Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-сентябры № 459
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин коллегиясынын курамын оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Министрликте 9 адамдан турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын мүчөлөрү болуп кызмат орду боюнча министр, статс-катчы, министрдин орун басарлары жана министрликтин укуктук маселелерди тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси эсептелет. Коллегиянын курамына милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин өкүлдөрү кирет.
Министр кызмат орду боюнча коллегиянын төрагасы болуп саналат, өзгөчө учурда - ал ыйгарым укук берген орун басары. Коллегиянын мүчөлөрү министрдин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |