Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-апрели № 245
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүруү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 , 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2025-жылдын 13-августундагы № 490 , 2026-жылдын 11-мартындагы № 173 токтомунун редакциясына ылайык)
Электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүүнү талаптагыдай жана натыйжалуу техникалык координациялоо, ошондой эле Кыргыз Республикасын санариптештирүү чөйрөсүндө стратегиялык маанилүү техникалык милдеттерди аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 жана 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Мекеме) түзүлсүн.
2. Мекеме жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Мекеме электрондук башкаруу инфратүзүмүнүн төмөнкү элементтеринин оператору болуп аныкталсын:
- «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы;
- Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы;
- Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы;
- Бирдиктүү идентификациялоо системасы;
- Электрондук башкаруу инфратүзүмүнүн реестри;
- Базалык маалыматтык ресурстардын реестри.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 «Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасына» деген сөздөр «Түндүк» мамлекеттик мекемесине» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31 -декабрындагы № 745 «Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы жана аны пайдалануу эрежелери жөнундө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы» деген сөздөр «Түндүк» мамлекеттик мекемеси» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-мартындагы N 173 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-пункттун 4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
10. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы Мекеменин балансына төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
- электрондук башкаруу инфратүзүмүнүн элементтерин («Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын, Бирдиктүү идентификациялоо системасын, Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын, Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасын, Улуттук мониторинг системасын, Электрондук башкаруу инфратүзүмүнүн реестрин, Базалык маалыматтык ресурстардын реестрин);
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Түндүк» мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруунун натыйжасында мурда алынган жабдууларды жана негизги каражаттарды.
11. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы жабдууларды жана негизги каражаттарды Мекеменин балансына өткөрүп берүүсү. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 288-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган берүү болуп саналары белгиленсин.
12. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнундө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгертүүлөрдү белгиленген тартипте карасын;
- маалыматтык системалардын иштешин жана Мекеменин ишин камсыздоо үчүн Мекеме тарабынан берилген өлчөмдөгү финансы каражаттарын жыл сайын республикалык бюджетте карасын.
13. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Мекемени туруктуу жайгаштыруу үчүн жалпы аянты 421 кв.м болгон, Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 96 дарегинде жайгашкан жайга Мекемени жайгаштырсын.
14. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлгөн Мекемени юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрсүн жана ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
15. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
16. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| 2-тиркеме «239-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Санаринтик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин
кызматтык маяналарынын
ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен) |
1 | Директор | 120000 |
2 | Директордун орун басары | 115000 |
3 | Долбоордун координатору | 110000 |
4 | Архитектор | 130000 |
5 | Дизайнер | 80000 |
6 | Башкы бизнес-аналитик | 100000 |
7 | IТ-аналитик | 90000 |
8 | Бизнес-аналитик | 70000 |
9 | Башкы программист | 120000 |
10 | Программист | 95000 |
11 | Кенже программист | 75000 |
12 | Системалык администратор | 100000 |
13 | Маалыматтык коопсуздук боюнча адис | 90000 |
14 | Тууралоо, долбоорлоо жана тестирлөө боюнча адис | 70000 |
15 | IТ-юрист | 55000 |
16 | Бухгалтер | 55000 |
17 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 30000 |
Эскертүү:
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине ушул токтомдун 1-пунктунун бешинчи абзацы жана 2-пункту колдонулбайт;
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине эмгектин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, кесиптик демилге көтөргөндүгү, ченемделбеген жумуш күнү үчүн кызматтык маянанын 50% өлчөмүндө пайыздык үстөк төлөнөт».
| 3-тиркеме «2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин башкаруу схемасы
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги
Министрликтин коллегиясы Министрликтин жетекчилиги
Борбордук аппарат
Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызмат | Архив кызматы | Качкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти | «Түндүк» мамлекеттик мекемеси
| “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы | “Атайын байланыш кызматы” мамлекеттик ишканасы | «Инфоком» мамлекеттик ишканасы
|
Аймактык бөлүмдөр
| Аймактык бөлүмдөр |
| Филиалдар | Аймактык бөлүмдөр |
Ведомстволук бөлүмдөр