Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 732 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-февралы № 91
Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 506, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 44 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ортосундагы ведомстволор аралык эриш-аркак иштөөсүнүн натыйжалуулугун көтөрүү, ошондой эле "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-апрелиндеги №298 "Саламаттык сактоону реформалоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
|
| Тиркеме |
Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңештин курамы
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блокту тейлеген орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти, Байкоочу кеңештин катчысы;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;
"Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин профсоюзу" профсоюздар бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Республикасынын Иш берүүчүлөр улуттук конфедерациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин катчылыгынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстандын Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун жана үй-бүлөлүк медайымдардын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Республикасынын Ооруканалар ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).