Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7-октябры № 522
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жолдо жүрүү эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча негизги жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жөнгө салуу чөйрөсүндө жаңы ченемдерди жана таанытуу белгилерин киргизүү, Кыргыз Республикасынын ички иштер органынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүлүштөрүнүн кызматкерлерине мүнөздүү болбогон функцияларды аткарууну четтетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жолдо жүрүү эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча негизги жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
мамлекеттик тилдеги текстинде:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө";
- 1-пунктунда:
экинчи абзацындагы "Жолдо жүрүүнүн" деген сөздөр "Жол кыймылынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацындагы "жолдо жүрүүнүн" деген сөздөр "жол кыймылынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелеринде:
- бүткүл тексти боюнча "МАИ" деген аббревиатура тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча бөлүнүшү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги 1.1-пунктундагы "Жолдо жүрүү" деген сөздөр "Жол кыймылынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2.1.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.1.1. Транспорт каражатын токтотууга жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин талабы боюнча аларга текшерүү үчүн төмөнкүлөрдү берүүгө:
- айдоочулук күбөлүктү;
- транспорт каражатынын каттоо документтерин;
- мыйзамдарда белгиленген учурларда жолдомо барагын жана ташып бараткан жүккө документтерди;
- дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жана аларга теңдештирилген Кыргыз Республикасында аккредитацияланган өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жол кыймылынын эрежелерин бузган учурда тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген аккредитациялык карточканы.
Колдонуудагы мыйзамдарда түздөн-түз каралган учурларда жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташуу эрежелерине ылайык лицензияны жана документтерди алып жүрүүгө жана автомобиль транспортунда ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине текшерүү үчүн берүүгө.";
- 8.5-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8.5. Оңго, солго бурулуунун же артка кайрылуунун алдында айдоочу 2.4 же 2.5 белгилери менен айкалышкан 4.3 белгиси орнотулган айланма кыймылы уюштурулган кесилишке чыгууда бурулган учурдан тышкары, ушул багыт боюнча жүрүү үчүн арналган жүрүүчү бөлүктөгү тиешелүү четки абалды алдын ала ээлөөгө милдеттүү - транспорт каражатынын айдоочусу ушул кесилиш боюнча жүрүп бараткан транспорт каражаттарына жол берүүгө милдеттүү.";
- 22.8-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- 12 жашка чейинки курактагы балдарды эсептебегенде, транспорт каражатынын техникалык мүнөздөмөсүндө каралгандан ашык санда.
Адамдарды ташууда транспорт каражатынын иш жүзүндөгү массасы аны чыгарган ишкана белгилеген, уруксат берилген максималдуу массанын чоңдугунан ашпоого тийиш.";
- 22-бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 22.9-пункт менен толукталсын:
"22.9. 12 жашка чейинки курактагы балдарды төмөнкү жерлерде ташууга тыюу салынат:
- мотоциклдин арткы отургучунда;
- борттук платформасы бар жүк ташуучу автомобилдин кузовунда;
- баланын боюна жана салмагына шайкеш болгон балдарды карматуучу атайын түзүлүш жок болгон учурда жеңил автомобилдин алдыңкы отургучунда.
Балдарды карматуучу атайын түзүлүштөрдү орнотуу жана аларга балдарды транспорт каражаттарын жана карматуучу түзүлүштөрдү пайдалануу боюнча колдонмолордун талаптарына ылайык жайгаштыруу керек.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелеринин 1 жана 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча негизги жоболордо:
мамлекеттик тилдеги аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- "Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболор жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттери";
1-пунктундагы "беш сутканын" деген сөздөр "10 жумуш күндүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8-пунктунда:
- он экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы жана он жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"Жаңыдан баштаган айдоочу" - бийиктиги 110 мм болгон кара түстөгү илеп белгисинин сүрөтү менен сары түстөгү чарчы түрүндө (жактары 150 мм) - стажы 2 жылдан аз болгон айдоочулар башкаруучу механикалык транспорт каражаттарынын (тракторлордон, өзү жүрүүчү машиналардан, мотоциклдерден жана мопеддерден тышкары) артында:
!
"Жаңыдан баштаган айдоочу";
"Таксомотор (такси)" - таксомотордук ташуу уруксат берилген механикалык транспорт каражатында жана (же) механикалык транспорт каражатынын чатырында орнотулуучу таанытуу фонарында - шахмат тартибинде эки же андан көп катарда жайгаштырылган кара-ак түстөгү беш же андан ашык чарчылардан (жактары 23 ммден кем эмес) турган композиция. "Такси" жазуусун транспорт каражатынын кузовунда (кабинасында) жана (же) таанытуу фонарында мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде жазууга жол берилет:
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
"Такси, такси, taxi";
- 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Бажы бирлигинин "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (ББ ТР 018/2011) № 8 тиркемесинин талаптарына жооп бербеген транспорт каражаттары.".
Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча негизги жоболордун 1-тиркемесинде "Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызмат адамдарынын милдеттенмелеринин негизги жобосунун 1-тиркемеси" деген сөздөр "Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболордун жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттеринин 1-тиркемеси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча негизги жоболордун 2-тиркемесиндеги "2-тиркеме 19433-74 ГОСТу" деген сөздөр "Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболордун жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттеринин 2-тиркемеси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча негизги жоболордун 3-тиркемесинде:
- "3-тиркеме" деген сөздөр "Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболордун жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттеринин 3-тиркемеси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1.3-пунктундагы "(KGZ)" деген аббревиатура "(KG)" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 1.9-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын ИИМнин МАИ Башкармалыгы" деген сөздөр "ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча бөлүнүшү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жол кыймылынын катышуучуларынын арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 15-октябрындагы N 86 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелерине 1-тиркеме |
Жол белгилери (32945-2014 МАСТ жана 52289-2004 КМС Р МАСТ боюнча)
1. Эскертүүчү белгилер
Эскертүүчү белгилерди айдоочуларга коркунучтун мүнөзү жана жолдун кооптуу бөлүгүнө жакындагандыгы, аны менен жүрүү тийиштүү жагдайда чараларды көрүү керектиги жөнүндө маалымдоо үчүн колдонушат.
1.1. "Шлагбаум коюлган темир жол өткөөлү" жана 1.2 "Шлагбаум коюлбаган темир жол өткөөлү" белгилерин шлагбаумдар менен тийиштүү жабдылган же жабдылбаган бардык темир жол өткөөлдөрүнүн алдында орнотушат.
1.3.1 "Бир нуктуу темир жол" жана 1.3.2 "Көп нуктуу темир жол" белгилерин тиешелүүлүгүнө жараша бир же эки жана андан ашык нуктуу темир жолу аркылуу шлагбаум коюлбаган бардык темир жол өткөөлдөрүнүн алдында орнотушат.
1.4.1-1.4.6 "Темир жол өткөөлүнө жакындоо" белгилерин калктуу конуштардан тышкары эки багытта тең жүрүү үчүн эки жана андан ашык тилкелүү жолдордо ар бир өткөөлдүн алдында, ал эми бир тилкелүү жолдордо - өткөөлдүн көрүнүүсү 300 метрден аз аралыкта орнотушат.
1.5 "Трамвай линиясы менен кесилишүү" белгисин кесилиштен башка жерде трамвай жолдору менен кесилишүүчү жолдордун алдында, ошондой эле алар аркылуу трамвай жолдору өтүүчү кесилиштердин (аянттардын) алдында, жолдордун көрүнүүсү 50 метрден аз аралыкта орнотушат.
1.6 "Теңдеш жолдор менен кесилишүү" белгисин калктуу конуштардан тышкары кесилиштин көрүнүүсүнүн аралыгы 150 метрден аз, ал эми калктуу конуштарда - 50 метрден аз болгон теңдеш жолдордун кесилишине жакындап баруучу жерлерде орнотушат.
Белгини артыкчылык белгилери менен белгиленген жүрүүнүн кезегин алып салуучу кесилиштин алдында орнотушат.
1.7 "Айлампа кыймыл менен кесилишүү" белгисин 4.3 белгилери менен белгиленген кесилиштердин алдында, калктуу конуштардан тышкары - ар бир кесилиштин алдында, калктуу конуштарда - алардын көрүнүү аралыгы 50 метрден аз болгон кесилиштердин алдында, ошондой эле жасалма жарык берилбеген кесилиштердин алдында орнотушат.
1.8 "Сфетофор менен жөнгө салуу" белгисин калктуу конуштардан тышкары ар бир кесилиштин, жөө жүргүнчүлөр өтмөгүнүн же темир жол өтмөктөрүнөн тышкары алардагы кыймыл сфетофорлор менен жөнгө салынуучу жол участогунун алдында, калктуу конуштарда - светофордун көрүнүүсү 100 метрден аз аралыкта, ошондой эле калктуу конушка киргенден кийинки биринчи кесилиште же светофордук жөнгө салуусу бар жөө жүргүнчүлөр өтмөгүнүн алдында орнотушат.
1.9 "Экиге ажыратылуучу көпүрө" белгисин бардык экиге ажыратылуучу көпүрөлөрдүн же паром өткөөлдөрүнүн алдында орнотушат.
1.10 "Жээкке чыгуучу жол" белгисин жээкке чыгуучу жолдордун же кандайдыр бир суунун жээгине чыгуучу жолдордун участокторунун алдында орнотушат.
1.11.1 жана 1.11.2 "Кооптуу бурулуш" белгилерин коопсуздук коэффициентинин мааниси 0,6дан аз болгон пландагы ийрейүүлөр алдында, ошондой эле жолдун участогунун мурунку ийрейүүсү үчүн мүнөздүү ылдамдыкта каршы келе жаткан автомобилдин көрүнүү аралыгы кыймылдын коопсуздугун камсыздоочу көрүнүүнүн минималдуу аралыгынан аз болгон пландагы ийрейүүлөрдүн алдында орнотушат.
1.12.1 жана 1.12.2 "Кооптуу бурулуштар" белгилерин пландагы биринин артынан бири кете турган эки же андан ашык ийрейүүлөрдүн алдында орнотушат, эгерде алардын ортосундагы аралык 300 метрден аз болсо жана эгерде алардын биринчисинин алдында тиешелүү түрдө 1.11.1 же 1.11.2 белгиси орнотулса.
1.13 "Тик ылдый түшүү" жана 1.14 "Тик өйдө чыгуу" белгилерин төмөнкү учурларда орнотушат:
- эгерде ылдый түшүүчү же өйдө чыгуучу жолдун участогунун узундугу эңкейиштин тиешелүү чоңдугунда көрсөтүлгөндөн узунураак болсо;
- эгерде вертикалдуу томпогой ийрейүүлөрдө каршы келе жаткан автомобилдин көрүнүү аралыгы жолдун мурунку ийрейүү участогу үчүн мүнөздүү ылдамдыкта көрсөтүлгөндөн төмөн болсо.
1.15 "Тайгалак жол" белгисин шинанын каптоо менен илешүү коэффициенти 0,4төн төмөн болгон жолдордун участокторунун алдында орнотушат.
1.16 "Тегиз эмес жол" белгисин Жол кыймылынын эрежелери менен уруксат берилген ылдамдыкта транспорт каражаттарынын жүрүүсүн кыйындатуучу каптоолордун бузулуулары (чуңкурлар, көпүрө курулмалары менен өңгүл-дөңгүл туташуусу, толкундуулук ж.б.у.с.) болгон жолдордун участокторунун алдында орнотушат.
1.17 "Жасалма тегиз эмес жол" белгисин ылдамдыкты мажбурлап төмөндөтүү үчүн жасалма тегиз эмес жолдун участогунун алдында орнотушат.
1.18 "Шагылдын ыргышы" белгисин транспорт каражаттарынын дөңгөлөктөрүнөн шагылдын, таштын ж.б.у.с. ыргышы мүмкүн болгон жолдордун участокторунун алдында орнотушат.
1.19 "Жолдун кооптуу жээги" белгисин жол жээктеринин абалы коопсуздук шарттарына шайкеш келбеген жолдордун участокторунун алдында орнотушат.
1.20.1-1.20.3 "Жолдордун тарышы" белгилерин калктуу конуштардан тышкары жолдун жүрүү бөлүгүнүн туурасы 0,5 метрден ашык, ал эми калктуу конуштарда - бир же андан ашык тилкеге азайып кетүүчү жолдордун участокторунун алдында орнотушат. Калктуу конуштардан тышкары белгини ошондой эле көпүрө курулмаларынын жана тоннелдердин алдында орнотушат, эгерде жүрүүчү бөлүктүн туурасы жасалма курулманын чектеринде аларга келе турган жактарына караганда тең же тар болсо, ал эми калктуу конуштарда - аларга кире беришке караганда тар болсо.
1.21 "Эки тараптуу кыймыл" белгисин эки тараптуу кыймылы бар жолдун (жүрүү бөлүгү) участокторунун алдында, эгерде алардан мурун бир тараптуу кыймыл менен участок келе турган болсо орнотушат.
1.22 "Жөө жүргүнчү өткөөлү" белгисин калктуу конуштардан тышкары бардык жөнгө салынбай турган жер үстүндөгү жөө жүргүнчү өткөөлдөрүнүн алдында, ал эми калктуу конуштарда - көрүнүү аралыгы 150 метрден аз болгон өткөөлдөрдүн алдында орнотушат.
1.23 "Балдар" белгисин балдар мекемелеринин аймактарын бойлоп өтүүчү же жөө жүргүнчү өткөөлдөрүнүн болушуна карабастан балдар тез-тез өтүүчү жолдордун участокторунун алдында орнотушат.
1.24 "Велосипед жолу менен кесилишүү" белгисин 4.4 белгиси менен белгиленген велосипед жолдору менен кесилишкенден тышкаркы жайгашкан кесилиштердин алдына орнотушат.
1.25 "Жол иштери" белгисин анын чектеринде иштин кайсыл болбосун түрлөрү жасалып жаткан жолдун участокторунун алдында орнотушат.
1.26 "Мал айдоо" белгисин мал короолорун, фермаларын ж.б.у.с. бойлоп өтүүчү жолдордун участокторунун алдында, ошондой эле жол аркылуу малды дайыма айдап өтүүчү жерлердин алдында орнотушат.
1.27 "Жапайы жаныбарлар" белгисин коруктардын, аңчылык чарбаларынын, токой массивдеринин аймактары боюнча өтүүчү жолдордун участокторунун жана аларда жапайы жаныбарлар чыга калышы мүмкүн болгон башка жолдордун участокторунун алдында орнотушат жана 8.2.1 табличкасын пайдаланышат.
1.28 "Таштын кулашы" белгисин жүрүү бөлүгү мүмкүн болуучу уроолордон, жер көчкүлөрүнөн, кар көчкүлөрүнөн жана таш кулоолордон корголбогон жолдордун участокторунун алдында орнотушат.
1.29 "Капталдан соккон шамал" белгисин тоо ашуулары, бийик кырдалган топурактар, көпүрөлөр, жол өтмөктөрү боюнча, капталдан катуу шамал согушу мүмкүн болгон капчыгайларды жана дарыяларды ж.б.у.с. бойлоп өтүүчү жолдордун участокторунун алдында орнотушат.
1.30 "Жапыз учкан самолет" белгисин алардын үстүндө самолеттор же вертолеттор анча бийик эмес учуп өтүүчү аэродромдорго жакын жолдордун участокторунун алдында орнотушат.
1.31 "Тоннель" белгисин жасалма жарык берилбеген тоннелдердин алдында, ошондой эле кире бериш порталы жердин рельефинен улам 150 метрден аз аралыктан көрүнө турган тоннелдердин алдында орнотушат.
1.32 "Тыгын" белгисин жолдун участогунда тыгын пайда болгон учурда убактылуу катары же өзгөрүп тура турган белгилерде колдонушат жана тыгын пайда болгон жолдун участогун айланып өтүү мүмкүн болгон кесилиштин алдында орнотушат.
1.33 "Башка коркунучтар" белгисин коркунучтун түрү эскертүүчү белгилер менен каралбаган жолдордун кооптуу участокторунун алдында орнотушат.
1.34.1 жана 1.34.2 "Бурулуштун багыты" белгилерин эгерде ийрейүүлөргө жакындоо учурунда бурулуу багытын аныктоо кыйынчылык жаратса, кичине радиус планында ийрейүүлөрү менен жолдордун участокторунда орнотушат.
1.34.3 "Бурулуштун багыты" белгисин эгерде аларды түз багытта өтүп кетүү коркунучу болсо, Т сыяктуу кесилиштерде жана жолдун тармактанууларында орнотушат.
2. Артыкчылык белгилери
Артыкчылык белгилерин кесилиштерден, айрым жүрүү бөлүктөрүн кесип өтүүчү жерлерден, ошондой эле жолдордун тар участокторун өтүүнүн кезектүүлүгүн көрсөтүү үчүн колдонушат.
2.1 "Негизги жол" белгисин жөнгө салынбай турган кесилиштерден артыкчылыктуу укук менен өтүүчү жолдордун участокторунун башталышына орнотушат.
2.2 "Негизги жолдун бүтүшү" белгисин ал негизги статусун жоготкон жолдун участогунун аягында орнотушат.
2.3.1 "Экинчи даражадагы жол менен кесилишүү", 2.3.2-2.3.7 "Экинчи даражадагы жолго кошулуу" белгилерин калктуу конуштардан тышкары 2.1 белгиси менен белгиленген жолдордогу бардык кесилиштердин алдында орнотушат.
2.4 "Жол бер" белгисин айдоочу кесилиш жол менен бараткан транспорт каражаттарына, ал эми 8.13 табличкасы болгон учурда - негизги жол менен бараткан транспорт каражаттарына жол бериши керек экендигин көрсөтүү үчүн колдонушат.
2.5 "Токтобой өтүүгө тыюу салынат" белгисин айдоочуга кесилиш жол менен бараткан транспорт каражаттарына, ал эми 8.13 табличкасы болгон учурда - негизги жол менен бараткан транспорт каражаттарына токтоп жана жол бериши керек экендигин көрсөтүү үчүн колдонушат.
2.6 "Каршы кыймылдын артыкчылыгы бар" жана 2.7 "Каршы кыймылдын алдында артыкчылыгы бар" белгилерин транспорт каражаттарынын каршылаш өтүп кетүүсү мүмкүн болбогон же кооптуу жерлерде (жолдордун тар участоктору, көпүрө курулмалары, тоннелдер ж.б.у.с.), каршылаш өтүп кетүүнү өзүн-өзү жөнгө салууну жана бүткүл участоктун жана ага жолдун тар участогунун ар бир аягынан карама-каршы келүүнүн көрүнүүсүн камсыздоочу кыймылдын интенсивдүүлүгүндө кыймылды уюштуруу үчүн колдонушат.
3. Тыюу салуучу белгилер
Тыюу салуучу белгилерди кыймылга чектөөлөрдү киргизүү же аны алып салуу үчүн колдонушат.
"Кирүүгө тыюу салынат" белгисин транспорт каражаттарынын каршы багытта жүрүүсүнө тыюу салуу үчүн жолдун участокторунда же бир тараптуу кыймыл менен өтүүчү бөлүктө орнотушат.
3.2 "Кыймылга тыюу салынат" белгисин жолдордун айрым участокторунда бардык транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө тыюу салуу үчүн колдонушат.
3.3 "Механикалык транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө тыюу салынат" белгисин бардык механикалык транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө тыюу салуу үчүн колдонушат.
3.4 "Жүк ташуучу автомобилдердин жүрүүсүнө тыюу салынат" белгисин жүк ташуучу автомобилдердин жана уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашык (эгерде белгиде масса көрсөтүлбөсө) же уруксат берилген максималдуу массасы белгиде көрсөтүлгөндөн ашык болгон транспорт каражаттарынын курамдарынын, ошондой эле тракторлордун жана өзү жүрүүчү машиналардын жүрүүсүнө тыюу салуу үчүн колдонушат.
Белги адамдарды ташууга арналган автомобилдерге карата колдонулбайт.
3.5 "Мотоциклдин жүрүүсүнө тыюу салынат" белгисин мотоциклдердин жүрүүсүнө тыюу салуу үчүн колдонушат, 3.6 "Трактордун жүрүүсүнө тыюу салынат" белгисин - тракторлордун жана өзү жүрүүчү машиналардын жүрүүсүнө тыюу салуу үчүн, 3.7 "Чиркегич менен жүрүүгө тыюу салынат" белгисин - бардык типтеги чиркегичтер же жарым чиркегичтер менен жүк ташуучу автомобилдердин жана тракторлордун жүрүүсүнө, ошондой эле механикалык транспорт каражаттарын ар кандай сүйрөп жүрүүгө тыюу салуу үчүн, 3.8 "Арабалардын жүрүшүнө тыюу салынат" белгисин - арабалардын (чаналардын), ээр же жүк артылган жаныбарлардын өтүүсүнө, ошондой эле мал айдап өтүүгө тыюу салуу үчүн, 3.9 "Велосипеддин жүрүшүнө тыюу салынат" белгисин - велосипеддерде жана мопеддерде жүрүүгө тыюу салуу үчүн колдонушат.
3.10 "Жөө кишилердин жүрүшүнө тыюу салынат" белгисин жөө жүргүнчүлөрдүн өтүүсүнө алардын коопсуздук шарттары боюнча жол берилбей турган жерлерде (тротуарлары болбогон жасалма курулмалар, жолдордун оңдолуп жаткан участоктору ж.б.у.с.) орнотушат. Белгини жолдун тыюу салуу киргизилип жаткан тарабына орнотушат.
3.11 "Массага чек коюу" белгисин жалпы иш жүзүндөгү массасы белгиде көрсөтүлгөндөн жогору болгон транспорт каражаттарынын, анын ичинде транспорт каражаттарынын курамдарынын жүрүүсүнө тыюу салуу үчүн колдонушат.
3.12 "Транспорт каражатынын ок темирине күч келтирүүчү массага чек коюу" белгисин каалагандай ок темирине күч келтирүүчү иш жүзүндөгү массасы белгиде көрсөтүлгөндөн жогору болгон транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө тыюу салуу үчүн колдонушат.
3.13 "Бийиктикке чек коюу" белгисин габариттик бийиктиги (жүгү менен же жүксүз) белгиде көрсөтүлгөндөн жогору болгон транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө тыюу салуу үчүн колдонушат.
3.14 "Жазылыгына чек коюу" белгисин алардын габариттик жазылыгы (жүгү менен же жүксүз) белгиде көрсөтүлгөндөн жазы болгон транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салуу үчүн колдонушат.
3.15 "Узундугуна чек коюу" белгисин габариттик узундугу (жүгү менен же жүксүз) белгиде көрсөтүлгөндөн узун болгон транспорт каражаттарынын (транспорт каражаттарынын курамдарынын) жүрүү бөлүгү тар, курулушу тар, бурулуштары чукул болгон ж.б.у.с., аларда жүрүү же каршылаш транспорт каражаттары менен айрылышуусу кыйынчылык туудурган жолдордун участокторунда жүрүүсүнө тыюу салуу үчүн колдонушат.
3.16 "Минималдуу аралыкка чек коюу" белгисин транспорт каражаттарынын алардын ортосундагы аралыктын белгиде көрсөтүлгөндөн (жүк көтөрүмдүүлүгү чектелүү өтмөктөрү бар көпүрө курулмаларында, муз баскан ашууларда, тоннелдерде ж.б.у.с.) аз аралыкта жүрүүсүнө тыюу салуу үчүн колдонушат.
3.17.1 "Бажы" белгисин бажынын контролдоо-өткөрүү пунктунда токтобой өтүүгө тыюу салуу үчүн колдонушат.
3.17.2 "Коркунуч" белгисин жол-транспорт кырсыгы, авария же кыймылды уюштурууну убактылуу ыкчам өзгөртүүнү талап кылган кыймыл үчүн башка коркунуч болгон жолдордун участокторунда транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө тыюу салуу үчүн колдонушат.
3.17.3 "Контролдоо" белгисин контролдоо пунктунда (милиция постунда, карантин постунда, чек ара зонасына, жабык аймакка кирүүдө, акы төлөнүүчү жолдор боюнча өтүүгө акы төлөө пунктунда ж.б.у.с.) токтобостон өтүүгө тыюу салуу үчүн колдонушат. Милиция постторунда жана карантин постторунда белгини ыкчам иш-чараларды өткөрүү мезгилинде орнотушат.
3.18.1 "Оңго бурулууга тыюу салынат" жана 3.18.2 "Солго бурулууга тыюу салынат" белгилерин кыймылдын зарыл болгон тартибин 4.1.1-4.1.6 же 5.15.1, 5.15.2 белгилеринин жардамы менен камсыздоо мүмкүн болбогон учурларда өтүү бөлүктөрүнүн жакынкы кесилишинде бурулууга тыюу салуу үчүн колдонушат.
3.19 "Артка бурулууга тыюу салынат" белгисин бул маневр башка транспорт каражаттарынын же жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылы үчүн коркунуч жараткан кесилиштин алдында орнотушат.
3.20 "Озуп өтүүгө тыюу салынат" жана 3.22 "Жүк ташуучу автомобиль менен озуп өтүүгө тыюу салынат" белгилерин бардык транспорт каражаттарынын озуп өтүүсүнө тыюу салуу үчүн колдонушат. 3.20 белгиси бардык транспорт каражаттарынын, ал эми 3.22 белгиси - уруксат берилген массасы 3,5 тоннадан ашык жүк ташуучу автомобилдердин озуп өтүүсүнө тыюу салат.
3.24 "Максималдуу ылдамдыкка чек коюу" белгисин жолдун участогунда мурунку участогуна караганда башка максималдуу ылдамдыкты киргизүү зарыл болгон учурда бардык транспорт каражаттарынын белгиде көрсөтүлгөндөн жогору ылдамдыкта жүрүүсүнө тыюу салуу үчүн колдонушат.
3.21 "Озуп өтүүгө тыюу салуунун бүтүшү", 3.23 "Жүк ташуучу автомобиль менен озуп өтүүгө тыюу салуунун бүтүшү" жана 3.25 "Максималдуу ылдамдыкка чек коюунун бүтүшү" белгилерин 3.20, 3.22 жана 3.24 белгилерине ылайык жүрүүгө чектөөлөр киргизилген жолдун участокторунун бүтүшүн белгилөө үчүн колдонушат, алардын аракетин кыймылдын жүрүшү боюнча жакынкы кесилишке же калктуу пункттун аягына чейин, ал эми 3.24 белгиси үчүн 5.23.1 же 5.23.2 белгилери менен белгиленген калктуу конуштун башталышына чейин жайылтуу зарылдыгы жок болсо.
3.26 "Үн чыгарып сигнал берүүгө тыюу салынат" белгисин жол-транспорт кырсыгын болтурбоо үчүн сигнал берүү учурларынан, 5.23.1, 5.23.2 белгилери менен белгиленген калктуу конуштардан тышкары, санаторийлерге, эс алуу үйлөрүнө, ден соолукту чыңдоо лагерлерине, ооруканаларга ж.б.у.с. жакын жерлерден өтүүчү жолдордун участокторунда үн чыгарып сигнал берүүгө тыюу салуу үчүн колдонушат.
3.27 "Токтоого тыюу салынат" белгисин транспорт каражаттарын токтотууга жана токтотуп турууга тыюу салуу үчүн колдонушат.
3.28 "Токтоп турууга тыюу салынат", 3.29 "Айдын так сандагы күндөрүндө токтоп турууга тыюу салынат" жана 3.30 "Айдын жуп сандагы күндөрүндө токтоп турууга тыюу салынат" белгилерин токтоп турууга тыюу салуу үчүн колдонушат.
3.31 "Бардык чектөөлөрдүн бүтүшү" белгисин 3.16, 3.20, 3.22, 3.24, 3.26-3.30 белгилери менен бир эле убакта бир нече чектөөлөр киргизилген жолдун участогунун бүтүшүн көрсөтүү үчүн колдонушат, эгерде бул чектөөлөрдүн аракетин жакынкы кесилишке же калктуу конуштун аягына чейин жайылтуу зарылдыгы жок болсо.
3.32 "Кооптуу жүктөрү бар транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө тыюу салынат" белгисин колдонуудагы мыйзамдарга ылайык "Кооптуу жүк" деген ажыратуучу белгилер (маалыматтык таблицалар) коюлушу керек болгон кооптуу жүктөрдү ташуучу транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө тыюу салуу үчүн колдонушат.
3.33 "Жарылуучу жана тез тутануучу жүктөрү бар транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө тыюу салынат" белгисин жарылуучу заттарды жана буюмдарды, ошондой эле тез тутануучу катары маркировкаланууга тийиш болгон, алардын санына атайын эрежелер жайылтылуучу башка жүктөрдү ташуучу транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө тыюу салуу үчүн колдонушат.
4. Милдеттендирүүчү белгилер
Милдеттендирүүчү белгилерди кыймылдын режимдерин киргизүү же алып салуу үчүн колдонушат.
4.1.1 "Түз кетүү", 4.1.2 "Оңго кетүү", 4.1.3 "Солго кетүү", 4.1.4 "Түз же оңго кетүү", 4.1.5 "Түз же солго кетүү", 4.1.6 "Оңго же солго кетүү" белгилерин белгидеги жебелер менен көрсөтүлгөн багыттарда жүрүү бөлүктөрүнүн жакынкы кесилишинде жүрүүгө уруксат берүү үчүн, ал эми 4.1.3, 4.1.5, 4.1.6 белгилерин - артка кайрылууга уруксат берүү үчүн дагы колдонушат.
4.1.1-4.1.6 белгилери маршруттук транспорт каражаттарына карата колдонулбайт.
4.2.1 "Тоскоолдукту оң жагынан айланып өтүү", 4.2.2 "Тоскоолдукту сол жагынан айланып өтүү", 4.2.3 "Тоскоолдукту оң же сол жагынан айланып өтүү" белгилерин жүрүүчү бөлүктүн огу боюнча орнотулган тосмолордун башталышын, ажыратуучу тилкенин башталышын, коопсуздуктун жогору көтөрүлгөн аралчалары жана багыттоочу аралчалар, жүрүүчү бөлүктүн ар түрдүү тоскоолдуктарынын жардамчы аралчаларын айланып өтүү багыттарын көрсөтүү үчүн колдонушат.
4.3 "Айлампа кыймыл" белгисин айлампа кыймыл уюштурулган кесилиштин (аянттын) ар бир кире беришинде орнотушат.
4.4 "Велосипед жолу" белгисин велосипеддер менен мопеддердин жүрүүсү уруксат берилген жолду, ал эми тротуар же жөө адамдар өтүүчү жол болбогон учурда - жөө адамдар өткөөлдөрүн белгилөө үчүн колдонушат.
4.5 "Жөө адамдар өтүүчү жол" белгисин жөө адамдардын өтүүсү үчүн гана арналган жолчолорду белгилөө үчүн колдонушат.
4.6 "Минималдуу ылдамдыкты чектөө" белгисин жолдо же айрым жүрүү тилкесинде көрсөтүлгөн же андан жогору ылдамдыкта гана жүрүү уруксат бериле турган ылдамдык режимин киргизүү үчүн колдонушат.
4.7 "Минималдуу ылдамдыкты чектөөнүн бүтүшү" белгисин 4.6 же 5.15.3 белгилери менен жүрүүнүн минималдуу ылдамдыгын чектөө киргизилген жолдун участогунун бүтүшүн көрсөтүү үчүн колдонушат жана участоктун же жүрүү тилкесинин аягында орнотушат.
4.8.1-4.8.3 "Кооптуу жүктөрү бар транспорт каражаттарынын жүрүүсүнүн багыты" белгилерин кооптуу жүктөрдү ташуучу жана колдонулуудагы мыйзамдарга ылайык "Кооптуу жүк" ажыратуучу белгилери (маалыматтык таблицалар) коюлушу керек болгон транспорт каражаттарынын жүрүүсүнүн багыттарын көрсөтүү үчүн колдонушат.
5. Өзгөчө жазма буйруктардын белгилери
Өзгөчө жазма буйруктардын белгилерин кыймылдын өзгөчө режимдерин киргизүү же алып салуу үчүн колдонушат.
5.1 "Автомагистраль" белгисин автомагистралдар боюнча жүрүү тартибин белгилөөчү Жол кыймылынын эрежелеринин талаптары колдонулуучу жолдорду белгилөө үчүн колдонушат.
5.2 "Автомагистралдын бүтүшү" белгисин автомагистралдын аягында, автомагистралдан чыгуулардын башталышында жана алдын ала автомагистралдын аягына чейин 400 жана 1000 м аралыкта 8.1.1 табличкасы менен орнотушат.
5.3 "Автомобилдер үчүн жол" белгисин автомобилдер, автобустар жана мотоциклдер гана жүрүүчү жолду белгилөө үчүн колдонушат.
5.4 "Автомобилдер үчүн жолдун бүтүшү" белгисин 5.3 белгиси менен белгиленген жолдун аягында орнотушат.
5.5 "Кыймыл бир тараптуу жол" белгисин транспорт каражаттары жолдун бүткүл кеңдиги боюнча бир багытта гана жүрүүчү жолду же жүрүү бөлүгүн белгилөө үчүн колдонушат.
5.6 "Бир жактуу кыймылда жүрүүчү жолдун бүтүшү" белгисин 5.5 белгиси менен белгиленген жолдун же жүрүүчү бөлүктүн аягында орнотушат.
5.7.1 жана 5.7.2 "Бир жактуу кыймылда жүрүүчү жолго чыгуу" белгилерин 5.5 белгиси менен белгиленген жолдун участогуна же жүрүүчү бөлүктүн бардык капталына чыгууларынын алдында орнотушат.
5.8 "Реверсивдүү кыймыл" белгисин реверсивдүү жол чырактарынын же 5.15.7 белгилеринин жардамы менен транспорт каражаттарынын жүрүүчү бөлүгүнүн өз алдынча тилкелери боюнча карама-каршы багытта жүрүүгө карата укуктарды кезектештирип берүү менен жөнгө салынуучу жолдордун участокторун белгилөө үчүн колдонушат.
5.9 "Реверсивдүү кыймылдын бүтүшү" белгисин 5.8 белгиси менен белгиленген реверсивдүү кыймыл жолунун участогунун аягына орнотушат.
5.10 "Реверсивдүү кыймылдын жолуна чыгуу" белгисин 5.8 белгиси менен белгиленген жолдун участогуна чыгууларды көрсөтүү үчүн колдонушат жана бардык каптал чыгууларына орнотушат.
5.11 "Маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилкеси бар жол" белгисин ал боюнча маршруттук транспорт каражаттарынын кыймылы транспорт каражаттарынын жалпы агымына бет алуучу атайын бөлүнгөн тилке боюнча жүзөгө ашырыла турган жолду белгилөө үчүн колдонушат.
5.12 "Маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилкеси бар жолдун бүтүшү" белгисин 5.11 белгиси менен белгиленген жолдун аягына орнотушат.
5.13.1, 5.13.2 "Маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилкеси бар жолго чыгуу" белгилерин 5.11 белгиси менен белгиленген жолго чыгууларды белгилөө үчүн колдонушат.
5.14 "Маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилке" белгисин ал боюнча маршруттук транспорт каражаттарынын кыймылы транспорт каражаттарынын жалпы агымы менен кошо болуучу атайын бөлүнгөн тилке боюнча жүзөгө ашырыла турган жолду белгилөө үчүн колдонушат.
5.15.1 "Тилкелер боюнча кыймылдын багыты" жана 5.15.2 "Тилке боюнча кыймылдын багыты" белгилерин ар түрдүү багыттар боюнча транспорт каражаттарынын интенсивдүү кыймылына ылайык тилкелерди колдонууну камсыздоо талап кылына турган кесилиштеги тилкелердин ар бири боюнча кыймылдын уруксат берилген багыттарын көрсөтүү үчүн колдонушат.
5.15.3 "Тилкенин башталышы" белгисин жогору чыгуудагы кошумча тилкенин же кесилиштерде жана кошулуштарда тормоздоо тилкесинин, ушул багытта кыймыл үчүн тилкелердин саны жогорулаган учурда башталышын белгилөө үчүн колдонушат.
5.15.4 "Тилкенин башталышы" белгисин ушул багытта кыймылдоо үчүн арналган үч тилкелүү жолдордогу ортоңку тилкенин участогунун башталышын, чийиндер менен багыттардын ичинен ар бири үчүн эки тилкени кезектештирип бөлүү учурунда белгилөө үчүн колдонушат.
5.15.5 "Тилкенин бүтүшү" белгисин жогору чыгуудагы кошумча тилкенин же күүлөнүү тилкесинин аягын, ушул багытта кыймылдоо үчүн тилкелер саны азайган учурда белгилөө үчүн колдонушат.
5.15.6 "Тилкенин бүтүшү" белгисин ушул багыттагы кыймыл үчүн арналган, 5.15.4 белгиси менен белгиленген үч тилкелүү жолдордогу ортоңку тилкенин участогунун тилкесинин аягын белгилөө үчүн колдонушат.
5.15.7 "Тилкелер боюнча кыймылдын багыты" белгисин каршысындагыга караганда тилкелердин көбүрөөк саны боюнча багыттардын биринде кыймылды уюштуруу үчүн тилкелердин санын жана тилкенин ар бири боюнча багытты көрсөтүү үчүн колдонушат.
5.15.8 "Тилкелер саны" белгисин ушул багыттагы тилкелердин санын жана тилкелер боюнча кыймылдардын режимдерин көрсөтүү үчүн колдонушат.
5.16 "Автобус жана (же) троллейбус токтоочу жер", 5.17 "Трамвай токтоочу жер" жана 5.18 "Жеңил таксилер токтоочу жер" белгилерин маршруттук транспорттук каражаттардын тиешелүү түрлөрдөгү токтоо пункттарын жана жеңил таксилердин токтоп туруу жерлерин белгилөө үчүн колдонушат.
5.19.1 жана 5.19.2 "Жөө жүргүнчү өткөөлү" белгилерин жолдон жөө жүргүнчүлөрдүн өтүшү үчүн бөлүнгөн жерлерди белгилөө үчүн колдонушат.
5.20 "Жасалма дөңсөө" белгисин жасалма текши эместиктин чектерин белгилөө үчүн колдонушат.
5.21 "Турак жай зонасы" белгисин анын чектеринде турак жай зоналарындагы кыймыл тартибин белгилей турган Жол кыймылынын эрежелеринин талаптары колдонула турган аймактарды (зоналарды) белгилөө үчүн колдонушат.
5.22 "Турак жай зонасынын аякташы" белгисин турак жай зонасынын аяктоосун белгилөө үчүн колдонушат.
5.23.1 жана 5.23.2 "Калктуу конуштун башталышы" белгилерин анын чектеринде калктуу конушта жүрүүнүн тартибин белгилеген Эрежелердин талаптары колдонула турган калктуу конуштун башталышын белгилөө үчүн колдонушат.
5.24.1 жана 5.24.2 "Калктуу конуштун аякташы" 5.23.1 жана 5.23.2 белгилери менен тиешелүүлүгүнө жараша белгиленген калктуу пункттун аягын көрсөтүү үчүн колдонушат.
5.25 "Калктуу конуштун башталышы" белгисин анда ушул жол боюнча кыймылдоо коопсуздугунун шарттарында калктуу пункттарда кыймылдоо тартибин белгилей турган Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын киргизүү максатка ылайыксыз болгон калктуу пункттун башталышын белгилөө үчүн колдонушат.
5.26 "Калктуу конуштун аяктоосу" белгисин 5.25 белгиси менен белгиленген калктуу пункттун аягын көрсөтүү үчүн колдонушат.
5.27 "Токтоп турууну чектөөсү бар зона", 5.29 "Жөнгө салынуучу токтоп туруу зонасы" жана 5.31 "Максималдуу ылдамдыкты чектөөсү бар зона" белгилерин анын чектеринде топтоп туруу жайы регламенттештирилген же кыймылдын максималдуу ылдамдыгы чектелген аймакты (жолдун участогун) белгилөө үчүн колдонушат.
5.33 "Жөө жүрүү зонасы" белгисин жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылына гана уруксат берилген аймакты (жол участогун) белгилөө үчүн колдонушат.
5.28 "Токтоп турууну чектөөсү бар зонанын аякташы", 5.30 "Жөнгө салынуучу токтоп туруу зонасынын аякташы", 5.32 "Максималдуу ылдамдыкты чектөөсү бар зонанын аякташы" жана 5.34 "Жөө жүрүү зонасынын аякташы" белгилерин тиешелүүлүгүнө жараша 5.27, 5.29, 5.31, 5.33 белгилери менен белгиленген аймактын (жолдун участогунун) аяктоосун көрсөтүү үчүн колдонушат.
6. Маалымат берүү белгилери
Маалымат берүү белгилерин кыймылдын катышуучулары бара жаткан жолдо калктуу конуштардын жана башка объекттердин жайгашуусу тууралуу, ошондой эле кыймылдын белгиленген жана сунушталган режимдери жөнүндө маалымдап туруу үчүн колдонушат.
6.1 "Максималдуу ылдамдыкты жалпы чектөөлөр" белгисин транспорт каражаттарынын айдоочуларына Кыргыз Республикасынын жолдорундагы Жол кыймылынын эрежелери менен белгиленген жалпы ылдамдыкты чектөөлөр жөнүндө маалымдоо үчүн колдонушат.
6.2 "Сунушталуучу ылдамдык" белгисин транспорт каражаттарынын айдоочуларына жолдун бул участогунда жүрүүнүн сунушталган ылдамдыгы жөнүндө маалымдоо үчүн колдонушат.
6.3.1 "Кайрылуу үчүн жер" жана 6.3.2 "Кайрылуу үчүн зона" белгилерин кайрылуу жерлерин көрсөтүү үчүн колдонушат.
6.4 "Токтоп туруу орду" белгисин транспорт каражаттарынын токтоп турушу үчүн арналган аянтчаларды белгилөө, 8.6.1-8.6.9-тротуарлардын жанындагы токтоп туруу жерлерин белгилөө үчүн колдонушат.
6.5 "Авариялык токтоо үчүн тилке" белгисин транспорт каражаттарынын айдоочуларына тик түшүү жеринде авариялык токтоп туруу үчүн тилкенин жайгашуусу жөнүндө маалымдоо үчүн колдонушат.
6.6 "Жер алдындагы жөө жүргүнчү өткөөлү" жана 6.7 "Жер үстүндөгү жөө жүргүнчү өткөөлү" белгилерин жөө жүргүнчү өткөөлүнө кире бериштердин бардыгында негизги жүргүнчүлөр агымына каратып сүрөттөлүшү менен орнотушат.
6.8.1-6.8.3 "Туюк жол" белгилерин алар менен өтүп кетүү болбой турган жолдорду белгилөө үчүн колдонушат.
6.9.1 "Багыттардын алдын ала көрсөткүчү" белгисин калктуу пункттарга жана башка объекттерге карата кыймылдын багыты жөнүндө алдын ала маалымдоо үчүн колдонушат.
6.9.2 "Багыттын алдын ала көрсөткүчү" белгисин калктуу пункттарга жана башка объекттерге карата кыймылдын багыты жөнүндө алдын ала маалымдоо үчүн колдонушат.
6.9.3 "Кыймылдын схемасы" белгисин эгерде кесилиште өз алдынча багыттарга кыймылга тыюу салынган болсо, же кыймылдын багыттары татаал пландаштырылган кесилиште болсо айланып өтүү маршрутун көрсөтүү үчүн колдонушат.
6.10.1 "Багыттардын көрсөткүчү" жана 6.10.2 "Багыттын көрсөткүчү" белгилерин калктуу пункттарга жана башка объекттерге карата кыймылдын багытын көрсөтүү үчүн колдонушат.
6.11 "Объекттин аталышы" белгисин калктуу пункттан башка объекттин аталышын көрсөтүү үчүн колдонушат.
6.12 "Аралыктардын көрсөткүчү" белгисин маршрутта жайгашкан калктуу пункттардын же башка объекттердин курулуштарынын факт жүзүндөгү чектерине чейинки аралыктарды көрсөтүү үчүн колдонушат.
6.13 "Километр белгиси" белгисин ал орнотулган жерден тартып жолдун баштапкы же акыркы пунктуна чейинки аралыкты көрсөтүү үчүн колдонушат.
6.14.1 жана 6.14.2 "Маршруттун номери" белгилерин белгиленген тартипте бекитилген жолдун (маршруттун) номерин, ошондой эле багытын көрсөтүү үчүн колдонушат.
6.15.1-6.15.3 "Жүк ташуучу автомобилдер үчүн кыймылдын багыты" белгилерин эгерде алардын кыймылына кесилиштеги багыттардын биринде тыюу салынган болсо, жүк ташуучу автомобилдердин, тракторлордун жана өзү жүрүүчү машиналардын сунушталуучу маршрутун көрсөтүү үчүн колдонушат.
6.16 "Стоп-тилке" белгисин темир жол өткөөлдөрүнүн жөнгө салынуучу кесилиштерине жана жөнгө салынбоочу кесилиштерде транспорт каражаттарынын токтоочу жерлерин көрсөтүү үчүн колдонушат.
6.17 "Айланып өтүү схемасы" белгисин кыймыл үчүн убактылуу жабылган жолдун участогун айланып өтүү маршрутун көрсөтүү үчүн колдонушат.
6.18.1-6.18.3 "Айланып өтүүнүн багыты" белгилерин кыймыл үчүн убактылуу жабылган жолдун участогун айланып өтүү маршруту боюнча кыймылдын багытын көрсөтүү үчүн колдонушат.
6.19.1 жана 6.19.2 "Жолдо жүрүүнүн башка бөлүгүнө өтүүнү алдын ала көрсөткүч" белгилерин жүрүүчү бөлүгүнүн жабык участкаларын айланып өтүү үчүн кыймылдын багытын жана ушул багыттагы кыймыл үчүн арналган жүрүүчү бөлүгүнө кайтуу үчүн кыймылдын багытын көрсөтүүчү бөлүштүрүү тилкеси бар жолдордо колдонушат.
6.20.1 жана 6.20.2 "Авариялык чыгуу" белгилерин авариялык чыгуу жолу бар болгон тоннелдеги жерди көрсөтүү үчүн колдонушат.
6.21.1 жана 6.21.2 "Авариялык чыгуу жолунун багыты" белгилерин тоннелдеги авариялык чыгуу жолунун багытын жана ага чейинки аралыкты көрсөтүү үчүн колдонушат.
7. Сервис белгилери
7.1 "Медициналык алгачкы жардам пункту", 7.2 "Оорукана", 7.3 "Автомай куюучу станция", 7.4 "Автомобилдерди техникалык жактан тейлөө", 7.5 "Автомобилдерди жуучу жай", 7.6 "Телефон", 7.7 "Тамактануучу жай", 7.8 "Ичилүүчү суу", 7.9 "Мейманкана же мотель", 7.10 "Кемпинг", 7.11 "Эс алуучу жай", 7.12 "Жол кыймылын камсыздоо боюнча башкы башкармалык посту", 7.13 "Милиция", 7.14 "Эл аралык автомобилдик ташууларды контролдоо пункту", 7.17 "Бассейн же пляж" жана 7.18 "Даараткана" белгилерин кыймылдын катышуучуларына тиешелүү объекттер жөнүндө маалымдоо үчүн колдонушат.
Белгилерди объекттердин алдына орнотушат.
7.15 "Жол кыймылы жөнүндө маалымат берүүчү радиостанцияны кабыл алуу зонасы" белгисин анда белгиде көрсөтүлгөн жыштыктагы радиостанциянын берүүлөрүн кабыл алуу жүзөгө ашырыла турган жолдун участогунун башталышын белгилөө үчүн колдонушат.
7.16 "Авариялык кызматтар менен радио байланыш зонасы" белгисин авариялык кызматтар менен радио байланыш системасы колдонууда болгон жолдун участогун белгилөө үчүн колдонушат.
7.19 "Шашылыш байланыш телефону" жана 7.20 "Өрт өчүргүч" белгилерин ыкчам кызматтарды чакыруу үчүн телефон же өрт өчүргүч бар жерлерди көрсөтүү үчүн колдонушат.
8. Кошумча маалыматтардын белгилери (табличкалар)
Кошумча маалыматтардын белгилерин (табличкаларды) башка жол белгилеринин колдонулушун тактоо же чектөө үчүн колдонушат.
8.1.1 "Объектке чейинки аралык" табличкасын эгерде белгиден коркунучтуу участок башталганга чейинки аралык 5.2.2, 5.2.3 көрсөтүлгөн аралыктан кичине же чоң болсо, эскертүүчү белгилер менен, ошондой эле 15.1, 5.15.2, 6.9.3, 6.15.1-6.15.3, 6.17, 7.1-7.18 белгилерине чыгарып салуу менен башка топтордогу алдын ала белгилер менен колдонушат.
8.1.2 "Объектке чейинки аралык" табличкасын кесилиштин алдында 2.5 белгиси орнотулган учурда калктуу конуштардан тышкары 2.4 белгисин колдонушат.
8.1.3 жана 8.1.4 "Объектке чейинки аралык" табличкаларын алдын ала эскертүүчү белгилер менен жана көрсөтүлгөн объекттерге карата бурулуш жерлеринде 5.1, 5.3, 6.4 белгилери менен колдонушат.
8.2.1 "Колдонуу зонасы" табличкасын төмөнкүлөр менен колдонушат:
- 1.12.1-1.19, 1.23, 1.25-1.33 белгилери менен коркунучтуу участоктун узактыгын көрсөтүү үчүн;
- 3.16, 3.20, 3.22, 3.24, 3.26 белгилери менен белгинин колдонуу зонасын көрсөтүү үчүн;
- 5.16 белгиси менен биринен кийин бири жайгашкан токтоо пункттарынын биринин же бир нечесинин узактыгын көрсөтүү үчүн;
- 6.2 белгиси менен, качан ал эскертүү белгиси менен чогуу орнотулган кезден башка учурда, эгерде 6.2 белгисин колдонууну жакынкы кесилишке чейин таркатуу зарылдыгы жок болсо;
- 6.4 белгиси менен, анын колдонулушун тактоочу же чектөөчү табличка(лар) менен орнотулса, мында 8.2.1 табличкасын эгерде белгинин колдонулушу жакынкы кесилишке чейин жайылтылбаган болсо башка табличкалары менен жайгаштырышат.
8.2.2-8.2.6 "Колдонуу зонасы" табличкаларын 3.27-3.30 белгилери менен гана колдонушат:
8.2.2 табличкасын - эгерде ал белгинин колдонулушу жакынкы кесилишке чейин жайылтылбаган болсо, белгинин колдонуу зонасын көрсөтүү үчүн;
8.2.3 табличкасын - белгинин колдонуу зонасынын аякталышын көрсөтүү үчүн;
8.2.4 табличкасын - айдоочуларга алар белгинин колдонуу зонасында экендиги жөнүндө маалымдоо үчүн;
8.2.5 жана 8.2.6 табличкаларын - белгинин колдонуу зонасын көрсөтүү үчүн, андан оңдо жана (же) солдо, качан токтотуу же токтоп туруу аянтын, имараттын фасадынын ж.б.у.с. жүрүүчү бөлүгүн бойлоп тыюу салынган болсо.
Белгилерди мамыларда жайгаштыруу учурунда табличкаларды белгинин алдына жайгаштырышат.
8.3.1-8.3.3 "Колдонуу багыттары" табличкаларын аларды колдонуунун багытын кесилиш жолго карата көрсөтүү үчүн тике кесилиштин алдында орнотула турган 3.2-3.9, 5.3 белгилери менен, ошондой эле 1.32 белгиси менен колдонушат.
8.4.1-8.4.8 "Транспорт каражаттарынын түрлөрү" табличкаларын белгинин колдонулушу ага таркатылган транспорт каражаттарынын түрлөрүн көрсөтүү үчүн колдонушат.
Табличкалар белгинин колдонушун төмөнкүлөргө таркатышат:
8.4.1 - жүк ташуучу автомобилдер, анын ичинде чиркегичи менен, 3,5 т ашык уруксат берилген максималдуу салмагы менен;
8.4.2 - жүк ташуучу автомобилдер же каалагандай типтеги чиркегичи же жарым чиркегичи менен тракторлор, ошондой эле механикалык транспорт каражаттарын сүйрөп жүрүүчү транспорт каражаттары;
8.4.3 - жеңил автомобилдер, ошондой эле 3,5 т ашык эмес уруксат берилген максималдуу салмагы менен жүк ташуучу автомобилдер;
8.4.3.1 - тышкы булактан заряддоо мүмкүндүгү бар электромобилдер жана гибрид автомобилдер;
8.4.4 - маршруттук транспорт каражаттары;
8.4.5 - тракторлор жана башка айыл чарба жана жол техникасы;
8.4.6 - каптал чиркегичи бар же жок мотоциклдер, кыймылдаткычынын 50 см3 жумушчу көлөмү же 50 км/сааттан ашкан максималдуу конструктивдүү ылдамдыгы менен скутерлер, ошондой трициклдер жана квадроциклдер;
8.4.7 - велосипеддер, электровелосипеддер жана велогибриддер;
8.4.8 - "Коркунучтуу жол чети" таанытуу белгилери (маалыматтык таблицалары) менен белгиленген транспорт каражаттары;
8.4.9-8.4.15 "Транспорт каражатынын түрүнөн башка" табличкалары белгинин колдонулушу ага таркатылбай турган транспорт каражатынын түрүн көрсөтүшөт.
8.5.1 "Ишемби, дем алыш жана майрам күндөрү", 8.5.2 "Жумуш күндөрү", 8.5.3 "Апта күндөрү", 8.5.4-8.5.7 "Колдонуу убактысы" табличкаларын белги колдонула турган апта күндөрүн же сутка убактыларын көрсөтүү үчүн колдонушат.
8.6.1-8.6.9 "Транспорт каражатын токтоочу жайга коюунун ыкмасы" табличкаларын тротуарга жакын токтоочу жайга транспорт каражатын коюунун ыкмасын көрсөтүү үчүн 6.4 белгиси менен колдонушат.
8.7 "Кыймылдаткычы иштебей тургандагы токтоочу жай" табличкасын 6.4 белгиси менен көрсөтүлгөн токтоочу жайга кыймылдаткычы иштебей турган транспорт каражаттарын токтотууга тыюу салуу үчүн колдонушат.
8.8 "Акы төлөнүүчү кызматтар" табличкасын пайдалануу үчүн акы төлөмө токтоочу жай аянтынын алдында орнотулган 6.4 белгиси менен, ошондой эле башка белгилер менен жолдон өтүү же кайсы бир кызматтар үчүн акы алуу тууралуу маалымдоо үчүн колдонушат.
8.9 "Токтоп туруунун узактыгын чектөө" табличкасын 6.4 белгиси менен транспорт каражатынын массалык кыска мөөнөткө келүү объекттериндеги токтоочу жайда туруунун максималдуу узактыгын көрсөтүү үчүн колдонушат.
8.9.1 "Парковкалоо уруксатынын ээлери үчүн гана токтоочу жай" табличкасын 6.4 белгиси менен белгиленген парковкада Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген тартипте алынган жана чек арасы аткаруу бийлигинин тиешелүү органдары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген аймактын чектеринде колдонулган парковкага уруксаты бар ээлеринин транспорт каражаттарын гана жайгаштырууга боло тургандыгын көрсөтөт.
8.10 "Автомобилдерди карап чыгуу үчүн жай" табличкасын 6.4 жана 7.11 белгилери менен эстакаданын же токтоочу аянттардагы же эс алуу жайларындагы карап чыгуу чуңкурлары бар экендигин көрсөтүү үчүн колдонушат.
8.11 "Уруксат берилген максималдуу салмакты чектөө" табличкасын анда көрсөтүлгөн уруксат берилген максималдуу салмактан жогору салмактагы транспорт каражаттары үчүн гана белгинин жайылтыла тургандыгын көрсөтүү үчүн колдонушат.
8.12 "Коркунучтуу жол жээги" табличкасын, эгерде оңдоо иштери жол жээгинде жүргүзүлүп жатса же жол жээги курулуш материалдарын жана (же) курулуш техникасын жайгаштыруу үчүн пайдаланылса 1.25 белгиси менен колдонушат.
8.13 "Башкы жолдун багыты" табличкасын кесилиште өзүнүн багытын өзгөртүүчү башкы жолдун багытын көрсөтүү үчүн 2.1, 2.4, 2.5 белгилери менен колдонушат.
8.14 "Кыймыл тилкеси" табличкасын белги жайылтылган тилкени көрсөтүү үчүн колдонушат, мында белги кыймыл тилкесинин үстүндө жайгашат.
8.15 "Азиз жөө жүргүнчүлөр" табличкасын көзү азиз же начар көргөн адамдар баруучу объекттерге жакын жайгашкан жөө жүргүнчү өткөөлүнүн алдында 1.22, 5.19.1, 5.19.2 белгилери менен бирге колдонушат.
8.16 "Нымдуу жол" табличкасын жолдун үстүңкү катмары нымдуу болгон мезгилге гана белгинин жайылтыла тургандыгын көрсөтүү үчүн 1.15, 3.20, 3.22, 3.24 белгилери менен колдонушат.
8.17 "Майыптар" табличкасын токтоочу жайдын аянты (же анын бөлүгү) I жана II топтогу майыптар башкарган же ушундай майыптарды ташып жүргөн транспорт каражаттарынын токтоочу жайы үчүн бөлүнгөндүгүн көрсөтүү үчүн 6.4 белгиси менен колдонушат.
8.18 "Майыптардан башкалар" табличкасын I жана II топтогу майыптар башкарган же ушундай майыптарды ташып жүргөн транспорт каражаттарына белгинин жайылтылбай тургандыгын көрсөтүү үчүн колдонушат.
8.19 "Кооптуу жүктүн классы" табличкасын класстын(тардын) номеринин табличкасында көрсөтүлгөн кооптуу жүк ташуучу транспорт каражаттарына белгилердин жайылтыла тургандыгын көрсөтүү үчүн 3.32, 3.33, 4.8.1-4.8.3 белгилери менен колдонушат.
8.20.1 жана 8.20.2 "Транспорт каражатынын арабасынын тиби" табличкасын белгиде көрсөтүлгөн салмак ар бири үчүн чектелип, жол берилген транспорт каражаттарынын жакындатылган окторунун санын көрсөтүү үчүн 3.12 белги менен колдонушат.
8.21.1-8.21.3 "Маршруттук транспорт каражатынын түрү" табличкасын метро станциясынын, автобус жана (же) троллейбус, трамвай токтоочу жайдын алдында транспорт каражаттары үчүн токтоочу жайдын аянтын көрсөтүү үчүн 6.4 белгиси менен колдонушат.
8.22.1-8.22.3 "Тоскоолдук" табличкаларын айдоочулардын тоскоолдукту айланып өтүү учурунда жакшыраак багыт алуусу үчүн 4.2.1-4.2.3 белгилери менен колдонушат.
8.23 "Фотовидеофиксация" табличкасы жол белгисинин колдонуу зонасында, же болбосо жолдун ушул участогунда административдик укуктук бузууларды автоматтык режимде иштөөчү фототартуу, кинотартуу жана видеотартуу функциялары бар атайын техникалык каражаттар же фототартуу, кинотартуу жана видеожазуу каражаттары менен фиксациялоо жүргүзүлүшү мүмкүн экендигин көрсөтөт.
8.24 "Эвакуатор иштеп жатат" табличкасы жол белгилеринин колдонуу зонасында транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жүргүзүлүп жаткандыгын көрсөтөт.
8.25 "Транспорт каражатынын экологиялык классы" табличкасы 3.3-3.5, 3.18.1, 3.18.2 жана 4.1.1-4.1.6 белгилеринин колдонулушу төмөнкүдөй механикалык транспорт каражаттарына жайылтыла тургандыгын көрсөтөт:
- бул транспорт каражатынын каттоо документтеринде көрсөтүлгөн экологиялык классы табличкада көрсөтүлгөн экологиялык класстан төмөн болгон;
- бул транспорт каражатынын каттоо документтеринде экологиялык классы көрсөтүлбөгөн.
Табличка 5.29 жана 6.4 белгилеринин колдонулушу төмөнкүдөй механикалык транспорт каражаттарына жайылтыла тургандыгын көрсөтөт:
- бул транспорт каражатынын каттоо документтеринде көрсөтүлгөн экологиялык классы табличкада көрсөтүлгөн экологиялык класска шайкеш, же болбосо табличкада көрсөтүлгөн экологиялык класстан жогору болгон;
- бул транспорт каражатынын каттоо документтеринде экологиялык классы көрсөтүлбөгөн.
|
| Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелерине 2-тиркеме |
Жол бетиндеги чийинде жана алардын мүнөздөмөлөрү (32953-2014 МАСТ жана Р 52289-2004 КМС МАСТ боюнча)
1. Горизонталдык чийиндер
Горизонталдык чийиндерди белгилөөчү сызыктар, жазуулар, жебелер жана башка белгилерди өркүндөтүлгөн жол каптоосуна, Р 52289-2004 МАСТта айтылган учурлардан башка учурларда тартышат.
Калктуу пункттарда горизонталдык чийиндерди магистраль жолдорунда жана көчөлөрүндө, жергиликтүү маанидеги жолдордо жана көчөлөрдө, ал эми айыл-кыштактарында - алар боюнча маршруттук транспорт каражаттары жүргөн көчөлөрдө жана жолдордо колдонушат.
1.1 чийинин төмөнкү учурларда колдонушат:
Эки багытка тең жүрүү үчүн эки же үч тилкеси бар жолдордогу карама-каршы багыттарда (ок сызыгы) бараткан транспорт каражаттарынын агымдарын бөлүү үчүн:
- алдыда каршы келе жаткан жакыныраак болгон автомобилди көрүү зоналары бирин-бири тосуп калган жолдордун участокторунда;
- алардын радиусу 50 метрден ашпаган пландагы ийрейүүлөрдүн бүткүл узактыгында, ошондой эле аларга өзгөрүлмөлүү радиусу менен кошула турган участоктордо. Эки тилкелүү жолдордо чийинди ички тилкенин туурасынын катышы тышкысына карата сакталгандай кылып сызышат.
1.2.1 жана 1.2.2 чийинин жолдо жүрүү бөлүгүн (четки сызык) белгилөө үчүн колдонушат.
1.3 чийинин эки тарапка тең кыймылдын төрт же андан ашык тилкелери бар жолдордун участокторунда карама-каршы багыттардын (ок сызыгы) транспорт агымдарын бөлүү үчүн колдонушат, тез-өтмө жана кошумча тилкелерди кошкондо.
1.4 чийинин транспорт каражаттарынын токтоосуна тыюу салынган жолдордун участокторунда колдонушат.
1.5. чийинин төмөнкүлөр үчүн колдонушат:
- эки тарапка тең кыймылдын эки тилкеси бар жолдордо карама-каршы багыттардын транспорттук агымдарын бөлүү үчүн, каршы келе жаткан автомобилдин көрүнүү зонасы азыраак болуп, бирин-бири тоспой турган жол участокторунда;
- алар бир багыт үчүн эки же андан көп санда болгондо кыймыл тилкелеринин чектерин белгилөө.
1.6 чийинин (жакындоо сызыгы) карама-каршы же бир багытта жүргөн транспорт каражаттарынын агымдарын бөлүп турган 1.1 же 1.11 чийинине жакындагандыгы тууралуу эскертүү үчүн колдонушат.
1.7 чийинин кесилиштин алкактарында, качан транспорт каражаттарынын кыймылынын траекториясын көрсөтүү же кыймыл тилкесинин чектерин белгилөө зарыл болгон учурларда кыймыл тилкесинин чектерин белгилөө үчүн колдонушат.
1.8 чийинин күүлөнүү же токтоо тилкесинин жана кыймылдын негизги тилкесинин ортосундагы чектерин белгилөө үчүн колдонушат.
1.9 чийинин (реверсивдик сызык) төмөнкүлөр үчүн колдонушат:
- алар боюнча кыймылдын багыты карама-каршысына өзгөрө турган тилке чектерин белгилөө;
- реверсивдик жөнгө салуу колдонулган жол участокторунда карама-каршы багыттардагы транспорт каражаттарынын агымдарын бөлүү (өчүп турган реверсивдик светофорлордо).
1.10 чийинин транспорт каражаттарынын токтоосуна тыюу салуу зарыл болгон жол участокторунда колдонушат.
1.11 чийинин (барьер сызыгы) транспорт каражаттарынын катар которуусун тыюу салуу зарыл болгон учурда карама-каршы же бир багыттагы транспорт каражаттарынын агымдарын бөлүү үчүн колдонушат.
1.12 чийинин (стоп-тилке) 2.5 "Токтобой өтүүгө тыюу салынат" белгиси бар учурда кесилиштин алдында, кыймыл светофор менен жөнгө салынган жерлерде жана темир жол өткөөлдөрүнүн алдында колдонушат.
1.13 чийинин 2.4 "Жол бер" белгиси бар болгон учурда транспорт каражаттарынын токтоочу жерин белгилөө үчүн колдонушат жана кесилише турган жолдо жүрүү бөлүгүнүн чегине мүмкүн болушунча жакыныраак сызышат.
1.14.1 жана 1.14.2 чийиндерин жолдо жүрүү бөлүгүн жөө жүргүнчүлөр кесип өтүү үчүн бөлүнгөн жерлерди белгилөө үчүн колдонушат.
1.15 чийинин велосипедчендердин жолдо жүрүү бөлүгүн кесип өтүшү үчүн бөлүнгөн жерлерди белгилөө үчүн колдонушат.
1.16.1-1.16.3 чийиндерин багыттоочу аралчаларды белгилөө үчүн колдонушат:
- карама-каршы багыттардагы транспорт каражаттарынын агымдарын бөлүү жерлеринде;
- бир багыттагы транспорт каражаттарынын агымдарын бөлүү жерлеринде;
- транспорт каражаттарынын агымдарынын биригүү жерлеринде.
1.17 чийинин маршруттук транспорт каражаттарынын токтоолорун жана жеңил таксилердин токтоочу жайларын белгилөө үчүн колдонушат. Чийиндин узундугун бир маалда токтой турган же токтоп турушкан транспорт каражаттарынын санын эске алуу менен, бирок отургузуу аянтчасынын узундугунан кем эмес кылып аныкташат.
1.18 чийинин кесилиште уруксат берилген тилкелер боюнча кыймылдын багыттарын көрсөтүү үчүн колдонушат.
1.19 чийинин тилкенин аякташына жакындагандыгы тууралуу, ал эми 1.6 чийини менен айкалыштыкта - карама-каршы багыттардын транспорт каражаттарынын агымдарын бөлүп туруучу 1.1 же 1.11 чийинине каршы келе жаткан автомобилди чектелген көрүү учурунда эскертүү үчүн колдонушат.
1.20 чийинин кыймыл интенсивдүүлүгү суткасына 3000 автомобилден ашуун жолдордо 1.13 чийинине жакындагандыгы тууралуу эскертүү үчүн колдонушат жана кыймылдын ар бир тилкесине сызышат.
1.21 чийинин кыймыл интенсивдүүлүгү суткасына 3000 автомобилден ашуун жолдордо 1.12 чийинине жакындагандыгы тууралуу эскертүү үчүн колдонушат, эгерде 2.5 "Токтобой өтүүгө тыюу салынат" белгиси орнотулган болсо, кыймылдын ар бир тилкесине сызышат.
1.22 чийинин кыймыл интенсивдүүлүгү суткасына 3000 автомобилден ашуун жолдордо белгиленген тартипте бекитилген жолдун (маршруттун) номерин белгилөө үчүн колдонушат.
1.23 чийинин 5.11 "Маршруттагы транспорт каражаттары үчүн тилкеси бар жол" белгиси менен белгиленген жолдордо жана маршруттук транспорт каражаттары гана жүрүүчү тилкелерде түшүрүлөт.
1.24.1 жана 1.24.2 чийинин төмөнкү жол белгилерин кайталоо үчүн колдонууга жол берилет:
- 1.24.1 - эскертүүчү белгилерди кайталоо үчүн;
- 1.24.2 - тыюу салуучу белгилерди кайталоо үчүн.
1.24.3 чийинин I жана II топтогу майыптар башкарган же ушундай майыптарды ташып жүргөн транспорт каражаттары үчүн арналган жол участокторун, токтоочу жай аянттарын (токтоочу жерлерди), кирүүнү, чыгууларды ж.б.у.с. белгилөө үчүн колдонушат.
1.25 чийинин ылдамдыкты мажбурлап төмөндөтүүгө арналган жасалма текши эместиктерди белгилөө үчүн колдонушат.
1.26 (түсү сары) чийини - чыгууга тыюу салынган кесилиштин участогун түшүндүрөт, эгерде бара жаткан жолдо алдыда айдоочуну туурасынан кеткен багытта транспорт каражаттарынын кыймылы үчүн тоскоолдук түзүү менен токтоого аргасыз кылган тыгын пайда болсо, ушул Эрежелер менен белгиленген учурлардагы оңго же солго бурулуудан башка учурда.
1.1, 1.2.1 жана 1.3 сызыктарын кесип өтүүгө тыюу салынат.
1.2.1 чийинин транспорт каражатын жол жээгине токтотуу үчүн жана ага токтоого же токтоочу жайга турууга уруксат берилген жерлерден кесип өтүүгө жол берилет.
1.5-1.8 чийиндерин каалагандай жагынан кесип өтүүгө уруксат берилет.
1.9 чийинин реверсивдүү светофор жок учурда же алар өчүп калганда, эгерде ал айдоочудан оң жакта болсо; күйүп турган реверсивдүү светофор учурунда - каалагандай жагынан, эгерде ал бул боюнча бир багыттагы кыймылга уруксат берилген тилкелерди бөлүп турса кесип өтүүгө уруксат берилет.
Карама-каршы багыттардагы транспорт агымдарын бөлүп турган 1.9 сызыгын өчүрүлгөн реверсивдүү светофорлор учурунда кесип өтүүгө тыюу салынат.
1.11 чийинин үзүлгөн сызык тарабынан, ал эми ашып өтүү же айланып өтүү аяктаган учурда - бириккен сызык тарабынан кесип өтүүгө уруксат берилет.
Четки сол тилкеден солго бурулууга уруксат бере турган 1.18 чийини, ушул эле тилкеден кайрылууга дагы уруксат берет.
Көчмө биригүүсүндө жайгаштырылган убактылуу жол белгилеринин мааниси жана чийин сызыктарынын маанилери бирине бири каршы келип турган кезде, айдоочулар белгилерди жетекчиликке алышы керек.
Убактылуу жана туруктуу чийиндердин сызыктары бирине бири каршы келип турса, айдоочулар убактылуу чийиндин сызыктарын жетекчиликке алышы керек.
2. Вертикалдык чийин
Вертикалдык чийиндин сызыктарын жана белгилөөлөрүн өтүү боштуктары жана көпүрө курулмаларынын таканчыктары бар курулуштарда, тоннел порталдарынын каптал беттеринде, чектөөлөрүндө, жолдордун тоскучтарында, парапеттеринде, бордюрларда жана башка жол жабдууларынын элементтеринде аларды жол кыймылынын катышуучуларынын көрүнүүсүн жакшыртуу үчүн сызышат.
2.1.1-2.1.3 чийиндерин көпүрө курулмаларынын, жарык берүү таканчыктарынын, дарактардын, буфер түзүлүштөрүнүн ж.б.у.с. жолдо жүрүү бөлүгүнүн четинен 1 метрден аз аралыкта жол жээгинин чектерине жайгаштырылган тоскоолдуктардын вертикалдык элементтерин, жол жээги жок учурда, ошондой эле ушул тоскоолдуктар кыймылдагы транспорт каражаттары үчүн коркунуч көрсөткөн башка учурларда белгилөө үчүн колдонушат.
2.2 чийинин көпүрө курулмаларынан өтүү боштуктары жана тоннелдердин порталдарынын 5 метрден азыраак бийиктикте жайгашкан төмөнкү четтерин белгилөө үчүн колдонушат. Чийинди тилке боюнча кыймыл курулманы көздөй кеткен ар бир тилкенин ортосуна тартышат.
2.3 чийинин тегерек тумбалар бөлүштүрүү тилкелеринде, жогору көтөрүлгөн багыттоочу аралчаларда же жогору көтөрүлгөн коопсуздук аралчаларында жайгашкан учурда белгилөө үчүн колдонушат.
2.4 чийинин сигнал мамычаларын, бийик мамыларды ж.б. белгилөө үчүн колдонушат.
2.5 чийинин түз жол участокторунда орнотулган жол тосулмаларынын каптал беттерин (алар башталгандан 10 метрден кем эмес аралыкта) белгилөө үчүн, ошондой эле кесилиштердеги жол тосулмаларынын бүткүл узундугу боюнча ар түрдүү деңгээлдерде, пландагы радиусу 50 метрден азыраак ийрейүүлөрдө, тике түшүүлөрдө, жолдон өтүү бөлүгү ичкерген жерлеринде белгилөө үчүн колдонушат.
2.6 чийини башка участоктордогу жол тосулмаларынын каптал беттерин түшүндүрөт.
2.7 чийинин жолдо жүрүү бөлүгүнөн 1 метрден азыраак аралыкта жайгашкан тоскоолдуктар алдындагы жогору көтөрүлгөн аралчалардын, коопсуздук аралчаларынын, бордюрлардын каптал беттерине, пландагы 50 метрден азыраак радиусу менен ийрейүүлөрдө, жолдун ичкерүүчү жеринде, жээк жолго чыгууларда жана башка коркунучтуу участоктордо сызышат.".