Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 8-апрели № 133
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуу процессин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 12-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жободо:
- 32-пункттагы "мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр алынып салынсын;
- 35-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"35. Мамлекеттик ишкананын аткаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалган мамлекеттик ишкананын жетекчиси - директор (же башкы директор) саналат.
Мамлекеттик ишкананын жетекчиси ишкананын жетекчиси кызмат ордунун квалификациялык талаптарына ылайык келген, мамлекеттик башкаруу органдарына сунуш кылынган талапкерлердин ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат.";
- жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А.Марипов |