Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 133 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 токтому менен бекитилген |
2-тиркеме
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин кызмат орундарына талапкерлердин резервин түзүү тартибин белгилейт.
2. Кадрлардын резерви мамлекеттик ишканалардын башкаруучу кадрларынын резервин түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тарабынан түзүлөт.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын катчылыгы (мындан ары - комиссиянын катчылыгы) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.
Төмөнкүлөр комиссиянын катчылыгынын негизги милдеттеринен болуп саналат:
1) ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык камсыздоо;
2) мамлекеттик ишканалардын башкаруучу кадрларынын резервине кирген жактардын реестрин жүргүзүү, анда камтылган маалыматтарды актуалдаштыруу;
3) канааттандыраарлык эмес иши үчүн мамлекеттик ишканалардын директорлору катары ыйгарым укуктары токтотулган жактардын реестрин жүргүзүү.
2. Мамлекеттик ишканалардын башкаруучу кадрларынын резервин түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия
4. Ведомстволор аралык комиссия мамлекеттик органдардын жана эксперттик жамааттын өкүлдөрүнөн турган туруктуу иштөөчү коллегиялдуу орган болуп эсептелет. Ведомстволор аралык комиссиянын милдети болуп мамлекеттик ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлердин резервине киргизүү үчүн адамдарды тандоо эсептелет.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын персоналдык курамы мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен бекитилет. Ведомстволор аралык комиссиянын курамына милдеттүү тартипте төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү кирет:
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан - комиссиянын 2 мүчөсү, алардын бирөөсү ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы болуп эсептелет;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан – комиссиянын 1 мүчөсү;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы коомдук кеңештен - комиссиянын 1 мүчөсү;
- көз карандысыз эксперттер - комиссиянын 3 мүчөсү.
Ошондой эле ведомстволор аралык комиссиянын курамына карамагындагы мамлекеттик ишкананын директорлору кадрлар резервинен дайындалуучу ар бир мамлекеттик башкаруучу органдан бирден өкүл киргизилет.
Ведомстволор аралык комиссиянын катчысы мүчөлөр тарабынан мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринен дайындалат.
6. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү өз милдеттерин коомдук башталышта аткарышат.
7. Ведомстволор аралык комиссия ишин жолугушуу жыйындарын өткөрүү формасында жүргүзөт.
Жыйынды өткөрүүгө укук берүүчү кворум ведомстволор аралык комиссиянын курамынын 2/3 бөлүгүнөн кем эмесин түзөт.
Ведомстволор аралык комиссия чечимди жыйынга катышкан мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алат. Добуштар тең чыккан учурда ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
8. Ведомстволор аралык комиссиянын чечими протокол түрүндө таризделет, анда жыйынды өткөрүү датасы жана орду, күн тартибиндеги маселелер, күн тартибиндеги ар бир маселе боюнча талкуунун жүрүшү тууралуу кыскача маалымат, добуш берүүнүн жыйынтыгы жана кабыл алынган чечимдер, ошондой эле кабыл алынган чечимдер боюнча ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн пикирлери (эгер болсо).
Жыйында катышкан бардык мүчөлөр ведомстволор аралык комиссиянын протоколуна кол коюшат.
3. Кадрлар резервин түзүү
9. Мамлекеттик ишканалардын башкаруучу кадрларынын резервин түзүү бир нече этапта ишке ашырылат:
1-этап: кадрлар резервине тандоо жөнүндө жарыя жана талапкерлердин арыздарын кабыл алуу; алардын документтерин иштеп чыгуу жана белгиленген квалификациялык талаптарга шайкештигин текшерүү. 1-этаптан ийгиликтүү өткөн талапкерлер аңгемелешүүгө киргизилет.
2-этап: ведомстволор аралык комиссия тарабынан өткөрүлгөн аңгемелешүү.
3-этап: аңгемелешүүдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлерди кадрлардын резервине киргизүү.
10. Талапкерлерден арыздарды комиссиянын катчысы кабыл алат.
11. Кадрлар резервине конкурстук тандоо өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сайтына жайгаштырылат.
Маалыматтык билдирүүдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) жетекчисинин кызмат ордуна конкурс өткөрүлүп жаткан мамлекеттик ишканалардын тизмеги;
2) мамлекеттик ишкананын жетекчи кызмат ордуна ушул Жобонун 13-пунктуна ылайык талапкерлерге коюлуучу квалификациялык жана башка талаптар;
3) арыздын формасы жана ага тиркелүүчү документтер;
4) арыздарды кабыл алуунун датасы, убактысы жана орду;
5) арыздарды кабыл алуунун жана аларды кароонун мөөнөттөрү;
6) конкурстун жыйынтыгы менен таанышуу тартиби.
12. Мамлекеттик ишкананын башкаруучу кадрларынын резервине кирүүгө талапкер төмөнкүлөргө жооп берүүгө тийиш:
1) чет мамлекеттин жарандыгын албагандыгы, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксатынын жоктугу;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар үчүн соттолбогондугу, анын ичинде жоюлганына карабастан;
3) канааттандыраарлык эмес иши үчүн мамлекеттик ишкананын директору катары ыйгарым укугу токтотулган жактардын реестринде жоктугу;
4) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат ордун, саясий же административдик муниципалдык кызмат ордун ээлебегендиги;
5) курагы толук 27 ден жаш эместиги (өздүк күбөлүгүнө ылайык);
6) жогорку билими;
7) мекеменин же ишкананын менчик формасына карабастан жетекчи, жетекчинин орун басары, анын ичинде мекеменин же ишкананын структуралык бөлүмүнүн жетекчиси же жетекчисинин орун басары кызматында 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу.
Мамлекеттик башкаруучу орган ведомстволук тескеген мамлекеттик ишкананын иш спецификасына ылайык талапкерлердин квалификациясына, иш тажрыйбасына, белгилүү көнүмдөрүнүн жана билиминин бар экендигине кошумча талаптарды коюшу мүмкүн.
13. Конкурска катышуу үчүн талапкер комиссиянын катчылыгына төмөнкүдөй документтерди берүүгө тийиш:
1) ведомстволор аралык комиссия бекиткен формадагы арызды;
2) ведомстволор аралык комиссия бекиткен формада толтурулган анкетаны;
3) паспорттун көчүрмөсүн;
4) жогорку билими жөнүндө, кошумча билими жана квалификациясы (болсо) жөнүндө документтин көчүрмөсүн;
5) акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсүн;
6) мурунку иш берүүчүлөрдөн 2ден кем эмес сунуштоо катын;
7) соттолбогондугу жөнүндө маалымкатты.
13. Комиссиянын катчылыгы арыздарды кабыл алуу мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде талапкерлерден келип түшкөн документтерди кайра иштеп чыгат жана ушул Жободо каралган талаптарга шайкештигин текшерет. Документтерди текшерүүнүн жыйынтыгында ведомстволор аралык комиссия ушул Жободо бекитилген талаптарга ылайык келген талапкерлерди аңгемелешүүгө киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.
15. Каралган арыздардын жыйынтыгы жана талапкерлерди аңгемелешүүгө киргизүү же андан баш тартуу жөнүндө (себептерин көрсөтүү менен) ведомстволор аралык комиссиянын кабыл алган чечими мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
Конкурстун 2-этабына өткөн адамдар менен аңгемелешүү жөнүндө маалымат аңгемелешүү өтүүчү күнгө чейин 10 жумуш күндөн кечиктирбей мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат. Маалыматтык билдирүүдө аңгемелешүү өтүүчү жер, убактысы жана башка зарыл маалымат көрсөтүлүүгө тийиш.
16. Комиссиянын катчылыгы аңгемелешүүгө чейин үч жумуш күндөн кечиктирбей ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө аңгемелешүүгө кирүүчү талапкерлер жөнүндө маалымат берет.
17. Аңгемелешүүнүн этабында ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү талапкерлерге зарыл болгон билими менен көнүмдөрү жөнүндө тиешелүү суроолорду берет. Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү талапкерлерди “5” баллдык система боюнча баалайт.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө талапкерлердин тизмеси менен тиешелүү бланктар берилет, анда талапкерлер төмөнкүдөй критерийлер менен бааланат:
“5” - эгерде ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү талапкердин берген жоопторуна толугу менен макул болсо жана талапкердин мамлекеттик ишкананын директору үчүн зарыл болгон билими, компетенциясы жана көнүмдөрү бар деп эсептесе;
“4” - эгерде бааланып жаткан талапкер берилген суроолорго толук эмес жооп берсе жана талапкердин берген жоопторунда айрым кемчиликтер болсо, ошол эле мезгилде талапкердин тигил же бул чөйрөдө жетиштүү билими жана көнүмдөрү болсо;
“3” - эгерде бааланып жаткан талапкер көпчүлүк учурда берилген суроолорго жооп бербесе жана талапкердин тигил же бул чөйрөдө толугу менен компетенциясы, билими жана көнүмдөрү болбосо;
“2” - эгерде ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү бааланып жаткан талапкердин мамлекеттик ишкананын натыйжалуу иштеши үчүн зарыл болгон тигил же бул чөйрөдөгү компетенциясы, билими жана көнүмдөрү жок деп эсептесе;
“1” – эгерде ведомстволор аралык комиссия талапкерди мамлекеттик ишкананын директоруна коюлган талаптарга жооп бербейт деп эсептесе.
Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ар бир мүчөсү баалоо бланкына кол коёт жана комиссиянын катчысына берет.
Аңгемелешүүдөн ийгиликтүү өттү деп ведомстволор аралык комиссиянын ар бир мүчөсүнүн талапкерге койгон орточо арифметикалык баасы катарында эсептелген 4,0дөн ашык балл алган талапкер саналат.
Комиссиянын катчысы тиешелүү эсептөөлөрдү жүргүзөт жана аларды таанышуу үчүн ведомстволор аралык комиссияга берет. Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы протокол менен таризделет.
Аңгемелешүүдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлер мамлекеттик ишканалардын башкаруучу кадрларынын резервине киргизилет.
Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалымат жана мамлекеттик ишканалардын башкаруучу кадрларынын резервине кирген адамдардын тизмеси мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
4. Кадрлар резервинин иши
18. Мамлекеттик ишкананын директорунун кызмат орду бошогон учурда мамлекеттик ишкананы ведомстволук тескеген мамлекеттик башкаруучу орган талапкерди кадрлар резервинен бош орунга дайындоо үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизет.
Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку баа алган талапкерлер кадрлар резервинен биринчи кезекте көрсөтүлөт, ал эми талапкерлердин баалары тең болгон учурда “бизнес башкаруу магистри” квалификациялык даражасы бар же стратегиялык пландаштыруу, корпоративдик башкаруу боюнча кошумча билими бар талапкерлер артыкчылыкка ээ болот.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик ишкананын директорунун кызмат ордуна кадрлар резервинен көрсөтүлгөн адамды дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуштама киргизет.
19. Кадрлар резервине киргизилген жана мамлекеттик ишкананын директору кызмат ордуна дайындалбаган адам кадрлар резервинде 3 жыл турат. Аталган мөөнөт аяктагандан кийин ал кадрлар резервине жалпы негизде тандоодон өтөт.
20. Кадрлар резервиндеги адам андан ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен төмөнкүдөй учурларда чыгарылат:
- кадрлар резервине кирген күндөн тартып 3 жыл аяктаганда;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берилген өз каалоосу боюнча;
- ведомстволор аралык комиссияга өзү жөнүндө туура эмес маалымат бергендиги үчүн;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулган учурда же чет мамлекеттин жарандыгына ээ болгондо;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматка киргенде;
- ал адамга карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда;
- ишкананын директору кызмат ордунан канааттандыраарлык эмес иши үчүн бошотулган учурда.
21. Кадрлар резервине киргизилген жак кадрлар резервине кирүү үчүн арыз берүүдө анкетада көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөргөн күндөн баштап 10 жумуш күндүн ичинде маалыматтардын өзгөргөндүгү тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга иш тартибинде билдирүүгө милдеттүү.