Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-августу № 421
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 143 "Банкроттук процессинин жол-жоболорун ишке ашыруучу администраторлордун отчетторун берүү боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Банкроттук процесстин жол-жоболорун ишке ашыруучу администраторлордун отчётторун берүү боюнча нускаманы Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 143 "Банкроттук процессинин жол-жоболорун ишке ашыруучу администраторлордун отчётторун берүү боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген Банкроттук процессинин жол-жоболорун ишке ашыруучу администраторлордун отчётторун берүү боюнча нускамада:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 70-беренесине ылайык атайын администратор банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын алдында отчёт берүүгө милдеттүү.
"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 103-беренесине ылайык эгерде ушул бөлүмдө жана реабилитация планында башкача каралбаса, тышкы башкаруучу атайын администратордун укуктарынан жана милдеттеринен пайдаланат.
"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык банкроттук иштер боюнча мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын банкроттук процессинде администраторлордун аткаруусун, администраторлордун отчёттук маалыматтарды жыйноосун контролдойт жана ага болгон талаптарды бекитет.
Бул Нускамада "администраторлор" термини атайын администраторду жана тышкы башкаруучуну түшүндүрөт.";
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Отчёт бербесе же өз убагында бербесе, ошондой эле отчётторду туура эмес берсе, администратор Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.";
- 6-пунктунун төртүнчү абзацында "жана жылдык" деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Финансылык абалдын баштапкы талдоосу Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуу тартиби жөнүндө эрежеде белгилеген талаптарга ылайык берилет.";
- 9-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Кварталдык отчёттор отчёттук кварталдан кийинки айдын 1инен кечиктирилбей берилет. Кварталдык отчёттор жазуу түрүндө берилет жана кредиторлордун чогулушунун протоколдорунун көчүрмөсүн тиркөө менен отчёттук мезгилде жүргүзүлгөн бардык иш-аракеттер жөнүндө, жүргүзүлгөн тооруктар жана кредиторлордун талабын канааттандыруу жөнүндө маалыматтарды ж.б. камтыйт. Квартал сайын берилүүчү тиркемелердеги көрсөткүчтөр өлчөө бирдиктерин так көрсөтүү менен банкроттук процессинин башталышынан тартып өсүүчү жыйынтыктар менен чагылдырылат.";
экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы "жана жылдык" деген сөздөр алып салынсын;
он экинчи, он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Отчётко милдеттүү түрдө ушул Нускаманын 1-6-тиркемелерине ылайык документтер берилиши керек.
Тиркемелердеги көрсөткүчтөр жана маалыматтар толук болуп саналбайт жана зарылдыкка жараша администратор тарабынан толукталышы мүмкүн.
Реструктуризациялоо методу менен атайын администрациялоо жол-жобосун колдонууда администратор кварталдык отчёттон тышкары банкроттук иштер боюнча мамлекеттик органга түшүндүрмө кат менен ушул жол-жобонун алкагында түзүлгөн жаңы юридикалык жактын бухгалтердик балансынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн милдеттүү түрдө тапшырат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 10-12-пункттар менен толукталсын:
"10. Ачык тоорук жүргүзүүнүн жыйынтыктары тууралуу отчёт аукцион жана конкурс өткөрүлгөндөн кийин он календардык күндөн кечиктирилбестен берилет. Отчётко ушул Нускаманын 3-тиркемесине ылайык документтер берилет.
11. Реабилитациялоо жол-жобосун ишке ашырган тышкы башкаруучу банкроттук иштер боюнча мамлекеттик органга реабилитациялоонун бекитилген планынын көчүрмөсүн тапшырууга жана планды аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчётту квартал сайын тапшырууга милдеттүү.
12. Корутунду отчёт "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуу тартиби жөнүндө эрежеде белгиленген көлөмдө жана тартипте берилет.";
- аталган Нускаманын 1-6-тиркемелери ушул токтомдун 1-6-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
- аталган Нускаманын 7-13-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 6-сентябрындагы N 75 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
|
|
Карызкор жөнүндө жалпы маалыматтар
№ | Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Көрсөткүчтөр |
1 | Карызкордун атылышы |
|
2 | ОКПО коду |
|
3 | ИНН |
|
4 | Юридикалык дареги |
|
5 | Өндүрүш тармагы (иштин түрү) |
|
6 | Уставдык капитал, миң сом |
|
7 | анын ичинде мамлекеттин үлүшү, миң сом |
|
8 | Уюштуруучулар |
|
| Жеке жактын аты-жөнү/юридикалык жактын аталышы |
|
9 | Жетекчи (аты-жөнү) |
|
10 | Башка юридикалык жактарга катышуусу |
|
| юридикалык жактын атылышы |
|
катышуу үлүшү, миң сом |
| |
11 | Жумушчулардын орточо санынын тизмеси |
|
| банкроттук башталганда |
|
| отчеттук датада |
|
12 | Соттун/кредиторлордун чогулушунун чечими |
|
Банкроттук жол-жобосун узартуу датасы |
| |
13 | Администратордун аты-жөнү |
|
Буйруктун/кредиторлордун чогулушунун датасы жана № |
| |
14 | Банкроттук жол-жобосунун түрү |
|
| Реструктуризация |
|
15 | Жаңы юридикалык жактын аталышы |
|
Каттоо датасы |
| |
ОКПО коду |
| |
ИНН |
| |
Уставдык капитал |
| |
Иштегендердин саны |
| |
Реабилитация |
| |
16 | Сот тарабынан реабилитациялоо планын бекитүү датасы |
|
".
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
|
Мүлктү инвентаризациялоонун жана баалоонун жыйынтыгы
№ | Мүлк | Баалоо наркы, миң сом | |
Банкроттук башталганда | Отчеттук датада | ||
1 | Жоюлуу массасы | ||
| Имараттар жана курулуштар |
|
|
Жер участоктору |
|
| |
Жабдуулар жана өткөрүп берилүүчү түзүлүштөр |
|
| |
Бүтпөгөн курулуш |
|
| |
Автотранспорт |
|
| |
Материалдык эмес активдер |
|
| |
Запастар, чийки заттар жана материалдар |
|
| |
Баалуулугу аз жана тез эскирүүчү предметтер (БТП) |
|
| |
Акча каражаттары |
|
| |
Дебитордук карыз |
|
| |
Башкалар |
|
| |
Жыйынтыгы |
|
| |
2 | Күрөөдөгү мүлк | ||
|
|
|
|
|
|
| |
Жыйынтыгы |
|
| |
3 | Социалдык инфраструктуранын объекттери | ||
|
|
|
|
Жыйынтыгы |
|
| |
4 | Турак үйлөр | ||
|
|
|
|
Жыйынтыгы |
|
| |
5 | Бардыгы |
|
|
".
|
| 3-тиркеме |
|
|
|
|
|
Мүлктүк активдерди ээликтен ажыратуу
№ | Аталышы | Ээликтен ажыратуу датасы | Сатылды, миң сом | Негизи | |
Сатуу баасы | Баалоо наркы | ||||
Старттык баа боюнча тооруктар | |||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгы |
|
|
|
|
Старттык бааны 25%га чейин төмөндөтүү менен тооруктар | |||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгы |
|
|
|
|
Старттык бааны 50%га чейин төмөндөтүү менен тооруктар | |||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгы |
|
|
|
|
Минималдык бааны чектөөсүз тооруктар | |||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгы |
|
|
|
|
Түз сатуу | |||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгы |
|
|
|
|
Кредитордук карызды жоюу эсебинде кредиторлорго өткөрүп берилген | |||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгы |
|
|
|
|
Жергиликтүү бийлик органдарына өткөрүп берилген (социалдык инфраструктура объекттери) | |||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгы |
|
|
|
|
Күрөөгө коюлган мүлктү сатуу | |||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Күрөөгө коюлган мүлктү өткөрүп берүү | |||||
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгы |
|
|
|
|
| Банкроттук башталгандан тартып бардыгы |
|
|
|
|
| анын ичинде отчеттук кварталда |
|
|
|
|
| Отчеттук датага мүлктүн калдыгы |
|
|
|
|
".
|
| 4-тиркеме |
|
|
|
|
|
Отчеттук датага кредитордук карыздын толук реестри
№ | Кредитордун аталышы | Таанылган, миң сом | Жоюлду, миң сом |
| |||
Бардыгы | анын ичинде |
| |||||
Акча каражаттарын которуу | Өз ара эсептешүү | Мүлктү өткөрүп берүү | % | ||||
Күрөө менен камсыздалган кредиторлор |
| ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
Биринчи кезектеги кредиторлор |
| ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
Экинчи кезектеги кредиторлор |
| ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
Үчүнчү кезектеги кредиторлор |
| ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
Төртүнчү кезектеги кредиторлор |
| ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
Бешинчи кезектеги кредиторлор |
| ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Бардыгы |
|
|
|
|
|
|
| анын ичинде отчеттук кварталда |
|
|
|
|
|
|
".
|
| 5-тиркеме |
|
|
|
|
|
Банкроттук процесстин чыгымдары
№ | Чыгымдардын беренелеринин аталышы | Бардыгы, миң сом | Отчеттук кварталда, миң сом | ||
Эсептелди | Төлөндү | Эсептелди | Төлөндү | ||
| Банкроттук процесстин чыгымдары |
|
|
|
|
1 | Администраторго сый акы |
|
|
|
|
| анын ичинде учурдагы төлөмдөр |
|
|
|
|
| кошумча төлөмдөр |
|
|
|
|
| социалдык камсыздандырууга которуулар |
|
|
|
|
| киреше салыгы |
|
|
|
|
2 | Тартылган адистерге эмгек акы төлөө |
|
|
|
|
| социалдык камсыздандырууга которуулар |
|
|
|
|
| салыктарды төлөө |
|
|
|
|
3 | Баалоого чыгымдар |
|
|
|
|
4 | Имаратты ижаралоого чыгымдар |
|
|
|
|
5 | Транспорт чыгымдары |
|
|
|
|
6 | Байланыш кызматтары |
|
|
|
|
7 | Тооруктарды уюштурууга чыгымдар (жарыялар, аукционисттин кызмат көрсөтүүлөрү ж.б.) |
|
|
|
|
8 | Документтерди тариздөөгө чыгымдар (нотариустун, Мамкаттоонун ж.б. кызмат көрсөтүүлөрү) |
|
|
|
|
9 | Башка чыгымдар |
|
|
|
|
| Жыйынтыгы |
|
|
|
|
| Өндүрүштүк чыгымдар |
|
|
|
|
1 | Жумушчулардын айлык акысы |
|
|
|
|
| социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр |
|
|
|
|
| киреше салыгы |
|
|
|
|
2 | КММ |
|
|
|
|
3 | Электр энергиясы |
|
|
|
|
4 | Чийки заттар жана материалдар |
|
|
|
|
| Жыйынтыгы |
|
|
|
|
| Бардыгы |
|
|
|
|
".
|
| 6-тиркеме |
|
|
|
|
|
Банкроттук процесстин жол-жобосун жүргүзүүнүн натыйжалары
Аталышы | Банкроттук процесс башталганда | Анын ичинде отчеттук кварталда |
Акча каражаттарынын келип түшүүсү, миң сом | ||
Банкроттук башталганда эсептешүү эсебиндеги акча каражаттарынын калдыгы |
|
|
Мүлктүк активдерди сатуудан |
|
|
Дебитордук карызды өндүрүп алуудан |
|
|
Учурдагы иштен |
|
|
Башка түшүүлөр |
|
|
Жыйынтыгы |
|
|
Акча каражаттарын пайдалануу | ||
Банкроттук процесстин чыгымдары |
|
|
Өндүрүштүк ишке чыгымдар |
|
|
Кредитордук карызды жоюу |
|
|
Жыйынтыгы |
|
|
Эсептешүү эсебиндеги каражаттардын калдыгы |
| . |