Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-сентябрындагы токтомуна)
2-тиркеме
Адамдарды сатуунун курмандыктарын табуу, идентификациялоо жана кайра жиберүү боюнча типтүү нускама
1-глава. Жалпы жоболор
1. Адамдарды сатуунун курмандыктарын табуу, идентификациялоо жана кайра жиберүү боюнча типтүү нускама (мындан ары – Нускама) «Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүнүн улуттук механизминин курамдык бөлүгү болуп саналат.
2. Ушул Нускамада колдонулган негизги түшүнүктөр:
1) адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо критерийлери - адамдарды сатуунун курмандыгы катары адамды аныктоого мүмкүндүк берген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен критерийлердин тизмеги;
2) алгачкы маектешүү – адамдарды сатуунун курмандыгына идентификациялоо жүргүзүлгөнгө чейин алгачкы байланышкан адамдын токтоосуз жардам берүүсү үчүн адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгынын кечиктирилгис муктаждыктарын аныктаган маектешүү;
3) алгачкы байланышкан адам - адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгы менен алгачкы байланышкан, адамдарды сатуунун курмандыгын идентификациялоону жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлү;
4) адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгы – Кыргыз Республикасынын/чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары тарабынан адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгы катары аныкталган, же болбосо адамдарды сатуунун курмандыгы катары идентификациялоодон өткөнгө чейин өзүн адамдарды сатуунун курмандыгы деп билдирген адам;
5) адис – адамдарды сатуунун курмандыгын идентификациялоого ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардын тийиштүү квалификацияга ээ болгон өкүлү;
6) адамдары сатуунун курмандыктарын табуу, идентификациялоо жана кайра жиберүү боюнча субъект – өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында адамдарды сатуунун курмандыктарын тапкан, идентификациялаган жана кайра жиберген менчик формасына карабай мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар, коммерциялык эмес жана башка уюмдар.
Адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо – бул адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо критерийлеринин негизинде адамдарды сатуунун курмандыгы катары адамды аныктоо максатында жүзөгө ашырылган иш-аракеттердин комплекси.
4. Ушул Нускама төмөнкү принциптерге негизделет:
1) адамдарды сатуунун курмандыгынын жана адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгынын укуктары менен таламдарынын артыкчылыгы;
2) адамдарды сатуунун жашы жете элек курмандыктарынын укуктарын жакшылап камсыздоо;
3) адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо;
4) жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыгына, дин тутумуна, курагына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан адамдын абийири менен ар-намысын коргоо;
5) адамдарды сатуунун курмандыктарын жана адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыктарын коргоо жана социалдык жактан жардам көрсөтүү менен байланышкан маалыматтын, анын ичинде адамдарды сатуунун курмандыктарынын жана адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыктарынын жеке мүнөздөгү маалыматтарынын купуялуулугу;
6) Мыйзам менен белгиленген тартипте акысыз укуктук-консультациялык жардамына, квалификациялуу юридикалык жардамга жана социалдык жактан реабилитациялоого жетүү;
7) адамдарды сатуунун курмандыгын коргоо жана социалдык жактан жардам көрсөтүү механизмдери тууралуу маалыматка жетүү;
8) адамдарды сатуунун курмандыгынын корголууга жана социалдык жактан жардам алууга өз ыктыяры менен макул болушу;
5. Адамдарды сатуунун курмандыктарын табуу, идентификациялоо жана кайра жиберүү боюнча ишти мамлекеттик органдар коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнүн негизинде жүзөгө ашырат.
6. Ушул Нускаманын таасири адамдарды сатуунун курмандыктарынын төмөнкү категорияларына жайылтылат:
1) Кыргыз Республикасынын жарандарына;
2) чет өлкөлүк жарандарга;
3) жарандыгы жок адамдарга.
7. Тышкы иштер, Мамлекеттик чек араны кайтаруу, ички иштер, миграция, саламаттык сактоо, эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлери, ошондой эле коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдар адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыктарын өздөрүнүн иш процессинин жүрүшүндө аныкташат.
Аныктоо иши адамдарды сатуунун курмандыктары же адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыктары болуп саналган, же болбосо өзүн өзү адамдарды сатуунун курмандыгы деп аныктаган, же болбосо органдар же уюмдар тарабынан адамдарды сатуунун курмандыктары деп аныкталган адамдарга карата жүргүзүлөт.
8. Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгы болуп жабырлануучу адамдар, алардын туугандары же башка адамдар адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча «түз байланышка», балдар үчүн «түз байланыш» менен «ишеним телефондоруна» кайрылган учурда аныкталышы мүмкүн.
Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгы алар Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине түздөн-түз кайрылган учурларда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын/чет мамлекеттердин компетенттүү мамлекеттик органдарынан, эл аралык уюмдардан жана жабырлануучулардын туугандарынан тийиштүү маалымат келип түшкөндө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлери тарабынан аныкталышы мүмкүн.
Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыктары жөнүндө маалымат адамдарды сатуунун курмандыктарын табуу, идентификациялоо жана кайра жиберүү боюнча субъектилерге мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардан берилиши мүмкүн.
9. Адамдарды сатуунун болжолдуу курмандыгы табылган учурда идентификациялоого чейин биринчи байланышкан адам тарабынан төмөнкүдөй алгачкы жардамдын зарылдыгын аныктоо үчүн алгачкы маектешүү жүргүзүлөт:
1) медициналык тез жардам;
2) психологиялык жардам;
3) укуктук консультация;
4) убактылуу баш калкалоо жери (башпаанек);
5) туугандары менен байланыш түзүү.
10. Жүргүзүлгөн маектешүүнүн негизинде биринчи байланышкан адам тарабынан төмөнкүлөр толтурулат:
1) адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгынын алгачкы жардам көрсөтүү зарылдыгы жөнүндө 1-тиркемеге ылайык форма боюнча арызы. Ар кандай мамлекеттик органдарга же башка уюмдарга жөнөтүлгөн учурда, ар бири үчүн өзүнчө форма толтурулат;
2) адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгын 2-тиркемеге ылайык форма боюнча тийиштүү идентификациялоодон өтүү үчүн адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо боюнча субъектилерге жөнөтүү (эгер алгачкы байланышкан адамдын идентификацияны өткөрүүгө ыйгарым укуктары жок болсо).
11. Ушул Нускаманын 10-пунктунда аталган формалар адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгына тапшырылат жана алар адамдарды сатуунун курмандыктарын табуу, идентификациялоо жана кайра жиберүү боюнча субъектилерге кайрылганда колдонулса болот.
2-глава. Адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо
12. Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгы табылган учурда адис аталган адамды интервью формасында адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо критерийлерине (мындан ары – Идентификациялоо критерийлери) шайкеш келе тургандыгына же келбей тургандыгын идентификациялайт.
13. Идентификациялоо критерийлери адамдарды сатуунун аныктамасынын төмөнкүдөй элементтеринен турган белгилерди камтыйт:
1) иш-аракеттерди, атап айтканда, адамды макулдугу менен же макулдугусуз азгырып жалдоо, ташуу, өткөрүп берүү, жаап-жашыруу же өткөрүп алуу;
2) таасир этүү каражаттары, атап айтканда, күч колдоном деп коркутуу же күч колдонуу, же мажбурлоонун башка формалары, уурдап кетүү, алдамчылык, бийлигинен же аялуу абалда болушунан кыянаттык менен пайдалануу, же болбосо башка адамды көзөмөлдөгөн адамдын макулдугун алуу үчүн төлөмдөр же пайда түрүндө сатып алуу жолу менен таасир этүү;
3) эксплуатациялоо, атап айтканда, өзүнө жок дегенде башка адамдардын сойкулугун эксплуатациялоону же сексуалдык эксплуатациялоонун башка формаларын, мажбурланган эмгек же кызмат көрсөтүүлөрдү, кулчулук же кулчулукка окшош каада-салттарды, эрксиз абалды же органдарды кесип алууну камтыган эксплуатациялоо.
14. Адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо Идентификациялоо критерийлеринин негизинде төмөнкү үч элементтин комбинациясын эске алуу менен жүзөгө ашырылат:
1) адамдарды сатуунун курмандыктарына карата каалагандай кылмыштуу иш-аракеттерди жасоо;
2) адамдарды сатуунун курмандыктарына таасир этүүнүн каалагандай ыкмаларын колдонуу;
3) адамдарды сатуунун курмандыктарын эксплуатациялоонун каалагандай максатын көздөө.
15. Идентификациялоону адамдарды сатуунун курмандыктарын табуу, идентификациялоо жана кайра жиберүү боюнча субъектилердин адистери жүргүзөт.
16. Адис интервью өткөрүүнүн алдында адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгына төмөнкүлөр тууралуу маалыматты кабарлашы керек:
1) адамдарды сатуунун курмандыгы катары идентификациялоо жол-жоболору;
2) адамдарды сатуунун курмандыгы катары адам идентификацияланган учурда коргоо жана социалдык жактан жардам көрсөтүү механизмдери;
3) «Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана жазык мыйзамдарына ылайык адамдарды сатуунун курмандыгы болгон кезде укукка каршы жасаган иш-аракеттери үчүн жоопкерчиликтен бошотуу.
17. Адамдарды сатуунун курмандыгы катары идентификациялоодон өтүүгө адам макул болгон учурда ушул Нускаманын 3-тиркемесине ылайык форма боюнча адамдарды сатуунун курмандыгы катары идентификациялоодон өтүүгө маалымдалган макулдугу жөнүндө арызга кол коюлат.
18. Адамдарды сатуунун курмандыгы катары идентификациялоодон өтүүгө адам макул болбогон учурда ушул Нускаманын 4-тиркемесине ылайык форма боюнча адамдарды сатуунун курмандыгы катары идентификациялоодон баш тартуу жөнүндө арызга кол коёт. Ушул Нускамада каралган иш-аракеттин бардыгы токтотулат.
19. Интервью адис тарабынан чоочун адамдар кирбеген жабык бөлмөдө, зарылдыкка жараша, психологдун катышуусу менен өткөрүлөт.
Интервью маектешүү түрүндө өтөт, анын жүрүшүндө адис суроо берүү жолу менен адамдарды сатуунун курмандыгы катары идентификациялайт. Интервью учурунда адис адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо анкетасын толтурат.
20. Интервью алуунун убактысы чектелбейт. Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгынын психологиялык же дене бойлук абалына байланышкан зарылдык учурунда адис интервьюну токтотуп, башка убакта улантуу жөнүндө чечим кабыл алса болот.
21. Адис өткөрүлгөн интервьюнун жыйынтыктары боюнча:
1) адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгынан алынган маалыматка таянып, аларга талдоо жүргүзөт;
2) алынган маалыматтардын негизинде, Идентификациялоо критерийлерине ылайык адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялайт;
3) адамдарды сатуунун курмандыгы катары адам идентификацияланса, тийиштүү жардам алуу үчүн ушул Нускаманын 5-тиркемесине ылайык форма боюнча адамдарды сатуунун курмандыгын кайра жиберүү жөнүндө арызды толтурат;
4) ушул Нускаманын 6-тиркемесине ылайык форма боюнча адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгына алгачкы жардам көрсөтүүнү токтотуу жөнүндө арызды толтурат.
22. Адамдарды сатуунун курмандыгы катары адам идентификацияланган учурда төмөнкүлөргө укуктуу болот:
1) «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте акысыз юридикалык консультация алууга;
2) адамдарды сатуунун курмандыгына карата мыйзамга каршы иш-аракеттерди жасаган адамдарга каршы укук коргоо органдарына арыз берүүгө;
3) медициналык жана психологиялык жардам алууга;
4) адам буга чейин адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгы катары башпаанекке жайгаштырылган болсо, ошол жерде кала берүүгө.
23. Идентификациялоонун жыйынтыктары боюнча адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгы адамдарды сатуунун курмандыгы катары идентификацияланбаса, ага алгачкы жардам көрсөтүү жана андан аркы кызматташуу токтотулат.
Мында аталган адам макулдугун берген учурда, кошумча консультация алуу үчүн коммерциялык эмес же эл аралык уюмдарга (макулдашуу боюнча) кайра жиберилет.
3-бөлүм. Адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүү
24. Адамдарды сатуунун курмандыгын кайра жиберүү, ал муктаж болгон жардамды көрсөтүү жана аны реабилитациялоо үчүн жүзөгө ашырылат. Кайра жиберүү идентификациялоонун жыйынтыктары менен 5-тиркемеге ылайык форма боюнча адамдарды сатуунун курмандыгын кайра жиберүү жөнүндө арыздын негизинде жүзөгө ашырылат.
25. Адамдарды сатуунун курмандыгын идентификациялоону жүргүзгөн субъектиге жараша адамдарды сатуунун курмандыгы муктаж болгон тийиштүү жардамды алуу зарылдыгын эске алуу менен кайра жиберүү тартиби белгиленет.
26. Кайра жиберүү адамдарды сатуунун курмандыгынын макулдугу менен гана жүргүзүлөт жана төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылбайт:
1) эгер тигил же бул субъектиге кайра жиберүү адамдарды сатуунун курмандыгына коркунуч жаратса;
2) эгер адамдарды сатуунун курмандыгы кайра жиберүүдөн же тийиштүү кайра жиберүү субъектилери менен кызматташуудан баш тартса.
27. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган адамдарды сатуунун курмандыгын идентификациялоо учурунда төмөнкү иш-чараларды аткарат:
1) адамдарды сатуунун курмандыгына укук коргоо органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу колдонуудагы коргоо механизмдерин түшүндүрөт;
2) адамдарды сатуунун курмандыгын башпаанекке жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдайт;
3) адамдарды сатууну уюштурууга жана жүзөгө ашырууга катышкан адамдарды жазык куугунтугуна алуу үчүн укук коргоо органдары менен кызматташуу укугун пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдайт;
4) зарыл учурларда тиешелүү жардам алуу үчүн адамдарды сатуунун курмандыктарын төмөнкү мекемелерге жөнөтөт:
- эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- башпаанекке;
- эл аралык уюмдарга (макулдашуу боюнча).
28. Адамдарды сатуунун курмандыгы укук коргоо органдары менен кызматташуудан баш тарткан учурда ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иш-аракеттери токтотулат.
Адамдарды сатуунун курмандыгы аталган орган менен кызматташууга даяр экендигин билдирген учурда Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарында каралган иш-чаралар жүзөгө ашырылат.
29. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган адамдарды сатуунун курмандыгын идентификациялоо учурунда төмөнкү иш-чараларды аткарат:
1) социалдык жана реабилитациялоочу кызматтарды көрсөтөт;
2) адамдарды сатуунун курмандыгына укук коргоо органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу колдонуудагы коргоо механизмдерин түшүндүрөт;
3) адамдарды сатуунун курмандыгын башпаанекке жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдайт;
4) адамдарды сатууну уюштурууга жана жүзөгө ашырууга катышкан адамдарды жазык куугунтугуна алуу үчүн укук коргоо органдары менен кызматташуу укугун пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдайт;
5) зарыл учурларда тиешелүү жардам алуу үчүн адамдарды сатуунун курмандыктарын төмөнкү мекемелерге жөнөтөт:
- саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- башпаанекке;
- эл аралык уюмдарга (макулдашуу боюнча).
6) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга адамдарды сатуунун курмандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт;
7) адамдарды сатуунун курмандыгынын макулдугу менен аны ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
30. Саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган адамдарды сатуунун курмандыгын идентификациялоо учурунда төмөнкү иш-чараларды аткарат:
1) зарыл учурда медициналык жана психологиялык жардам көрсөтөт;
2) адамдарды сатуунун курмандыгына укук коргоо органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу колдонуудагы коргоо механизмдерин түшүндүрөт;
3) адамдарды сатуунун курмандыгын башпаанекке жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдайт;
4) адамдарды сатууну уюштурууга жана жүзөгө ашырууга катышкан адамдарды жазык куугунтугуна алуу үчүн укук коргоо органдары менен кызматташуу укугун пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдайт;
5) зарыл учурларда тиешелүү жардам алуу үчүн адамдарды сатуунун курмандыктарын төмөнкү мекемелерге жөнөтөт:
- эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- башпаанекке;
- эл аралык уюмдарга (макулдашуу боюнча).
6) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга адамдарды сатуунун курмандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт;
7) адамдарды сатуунун курмандыгынын макулдугу менен аны ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
31. Миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган адамдарды сатуунун курмандыгын идентификациялоо учурунда төмөнкү иш-чараларды аткарат:
1) адамдарды сатуунун курмандыгына укук коргоо органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу колдонуудагы механизмдер, анын ичинде адамдарды сатуучуларды жазык куугунтугуна алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдайт;
2) адамдарды сатуунун курмандыгын башпаанекке жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдайт;
3) адамдарды сатууну уюштурууга жана жүзөгө ашырууга катышкан адамдарды жазык куугунтугуна алуу үчүн укук коргоо органдары менен кызматташуу укугун пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдайт;
4) зарыл учурларда тиешелүү жардам алуу үчүн адамдарды сатуунун курмандыктарын төмөнкү мекемелерге жөнөтөт:
- эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- башпаанекке;
- эл аралык уюмдарга (макулдашуу боюнча).
5) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга адамдарды сатуунун курмандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт;
6) адамдарды сатуунун курмандыгынын макулдугу менен аны ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
32. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган адамдарды сатуунун курмандыгын идентификациялоо учурунда төмөнкү иш-чараларды аткарат:
1) адамдарды сатуунун курмандыгына укук коргоо органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу колдонуудагы коргоо механизмдерин түшүндүрөт;
2) адамдарды сатуунун курмандыгын башпаанекке жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдайт;
3) адамдарды сатууну уюштурууга жана жүзөгө ашырууга катышкан адамдарды жазык куугунтугуна алуу үчүн укук коргоо органдары менен кызматташуу укугун пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдайт;
4) зарыл учурда тиешелүү жардам алуу үчүн адамдарды сатуунун курмандыктарын төмөнкү мекемелерге жөнөтөт:
- эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- башпаанекке;
- эл аралык уюмдарга (макулдашуу боюнча).
5) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга адамдарды сатуунун курмандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт;
7) адамдарды сатуунун курмандыгынын макулдугу менен аны ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
33. Кыргыз Республикасынын жараны болгон адамдарды сатуунун курмандыгы чет өлкөнүн аймагында идентификацияланган учурда Кыргыз Республикасынын тийиштүү дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси, анын макулдугу менен, мындай адамды Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына кайтарууга көмөк көрсөтөт.
Эгер адамдарды сатуунун курмандыгынын жанында ким экенин күбөлөндүргөн документтери жок болсо, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси анын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендиги аныкталгандан кийин Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ушул адамдын атына Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктү тариздейт.
Мында Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси үч жумуш күндүн ичинде тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга адамдарды сатуунун курмандыгын идентификациялоо боюнча жүргүзүлгөн иши жана ушул адамды (анын макулдугу болсо) тийиштүү документтин жана бул Нускаманын 5-тиркемесине ылайык форма боюнча адамдарды сатуунун курмандыгын кайра жиберүү жөнүндөгү арыздын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына кайтып келе тургандыгы жөнүндө маалымдайт.
34. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган адамдарды сатуунун курмандыгын идентификациялоо учурунда төмөнкү иш-чараларды аткарат:
1) адамдарды сатуунун курмандыгынын Кыргыз Республикасына кайтып келүүсүнө көмөк көрсөтөт;
2) адамдарды сатуунун курмандыгына укук коргоо органдары тарабынан колдонуудагы коргоо механизмдерин түшүндүрөт;
3) адамдарды сатуунун курмандыгын башпаанекке жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдайт;
4) адамдарды сатууну уюштурууга жана жүзөгө ашырууга катышкан адамдарды жазык куугунтугуна алуу үчүн укук коргоо органдары менен кызматташуу укугун пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдайт;
5) зарыл учурда адамдарды сатуунун курмандыгын тийиштүү жардам алуу үчүн төмөнкү мекемелерге жөнөтөт:
- эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- башпаанекке;
- эл аралык уюмдарга (макулдашуу боюнча).
6) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга адамдарды сатуунун курмандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт;
7) адамдарды сатуунун курмандыгынын макулдугу менен аны ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
35. Чет өлкөнүн жараны болгон адамдарды сатуунун курмандыгын идентификациялаган учурда адамдарды сатуунун курмандыктарын табуу, идентификациялоо жана кайра жиберүү боюнча субъектилер аталган адамды милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасында аккредитацияланган, ушул адам жараны болгон чет өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине кайра жиберишет жана тийиштүү маалыматты тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүшөт.
36. Коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдар адамдарды сатуунун курмандыктары табылган жана идентификацияланган учурларда төмөнкү иш-чараларды жүргүзүшөт:
1) адамдарды сатуунун курмандыгына укук коргоо органдары тарабынан корголушунун механизмдерин, анын ичинде адамдарды сатууну уюштурууга жана жүзөгө ашырууга катышкан адамдарды жазык куугунтугуна алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө түшүндүрөт;
2) адамдарды сатуунун курмандыгын башпаанекке жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдайт;
3) адамдарды сатууну уюштурууга жана жүзөгө ашырууга катышкан адамдарды жазык куугунтугуна алуу үчүн укук коргоо органдары менен кызматташуу укугун пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдайт;
4) зарыл учурда адамдарды сатуунун курмандыгын тийиштүү жардам алуу үчүн төмөнкү мекемелерге жөнөтөт:
- эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына/дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен консулдук мекемелерине;
- башпаанекке.
5) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга адамдарды сатуунун курмандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт;
6) адамдарды сатуунун курмандыгынын макулдугу менен аны ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
37. Адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ишин жүргүзгөн коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдар менен болгон кызматташтык ошол кызматташуу чөйрөсүн жана анын тартибин жөнгө салган өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү түзүлгөн меморандумдардын негизинде жүзөгө ашырылат.
4-глава. Субъектилердин аракеттенүүсү жана адамдарды сатуунун курмандыктары болгон жашы жете электер менен жүргүзүлгөн иш
38. Адамдарды сатуунун курмандыктары болгон жашы жете электер табылган учурда идентификациялоо субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баланын укуктарын камсыздоо жана коргоо максатында балдардын укуктарын жана таламдарын коргоочу органдарга кабар берүү боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлөт.
39. Адамдарды сатуунун курмандыктары болгон жашы жете электер адистин же мыйзамдуу өкүлдүн коштоосунда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайра жиберилет.
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактагы адамдарды сатуунун жашы жете элек курмандыгы Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамдуу өкүлдүн же социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлүнүн коштоосунда кайра жиберилет.
40. Адамдарды сатуунун курмандыктары болгон жашы жете электер ата-энесинин камкордугусуз калса же үй-бүлөсү кайда экендиги жөнүндө маалыматы жок болсо, социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте курмандык болгон жашы жете электердин үй-бүлөсүн табуу же аны камкорчулукка/көзөмөлчүлүккө алуу боюнча чаралар көрүлөт.
41. Адамдарды сатуунун курмандыктары болгон жашы жете электерди идентификациялоо учурунда сурамжылоо жүргүзүү үчүн ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүн катыштыруу зарыл. Адамдарды сатуунун курмандыктары болгон жашы жете электерди сурамжылоо ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын окутуп-үйрөтүүдөн өткөн өкүлдөрү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлүүгө тийиш.
Адамдарды сатуунун курмандыктары болгон жашы жете электер Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерде болгон учурда сурамжылоо видеобайланыш аркылуу жүзөгө ашырылат.
Адамдарды сатуунун курмандыктары болгон жашы жете электерди алгачкы сурамжылоонун максаты - анын биографиялык маалыматтары менен социалдык тарыхы, тактап айтканда, курагы, жарандыгы, ата-энеси же камкорчусу бар-жок экендиги жана алардын турган жери жөнүндөгү маалыматты топтоо гана болууга тийиш.
Мүмкүнчүлүккө жараша, адамдарды сатуунун курмандыктары болгон жашы жете электерди сурамжылоону адамдарды сатуунун курмандыгы кайсы жыныста болсо, ошол жыныстагы өкүл жүргүзүшү керек.
42. Адамдарды сатуунун курмандыктары болгон жашы жете электерди идентификациялоо социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан психологдун, жашы жете элек курмандыктын ата-энесинин же камкорчуларынын катышуусу менен жүргүзүлөт.
Адамдарды сатуунун курмандыктары болгон жашы жете электер идентификациялоодон ата-энесинин же камкорчуларынын катышуусу менен өтүүгө макул болбогон учурда интервью аларды катыштырбастан өткөрүлөт. Идентификациялоо учурунда ата-энесинин же камкорчуларынын катышуусу мүмкүн болбосо, сурамжылоо социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан психологдун катышуусу менен жүргүзүлөт. Адамдарды сатуунун курмандыктары болгон жашы жете электер Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары болгон учурларда сурамжылоо тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргелешип жүргүзүлөт.
43. Адамдарды сатуунун курмандыктары болгон жашы жете электер чет өлкөнүн жараны болгон учурда эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тийиштүү маалыматты Кыргыз Республикасында аккредитацияланган жана ушул курмандык болгон жашы жете электер анын жараны болгон чет өлкөнүн тийиштүү дипломатиялык өкүлчүлүгүн же консулдук мекемесин маалымдоо үчүн тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
44. Адамдарды сатуунун курмандыктары болгон жашы жете электерге карата жүргүзүлгөн бардык иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндөгү кодексинин жана белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
Адамдарды сатуунун
курмандыктарын табуу,
идентификациялоо жана
кайра жиберүү боюнча
типтүү нускамага
1-тиркеме
1- форма
Адамдарды сатуунун болжолдуу курмандыгына биринчи жардам көрсөтүү жөнүндөгү арыз
Мен, ___________________________________________________________,
(аты-жөнү)
_____________________________________________________мекемесинде
(органдын же мекеменин аталышы)
___________________________________________кызматында болуу менен (ээлеген кызматынын аталышы)
билдирем: _____________________________________________________
(аты-жөнү)
адамдарды сатуунун курмандыгы катары идентификациялоодон өткөнгө чейин алгачкы жардам катары ____________________________________
___________________________________________________________________________________________________________ берилишине муктаж, _______________________________________________________жөнөтүлөт.
(органдын же уюмдун аталышы)
Ушуну менен мен адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгына алгачкы жардамдын зарылдыгын белгилөө үчүн алгачкы маектешүүнү өткөргөнүмдү ырастайм.
__________________________ _______________
Адистин колу Датасы
__________________________ _______________
Арыз берүүчүнүн колу Датасы
Адамдарды сатуунун курмандыктарын
табуу, идентификациялоо
жана кайра жиберүү боюнча
типтүү нускамага
2-тиркеме
2- форма
Биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин адамдарды сатуунун курмандыгы катары идентификациядан өтүүгө жолдомо
Мен, __________________________________________________________,
(аты-жөнү)
_____________________________________________________мекемесинде
(органдын же мекеменин аталышы)
___________________________________________кызматында болуу менен (ээлеген кызматынын аталышы)
билдирем: ______________________________________________________
(аты-жөнү)
алгачкы жардам көрсөтүүнүн жыйынтыктары боюнча идентификациядан өтүү үчүн жөнөтүлөт.
Ушуну менен мен алгачкы жардамдын зарылдыгын аныктоо үчүн адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгы менен алгачкы маектешүү жүргүзгөндүгүмдү ырастайм.
______________________ _______________ Адистин колу Датасы
__________________________ _______________ Арыз берүүчүнүн колу Датасы
Адамдарды сатуунун курмандыктарын
табуу, идентификациялоо жана
кайра жиберүү боюнча
типтүү нускамага
3-тиркеме
3- форма
Адамдарды сатуунун курмандыгы катары идентификациядан өтүүгө маалымдалган макулдугун берүү жөнүндө арыз
Мен, ___________________________________________________________,
өз ыктыярым менен адамдарды сатуунун курмандыгы катары идентификациялоо жол-жоболорунан өтүүгө макулдугумду берем.
Ушуну менен төмөнкүлөрдү да ырастайм:
мага идентификациялоо жол-жоболору жана анын кесепеттери жөнүндө маалымат берилди;
мен идентификация жүргүзүүнүн шарттарын кабыл алам.
Мен жөнүндө жекече мүнөздөгү маалыматтар мага тийиштүү жардам көрсөтүү үчүн зарыл экендигин түшүнөм. Жеке мүнөздөгү маалыматтын маанилүүлүгү жана аны топтоонун зарылдыгы жөнүндө маалымат алдым жана ушул арыз менен ___________________________________________
(аты-жөнү)
жана кайра жиберүүнүн улуттук механизминин алкагында иш жүргүзгөн башка ыйгарым укуктуу адамдарга же уюмдарга мага жардам көрсөтүү максатына жетүү үчүн менин жеке мүнөздөгү маалыматтарымды топтоого жана пайдаланууга ыйгарым укуктарды берем.
Мен берген маалыматтар анык жана көрсөтмөлөрүмө дал келе тургандыгын билдирем. Жалган маалыматтарды берүү мага көрсөтүлө турган жардамдын токтотулушуна алып келээрин түшүнөм.
________________________________ ___________________
Арыз берүүчүнүн колу Датасы
________________________________ ___________________
Адистин колу Датасы
Адамдарды сатуунун курмандыктарын
табуу, идентификациялоо жана
кайра жиберүү боюнча
типтүү нускамага
4-тиркеме
4- форма
Адамдарды сатуунун курмандыгы катары идентификациялоодон өтүүдөн баш тартуу жөнүндө арыз
Мен, ___________________________________________________________,
өз ыктыярым менен адамдарды сатуунун курмандыгы катары идентификациялоо жол-жобосунан өтүүдөн баш тартам.
Ушуну менен идентификациялоо жол-жоболору жана анын кесепеттери жөнүндө мага маалымат берилгендигин да ырастайм.
________________________________ ___________________
Арыз берүүчүнүн колу Датасы
________________________________ ___________________
Адистин колу Датасы
Адамдарды сатуунун
курмандыктарын табуу,
идентификациялоо жана кайра
жиберүү боюнчатиптүү нускамага
5-тиркеме
5- форма
Адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүү жөнүндө арыз
Мен, ___________________________________________________________,
(аты-жөнү)
_____________________________________________________мекемесинде
(органдын же мекеменин аталышы)
___________________________________________кызматында болуу менен (ээлеген кызматынын аталышы)
билдирем: ______________________________________________________
(аты-жөнү)
_______________________________________________________алуу үчүн
(жардамдын аталышы)
______________________________________________________жөнөтүлдү.
(адамдарды сатуунун курмандыгы жиберилген субъектинин аталышы)
Ушуну менен төмөнкүлөрдү ырастайм:
1) мен адамдарды сатуунун курмандыгын идентификациялоону жүргүздүм;
2) кайра жиберилген адам адамдарды сатуунун курмандыгы катары идентификацияланды;
3) адамдарды сатуунун курмандыгы идентификациялоодон өтүүгө жана жардам алууга макулдугун берди.
________________________________ _________________
Адистин колу Датасы
_________________________________ ___________________
Арыз берүүчүнүн колу Датасы
Адамдарды сатуунун курмандыктарын
табуу, идентификациялоо
жана кайра жиберүү боюнча
типтүү нускамага
6-тиркеме
6- форма
Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгына алгачкы жардам берүүнү токтотуу жөнүндө арыз
Мен, ___________________________________________________________,
(аты-жөнү)
_____________________________________________________мекемесинде
(органдын же мекеменин аталышы)
___________________________________________кызматында болуу менен (ээлеген кызматынын аталышы)
билдирем: ______________________________________________________
(аты-жөнү)
адамдарды сатуунун курмандыгы катары идентификацияланган жок, буга байланыштуу жардам көрсөтүү токтотулушу керек.
Ушуну менен төмөнкүлөрдү ырастайм:
1) мен адамдарды сатуунун курмандыгын идентификациялоону жүргүздүм;
2) адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгы идентификациялоодон өтүүгө макулдугун берди;
3) кайра жиберилип жаткан адам адамдарды сатуунун курмандыгы катары идентификацияланган жок.
________________________________ _________________
Адистин колу Датасы
_________________________________ ___________________
Арыз берүүчүнүн колу Датасы