Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-сентябры № 494
"Камсыздандыруу салымдарды башкаруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Асылбаева Г.К., Тулендыбаев П.Р., Макеев Н.К., Гайпкулов И.Т., Арапбаев А.А., Примов У.Б., Сыдыков Б.У., Жамалдинов З.И., Абжалиев А.Т., Мамашова А.Т., Бекешев Д.Д., Исаева Д.Ш. тарабынан демилгеленген "Камсыздандыруу салымдарды башкаруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-сентябрындагы № 494 токтому менен жактырылган |
"Камсыздандыруу салымдарды башкаруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Асылбаева Г.К., Тулендыбаев П.Р., Макеев Н.К., Гайпкулов И.Т., Арапбаев А.А., Примов У.Б., Сыдыков Б.У., Жамалдинов З.И., Абжалиев А.Т., Мамашова А.Т., Бекешев Д.Д., Исаева Д.Ш. тарабынан демилгеленген "Камсыздандыруу салымдарды башкаруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мурда жогоруда аталган Мыйзамдын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 649 токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий корутундусу берилгенин белгилей кетүү керек.
Мында сунушталган Мыйзамдын долбоору айрым сунуштарынан башкалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган корутундусунда баяндалган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен толукталып иштелип чыкканын белгилеп кетмекчибиз.
Ушуга байланыштуу төмөнкүлөргө көңүл бөлүүнү сунуштайбыз.
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча Нускаманын (мындан ары - Нускама) 9-пунктунун жоболорун эске алып, Мыйзамдын долбоорунун аталышын "айрым мыйзам актыларына" деген сөздөргө чейин "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
2. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 6-бөлүгүнүн 3-пунктун, 10-бөлүгүн жана 11-бөлүгүнүн 2-пунктун Нускаманын 105-пунктунун талаптарына ылайык толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз.
3. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 12-бөлүгү "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясынын онунчу абзацын кайталагандыктан аны алып салууну сунуш кылабыз.
4. Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинин 2-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 76-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктун жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда, ага ылайык "Социалдык фонд бюджеттик укуктук мамилелерди жөнгө салуу жаатында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшүнүн эсебин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарынын туура чыгымдалышына контроль жүргүзөт".
Бирок "мыйзамдар" деген түшүнүк жалпыланган түшүнүк болуп саналаарын жана кеңири чечмелөөгө мүмкүндүк берген чаржайыт мүнөзгө ээ экендигин белгилей кетүү керек. Алсак, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык мыйзамдар дегенде коомдук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын жыйындысы, ал эми ченемдик укуктук акт - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын чегинде же болбосо референдум аркылуу кабыл алынган, укук ченемдерин белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, аныкталган формадагы расмий документти түшүнөбүз.
Ошондой эле Нускаманын 78-пунктуна ылайык жалпысынан мыйзамдарга бланкеттик шилтеме жасоого жол берилбестигин белгилей кетүү керек.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинин 2-бөлүгүндө мыйзамдардын жөнгө салуу тармагын же чөйрөсүн көрсөтүп, Мыйзамдын долбоорунда шилтеме жасалган ченемдик укуктук-актыларга талдоо жүргүзүү керек.
5. Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин экинчи абзацы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын каралып жаткан Мыйзамдын долбооруна шайкеш келтирүү тапшырмасы берилүүдө.
Ал эми "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш экендигин билдиребиз.
Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда кайра кароого жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары жөнүндө маалымат Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катында чагылдырылган эмес.
Ошондой эле эгерде талдоонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу зарылдыгы аныкталса, мыйзамдар менен мыйзам алдындагы актылардын ортосундагы укуктук вакуумду жоюу максатында Мыйзамдын долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтүн узартуу керек.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул корутундуда баяндалган сунуштарды эске алып, аталган Мыйзамдын долбоорунун кабыл алынышын колдойт.