Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-октябры № 543
"Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2017-жылдын 9-майы, № 56) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктундагы "коргоо ордери" деген сөздөр "убактылуу коргоо ордери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктундагы "жазык ишин же администрациялык өндүрүштү козгоо фактысына" деген сөздөр "жазык ишинин же жоруктар жөнүндө иштин өндүрүшүндө болгондугуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 10-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту "коргоо" деген сөзгө чейин "убактылуу" деген сөз менен толукталсын;
4) 16-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) чечимдери же аракеттери (аракетсиздиги) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө адам укуктарын жана эркиндиктерин бузууга алып келген кызмат адамдарына жана кызматчыларга карата тартиптик өндүрүштү же жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүштү козгоо жөнүндө өтүнүч камтылган сунуштарды мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин формасына карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга жөнөтөт;
5) 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктундагы "администрациялык укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөр "бузуулар жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 23-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту "коргоо" деген сөзгө чейин "убактылуу" деген сөз менен толукталсын;
7) 24-беренесинин 1-бөлүгүндө:
а) 3-пункту "коргоо" деген сөзгө чейин "убактылуу" деген сөз менен толукталсын;
б) 4-пунктундагы "же администрациялык" деген сөздөр алып салынсын;
8) 25-беренесинин 1-бөлүгүндө:
а) берененин бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "коргоо ордери" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "убактылуу коргоо ордери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 1-пунктундагы "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде," деген сөздөр алып салынсын;
в) 3 жана 10-пункттарындагы "администрациялык же" деген сөздөр алып салынсын;
9) 26-беренесинин аталышындагы жана бүткүл текстиндеги ар түрдүү жөндөмөдөгү "коргоо ордери" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "убактылуу коргоо ордери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10) 27-беренесинде:
а) аталышындагы жана бүткүл текстиндеги ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "коргоо ордери" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "убактылуу коргоо ордери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 5-бөлүгүндөгү "администрациялык" деген сөз "жазык" деген сөз менен алмаштырылсын;
11) 28-беренесинин аталышындагы жана бүткүл текстиндеги ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "коргоо ордери" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "убактылуу коргоо ордери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12) 29-беренесинин аталышындагы жана бүткүл текстиндеги ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "коргоо ордери" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "убактылуу коргоо ордери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
13) 30-беренесинин 2-бөлүгү "коргоо" деген сөзгө чейин "убактылуу" деген сөз менен толукталсын;
14) 31-беренесинин 1-бөлүгү "коргоо" деген сөзгө чейин "убактылуу" деген сөз менен толукталсын;
15) 38-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"38-берене. Ушул Мыйзамды аткарбагандык үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамды аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттер жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат.".
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|