлөө системасын кадрлар жактан камсыздалышын өркүндөтүү | 9.1. Кыргыз Республикасынын окуу жайларында ЭСӨМ кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана социалдык кызматкерлерди даярдоо жана кайра даярдоо | 2020-2023-жылдар | ЭСӨМ кадрларын системалуу даярдоо жана кайра даярдоо киргизилди. ЭСӨМ кызматкерлеринин потенциалы жогорулатылды | ЭСӨМ, ССМ, БИМ КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
9.2. Социалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуунун тартибин, түрлөрүн жана формаларын иштеп чыгуу. Социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик мекемелеринде иштеген социалдык кызматкерлерди аттестациялоонун шарттарын жана тартибин иштеп чыгуу | 2021-2024-жылдар | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен жоболор бекитилди | ЭСӨМ, ССМ, ММКФ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
9.3. Жарандарды социалдык тейлөө чөйрөсүндө кесиптик коомдоштукту түзүү | 2024-жыл | Социалдык кызматтарды көрсөтүү жаатында кесиптик уюмдардын тармагы түзүлдү | ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
9.4. Улгайган жарандардын позитивдүү образын түзүү жана аларга сый мамиле кылуу тууралуу класстык сааттан тышкаркы сабактарды жалпы билим берүү программасына киргизүү | 2022-2025-жылдар | Улгайган адамдын позитивдүү образы калыптанды. Бардык деңгээлдеги жалпы билим берүү уюмдарында улууларга дайыма сый мамиле кылуу калыптанууда жана баса белгиленүүдө. | БИМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
10 | Муундар аралык диалог жана биргелешкен иш аткаруу форматында ыктыярдуу иш жүргүзүү маданиятын калыптандыруу | 10.1. Социалдык тейлөө уюмдарында иштеген улгайган жарандардын катышуусу менен Кыргыз Республикасында волонтердук кыймылды өнүктүрүү | 2023-2025-жылдар | Волонтерлук кыймылдын, анын ичинде улгайган жарандардын катышуусу менен иштөө системасы регламенттелген | ЭСӨМ, Жаштар жана спорт агенттиги, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
Кыскартуулардын тизмеси:
Башкы прокуратура | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
МТБМК | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети |
Жаштар жана спорт агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик |
ЖӨБ жана этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик |
ЖАМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы |
Мамкаттоо | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
ММК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
ММКФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
СФ | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
ЖМА | - | Жергиликтүү мамлекеттик администрация |
КРӨнүн облустардагы өкүлчүлүктөрү | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү |
КЭУ | - | Коммерциялык эмес уюм |
ЖӨБО | - | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ДМЧА | - | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар |
КМКДКЖМИ | - | Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институту |
БМСЖ | - | Баштапкы медициналык-санитардык жардам |
МЖӨ | - | Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк |
|
| 2-тиркеме |
2019-2025-жылдарга Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планын мониторингдөө жана баалоо МАТРИЦАСЫ
№ | Милдеттер жана иш-чаралар | Индикаторлордун аталышы | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл (2019-жыл) | Мезгил аралык индикаторлор (жылдык) | Максаттуу көрсөткүч-төр | Маалыматтар булагы | Жооптуу аткаруучулар | |||||
2020-жыл | 2021-жыл | 2022-жыл | |||||||||||
1-бөлүм. Теңдик жана басмырлабоо. Улгайган жарандарга карата ырайымсыз мамилени жана зомбулукту болтурбоо боюнча чаралар | |||||||||||||
1 | Улгайган жарандарга карата ырайымсыз мамиле жасоону жана зомбулукту болтурбоого багытталган чараларды иштеп чыгуу | Жасалган кылмыштар жөнүндө массалык маалыматтык каражаттар аркылуу калкка маалымдоонун саны | Бирдик | 0 | 6 | 12 | ИИМ, ЭСӨМ, ММТМ | ИИМ, ЭСӨМ, ММТМ, КРӨнүн облустардагы өкүлчүлүктөрү | |||||
1.4 | Документтери жок түзөтүү мекемелеринде жүргөн улгайган жарандарды ким экендигин ырастаган документтер менен камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгуу | Берилген документтердин үлүшү (улгайган жарандарды кошкондо, түзөтүү колонияларында жайгашкандарга) | % | 0 | 2 | 2 | ЖАМК | ЖАМК, ЭСӨМ, Мамкаттоо, СФ | |||||
1.5 | Улгайган жарандарга карата жасалган кылмышты, зомбулукту табуу жана алдын алуу, эсепке алуунун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу | Жынысын эске алуу менен, (сандарды, пайыздарды) маалыматтарды камтыган статистикалык отчеттуулук | % | 0 | 10 | 20 | 50 | Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча) | Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), ИИМ, ЭСӨМ, УСК (макулдашуу боюнча) | ||||
2-бөлүм. Ден соолукту бекемдөө жана ага кам көрүү, улгайган жарандардын сапаттуу медициналык кызматтарга ден соолукту сактоо системасын өркүндөтүү аркылуу жетүүсүн жогорулатуу жана активдүү узак жашоону илгерилетүү | |||||||||||||
2 | Улгайган жарандарды медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртууга багытталган чаралар системасын түзүү, алдын алуу жана ден соолугун бекемдөө, активдүү карылыкты жана жашоо узактыгын жогорулатуу | - Улгайган жарандардын оорусу азайтылган; | % | - | 3% | 5% | 10% |
| ССМ, КММКДАЖИ, ММКФ, УСК (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | ||||
- Жугуштуу эмес ооруулар боюнча ооруу көрсөткүчтөрү азайтылган; | % | - | 3% | 5% | 10% | ||||||||
- Улгайган жарандардын өлүм көрсөткүчтөрүн азайтуу | % | - | 1% чейин | 2% | 3% | ||||||||
2.1 | Улгайган курактагы калктын өлүмүнүн жана ооруга чалдыгуусунун медициналык-демографиялык көрсөткүчтөрүн 60-74 жаш, 75-89-жаш, 90 жаш жана андан ашкан курактык категориялары боюнча, жынысы жана жашаган жери боюнча бөлүштүрүү менен, улгайган жарандардын медициналык-санитардык керектөөлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен изилдөө | Жүрөк кан тамыр оорулары, жаңы пайда болуулар, дем алуу жолдорунун оорулары, КИЖ оорулары ж.б. боюнча ооруларды табуу көбөйгөн. Улгайган жарандар үчүн ММКФ программасы боюнча жеңилдетилген дары рецепттери менен камсыздалышы (муктаждардын саны) | % | - | 80 | 100% | ССМ алдындагы Электрондук саламаттык сактоо борбору | ССМ, МКДКЖИ, ММКФ, УСК (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | |||||
2.2 | Сергек жашоонун үлгүсүн пропагандалоо жана оорулардын алдын алуу максатында саламаттык сактоо уюмдарында алдын алуу иш-чараларын уюштуруу | Улгайган калктын маалыматтык-коммуникациялык, алдын алуу жана дарылоо-диагностикалык кызматтары менен толук камтылуусу | % | 10% | ССМ | ССМ, ССККРБ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | |||||||
2.5 | Бардык адистиктеги дарыгерлер үчүн геронтология жана гериатрия маселеси боюнча квалификациясын жогорулатуу менен кредиттик саатты киргизүү | Бардык Кыргыз Республикасынын медициналык окуу жайларында гериатриянын жана геронтология боюнча курстар киргизилген. Дипломго чейинки студенттер үчүн геронтология жана гериатрия боюнча окуу куралдары иштелип чыккан. ММКДАЖИ алдындагы геронтология жана гериатрия боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер жана сейрек адистик дарыгерлери, фельдшерлер жана медайымдар даярдалган. | % | 30% | 20% | 30% | ССМ | ССМ, МКДКЖИ | |||||
Диплом алгандан кийинки врачтарга геронтология жана гериатрия боюнча протокол жана клиникалык колдонмо иштелип чыккан | % камтуу | 60% | 10% | ||||||||||
3.4 | Активдүү узак жашоого дем берүү үчүн МЖӨ өнүктүрүү аркылуу улгайган жарандарга медициналык-санитардык жана социалдык жардам көрсөтүү моделдерин уюштуруу | Медико-санитардык жана социалдык жардам көрсөтүү боюнча моделдерди уюштуруу үчүн муктаж болгон улгайган жарандардын МЖИ механизмдерин камтуу жана активдүү узак жашоону стимулдаштыруу | % | - | 10% | 15% | 30% | ССМ | ССМ | ||||
3-бөлүм. Улгайган жарандардын жашоо циклинин бардык этаптарында байгерчиликти камсыздоо. Улгайган жарандардын арасында кедейликтин деңгээлин кыскартуу | |||||||||||||
4 | Улгайган жарандардын байгерчилигин камсыздоо үчүн пенсиялык системаны өркүндөтүү | Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн орточо өлчөмүнүн өсүү темпи | % | 2019-ж. | 2019 - ж. - 103,8%; 2020 - ж. - 104,9%; 2021 - ж. - 106,0%; 2022 - ж. - 106,1%. | СФ, ЭСӨМ | |||||||
4-бөлүм. Социалдык кызматтардын рыногун өнүктүрүү жана мамлекеттик эмес секторду колдоо формаларын кеңейтүү аркылуу улгайган жарандар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо | |||||||||||||
7 | Муктаждыгын эске алуу менен улгайган жарандар үчүн социалдык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу | Укуктук ченемдик акт иштелип чыккан. Кызматтардын сапатын алган улгайган жарандардын үлүшү | 0 | 0 | 50 | ЭСӨМ | ЭСӨМ, ССМ, БИМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | ||||||
№ | Милдеттер жана иш-чаралар | Индикаторлордун аталышы | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл (2019-жыл) | Мезгил аралык индикаторлор (жылдык) | Максаттуу көрсөткүчтөр | Маалыматтар булагы | Жооптуу аткаруучулар | |||||
8.2 | Социалдык тейлөөнүн стационар ордуна болуучу формаларынын стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү ("асырап алуучу үй-бүлө", "патронаждык кызмат") | Багып алуучу үй-бүлөгө кабыл алынган социалдык стационардык мекемелерде жашагандардын арасынан улгайган жарандардын саны жана үйдө тейленген улгайган, патронаждык кызматтар менен камтылгандардын саны | адам | 2023-жыл 3 адам жана 5 адам | 2024-жыл 5 адам жана 7 адам | 2025-жыл 11 адам жана 13 адам | ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | ||||||
9.1 | Кыргыз Республикасынын окуу жайларында ЭСӨМ кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана социалдык кызматкерлерди даярдоо жана кайра даярдоо | Даярдоодон, кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өткөн социалдык кызматкерлердин саны | % | 0 | 2020-жылы 2% | 2021-жылы 5% | 2023-жылы 8% | ЭСӨМ | |||||
|
| 3-тиркеме |
2019-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планын ишке ашыруунун ФИНАНСЫЛЫК ПЛАНЫ
№ | Милдеттер/Чаралар/Иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | 2020-жыл | 2021-жыл | 2022-жыл | 2023-жыл | 2024-жыл | 2025-жыл | Баары |
| БААРЫ | 10306,8 | 11430,6 | 11167,9 | 11167,9 | 11167,9 | 13168,2 | 68409,5 | ||
1-глава. Теңдик жана басмырлабоо. Улгайган жарандарга карата ырайымсыз мамилени жана зомбулукту болтурбоо боюнча чаралар | ||||||||||
1 | Улгайган жарандарга карата ырайымсыз мамиле жасоону жана зомбулукту болтурбоого багытталган чараларды иштеп чыгуу | - | - | 976,0 | 1030,8 | 976,0 | 976,0 | 976,0 | 976,0 | 5910,8 |
1.1 | Ырайымсыз мамилеге жана зомбулукка кабылуучу улгайган жарандар үчүн "ишеним телефонун" уюштуруу | 2020-жылдын II кварталы | ЭСӨМ | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
1.2 | Улгайган жарандарга карата ырайымсыз мамиле жасоого каршы күрөшүү жана зомбулукту болтурбоо жөнүндө маалыматтык кампанияларды өткөрүү | Жыл сайын | ЭСӨМ, ММТМ, ИИМ | 976,0 | 976,0 | 976,0 | 976,0 | 976,0 | 976,0 | 5856,0 |
1.3 | Улгайган жарандарга карата жасалган кылмыштар жөнүндө ЖМК аркылуу калкты маалымдоо | Жыл сайын | ИИМ, ЭСӨМ, ММТМ | |||||||
1.4 | Документтери жок түзөтүү мекемелеринде жүргөн улгайган жарандарды ким экендигин ырастаган документтер менен камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгуу | 2020-2022- жылдар | ЖАМК, ЭСӨМ, Мамкаттоо, СФ | 0,0 | 54,8 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 54,8 |
1.5 | Улгайган жарандарга карата жасалган кылмышты, зомбулукту табуу жана алдын алуу, эсепке алуунун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу | 2023-2025-жылдар | Башкы прокуратура, ИИМ, ЭСӨМ, УСК (макулдашуу боюнча) | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
2-глава. Ден соолукту бекемдөө жана ага кам көрүү, улгайган жарандардын сапаттуу медициналык кызматтарга ден соолукту сактоо системасын өркүндөтүү аркылуу жетүүсүн жогорулатуу жана активдүү узак жашоону илгерилетүү | ||||||||||
2 | Улгайган жарандарды медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртууга багытталган чаралар системасын түзүү, алдын алуу жана ден соолугун бекемдөө, активдүү карылыкты жана жашоо узактыгын жогорулатуу | 2020-2021-жылдар | ССМ, КММКДАЖИ ММКФ, УСК (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | 165,6 | 244,5 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 2000,0 | 2410,1 |
2.1 | Улгайган курактагы калктын өлүмүнүн жана ооруга чалдыгуусунун медициналык-демографиялык көрсөткүчтөрүн 60-74 жаш, 75-89-жаш, 90 жаш жана андан ашкан курактык категориялары боюнча, жынысы жана жашаган жери боюнча бөлүштүрүү менен, улгайган жарандардын медициналык-санитардык керектөөлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен изилдөө | 2020-2021-жылдар | ССМ, КММКДАЖИ ММКФ, УСК (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
2.2 | Сергек жашоонун үлгүсүн пропагандалоо жана оорулардын алдын алуу максатында саламаттык сактоо уюмдарында алдын алуу иш-чараларын уюштуруу | 2020-2021-жылдар | ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | |||||||
2.3 | Геронтология жана гериатрия маселелери боюнча изилдөө жүргүзүү | 2021-2023-жылдар | ССМ, ММКДАЖИ | 72,0 | 144,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 216,0 |
2.4 | Геронтология жана гериатрия курстары боюнча медициналык кызматкерлерге дипломго чейинки билим берүү жана үзгүлтүксүз окутуу процессин өркүндөтүү | 2022-2025- жылдар | ССМ, ММКДАЖИ | 75,3 | 82,2 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 157,5 |
2.5 | Бардык адистиктеги дарыгерлер үчүн геронтология жана гериатрия маселеси боюнча квалификациясын жогорулатуу менен кредиттик саатты киргизүү | 2019-жылдын II кв., 2020-жылдын IV кв. | ССМ, ММКДАЖИ | 18,3 | 18,3 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 36,6 |
3 | Улгайган жарандар үчүн активдүү узак жашоо программасына дем берүү | - | - | 2000,0 | 2000,0 | |||||
3.1 | Активдүү узак жашоо мезгилин узартууга көмөк көрсөткөн медицинанын заманбап багыттары катары геронтологиянын жана гериатриянын потенциалын жана жетишкендиктерин жайылтуу, улгайган жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө жарандык коомдун көңүлүн буруу үчүн багытталган маалыматтык-билим берүү ишин жүзөгө ашыруу | 2020-2022-жылдар | ССМ, ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
3.2 | Коомдук жашоого катыштыруу максатында улгайган жарандардын арасында волонтердук иш жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу | 2020-2022-жылдар | ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
3.3 | Улгайган жарандардын активдүү узак жашоо программасын иштеп чыгуу | 2021-2023-жылдар | ЭСӨМ, ССМ, БИМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | |||||||
3.4 | Активдүү узак жашоого дем берүү үчүн МЖӨ өнүктүрүү аркылуу улгайган жарандарга медициналык-санитардык жана социалдык жардам көрсөтүү моделдерин уюштуруу | 2023-2025-жылдар | ЭСӨМ, ССМ, БИМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 2000,0 | 2000,0 |
3-глава. Улгайган жарандардын жашоо циклинин бардык этаптарында байгерчиликти камсыздоо. Улгайган жарандардын арасында кедейликтин деңгээлин кыскартуу | ||||||||||
4 | Улгайган жарандардын байгерчилигин камсыздоо үчүн пенсиялык системаны өркүндөтүү | - | - | 584,1 | 1629,0 | 1629,1 | 1629,1 | 1629,1 | 1629,1 | 8729,5 |
4.1 | Түзөтүү мекемелеринде жүргөн улгайган жарандардын арасында пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча түшүндүрүү маалыматтык ишин өткөрүү | Жыл сайын | СФ, ЖАМК, ЭСӨМ, ММТМ | 1054,0 | 1054,1 | 1054,1 | 1054,1 | 1054,1 | 5270,4 | |
4.2 | Пенсия алуу укугу үчүн минимумдук камсыздандыруу стажын (5 жылдан 20 жылга чейин) этап менен киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо жана талдоо жүргүзүү | 2020-2023-жылдар | СФ | 0,0 | ||||||
5 | Улгайган жарандардын маалымат жана билим берүү ресурстарына жетүүсүн камсыздоо, иш менен камсыз болуусуна дем берүү, улгайган жарандардын эс алуусун уюштуруу | - | - | 584,1 | 575,0 | 575,0 | 575,0 | 575,0 | 575,0 | 3459,1 |
5.1 | Жаш муундарга улгайган жарандардын тажрыйбасын өткөрүп берүү максатында ишканаларда жана мекемелерде устаттык механизмин киргизүү | 2020-2024- жылдар | БИМ, ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 9,1 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 9,1 |
5.2. | "Активдүү узак жашоо - алтын мезгил" фестивалын өткөрүү | Жыл сайын 20-майда | ЭСӨМ, ССМ, КРӨнүн облустардагы өкүлчүлүк-төрү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | 575,0 | 575,0 | 575,0 | 575,0 | 575,0 | 575,0 | 3450,0 |
6 | Улгайган жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу маселелери боюнча мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана жүзөгө ашырууда улгайган жарандардын катышуусу | - | - | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
6.1 | Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун алкагында улгайган жарандарга, өз алдынча жардам топтору үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү | Жыл сайын | ЭСӨМ, министрлик-тер жана ведомстволор, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 0,0 | ||||||
6.2 | Өз алдынча жардам топторун уюштуруу жана өнүктүрүү процессине улгайган жарандарды даярдоо боюнча программаны иштеп чыгуу | 2022-2025-жылдар | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
4-глава. Социалдык кызматтардын рыногун өнүктүрүү жана мамлекеттик эмес секторду колдоо формаларын кеңейтүү аркылуу улгайган жарандар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо | ||||||||||
7 | Муктаждыгын эске алуу менен улгайган жарандар үчүн социалдык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүү-лүгүн жогорулатуу | - | - | 8572,0 | 8572,0 | 8553,7 | 8553,7 | 8553,7 | 8554,0 | 51359,1 |
7.1 | "Социалдык кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | 2019-жылдын III кварталы | ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 0,0 | ||||||
7.2 | Социалдык тейлөө формалары боюнча социалдык кызматтарды көрсөтүүдө улгайган жарандардын муктаждык критерийлерин иштеп чыгуу жана колдонуу | 2021-2022-жылдар | ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 0,0 | ||||||
7.3 | Калк үчүн жарым-жартылай акы төлөнүүчү жана акы төлөнүүчү социалдык кызматтар жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу | 2021-2024-жылдар | ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 2330,0 | 2330,0 | 2330,0 | 2330,0 | 2330,0 | 2330,0 | 13980,0 |
7.4 | Акы төлөнүүчү жана жарым-жартылай акы төлөнүүчү социалдык кызматтарды киргизүү | 2023-2025-жылдар | ЭСӨМ, КРӨ облустардагы өкүлчүлүктөрү, ЖӨБО, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 18,3 | 18,3 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 36,6 |
7.5 | Республиканын региондорунда социалдык тейлөө уюмдарынын ишине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү | 2022-жыл ичинде бир жолу, 2024-жыл ичинде бир жолу | ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 52,2 | 52,2 | 52,2 | 52,2 | 52,2 | 52,2 | 313,2 |
7.6 | Социалдык кызматтын кардарларына социалдык кызмат көрсөтүүчү социалдык жактан тейлөөнүн жарым-жартылай стационардык уюмдарын жана мекемелерин аккредитациялоо тартибинин долбоорун иштеп чыгуу | 2023-2024-жылдар | ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
8 | Жалгыз бой улгайган жарандарды жана ДМЧАларды тейлөө системасын реформалоо, анын ичинде үйдөн социалдык тейлөө | - | - | 6171,5 | 6171,5 | 6171,5 | 6171,5 | 6171,5 | 6171,8 | 37029,3 |
8.1 | Акы төлөнүүчү кызматтарды киргизүү аркылуу улгайган жарандарга кам көрүү системасын өнүктүрүү | 2023-2025-жылдар | ЭСӨМ, КЭУ, (макулдашуу боюнча) | 0,0 | ||||||
8.2 | Социалдык тейлөөнүн стационар ордуна болуучу формаларынын стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү ("асырап алуучу үй-бүлө", "патронаждык кызмат") | 2023-2025-жылдар | ЭСӨМ, КЭУ, (макулдашуу боюнча) | 0,0 | ||||||
8.3 | Жергиликтүү деңгээлде реабилитациялоо борборлорун түзүү | 2020-2025-жылдар | ЭСӨМ, ССМ, КРӨ облустардагы өкүлчүлүктөрү, ЖӨБО, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 6171,5 | 6171,5 | 6171,5 | 6171,5 | 6171,5 | 6171,8 | 37029,3 |
8.4 | Республиканын алыскы жана жетүүгө кыйын райондорунда жашоочу улгайган жарандарды тейлөө үчүн бир багыттагы адистердин катышуусу менен медициналык-социалдык көчмө кызматты түзүү | 2020-2023-жылдар | ССМ, ММКФ | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
9 | Жарандарды социалдык тейлөө системасын кадрлар жактан камсыздалышын өркүндөтүү | - | - | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
9.1 | Кыргыз Республикасынын окуу жайларында ЭСӨМ кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана социалдык кызматкерлерди даярдоо жана кайра даярдоо | 2020-2023-жылдар | ЭСӨМ, ССМ, БИМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
9.2 | Социалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуунун тартибин, түрлөрүн жана формаларын иштеп чыгуу. Социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик мекемелеринде иштеген социалдык кызматкерлерди аттестациялоонун шарттарын жана тартибин иштеп чыгуу | 2021-2024-жылдар | ЭСӨМ, ССМ, ММКФ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
9.3 | Жарандарды социалдык тейлөө чөйрөсүндө кесиптик коомдоштукту түзүү | 2024-жыл | ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
9.4 | Улгайган жарандардын позитивдүү образын түзүү жана аларга сый мамиле кылуу тууралуу класстык сааттан тышкаркы сабактарды жалпы билим берүү программасына киргизүү | 2022-2025-жылдар | БИМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
10 | Муундар аралык диалог жана биргелешкен иш аткаруу форматында ыктыярдуу иш жүргүзүү маданиятын калыптандыруу | - | - | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
10.1 | Социалдык тейлөө уюмдарында иштеген улгайган жарандардын катышуусу менен Кыргыз Республикасында волонтердук кыймылды өнүктүрүү | 2023-2025-жылдар | ЭСӨМ, Жаштар жана спорт агенттиги, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |