Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы N 673 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-августундагы N 475, 2019-жылдын 7-октябрындагы № 527 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө" 2006-жылдын 12-июлундагы N 372 Жарлыгына ылайык иштелип чыккан.
2. Жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстардын окуучуларынын тамак-ашы "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык уюштурулат.
3. Тамак-аш республиканын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептеринде 1-4-класстардын бардык окуучулары үчүн 2006-жылдын 1-сентябрынан тартып уюштурулат.
Ысык тамак жана нан азыктарын өз алдынча бышыруу уюштурулуучу жалпы билим берүүчү мектептердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 527 токтомунун редакциясына ылайык)
Тамак-ашты каржылоо
4. Республиканын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептеринде 1-4-класстардын бардык окуучуларынын тамак-ашын каржылоо тиешелүү деңгээлдердеги бюджеттен ассигнованиелердин эсебинен жүргүзүлөт.
Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептерде тамак-аш уюштуруу
А. Жергиликтүү бийлик органдарынын жоопкерчилиги
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары:
- сүт (200 г) жана булочка берилүүчү жалпы билим берүүчү мектептердин жана 1-4-класстардын окуучулардын санын аныкташат;
- мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамга ылайык тамак-аш азыктарын сатып алууну уюштурат, атап айтканда сүт жана нан-булочка азыктарын (аларды алмаштыруучуларды) берүүчүлөрдү Бажы бирлигинин "Сүт жана сүт азыктарынын коопсуздугу" (ББ 033/2013 ТР) жана "Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу" (ББ 021/2011 ТР) техникалык регламенттерине ылайык аныктайт;
- окуучулардын тамак-ашын уюштуруу, анын ичинде мектептерди тиешелүү идиш-аяк, муздаткыч жана башка ашкана жабдуулары, азыктарды сактоо үчүн жай (сүт жана булочканы бирдей баадагы тийиштүү башка суусундуктарга жана нан-булочка азыктарына алмаштырууга жол берилет) менен камсыздоо үчүн шарттарды түзүү боюнча уюштуруу иш-чараларын жүргүзөт;
- жылына 180 күн, ар бир күнгө 7 сом эсебинде 1-4-класстарынын окуучуларына тамак-аш уюштурууну камсыз кылат;
- жогоруда көрсөтүлгөн стандарттарга ылайык тамак-аш үчүн колдонулуучу сүт жана нан-булочка азыктарынын контролдоочу сапатын уюштурууну аныктайт;
- таратуу пункттарынын иш эрежесин бекитет;
- мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдары менен бирдикте тамак-аш уюштурууда тийиштүү санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышына контролдукту ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынын бекитилген № ОШ-1 статистикалык отчетун мектептер туура түзгөндүгүн контролдойт.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-августундагы N 475, 2019-жылдын 7-октябрындагы № 527 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Б. Мектеп администрациясынын жоопкерчилиги
6. Мектеп администрациясы:
- окуучулар окуган жердеги ашканаларда же буфеттерде, алар жок болсо - ыңгайлаштырылган жайларда же класстарда танапис убагында алардын тамак-ашын уюштурат;
- ар бир класстын окуучуларынын тамактануу режимин (мезгилин) бекитет;
- бекитилген режимге ылайык мектепте тамак-ашты уюштурууну контролдоочу жооптуу адамды дайындайт;
- бир стакан сүт же бир булочка түрүндө ар бир окуучуга эртең мененки тамак берүү аркылуу окуучулардын тамактануусун ишке ашырат. Сүттү жана булочканы бирдей баадагы тийиштүү башка суусундуктарга жана нан-булочка азыктарына алмаштырууга жол берилет;
- окуучулардын тамак-ашын уюштурууда, айрыкча тамак-аш азыктары алар уюштурулган жана сакталган жерлерде тийиштүү санитардык-гигиеналык шарттарды түзөт, ошондой эле тийиштүү санитардык талаптарга бекем ылайык окуучулардын гигиенасынын шарттарын жана идиш-аяктарды таза кармоону камсыздайт.
Керектелген тамак-аш азыктары боюнча отчеттуулук
7. Керектелген тамак-аш азыктарынын отчеттуулугу бюджеттик мекемелерде белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жүргүзүү боюнча Нускамага ылайык ишке ашырылат.