Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 732 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-сентябры № 506
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 91 "Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңештин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 91 "Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пунктундагы "социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
1) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жободо:
- 2-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кеңештин милдеттери жана функциялары
5. Кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо секторун өркүндөтүү саясатын жана багыттарын түзүү;
- Саламаттык сактоо министрлиги менен ММК Фондунун Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу, жарандардын саламаттыгын сактоо секторун өнүктүрүү жаатында ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга багытталган биргелешкен иш-чараларын пландоо, координациялоо жана ишке ашыруу;
- саламаттык сактоо кызматтары менен жалпыны бирдей камтуу жаатында базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандырууну өнүктүрүү саясатын түзүү;
- Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын (мындан ары - МКП), ошондой эле саламаттык сактоо жана базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү башка мамлекеттик программалардын алкагында көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын көлөмүн жана түрлөрүн карап чыгуу боюнча чечимдерди кабыл алуу;
- учурдагы жылга бекитилген бюджеттин чегинде Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамдын көлөмүн макулдашуу;
- саламаттык сактоо уюмдарынын чыгашаларын оптималдаштыруу маселелерин карап чыгуу;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин карап чыгуу жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитүүгө киргизүү;
- коомдук саламаттык сактоону каржылоо ченемдерин бекитүү;
- аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорттук каражаттарды эксплуатациялоонун эрежелерин бузгандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммасынан келип түшкөн каражаттарды медициналык тез жардамды өнүктүрүүгө пайдалануу боюнча маселени карап чыгуу жана бекитүү;
- саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган каражаттардан каржылануучу саламаттык сактоо уюмдарынын тизмесин бекитүү.
6. Кеңештин функциялары:
- саламаттык сактоону жана милдеттүү медициналык камсыздандырууну өнүктүрүү маселелерин карап чыгуу;
- саламаттык сактоону, базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандырууну өнүктүрүү маселелери боюнча Кеңеш тарабынан иштелип чыккан сунуштарды, чечимдерди белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү;
- Саламаттык сактоо министрлиги менен ММК Фондунун Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун сактоо жаатындагы ишинин негизги багыттарынын планын ишке ашырууну координациялоо.";
- 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кеңештин ишин камсыздоо жана өзүнүн жыйындарына маселелерди, аналитикалык маалыматтык материалдарды жана башка материалдарды даярдоо үчүн Кеңеш мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, көз карандысыз адистерди жана эксперттерди тарта алат.";
- 19-пунктундагы "жамааттык" деген сөз "коллегиялуу" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Кеңештин жыйыны зарылдыкка жараша, бирок жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт. Жыйын Кеңештин мүчөлөрүнүн кеминде жарымы катышкан шартта мыйзамдуу деп эсептелет.";
- 23-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23. Талкуу үчүн документтер Кеңешке жыйын башталганга чейин жети жумуш күндүн ичинде берилет жана Кеңештин бардык мүчөлөрүнө катчы тарабынан жыйынга беш күн калганга чейин маалымдалат.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
|
Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын социалдык тармакты тейлеген вице-премьер-министри, Байкоочу кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти, Байкоочу кеңештин катчысы.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргызстандын саламаттык сактоо кызматкерлеринин борбордук профсоюздук комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Иш берүүчүлөр улуттук конфедерациясынын катчылыгынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ассоциациясынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Ооруканалар ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).".