Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 токтомуна) |
Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрындагы № 598 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жободо (мындан ары - Жобо) маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө чөйрөсүндө келип чыгуучу мамилелерди укуктук жөнгө салуу негиздери белгиленет.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
кызматтык маяна - компенсациялык, дем берүүчү жана социалдык төлөмдөрдү эске албаганда, календардык айдын ичинде белгилүү бир татаалдыктагы кызматтык милдеттерди аткаргандыгы үчүн кызматкердин эмгек акысын төлөөнүн белгиленген өлчөмү;
эмгек акы - кызматкердин квалификациясына, аткарылуучу иштин татаалдыгына, санына, сапатына жана шарттарына жараша берилүүчү эмгек үчүн сый акы;
компенсациялык төлөмдөр - кызматкерге эмгектик же кызматтык милдеттерди аткарууга байланышкан кошумча чыгымдардын ордун толтуруу боюнча төлөмдөр;
дем берүүчү төлөмдөр - эмгектин сапаттуу жана өз убагындагы натыйжасы үчүн кызматкерге дем берүү үчүн багытталган төлөмдөр. Дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр кызматкерге иштин натыйжалуулугун жана сапатын баалоого мүмкүндүк берүүчү критерийлерди эске алуу менен белгиленет;
аккорддук эмгек акы - кызматкерлердин эмгек акысын баалап төлөө формасынын бир түрү, анын өлчөмү алдын ала түзүлгөн келишимде аныкталып, толугу менен аткарылган жумушка төлөнөт;
типтүү штаттар - мекемелердин штаттык санын тартипке келтирүүнүн чектелген ченеми.
3. Маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен белгиленет.
4. Маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысы жумуш күндүн ченеминин аткарылышын эске алуу менен эсептелет. Эмгек акынын өлчөмү компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөрдү эске алуу менен кызматтык маяналардын негизинде аныкталат. Ушул Жободо аталган бардык төлөмдөр (Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган кошумча төлөмдөрдү кошпогондо) башка жогорулатууларды жана төлөмдөрдү эске албастан, кызматтык маянадан белгиленген өлчөмдө гана эсептелет.
5. Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда иштегендиги үчүн райондук коэффициенттерди колдонуунун өлчөмдөрү жана тартиби, ошондой эле маданият, искусство жана маалымат кызматкерлерине ушул Жободо аталбаган башка төлөмдөр бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын аймактарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эмгек мыйзамдарына ылайык белгиленет.
6. Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин жетекчилери зарыл болгон учурда эмгек акы төлөө фондунун чегинде кызматкерлерди жалдоонун келишимдик формасын колдонушу мүмкүн.
7. Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын жетекчиси кызматкерлердин эмгек акы фондусунун чегинде эмгек акы төлөөнүн аккорддук формасын колдонушу мүмкүн.
8. Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акыларынын өлчөмдөрүн өз убагында жана талаптагыдай белгилөө үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
- республикалык бюджеттен каржылануучу мекемелер боюнча - маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин жетекчилерине, ал эми борборлоштурулган бухгалтерия тейлеген уюмдар боюнча - биринчи кол коюу укугу менен кредиттердин башкы тескөөчүсүнө;
- жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелер боюнча - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын райондук финансылык бөлүмдөрүнө.
9. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында эмгек акыны эсептөөнүн башка тартиби аныкталган маданият, искусство жана маалымат системасындагы мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларга жана башка башкаруу органдарынын кызматкерлерине карата колдонулбайт.
2-глава. Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына компенсациялык төлөмдөр
10. Маданият, искусство жана маалымат системасындагы кызматкерлердин кызматтык маяналарына компенсациялык төлөмдөр айрым уюмдардын, бөлүмдөрдүн иштөө шарттарын, өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен белгиленет.
11. Компенсациялык төлөмдөргө төмөнкүлөр үчүн үстөк акылар кирет:
- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын аймактарында иштегендиги үчүн;
- өзгөчө шарттарда иштегендиги үчүн;
- жумуш убактысынын ченемдүү узактыгынан ашык иштегендиги (айкалыштырып иштөө же ашыкча иштөө) үчүн.
12. Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын аймактарында иштегендиги үчүн, ошондой эле өзгөчө шарттарда иштегендиги үчүн үстөк акылар бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын аймактарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө мыйзамдарга ылайык белгиленет.
13. Жумуш убактысынын ченемдүү узактыгынан ашык иштегендиги (айкалыштырып иштөө же ашыкча иштөө) үчүн үстөк акылар Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык төлөнөт.
131. Балдарды өнүктүрүү борборлорунда ишке тартылган китепканалардын кызматкерлерине жүктөмдүн бир айлык көлөмүн аткарууда кызматтык маяналарына 2000 сом өлчөмүндө үстөк акы белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрындагы № 598 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Маданият, искусство жана маалымат уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына дем берүүчү төлөмдөр
14. Маданият, искусство жана маалымат системасында эмгектин өндүрүмдүүлүгүн, кесипкөйлүк жана сапаттык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу максатында кызматкерлердин кызматтык маяналарына дем берүүчү төлөмдөр белгиленет.
15. Дем берүүчү төлөмдөргө төмөнкүлөр үчүн үстөк акылар кирет:
- иштеген жылдары үчүн;
- илимий даражасы үчүн;
- "Эл" же "Эмгек сиңирген" ардак наамы үчүн;
- уюмдардын жана мекемелердин "улуттук" статусу же "академиялык" ардак наамы үчүн;
- натыйжалуулукка дем берүүчү коэффициенттерди эске алуу менен эмгектин сапаттуу натыйжалары үчүн.
16. Илимий даражасы үчүн, маданият, искусство жана маалымат чөйрөсүндөгү "Эл" же "Эмгек сиңирген" ардак наамы үчүн, ошондой эле уюмдардын жана мекемелердин "улуттук" статусу же "академиялык" ардак наамы үчүн үстөк акылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө", 2011-жылдын 25-майындагы № 240 "Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерине "Эл" же "Эмгек сиңирген" деген ардактуу наамдар үчүн үстөк акылар жөнүндө", 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө" токтомдоруна ылайык төлөнөт.
17. Эмгектин сапаттуу натыйжалары үчүн үстөк акылар мекеменин атайын эсебинин каражаттарынан 30 пайыздан ашпаган өлчөмдө эмгек акы төлөө фондунун чегинде төлөнөт.
18. Облустук медиаборборлордун кызматкерлерине сый акы берүү бекитилген эмгек акы төлөө фондунун чегинде кызматтык маянанын 75 пайызына чейинки өлчөмдө квартал сайын жүргүзүлөт.
19. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн маданият, искусство жана маалымат системасындагы кызматкерлерине ишинин татаалдыгы, сапаты жана натыйжасы үчүн кызматтык маянанын 25 пайыз өлчөмүндө үстөк акылар төлөнөт.
20. Үстөк акылар окуу өргүүсүндө жүргөн, ошондой эле убактылуу эмгекке жарамсыз болгон кызматкерлерге төлөнбөйт.
4-глава. Эмгек акы төлөөнүн башка маселелери
21. Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан эмгек акы төлөөнүн башка маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.
22. Маданият, искусство жана маалымат чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акысына сый акы, үстөк акы берүүгө кошумча максаттуу каражаттар же демөөрчүлүк жардамдар бөлүнгөн учурда аталган каражаттар ар бир кызматкердин салымын эске алуу менен мекеменин жетекчилери тарабынан бөлүштүрүлүүгө тийиш.
23. Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин жетекчилерине кызматкерлердин кесиптик союзу же кызматкерлердин өкүлчүлүктүү башка органы менен макулдашуу боюнча кошумча каражаттарды кызматкерлерге сыйлык берүүгө, иштин сапаттуу болушуна дем берүүгө, уюмдун, мекеменин ишине кошкон өзгөчө салымы үчүн сыйлоого кайра бөлүштүрүү укугу берилет.
24. Адабий сценарийлерди, оригиналдуу музыканы жазгандыгы үчүн автордук гонорарлардын, сахнада койгондугу үчүн сый акылардын өлчөмдөрү "Автордук укуктар жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автордук келишимдерде белгиленет.