Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 27-августу N 475
2008-2009-окуу жылынын башталышына карата жалпы билим берүү системасында 2111 жалпы билим берүүчү мекеме жана республикалык баш ийүүдөгү 22 мекеме 1124883 окуучулар континенти менен иштейт. Мындан тышкары, республикада 38 жеке жана жеке-мамлекеттик жалпы билим берүүчү мекемелер 7720 мектептик окуучу контингенти менен иштейт, анын ичинде "Себат" билим берүү уюмунун 14 кыргыз-түрк лицейи бар, аларда 3727 адам окуйт. Мектеп жашына чейинки 54 миң 716 баланы камтыган 546 мектепке чейинки мекеме иштейт.
Аймактык билим берүү органдарынын оперативдүү маалыматтары боюнча 2008-2009-окуу жылында 96397 окуучу, мунун ичинде: Бишкек шаарында 9300, Ош ш. - 4994, Баткен облусунда - 9449, Жалал-Абад облусунда 20538, Ысык-Көл облусунда - 7725, Нарын облусунда - 5406, Ош облусунда 22415, Талас облусунда - 4365, Чүй облусунда - 12205 окуучу биринчи класска кабыл алынат.
Өлкөнүн жалпы билим берүүчү мектептерин жаңы окуу жылына даярдоого республикалык бюджеттен жана эл аралык уюмдардан, жергиликтүү бюджеттерден жана демөөрчүлөрдөн орчундуу финансылык каражаттар жумшалды.
Мектептерди курууга, капиталдык жана утурумдук ремонттоого өзгөчө көңүл бурулду.
Быйылкы жылы республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен "Капиталдык салымдар" статьясы боюнча 764,4 млн. сом бөлүү каралган, анын ичинде:
- жер титирөөдөн жабыркаган Ош облусунда жана Ош шаарында 8 жаңы мектеп курууга 284,9 млн. сом (толук бөлүнгөн);
- 69 мектептин мурда башталган курулушун улантууга 355,8 млн. сом;
- жаңы 20 мектептин курулушун баштоого 103,8 млн. сом.
Мектеп инфраструктурасын кармоо жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында 2007-жылдан тартып Азия өнүктүрүү банкынын долбоорун ишке ашыруу улантылууда, анын негизги компоненттеринин бири 2010-жылга чейин республиканын 90 мектебине ремонт жүргүзүү болуп эсептелет. Бул долбоордун алкагында быйылкы жылы 28 мектепте жалпысынан 82,0 млн. сом суммада капиталдык ремонт жүргүзүлөт.
Бардыгы үчүн билим берүү максаттарына тез жетүүнүн алкагында Каталитикалык фонддун каражаттары мектептерди капиталдык ремонттоого жумшалган, 2008-жылы 49 мектепте 133,5 млн. сом суммада капиталдык ремонт жүргүзүү каралган.
Быйылкы жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу 17 интернат мекемеде жана балдар үйлөрүндө капиталдык ремонтко 6,5 млн. сом каралган.
Республиканын мектептеринде утурумдук ремонт жасоого республикалык бюджеттен 100,0 млн. сом бөлүнгөн, бүгүнкү күндө бардык мектептерде утурумдук ремонт бүткөрүлгөн жана мектептер окуучуларды кабыл алууга даяр.
Күз-кыш мезгилден ийгиликтүү чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары республиканын мектептерин күз-кыш мезгилге даярдоого, жылытуу системаларын электрден отундун альтернативдүү түрлөрүнө, анын ичинде катуу отунга которууга өзгөчө көңүл буруп жатышат.
2111 жалпы билим берүүчү мектептин ичинен 1117 мектеп электр менен жылытылат, анын ичинен 44 мектеп - электркотелдук жабдуу, 677 мектеп электр жылыткычтар менен жылытылат. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Электр энергиясын жылытуу максатында пайдаланган жалпы билим берүүчү уюмдарды альтернативдүү булактарга этаптуу которуунун программасын иштеп чыккан.
Быйылкы жылы жылытуу мезгили башталганга чейин 308 окуу жайды электрдик жылытуудан катуу отунга которуу пландалган. Мында аларды жылытууга 15 миң тонна катуу отунду кошумча сатып алуу керек болот. Калган 809 мектеп электрдик жылытуудан катуу отунга 2011-жылга чейин этап менен которулушат.
Жылытуу мезгили башталганга чейин 1685 котельныйды ремонттоо пландалган, 2008-жылдын 5-августуна карата 1446 котельныйда ремонт аяктаган, калгандарынын ремонту жылытуу мезгилинин башталышына карата бүтүрүлөт.
Республиканын мектептеринин катуу отунга болгон жалпы керектөөсү 68448 тонна. Быйылкы жылдын 20-августуна карата 24,7 миң тонна отун, же жалпы керектөөнүн 29,7 проценти камдалган. Жылытуу мезгили башталганга чейин республиканын бардык мектептерине керектүү сандагы көмүр жеткирилет.
Билим берүүнүн сапатын камсыздоо үчүн окуу процессинде заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу маанилүү роль ойнойт, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги буга өзгөчө көңүл бурат.
Кедейчиликти кыскартуунун борбордоштурулган фондунун эсебинен өлкөнүн алыскы жана бийик тоолуу региондорунда жайгашкан 823 мектепке 90,0 млн. сомго 4698 компьютер, 902 принтер, 977 көчүрмө жасоочу аппарат берилген.
Республиканын 56 мектебине, Кыргыз билим берүү академиясына жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун 6 региондук институтуна эл аралык уюмдардын каражаттарынын эсебинен 468,0 миң АКШ доллары суммасында компьютердик жабдуулар берилген.
Жер титирөөдөн жабыркаган курулуп жаткан мектептерди окуу эмереги менен жабдууга Россия Федерациясы чоң жардам көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин линиясы боюнча ал мектептер үчүн 1675 комплект окуучулук парта, 65 класстык доска, 128 китеп шкаф, мугалимдер үчүн 65тен стол жана стул алынып жана жеткирилген.
Республиканын билим берүү мекемелеринин иштерин андан ары өркүндөтүү, жалпы билим берүүчү мектептердин китепкана фонддорун түп тамырынан жаңыртуу жана жаңы муундагы окуу китептер жана башка окуулук адабияттар менен толуктоо максатында мектептик китепканаларынын фонддоруна инвентаризация жүргүзүлгөн.
2008-жылы жалпы тиражы 1300000 нуска болгон 21 аталыштагы окуу китептерди чыгаруу үчүн Кедейчиликти кыскартуунун борбордоштурулган фондунан 84 270,0 миң сом бөлүнгөн, анын ичинен 10 млн. сом алыскы региондордогу биринчи класстардын окуучулары үчүн Президенттик портфель түзүүгө жумшалган. 2008-2009-окуу жылынын башталышына карата 810,0 миң нускада 20 аталыштагы окуу китеп чыгарылган.
2008-2009-окуу жылынын башталышына карата республиканын мектептеринин окуу китептер менен камсыздыгы 72,6 процентти түзөт.
Кийинки жылдарда мектептерде педагог кадрлардын картаюусу байкалууда, мисалы 72 миң мугалимдин 11,2 процентин 60 жаштан ашкан мугалимдер, 65,1 процентин - 45 жаштан өткөндөр түзөт.
Педагог адистерди даярдоо үчүн жыл сайын мамлекеттик гранттардын 62 проценттен ашыгы жумшалганына жана мугалимдерге болгон муктаждык канааттандырылууга тийиш болгонуна карабастан мектептерде мугалимдер жетишпейт.
"Жаш мугалимдин депозити" программасы ушул проблеманы чечүүгө арналган, бүгүнкү күндө айылдык мектептердеги 1900 жаш педагог бул программага катышып жатат, быйылкы жылы дагы 700 орун, анын ичинде республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен - 500 орун, Дүйнөлүк банктын жана Азия өнүктүрүү банкынын каражаттарынын эсебинен 100дөн орун бөлүнөт.
Быйылкы окуу жылынын башталышына карата мугалимдерге жалпы керектөө республика боюнча 3619 бирдикти түзөт, бул негизинен чет тил, математика, физика, химия жана информатика мугалимдери.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, башка министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мектептерин 2008-2009-окуу жылына даярдоо боюнча тийиштүү иш жүргүзүп жатышканын белгилейт.
Мектептерди жаңы окуу жылына даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан ар кайсы министрликтердин жана ведомстволордун иштериндеги ар бөлөктүккө байланыштуу чечилбей жаткан проблемалар болууда.
Азыркы убакта жалпы республика боюнча толук курулуп бүтө элек билим берүү обьекттеринин саны 80ден ашык мектепти түзөт. Буга карабастан курулуштун тизмесине жыл сайын жаңы мектептер киргизилип, жетиштүү каржыланбагандыктан аларды ишке киргизүү жылдан жылга создугууда.
Ош облусунда жана Ош шаарында жер титирөөдөн жабыркаган мектептердин курулушу жай темпте жүрүүдө.
Мектептерди кармоо иш-милдети болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мектептик эмерек жана жабдууларды алууга көп учурда каражат каралбайт.
Дээрлик бардык мектептерде имараттарды жана курулмаларды, ошондой эле алардын жанындагы жер участокторду мамлекеттик каттоо актылары, техникалык паспорттору жок. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мектептерге таандык жер участокторунун бөлүктөрүн жеке менчикке берип жиберген фактылар бар.
Мектептерге көмүр жеткирүү боюнча тендер өткөрүү жана келишимдерди түзүү маселеси өтө начар чечилүүдө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул маселеге тийиштүү көңүл бөлүшпөйт.
Быйылкы жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу 17 интернат мекеменин жана балдар үйлөрүнүн капиталдык ремонтун каржылоо республикалык бюджетте каралган сумманын 23,7 процентин гана түзөт, бул ремонттук жумуштарды окуу жылынын башталышына карата бүтүрүүгө мүмкүндүк бербейт.
Көрүлүп жаткан чараларга карабастан жалпы билим берүүчү мекемелерге 61,5 миң комплект мектептик парта, 7,3 миң китеп шкаф, 4,3 миң мугалимдик стол, 4,9 миң мугалимдик стул, 3,9 миң класстык доска жетишсиз, ал үчүн 400,0 млн. сомдун тегерегиндеги каражат зарыл.
Азык-түлүккө баалардын кымбатташы жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын окуучулары үчүн тамак уюштурууга терс таасир тийгизүүдө. Бир окуучунун тамагына бөлүнчү каражатты көбөйтүүнү караштыруу зарыл.
Жалпы билим берүүчү мектептерди 2008-2009-окуу жылына даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын республиканын жалпы билим берүүчү мектептерин жаңы окуу жылына даярдоо боюнча иштери канааттанарлык деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу интернат мекемелердин жана балдар үйлөрүнүн капиталдык ремонтун жана аларга катуу отун камдоону өз убагында каржылоону камсыздасын;
- Билим берүү уюмдарынын обьекттерин куруунун 2009-жылга карата тизмесине курулуштук даярдыгы жогорку даражадагы, 2009-жылы эксплуатацияга берилчү обьекттерди гана киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өтүнмөсү боюнча мектептердин курулушуна каражат бөлүүдө мектептик эмерек жана керектүү жабдууларды алууга чыгымдарды караштырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- окуу китептерди өз убагында сатып алуу жана республиканын билим берүүчү мектептерине жеткирүү боюнча иш жүргүзсүн;
- жылытуу мезгили башталганга чейин ведомствого таандык интернат мекемелер жана балдар үйлөрү, жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн отун жеткирүүнү камсыздасын;
- "Жаш мугалимдин депозити" программасынын алкагында билим берүүчү уюмдарга жаш адистерди тартуу боюнча иш жүргүзсүн;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде тамактанууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы аткарылышын контролдосун;
- жаңы окуу жылда мыкты райондук жана шаардык билим берүү бөлүмүн жана билим берүү башкармалыгын аныктоо боюнча республикалык конкурстарды өткөрсүн жана 2009-жылдын майында жыйынтыгын чыгарсын;
- билим берүү обьекттеринин курулушуна такай мониторинг жүргүзсүн.
4. Облустардын мамлекеттик администрациялары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- жер титирөөдөн жабыркаган мектептерге өзгөчө көңүл буруу менен, 2008-жылы эксплуатацияга берүү пландаштырылган мектептердин курулушун өз убагында бүтүрүүнү камсыздашсын;
- билим берүү уюмдарынын жаңы обьекттерин курууда альтернативдүү отун менен жылытуу системасын караштырышсын.
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары:
- котельныйлардын жана жылытуу системаларынын ремонтун жылытуу мезгили башталганга чейин бүтүрүшсүн;
- мугалим кадрларды ишке тартуу жана алып калуу үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча чара көрүшсүн;
- жылытуу мезгили башталганга чейин жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн отунду өз убагында алып келүүнү камсыздашсын;
- жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки уюмдарда өрт коопсуздугун күчөтүү жана коопсуздуктун ыкмаларын аткаруу боюнча зарыл чараларды көрүшсүн;
- электр энергиясын жылытуу максатына пайдаланган жалпы билим берүүчү мекемелерди 2011-жылга чейин отундун альтернативдүү түрлөрүнө этаптуу которуунун программасын кабыл алышсын жана анын аткарылышын камсыздашсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте 2009-жылдын 1-январына чейин жалпы билим берүүчү уюмдардын жер участокторун, имараттарын жана курулмаларын мамлекеттик каттоого алууну тартипке келтирүү боюнча чараларды көрүшсүн;
- "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде тамактанууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын камсыздашсын.
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте педагог кадрларды кайра даярдоо жана заманбап окуу жабдууларын, маалыматтык технологияларды жана окутуунун жаңы каражаттарын пайдалануу максатында теле аркылуу окутуу-билим берүү программаларынын такай иштечү циклин түзүү сунушталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- жайкы эс алуудан кийин балдарды адаптациялоо максатында 2008-жылдын сентябрында билим берүү мекемелерине жакын аймактарды изилдөөнү, эскертүүчү жол белгилерин жаңыртууну жана кошумча орнотууну жана белгилерди чийүүнү, бардык мектептерде Билим күнүндө "коопсуздук минуталарын" өткөрүүнү камтыган "Кайрадан мектепке барабыз" деп аталган алдын алуучу атайын иш-чараларды жүргүзүшсүн;
- жашы жете электердин арасында укук бузууларды жана кылмыштарды болтурбоо маселеси боюнча коомдук уюмдар менен туруктуу негизде өз ара байланышта иш жүргүзүшсүн,
- 2008-жылдын 20-сентябрына чейин тилазар жана жалпы билим берүүчү мекемелерге барбаган балдарды жана өспүрүмдөрдү (алкоголизм, наркомания, зыяндуу адаттар, кылмыштар) аныктоо жана эсепке алуу боюнча биргелешип иш жүргүзүшсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуу жылы бою мектептерде "Коопсуздуктун жана жашоо шарттын негиздери" курсунун талаптарын эске алуу менен практикалык иш-чараларды жүргүзсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы N 673 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобонун 5-пунктунун бешинчи абзацындагы "5" деген сан "7" деген санга алмаштырылсын.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | И.Чудинов |