Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-сентябры № 460
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Нурбаев тарабынан демилгеленген "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-сентябрындагы № 460 токтому менен жактырылган |
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Нурбаев тарабынан демилгеленген "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоору менен калктуу конуштарды жана турмуш-тиричиликти камсыздоо объектилерин коргоо боюнча атайын алдын алуучу жана кесепеттерин жоюучу иш-чараларды жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктарын толуктоо сунушталат, ошондой эле атайын алдын алуучу жана кесепеттерин жоюучу иш-чаралар түшүнүгү киргизилет.
Аталган мыйзамдын долбоорунан келип чыккан иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тиешелүү жылга каралган каражаттын чегинде ишке ашырыла тургандыгын белгилейбиз.
Ошондой эле мыйзамдын долбоорунда Мыйзамдын реквизиттери туура эмес көрсөтүлгөндүгүн белгилейбиз, ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "2018-жылдын 19-апрели" деген сөздөрдү "2018-жылдын 31-майы" деген сөздөр менен алмаштырууну, "62 - бет" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
Андан тышкары мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин түзүмдүк таризделишин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 38-пунктуна шайкеш келтирүү керек.
Жалпысынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда баяндалган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен аталган мыйзамдын долбоорун кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.