Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-сентябры № 483
"Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2014-жылдын 15-июлу, № 55) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) 2-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
"каттоо - мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонуу үчүн арналган Кыргыз Республикасында даярдалган же бирден нускада же 10 даанага чейинки чакан партиялар менен импорт боюнча ташып киргизилген өлчөө каражаттарын эсепке алуу.";
2) 4-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту "орган" деген сөздөн кийин "жана анын аймактык бөлүмдөрү" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 6-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "жана баштапкы" деген сөздөр алып салынсын;
4) 8-беренесинин 3-бөлүгү "типтеги" деген сөздөн кийин "же катталган" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 9-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-берене. Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жана Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн же Кыргыз Республикасынын аймагында бирден нускада жана чакан партиялар менен ташып киргизилген өлчөө каражаттарын каттоо
1. Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү же Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү, мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонуу үчүн арналган өлчөө каражаттарынын тиби жүгүртүүгө чыгарылганга чейин бекитилүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү стандарттык үлгүлөр жүгүртүүгө чыгарылганга чейин тиби бекитилүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү же Кыргыз Республикасынын аймагына бирден нускада же чакан партиялар менен ташып киргизилүүчү, мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонуу үчүн арналган өлчөө каражаттары жүгүртүүгө чыгарылганга чейин катталууга тийиш.
2. Чет өлкөлөрдө чыгарылган өлчөө каражаттарына жүргүзүлгөн сыноолордун натыйжаларын таануу жана өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу жана метрология чөйрөсүндөгү улуттук органдары кошулган башка уюмдардын өз ара таануу жөнүндө макулдашууларына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүүнүн жана бекитүү белгисин колдонуунун, Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү же Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү өлчөө каражаттарын каттоонун, өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
6) 10-беренесинде:
а) 1-бөлүгүндөгү "андан кийинки (мезгилдүү)" деген сөздөр "мезгилдүү текшерилүүгө жана зарылдыгына жараша кезексиз" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Өлчөө каражаттарын текшерүүнү метрология боюнча улуттук органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн текшерүүчү лабораториялары жүзөгө ашырышат.
Текшерүү үчүн метрология боюнча улуттук органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн текшерүүчү лабораториялары аккредитацияланган болууга тийиш.
Тиешелүү жаатта өлчөө каражаттарын калибрлөөгө аккредитациясы бар метрология боюнча улуттук органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн текшерүүчү лабораторияларын аккредитациялоо талап кылынбайт.
Метрология боюнча улуттук органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө тиешелүү эталондор жок болгондо өлчөө каражаттарын текшерүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген юридикалык жактар жүргүзөт.";
7) 12-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү түрдүү жөндөмөдөгү "орган" деген сөздөн кийин тиешелүү жөндөмөдөгү "жана анын аймактык бөлүмдөрү" деген сөздөр менен толукталсын;
8) 14-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда мазмунда баяндалсын:
"2. Өлчөө каражаттарын калибрлөөнү метрология боюнча улуттук органдын анын аймактык бөлүмдөрүнүн жана юридикалык жактардын метрологиялык кызматтарын аккредитацияланган калибрленүүчү лабораториялары жүзөгө ашырышат.";
9) 16-беренесинде "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазыктык, административдик же болбосо жарандык-укуктук жоопкерчилик тартышат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартышат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10) 17-беренесинде:
а) 1-пункту "түзүү," деген сөздөн кийин "сатып алуу," деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
2) улуттук эталондорду, өлчөөлөрдү жана калибрлөөнү Кыргыз Республикасы мүчө болгон региондук метрологиялык уюмдун алкактарында аккредитациялоо же эксперттик тең маанидеги баалоо жолу аркылуу эл аралык таанууга жетишүү жана колдоо иштери;";
в) 3-пунктундагы "же" деген байламта "менен" деген байламта менен алмаштырылсын;
11) 18-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-берене. Метрологиялык иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө
Метрология боюнча улуттук орган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте ыйгарым укук берген юридикалык жактар тарабынан чарбакер субъекттерге көрсөтүлүүчү метрологиялык иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдердин шарттарына ылайык акы төлөнөт.".
2-берене.
1. Ушул Мыйзамдын 2023-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирүүчү 1-беренесинин 6-пунктундагы "б" пунктчасынын экинчи абзацынан тышкары, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|